Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-февралы № 101-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылга төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү артыкчылыктуу катары аныкталсын: жаздык жана күздүк буудай, жаздык жана күздүк арпа, күрүч, жүгөрү, картошка, пахта, май өсүмдүктөрү, соя, беде жана эспарцет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:
- 2025-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алсын;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү боюнча сунуштарды 3-тиркемеге ылайык жетекчиликке алсын.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактарынын бирикмесине 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюу бекеттеринде дизель отунун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды 4-тиркемеге ылайык топтоону камсыз кылуу;
- "Кыргыз жер семирткич ташып келүүчүлөр ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн минералдык жер семирткичтерди ташып киргизүүнү 5-тиркемеге ылайык көлөмдө камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте оруп-жыйноо иштеринин башталышы менен жер-жерлерде дан камдоочу убактылуу жайларды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү мөөнөттөрдө берсин:
- 2025-жылдын 15-мартына чейин - жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн айыл чарба техникасынын даярдыгы, үрөндөрдүн жана минералдык жер семирткичтердин болушу тууралуу;
- 2025-жылдын 15-майына чейин - жазгы-талаа иштеринин жүрүшү жөнүндө;
- 2025-жылдын 25-июлуна чейин - жазгы-талаа иштеринин аяктагандыгы жөнүндө;
- 2025-жылдын 25-декабрына чейин - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оруп-жыйноо иштеринин жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн аяктагандыгы жөнүндө
7. Бул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга бекитилген каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|
|
| 1-тиркеме |
2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 469-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Максаттар | Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-компонент. Өзгөрүп жаткан климаттын шартында ата мекендик агрардык сектордун туруктуу өнүгүү моделине өтүүсүн тездетүү | ||||||
1 | Ата мекендик өндүрүштөгү жер семирткичтердин жаңы түрлөрүн киргизүү | Жер семирткичтин жаңы түрүнө (жүндөн жасалган гранулдар) сыноо жүргүзүү | Изилдөө иштеринин, иш-чаралар планынын темалары иштелип чыкты жана бекитилди, тажрыйба участоктору жана айыл чарба өсүмдүктөрү, салыштырмалуу түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү аныкталды | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КУАУ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
2 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы жана жогорку маржиналдуу сортторун түзүү жана өстүрүү боюнча иштерди уюштуруу | 2.1. КМШ өлкөлөрүнүн өнөктөштөрү, алдынкы селекционерлери менен биргеликте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кургакчылыкка чыдамдуу жана азыктуулугу жогорку жаңы сортторун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү. КУАУ, КДИИИ, КМЧЖИИИ селекционерлери менен биргелешкен селекциялык иштерди жүргүзүү | Кургакчылык жана суу аз шарттарда кепилденген туруктуу түшүм алууну камсыз кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору чыгарылды | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, КУАУ, КҮА | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
2.2. Өстүрүү үчүн сунушталган жаңы, жогорку маржиналдуу айыл чарба өсүмдүктөрү жөнүндө республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн маалымдоо | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку маржиналдуу сортторун айдоо аянттарын көбөйтүү боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, КУАУ, ЖМА, КҮА, АЖК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
3 | Сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу | Тамчылатып сугаруунун заманбап системаларын, жамгырлатып сугаруучу түзүлүштөрдү жана башка натыйжалуу ирригациялык системаларды киргизүү боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу | Сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу боюнча ЧУА долбоорлору иштелип чыкты жана ишке киргизилди | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
4 | Айыл чарбасында жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну кеңейтүү | Агробизнесте маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү маалымдоо жана аларды пайдаланууга окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Фермерлердин арасында жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануучулардын саны көбөйдү | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Донордук уюмдардын каражаттары |
5 | Айыл чарбасында "жашыл" технологияларды жана механизмдерди колдонууну кеңейтүү | 5.1. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүшүнө агроэкология методдорун киргизүү | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасында ресурстарды үнөмдөөчү органикалык айыл чарбасын жана агро токой чарбасын жүргүзүүнүн методдоруна окутулду | 2025-жылдын ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
