ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 29-январы № 2745-VII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

Редакция29.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 29-январы № 2745-VII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нышанов Джайлообай Данибаевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Нышанов Джайлообай Данибаевич - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;";

2) 6-пунктчанын он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев