Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна) |
Уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга киргизүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга киргизүү критерийлерин белгилейт.
2. Уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга киргизүүнүн негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) массасы - 1000 граммдан жогору;
2) формасы - янтардын өзөк ичиндеги түзүлүшкө жараша ар түрдүү, фантазиялуу болушу;
3) бүтүндүгү - өзүнүн түзүмү боюнча салыштырма чулу (80 пайыздан кем эмес) болуп, үлгүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү көрүнөө жаракалар, өтмө тешиктери болбогон;
4) камтуулардын болушу - флора жана фаунанын жакшы сакталып калган калдыктарын камтыган, өлчөмү 10 мм ашык тунук үлгүлөр;
5) өңү-түсү - янтарга мүнөздүү ар түрдүү түстүк гамма (ак түстөн, күңүрт-сары, ачык-алтын түсүнөн кызгылт-күрөңгө чейин).
3. Уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга киргизүү үчүн мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин курамында эксперттик комиссия түзүлөт.
Эксперттик комиссия уникалдуу янтардык түзүлүштөрдү баалоону жана асыл таштарга киргизүүнү ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык жүргүзөт.
4. Эксперттик комиссиянын иш тартиби мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
5. Эксперттик комиссиянын чечими мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү протокол менен таризделет.
6. Асыл таштарга киргизилген уникалдуу янтардык түзүлүштөр менен операциялар Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.