5.2. Биологиялык препараттарды жана өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүүнүн көлөмүн жана аларды колдонуу аянтын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү | Өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттардын жана органикалык продукциянын өндүрүлгөн көлөмү көбөйдү | 2025-жылдын аягына чейин | САЧКӨМ, КМЧЖИИИ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) айыл аймактары (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
5.3. Органикалык айыл чарба жерлерине жана органикалык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү | Органикалык айыл чарба жерлеринин жана органикалык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалымат базасы түзүлдү | Жыл жыйынтыгы боюнча | САЧКӨМ, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде | ||
2-компонент. Жазгы-талаа жумуштарын өз убагында даярдоо жана жүргүзүү | ||||||
6 | Сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 6.1. 2025-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүүгө ылайык региондордун материалдык-техникалык каражаттарга муктаждыгын аныктоо | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздоо 90%га, жергиликтүү өндүрүштүн көчөт материалдары менен камсыздоо 50%га чейин жеткирилди; айдоо иштери үчүн жеңилдетилген КММ камсыздалды | Жыл ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
6.2. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн арасында үрөндөрдү дотациялоо механизми жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, семинарларды, талаа күндөрүн, агрономиялык окууларды өткөрүү | Үрөндү дотациялоо механизми, жаңы сорттору жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддери жөнүндө үрөн чарбаларынын өкүлдөрүнүн жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн маалымдуулук деңгээли жогорулады | Жыл ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт | ||
7 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн өндүрүү планын аткаруу, Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жаздык себүүнү жүргүзүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү менен камсыздоо | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн өндүрүү планын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү. Бул пландын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрү менен камсыздалышы 45%га чейин жеткирилди | Жыл ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
8 | Үрөнчүлүктө дотацияларды ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүү | 8.1. Айыл чарба субъекттерин, ошондой эле дотациялык үрөндөрдү алуу көлөмдөрүн аныктоо | Дотациялык үрөн алуучулардын саны жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн көлөмү аныкталды | Январь-май | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), РАӨБ | 2025-жылга каралган каражаттардын чегинде |
8.2. 2025-жылы жазгы-күзгү талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө дотациялык үрөндөрдү бөлүштүрүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотациялык үрөндөрүнүн көлөмү 6,0 миң тоннага чейин жеткирилди | Январь-апрель, август-октябрь | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), РАӨБ | 2025-жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
9 | Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге жана пестициддерге керектөөлөрүн камсыз кылуу | 2025-жылга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына болгон керектөөлөрүн эсептөө. Минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди ташып киргизүүнү уюштурууда ташып келүүчүлөргө көмөк көрсөтүү | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү зарыл болгон көлөмдө минералдык жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздалды (айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн керектөөлөрүнө жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша) | Жыл ичинде | САЧКӨМ, минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен |
10 | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерден коргоо боюнча иштерди жүргүзүү | Өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерди (чегиртке жана америкалык ак көпөлөк) жок кылуу боюнча аймактарды текшерүү жана дарылоо иштерин жүргүзүү | Өзгөчө коркунучтуу зыянкечтердин айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүлөрүнө бөгөт коюлду, дарыланган аймактар жөнүндө маалымат даярдалды (га менен) | Жыл ичинде | САЧКӨМ, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
11 | Жаңы (пайдаланылбаган) жерлерди өздөштүрүү | Жаңы асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүү | 3 миң гектарга чейинки асылдуулугу төмөн жайыт жерлери өздөштүрүлдү | 2025-жылдын аягына чейин | САЧКӨМ, Жер агенттиги КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
12 | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда жана аларды оңдоону уюштурууда, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү | 12.1. Айыл чарба техникаларын өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүү | Айыл чарба талаа иштерин механизациялоо деңгээли жогорулады | Апрель | САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), агротехникалык жана техникалык тейлөө кызматтары (макулдашуу боюнча) | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын жана кредиттик каражаттардын эсебинен |
