Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-июну № 469-т
Мамлекеттик материалдык резервди өз убагында толуктоо үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудай данын сатып алууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 101-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2025-жылы сезондук айыл чарба талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралар планында:
18.1, 18.2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18.1. Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн 2025-жылдын түшүмүнөн ММРФ тарабынан 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы тарабынан 10 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алуу | Мамлекеттик резерв балансталып толукталды | 25-ноябрга чейин | ӨКМ | Министрликтердин жана ведомстволордун 2025-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде |
18.2. ММРФ үчүн 10,0 миң тоннага чейин жана "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы үчүн 10,0 миң тоннага чейин азык-түлүк буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү (республиканын райондору боюнча) | Фермерлерге балансталган материалдык колдоо көрсөтүлдү | 15-июнь | САЧКӨМ КРП ЫУӨ жана ЖМА менен биргеликте | Талап кылынбайт |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А.Касымалиев |