Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 76 токтомуна) |
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик билим берүү уюмдарында жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын (мындан ары - билим берүү программалары) ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын (мындан ары - аралыктан окутуу) колдонуу тартибин аныктайт. Тартип жеке менчик формасындагы онлайн-билим берүү уюмдары үчүн сунуштама мүнөзүнө ээ.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
окутуунун кредиттик технологиялары - академиялык кредиттерди топтоо менен дисциплиналарды окуунун ырааттуулугун билим алуучулар тарабынан тандоосунун жана өз алдынча пландоосунун негизинде окутуу;
билим берүү порталы - маалыматтык-телекоммуникациялык тармактын жардамы менен билим берүү процессинин катышуучуларына маалыматтык ресурстарга жана билим берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөргө жетүү үчүн арналган маалыматтык система;
билим алуучунун санариптик изи - окутууну башкаруу системасында жана (же) башка платформаларда жазылган билим берүү ишинин натыйжалары жөнүндө верификацияланган маалыматтардын жыйындысы;
санариптик билим берүү ресурстары - ар кандай маалыматтык санариптик булактардан турган жана окуу процессинин дидактикалык жана башка методикалык максаттарына жетүүгө багытталган санариптик түрдө берилген маалыматтардын жыйындысы.
2-глава. Аралыктан окутуу боюнча билим берүү уюмдарына карата талаптар
3. Аралыктан окутууну колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) аралыктан окутууну үзгүлтүксүз уюштуруу үчүн маалыматтык-технологиялык инфраструктуранын, анын ичинде туруктуу тармактык туташуунун, сервердик жабдуунун, маалыматтарды сактоо системасынын болушу, киберкоопсуздук системаларынын, Интернет тармагына туташтырууну камсыз кылуучу коммуникациялык байланыш каналдарынын, билим алуучунун инсандыгын идентификациялоо үчүн аутентификация системаларынын, өздөштүрүүлөрдү табуу системаларынын, онлайн-прокторингдин иштеши;
2) билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын, анын ичинде веб-сайттын, билим берүү порталынын, окутуунун кредиттик технологиясын камсыз кылуунун автоматташтырылган системасынын иштеши, санариптик билим берүү ресурстарынын жыйындысы;
3) Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык студенттердин жеке маалыматтарын коргоо жана системалардын маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо;
4) окуу процессин санариптик билим берүү ресурстары менен камсыз кылуу;
5) студенттерге билим берүү порталына жана санариптик билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
6) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча санариптик сервистерге: окуу сабактарынын электрондук расписаниесине, студенттердин окуудагы жетишкендиктерин академиялык контролдоонун бардык түрлөрүнө, өзүн-өзү баалоо системасына; электрондук китепканага; электрондук документ жүгүртүүгө толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
7) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар студенттерди аралыктан окутуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
8) сапатты камсыз кылуунун ички системасына ылайык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү системасынын болушу.
3-глава. Аралыктан окутууну колдонуу менен окуу процессин уюштуруу тартиби
4. Аралыктан окутуу билим берүү процессинин катышуучуларынын турган жерине карабастан аралыктан өз ара аракеттенүүсүндө, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана телекоммуникациялык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
5. Аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- кейс технологиясы, маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен өз алдынча изилдөө (кейстер) үчүн арналган окуу-методикалык комплекстердин адистештирилген топтому түрүндө билим алуучуларга маалыматтык билим берүү ресурстарын берүүгө негизделген. Билим алуучуларга материалдарды берүү окуу процессин уюштуруу үчүн ар кандай алгылыктуу ыкмалар менен ишке ашырылат;
- онлайн-окутуу - окутуу методу, анын алкагында билим алуучу белгилүү бир жерге жана убакытка карабастан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу билим алат.
Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрүн айкалыштырууга жол берилет. Күндүзгү окуу формасында билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн окутуунун кейс технологиясын толук көлөмдө колдонуу башка аралыктан билим берүү технологиялары менен айкалышта гана мүмкүн болот.
6. Онлайн окутуу методун колдонуу менен окуу процессин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү кесиптик билим берүүнүн онлайн билим берүү уюму жөнүндө жобо менен белгиленет.
7. Аралыктан окутууну колдонуу менен билим берүү процесси күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формалары боюнча билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Аралыктан окутууну колдонуу менен күндүзгү окуу формасында билим берүү программаларын ишке ашырууда билим берүү уюму билим берүүнүн тиешелүү деңгээлинин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аудиториялык жүктөмдүн толук көлөмүн камсыз кылууга милдеттүү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучуларга жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун чечими боюнча сабактарга эркин катышуу графиги берилет.
9. Эгерде билим алуучулар окуу планынын сааттарынын көлөмүнүн 70 пайызынан кем эмесин аралыктан билим берүү технологиялары аркылуу өздөштүрсө, билим берүү программалары толук көлөмдө аралыктан окутууну колдонуу менен ишке ашырылат.