12.2. 2025-жылы сезондук талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн пайдалануусу үчүн мунай базаларында жана автомай куюу бекеттеринде күйүүчү-майлоочу материалдарды топтоону камсыздоо | Бардык сезондук айыл чарба талаа иштерин үзгүлтүксүз аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жетиштүү көлөмдө камсыздалды | Жыл ичинде | САЧКӨМ менен "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин ортосундагы 2025-жылга түзүлгөн макулдашууда белгиленген шарттарда | "Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси сунуш кылган баалар боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарынын бардык түрлөрүн сатып алуу | ||
13 | Сугат суу менен камсыз кылуу, сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды вегетацияга даярдоо | 13.1. Мамлекеттик сугат тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды оңдоо иштерин жүргүзүү | Гидротехникалык курулмалар оңдолду, каналдарды механикалык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү | 1-майга чейин | САЧКӨМ, СРК, ФМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
13.2. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана жергиликтүү калктын финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша ички чарбалык сугат тармактарын, ошондой эле гидротехникалык курулмаларды жергиликтүү калкты тартуу менен оңдоо | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү сугат суу менен өз убагында камсыздалды | Февраль май | САЧКӨМ, ЖМА, СПА (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде | ||
13.3. Сугат сууну топтоону камсыздоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жана көп жылдык өсүмдүктөрдү себүү үчүн ным топтоочу сугаттарды жүргүзүү | Суу сактагычтарда жетиштүү көлөмдө сугат суу топтолду | Февраль-май | САЧКӨМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде | ||
13.4. Кыргыз Республикасынын агрардык саясатын калыптандыруунун алкагында пайдаланылган суунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү | Пайдаланылган суунун өндүрүмдүүлүгү жогорулады, климаттын өзгөрүү жана суу ресурстарынын кыскаруу шарттарында суу булактарынан сууларды алуу азайды, суу булактарынын жана айыл чарба жерлеринин пестициддер жана жер семирткичтер менен булгануусу кыскарды, деградацияланган жерлерди жакшыртуу боюнча жана суунун жоготууларын кыскартуу боюнча чараларга талдоо жүргүзүлдү | Жыл ичинде | САЧКӨМ, СРК, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде | ||
14 | Республика импорттун эсебинен камсыз кылынган негизги азык-түлүк өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү | 14.1. Түшүмдүүлүктү 27,0-30,0 ц/га чейин жеткирүү менен буудай өстүрүү үчүн жер аянттарын бир убакта кеңейтүү | 650,0-700,0 миң тоннадан кем эмес аштык буудай данын өндүрүү көлөмү көбөйдү | Жыл ичинде |
| Талап кылынбайт |
14.2. Кант кызылчасын өстүрүү үчүн жер аянтын кеңейтүү | Кант кызылчасын өндүрүү көлөмү 750,0 миң тоннага чейин көбөйдү | Жыл ичинде |
| Талап кылынбайт | ||
14.3. Интенсивдүү багбанчылык принциптерин айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү | Мөмөлүү бак-дарактардын жер аянты 62,1 миң гектарга чейин кеңейди | Жыл ичинде |
| Талап кылынбайт | ||
3-компонент. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо | ||||||
15 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүү | 15.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун графиктерин жана комбайндардын жүрүү маршруттарынын схемаларын бекитүү | Оруп-жыюу иштерин макулдашып жүргүзүү жана оруп-жыюу техникасын максималдуу натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынды | Июнь | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
15.2. Колдо болгон айыл чарба техникасына өз убагында оңдоо жүргүзүү жана өрткө каршы коопсуздук чараларын сактоону камсыздоо. Кырмандарды жана кампа жайларын өстүрүлгөн түшүмдү кабыл алууга жана кайра иштетүүгө өз убагында даярдоо | Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында кабыл алуу жана сактоо камсыздалды | Июнь | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт | ||
15.3. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн тездетип жыйноо үчүн графикке ылайык кошумча дан жыйноочу комбайндарды тартуу | Оруп-жыюу иштерин өз убагында жүргүзүү жана түшүмдү жоготууларды минималдаштыруу үчүн колдо болгон оруп-жыюу техникасын оптималдуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү | Июнь-октябрь | КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, САЧКӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), чарба жүргүзүүчү субъекттер | Талап кылынбайт | ||