10. Сырттан окуу формасында ээ болууга жол берилбеген адистиктер жана кесиптер боюнча аралыктан билим берүү технологияларын толук көлөмдө колдонуу менен билим берүү программаларын ишке ашырууга тыюу салынат.
11. Аралыктан билим берүү технологияларын толук көлөмдө колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программалары боюнча билим берүү уюмуна окууга тапшырып жаткан адамдар бул шарт менен кол койдуруп тааныштырылууга тийиш.
12. Аралыктан окутуу процессин камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй аралыктан окутуу каражаттары колдонулат:
- мультимедиялык коштоосу менен адистештирилген окуу китептери;
- электрондук окуу китептерин, окуу куралдарын, тренингдик компьютердик программаларды, компьютердик лабораториялык практикумдарды, контролдук-тестирлөө топтомдорун, окуу видеофильмдерин, аудио жазууларды камтыган электрондук окуу-методикалык комплекстер;
- санариптик билим берүү ресурстары;
- байланыштын телекоммуникациялык каналдары боюнча берүү үчүн арналган башка материалдар.
13. Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууда негизги маалыматтык ресурс болуп аралыктан окутуунун маалыматтар базалары саналат, алар өзүнүн көлөмү жана мазмуну боюнча белгилүү бир деңгээлдеги негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Маалыматтык ресурстар билим берүү уюмунун билим берүү порталында жайгаштырылууга тийиш, ал билим берүү процессинин катышуучуларына маалыматтык-телекоммуникациялык тармактын жардамы менен маалыматтык ресурстарга жана билим берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөргө жетүү үчүн арналган.
14. Аралыктан окутуунун маалыматтар базасына төмөнкүлөр кирет:
- негизги окуу жана окуу-методикалык адабияттар фонду;
- кадрларды даярдоо профилдерине ылайык келген тармактык басылмалар, маалымдама-библиографиялык, ошондой эле массалык борбордук жана жергиликтүү коомдук-саясий басылмалар менен комплекттелген мезгилдүү басылмалар фонду;
- ар бир билим берүү программасынын профили боюнча монографиялар жана мезгилдүү илимий басылмалар менен берилген илимий адабияттар фонду.
15. Аралыктан окутууда билим берүү уюму ар бир студентке тиешелүү билим берүү программасын же анын бөлүгүн өздөштүрүү үчүн зарыл болгон окуу планынын сааттарынын көлөмүндө аралыктан окутуу каражаттарына жана санариптик билим берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Студенттердин аралыктан окутуунун маалыматтар базаларына, аралыктан окутуунун башка каражаттарына жетүүсүн камсыз кылуу максатында билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдаланат.
16. Аралыктан окутууда билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдалануу менен квалификациялуу окутуучулардын консультациялары аркылуу билим алуучуларга илимий жана окуу-методикалык жардам көрсөтөт.
17. Билим берүү уюму телевизиондук, компьютердик, тармактык жана башка чөйрөлөрдө окутуу үчүн дидактикалык камсыздалган сабактарды колдонуу менен даярдоонун, адистиктин ар бир багыты боюнча билим алуучулардын аудиториялык жүктөмүнүн толук көлөмүн камсыз кылат.
18. Окуу планында каралган лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн билим берүү уюму билим алуучуларга бул сабактарга катышууга же аралыктан окутууну (виртуалдык лабораториялык иш, аралыктан жеткиликтүү болгон лабораториядагы иш) колдонуу менен катышууга мүмкүнчүлүк берет.
19. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттер үчүн билим берүү уюму аралыктан окутууну колдонуу менен лабораториялык жана практикалык сабактарга катышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттерди окутуу атайын түзүлгөн коррекциялык топтордо, жекече окуу пландары боюнча же башка билим алуучулар менен биргеликте инклюзивдик билим берүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
20. Билим берүү уюму жаңы маалыматтык-билим берүү чөйрөсүндө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттердин кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен окутуу үчүн окутуучуларды жана окуу-көмөкчү персоналды кесиптик жактан кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат.
21. Аралыктан окутууда студенттерди учурдагы контролдоо, орто аралык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо билим алуучулардын катышуусу менен күндүзгү формада же тесттерден жана башка экзамендерден өтүү убагында студенттердин иш-аракеттерин контролдоо технологиясын колдонуу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт.
Онлайн режиминде студенттерди учурдагы контролдоо, орто аралык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
22. Билим берүү уюму студенттерге консультациялык колдоо көрсөтүүнү жана студенттердин билим берүү программасын өздөштүрүүсүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт. Студенттердин дисциплиналарды жана (же) модулдарды өздөштүрүүсүнө, окуу процессине катышуу деңгээлине, сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле материалдарды өздөштүрүүнүн жүрүшүн жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышын контролдоо анын санариптик изин билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасында калыптандыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
23. Учурдагы контролдоону жана орто аралык аттестациялоону өткөрүү формалары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү студенттердин жетишүүсүн баалоо системасы алардын ден соолугунун жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
24. Академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча аралыктан окутууга өтүүгө уруксат берүүнүн жана уюштуруунун тартиби билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.