16 | Болгон сугат айдоо жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экинчи түшүмүн алууну кеңири практикага киргизүү | Кыртыштык-климаттык шарттары мүмкүндүк берген региондордо (Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Талас облустары) экинчи түшүм алуу максатында айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра себүүнү активдүү киргизүү | Кыртыштын күрдүүлүгү жакшыртылды жана даярдалган тоюттардын көлөмү көбөйдү | Июнь-август | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА башчылары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
17 | Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн каражаттарды тартуу, ошондой эле айыл чарба тармактарына дем берүү жана аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыздоо | 17.1. Сунуштарды даярдоо жана "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда багбанчылыкты өнүктүрүү" долбоорун ишке киргизүү | Долбоордук сунуштар иштелип чыкты жана донорлордун кароосуна жиберилди | Жыл ичинде | САЧКӨМ, "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Донордук уюмдар |
17.2. Сунуштарды даярдоо жана "Триходерминди өндүрүү боюнча лабораторияны модернизациялоо, жабдуу жана потенциалын жогорулатуу" долбоорун ишке киргизүү | Долбоордук сунуштар иштелип чыкты жана донорлордун кароосуна киргизилди | Жыл ичинде | САЧКӨМ, "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК жана башка коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
17.3. Сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу | 10 машина-трактордук станция түзүлдү | Жыл ичинде | САЧКӨМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
17.4. Селекциялык жана үрөнчүлүк ишке дем берүү механизмин иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аз түшүмдүүлүгү жоюлду | Жыл ичинде | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен | ||
18 | Азык-түлүк буудай данынын мамлекеттик резервин толуктоо | 18.1. Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн ММРФ тарабынан 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан 10 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алуу | Мамлекеттик резерв балансталып толукталды | 25-ноябрга чейин | ӨКМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
18.2. ММРФ үчүн 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы үчүн 10,0 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча) | Фермерлерге балансталган материалдык колдоо көрсөтүлдү | 15-июнь | САЧКӨМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен биргеликте | Талап кылынбайт | ||
18.3. ӨКМ тарабынан сатып алынуучу, үчүнчү класстан төмөн эмес сапатта азык-түлүк буудай данына сатып алуу баасын ӨКМдин жана САЧКӨМдүн негиздүү сунушу боюнча рыноктун конъюнктурасына жараша кайра карап чыгуу укугу менен белгилөө | 2025-жылдагы азык-түлүк буудай данынын түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта сатуу үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлдү, мамлекеттик резервде азык-түлүк буудай данын зарыл болгон көлөмдө топтоо камсыз кылынды | 1-июль | ӨКМ, САЧКӨМ, ЭКМ, КРП ЫУӨ, УСК (макулдашуу боюнча), Ун тартуучу ишканалар ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт | ||
18.4. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда, Талас облусунун Талас шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоо үчүн убактылуу пункттарды андан ары мамлекеттик резервдин жооптуу региондук ишканалары-жооптуу сактоочулары аны өз алдынча ташып кетүүсү менен уюштуруу | Фермерлерге буудай данын тапшыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Фермерлердин буудайды жеткирүүгө байланыштуу чыгымдары кыскарды | Ысык-Көл облусу - август; Нарын облусу - сентябрь; Талас облусунун Талас шаары - июль | ӨКМ, КРП Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы ЫУӨ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде | ||
19 | Кызылча чийки затын өз убагында ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 473-т 2023-2026-жылдар мезгилинде кант кызылчасынын түшүмүн темир жол транспорту менен ташууга республика ичиндеги тарифтер жөнүндө тескемесин аткарууну камсыз кылуу | Кызылча чийки затын сактоо жана аны тез арада кайра иштетүү, ошондой эле кызылча өстүрүүчү фермерлерге эсептешүүлөрдү кумшекер менен алуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | Сентябрь-декабрь | Кызылча чийки затын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" МИ | Талап кылынбайт |
4-компонент. Дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү өз убагында даярдоо жана өткөрүү | ||||||
20 | Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, дандын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өндүрүү | Республиканын фермерлери, дыйкандары менен дандын түшүмдүүлүгүн жаздык буудайга караганда 30%га камсыз кылган күздүк буудай себүүнүн артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дандын түшүмдүүлүгү жогорулады жана калкты ата мекендик азык-түлүк дан менен камсыз кылууга жетишилди | Август-ноябрь | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
21 | 2024-жылга салыштырмалуу күздүк буудайдын аянтын 20-25%га чейин кеңейтүү зарылдыгын эске алуу менен 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнүн сунушталуучу түзүмүн иштеп чыгуу | 21.1. Облустар жана райондор боюнча 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын сунушталган түзүмүн иштеп чыгуу | Жаздык кылкандуу дан өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн эсебинен дандын түшүмдүүлүгүнүн 20-30%га өсүшү камсыздалды. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли жогорулады | 15-августка чейин | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
22.2. 2026-жылдын түшүмү үчүн Кыргыз Республикасында күздүк буудайдын айдоо аянтын 180 миң га чейин жеткирүү, анын ичинде: Баткен облусунда - 9 миң га; Жалал-Абад облусунда - 18 миң га; Ош облусунда - 18 миң га; Ысык-Көл облусунда - 14 миң га; Талас облусунда - 10 миң га; Чүй облусунда - 113 миң га | Күздүк буудайдын айдоо аянты 180 миң га чейин жеткирилди | Сентябрь-ноябрь | САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарынын эсебинен | ||
22 | Фермерлерди айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрү менен камсыз кылуу | 22.1. 2025-жылы күзгү талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө дотациялык үрөндөрдү бөлүү | Айылдык товар өндүрүүчүлөр айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жеткиликтүү, сертификатталган үрөндөрү менен камсыздалды | Август-октябрь | САЧКӨМ, АЧӨБЭД, РАӨБ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
22.2. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн кондициялык үрөндөрү менен 80%га чейин камсыздоо | Айылдык товар өндүрүүчүлөр күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык үрөндөрү менен камсыздалды | 20-октябрга чейин | САЧКӨМ, АЧӨБЭД, РАӨБ | Талап кылынбайт | ||
23 | Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунда 2025-жылдын түшүмүнүн күздүк буудай үрөнүнүн өтмө фондун түзүү | Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө себүүнү камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү | Сентябрь-октябрь | САЧКӨМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Ысык-Көл облусунун айыл чарба кооперативдери жана үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл облусунун үрөн чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
СПА | - | суу пайдалануучулар ассоциациясы |
АЖК | - | агроөнөр жай комплекси |
МИ | - | мамлекеттик ишкана |
АЧӨБЭД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент |
АЧКМИТД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти |
КИӨЖОАЧД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
КДИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту |
КМЧЖИИИ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту |
КУАУ | - | Кыргыз улуттук агрардык университети |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
ААК | - | ачык акционердик коому |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
РАӨБ | - | райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары |
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы |
КҮА | - | Кыргызстандын үрөнчүлүк ассоциациясы |
|
| 2-тиркеме |
2025-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянтынын ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | Жалпы аянтка % | Анын ичинде облустар боюнча | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | |||
Бардык айдоо аянты | 1250,0 | 100 | 67,4 | 163,2 | 184,4 | 115,5 | 178,7 | 108,3 | 416,1 |
Бардык дан жана буурчак өсүмдүктөрү, анын ичинде | 676,9 | 54,2 | 42,9 | 75,7 | 92,6 | 28,8 | 93,6 | 71,3 | 262,3 |
Буудай | 250,0 | 20,0 | 14,3 | 24,0 | 41,6 | 6,8 | 40,2 | 10,7 | 110,1 |
Арпа | 252,2 | 20,2 | 12,5 | 16,0 | 50,2 | 22,0 | 23,5 | 5,0 | 118,7 |
Жүгөрү | 108,0 | 8,6 | 11,0 | 31,0 |
|
| 26,2 | 4,0 | 32,7 |
Буурчак | 53,8 | 4,3 | 1,1 |
| 0,3 |
| 0,2 | 51,6 | 0,6 |
Башка дан өсүмдүктөрү | 12,9 | 1,0 | 4,0 | 4,7 | 0,5 |
| 3,5 |
| 0,2 |
Кант кызылчасы | 15,0 | 1,2 |
|
| 0,1 |
|
| 0,6 | 14,2 |
Пахта | 12,4 | 1,0 |
| 6,0 |
|
| 6,3 |
| 0,1 |
Тамеки | 0,4 | 0,03 | 0,0 |
|
|
| 0,3 |
| 0,05 |
Май өсүмдүктөрү | 17,0 | 1,4 | 0,8 | 4,0 | 0,2 | 0,2 | 1,5 | 0,9 | 9,4 |
Картошка | 66,4 | 5,3 | 2,5 | 8,5 | 20,0 | 5,0 | 13,1 | 8,0 | 8,9 |
Жашылча | 54,9 | 4,4 | 3,5 | 13,5 | 3,5 | 0,5 | 9,5 | 4,4 | 17,5 |
Бакча өсүмдүктөрү | 12,7 | 1,0 | 0,1 | 5,5 |
| 0,1 | 2,5 | 0,1 | 4,2 |
Тоют өсүмдүктөрү | 394,4 | 31,6 | 17,6 | 50,0 | 68,0 | 80,9 | 51,9 | 23,0 | 99,5 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасында айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүү
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды арттыруу үчүн өсүмдүк өстүрүү тармагындагы артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- пайдаланылбаган айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн эсебинен жалпы айдоо аянтын көбөйтүү жана республиканын тоо этектеринин дыйканчылык зонасында жаңы сугат жерлерин жүгүртүүгө киргизүү;
- ички керектөөлөрдү камсыз кылуу жана экспорттоо үчүн өзгөчө баалуу сугат жерлеринде дан, буурчак, бакча жана техникалык өсүмдүктөрдү, ошондой эле дары чөптөрдү себүү аянттарын кеңейтүү;
- интенсивдүү технологияларды жана тамчылатып сугаруу системаларын колдонуу менен тоо этектеринин дыйканчылык зонасында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн адистештирүүнүн негизинде айыл чарба өндүрүшүндө кластердик ыкманы киргизүү.
Баткен облусу
Баткен облусу айдоо аянтынын 60%га жакынын ээлеген үч негизги дан эгиндерин - буудай, арпа жана жүгөрү өстүрүүгө адистешкен.
Баткен облусунун кыртыш-климаттык шарттары мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берет: Кадамжай районунда - алча жана гилас; Баткен районунда - өрүк; Лейлек районунда - өрүк жана жүзүм.
Ошондой эле арпа өсүмдүктөрү жайкы кургакчылыктан жакшырак сакталгандыктан Лейлек районунун тоолуу зоналарында арпаны өстүрүү пайдалуу.
Жаңы айдоо жерлерин жүгүртүүгө киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн эсебинен көп жылдык чөптөрдү - беде жана эспарцетти айдоону кеңейтүү сунушталууда. Мындан тышкары жашылча, бакчалардын жана дан буурчак өсүмдүктөрүнүн, жүгөрүнүн, күрүчтүн жана картошканын айдоолорун турукташтыруу зарыл.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад облусунун адистешүүсү дан эгиндерин, жашылча, бакча, мөмө жана май (күн карама, сафлор) өсүмдүктөрүн, пахта, тамеки өстүрүүгө негизделген.
Облуста буудай, май жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн себүүнү кеңейтүү сунушталат. Ички жана тышкы рыноктордо суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу органикалык пахта жана күрүчтүн айдоо аянттарын көбөйтүү сунушталат.
Тамчылатып сугаруу системасын жана күнөсканаларды киргизүүнүн эсебинен жашылча өстүрүү сунушталат.
Аксы жана Ала-Бука райондорунун тоо этектеринде мөмө-жемиш өстүрүү сунушталат (өрүк, алма, кара өрүк).
Ошондой эле, жүгөрү данын, бакча өсүмдүктөрүн, жашылча жана картошканы себүүнү турукташтыруу сунуш кылынат.
Тоо этектеринде көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү аянтын көбөйтүү сунушталат.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл облусу картошка, кылкандуу дан эгиндерин, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана дары чөптөрдү өстүрүү боюнча адистештирилген.
Тамчылатып сугарууну киргизүүнүн эсебинен жаңы айдоо жерлерди пайдаланууга берүүгө байланыштуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн отургузууну кеңейтүү зарыл.
Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Тоң райондору мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистештирилген.
Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондору - кылкандуу дан эгиндерин жана картошка өстүрүүгө адистештирилген.
Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун сугат өрөөндөрүндө дары чөптөрдү себүүнү кеңейтүү зарыл.
Too этектеринде арпа жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүү сунушталат. Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Нарын облусу
Нарын облусу тоют өндүрүүгө адистештирилген. Көп жылдык чөптөр себилген чөп чабуу аянттары жана алардын айдоо аянтына салыштырма салмагы 70%ды түзөт.
Бир жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын кыскартуунун эсебинен арпа айдоо аянтын көбөйтүү сунушталат.
Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунун төмөнкү тоо этектерине жана Нарын районунун түштүк бөлүгүндө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү ылайыктуу.
Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун түштүк бөлүгүндөгү сугарылуучу өрөөндүү зоналарында дан өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Ат-Башы, Кочкор жана Нарын райондору картошка жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө адистештирилген.
Ош облусу
Ош облусунун адистешүүсү дан эгиндерин, чанактуу дан өсүмдүктөрүн (соя), жашылча-бакча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, пахта, тамеки жана май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор) өстүрүүгө негизделген.
Алай, Чоң-Алай, Ноокат райондорунда, өзгөчө арпа кургакчылыкка туруштук берген тоолуу зоналарда арпаны, ошондой эле май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор) жана көп жылдык чөптөрдү себүүнү көбөйтүү сунушталат.
Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорундагы суу боюндагы жерлерге күрүч айдоолорун жайгаштыруу сунушталат.
Тамчылатып сугаруу системасын жана күнөсканаларды ишке киргизүүнүн эсебинен жашылчанын айдоо аянттарын кеңейтүү сунушталат.
Too этектериндеги зоналарда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Кара-Суу жана Араван райондорунун өрөөндүү зоналарында пахта, дан эгиндерин, чанактуу дан өсүмдүктөрүн жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн, ал эми Ноокат, Өзгөн райондорунда - тамеки, дан жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
Дандык жүгөрүнүн, бакча өсүмдүктөрүнүн, картошка айдоолору турукташтырылат.
Талас облусу
Талас облусу чанактуу дан өсүмдүктөрүн - төө буурчакты өстүрүүгө жана экспорттоого адистештирилген, анын аянты облустун бардык айдоо аянтынын 53%ынан ашыгын ээлейт.
Талас өрөөнүнүн жогорку зонасы арпа, көп жылдык чөптөрдү жана картошка өстүрүүгө адистештирилген. Өрөөндүн төмөнкү зонасынын кыртыштык-климаттык шарттары дан жана жашылча өсүмдүктөрүн, ал эми тоо этектериндеги райондор - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жарактуу.
Чүй облусу
Чүй облусу дан өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын, жашылча-бакча өсүмдүктөрүн жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүүгө адистештирилген.
Буудай, май өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын жана жашылча-бакча өсүмдүктөрүн себүүнү кеңейтүү сунушталат. Ошондой эле тамчылатып сугаруунун эсебинен жабык жерде жашылча өндүрүүнү көбөйтүү сунушталат.
Тоо этектериндеги зоналарда жаңы айдоо жерлерин өздөштүрүүнүн жана тамчылатып сугарууну пайдалануунун эсебинен беденин жана эспарцеттин, жүзүмдүн, мөмө-жемиштердин айдоолорун кеңейтүү сунушталат.
Арпа, дандык жүгөрүнүн, чанактуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоолору турукташтырылууда.
Суусамыр өрөөнү арпа жана көп жылдык чөптөрдү өстүрүүгө адистештирилген, ал эми Чоң-Кемин зонасында картошка жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү сунушталат.
|
| 4-тиркеме |
2025-жылы айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды камсыз кылуу
тонна
Облустардын аталышы | Дизел отуну | Автобензин | ||||||
Бардыгы | Анын ичинде | Бардыгы | Анын ичинде | |||||
жазгы-талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү-талаа иштерине | жазгы-талаа иштерине | оруп-жыйноо иштерине | күзгү-талаа иштерине | |||
Баткен | 6540 | 3210 | 2480 | 850 | 1278 | 556 | 510 | 212 |
Жалал-Абад | 13137 | 5918 | 5600 | 1619 | 3648 | 1468 | 1680 | 500 |
Ысык-Көл | 12860 | 6446 | 5120 | 1294 | 2688 | 1913 | 463 | 312 |
Нарын | 6737 | 1911 | 4826 | - | 1147 | 382 | 765 | - |
Ош | 12982 | 4540 | 6140 | 2302 | 3888 | 1518 | 1520 | 850 |
Талас | 10374 | 6312 | 3220 | 842 | 1684 | 874 | 560 | 250 |
Чүй | 38103 | 12130 | 14880 | 11093 | 8854 | 3032 | 4197 | 1625 |
Республика боюнча | 100733 | 40467 | 42266 | 18000 | 23109 | 9743 | 9695 | 3749 |
|
| 5-тиркеме |
2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү үчүн минералдык жер семирткичтерге болгон керектөө
(миң тонна)
Облустардын аталышы | Жылдык керектөө | Анын ичинде минералдык жер семирткичтердин түрү боюнча: | ||
азоттук | фосфордук | калийдик | ||
Баткен облусу | 14,3 | 7,9 | 5,4 | 1,0 |
Жалал-Абад облусу | 39,2 | 21,5 | 14,8 | 2,9 |
Ысык-Көл облусу | 42,3 | 21,0 | 15,7 | 5,6 |
Нарын облусу | 17,4 | 8,0 | 7,8 | 1,6 |
Ош облусу | 42,9 | 23,6 | 16,6 | 2,7 |
Талас облусу | 24,7 | 14,8 | 9,2 | 0,7 |
Чүй облусу | 86 | 49,0 | 34,2 | 2,8 |
Республика боюнча | 266,8 | 145,8 | 103,7 | 17,3 |