Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин
2025-жылдын 28-январындагы
№ 04-13/22
тиркеме
Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын
алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча
НУСКАМА
Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын
алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча
НУСКАМА
1- глава. Колдонуу чөйрөсү
1. Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча нускама (мындан ары – Нускама) жаныбарлардын арасында жугуштуу сибирь жарасы ылаңы катталган карантиндик аймакта ылаңдаган малды дарылоо, диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ылаңдын жайылышын алдын алуу жана жоюу, ылаң катталган аймакка карантиндик жана чектөө иш-чараларын киргизүү, сибирь жарасынын очогун бетондоо, тосуу жана белгилерди орнотуу, ылаңдан таза эмес аймакта ылаңдын жайылышын алдын алуу жана жоюу максатында милдеттүү түрдө аткарылуучу алдын ала иш-чараларды уюштуруунун тартиби, аймак ылаңдан тазаргандан кийин сибирь жарасы ылаңынын очогундагы карантиндик жана чектөө иш-чараларын алып салуу тартиби боюнча жоболорду камтыйт.
Бул Нускама Республиканын аймагында жаныбарлардын арасында жугуштуу сибирь жарасы ылаңынын чыгып кетүүсүн жана таралышын алдын алуу жана жоюу боюнча эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү, карантиндик зонада, сибирь жарасы ылаңынын очогунда жана ылаңдан таза эмес аймакка чектеш жайгашкан аймактарда малдардын кыймылына, мал чарба азыктарын өндүрүү, сактоо жана сатуу менен иш жүргүзгөн ветеринардык көзөмөлдөгү өнөр жай ишканаларына карантиндик жана чектөө иш-чараларын киргизүү, чектөөлөрдү дифференциялаштыруу максатында зоналардын түрүн аныктоо менен жеринде эпизоотиялык зоналаштырууну жүргүзүү боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу иштерди аныктайт.
2-глава. Жалпы маалыматтар
2. Бул Нускамада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
Сибирь жарасы ылаңы (күйдүргү) – жаныбарлардын жана адамдардын оор абалда өтүүчү, өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңы, ага септицемия, денеде инфильтраттардын жана кулгуналардын пайда болушу мүнөздүү. Жаныбарларда ылаң негизинен өтө курч, курч жана жетилип, ал эми чочколордо улаарып, көбүнчө ангина түрүндө өтөт, кишиге жукканда негизинен териси жараланат, кээде сибирь жарасы сепсиске айланып татаалданат, аны менен кошо өпкө жана ичеги карын дартка чалдыгышы мүмкүн.
Сибирь жарасы ылаңы Борбордук Азия региону, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн бир катар себептерге байланыштуу стационардык жугуштуу ылаң болуп эсептелет, ал себептер:
– жугуштуу ылаңды козгогучунун сактоочу жана берилүүчү фактору болгон эски, туруктуу ылаңдуу пункттардын жана топуракта сибирь жарасы ылаңынын очокторунун болушу;
– сибирь жарасы ылаңынан өлгөн малдар көмүлгөн жерлер жакшы белгиленбей, убагында көзөмөлгө жана каттоого алынбай, көп жылдар өткөнүнө байланыштуу белгисиз болуп калган очоктордун болушу;
– жугуштуу сибирь жарасы ылаңына тоготкуч айыл чарба жаныбарларынын санынын арбындыгы жана алардын ылаңдан корголушунун жетишсиздиги;
– ылаңдын козгогучунун сырткы чөйрөдө ондогон жылдарга чейин сакталууга болгон жөндөмдүүлүгү.
Ылаңдын козгогучу Bac. Anthracis – аэроб, негизинен эки абалда – вегетативдик жана споралык формаларда өсүп-өнөт. Вегетативдик формасы сырткы чөйрөнүн жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирлерине туруксуз. Ал эми анын споралары өтө туруктуулугу менен айырмаланат. Күндүн түз тийген нурунан 20 жана андан коп суткадан кийин өлөт, 70° С температурада бир нече саатка чейин чыдайт, кайнатканда 45-60 мүнөттө жугушсузданат. 70-80° С температурага чейин ысытылган 5%-туу жегич натрийдин эритмесинде 3 сааттан кийин, ал эми 10%-түү эритмесинде 30 мүнөттөн кийин өлөт.
Инфекциянын козгоочу булагы – ылаңдаган жаныбар болуп саналат. Ылаңга чалдыккан жаныбарлардын экскреттеринде (занында, сийдигинде, табигый тешиктеринен чыккан кан аралаш суюктуктарда) козгогучтун вегетативдүү түрү кездешет, алар сырткы чөйрөдө кислород жетиштүү жана абанын температурасы 15-42°С болгон учурда спорага айланат. Сибирь жарасы ылаңынын спорасы түшкөн топурактын жана сырткы чөйрөнүн башка объектилери узак убакыт бою ылаңдын козгогучунун жуктуруучу фактору болуп кызмат кылат.
Сибирь жарасы ылаңынын эпизоотиялык очогу – жугуштуу ылаңдын козгогучу кездешкен же жугуштуу ылаңдын козгогучун таратуучу факторлор болгон жерлер, алардан тоготкуч жаныбарларга жугушу мумкун болгон чектер (жайыттын участогу, сугаруучу жер, малкана, мал чарба азык түлүктөрүн иштетуу боюнча ишкана, жеке чарба ж. б. у.с.).
Стационардык ылаңуу пункттар – пайда болгон мөөнөтүнүн эскирүүсүнө карабастан эпизоотиянын очогу табылган мал чарба фермасы, жайыт жана капчыгай.
Сибирь жарасынын очогу – сибирь жарасынан ылаңдаган жаныбарлардын өлүгү, же алардын калдыктары (тарпы) көмүлгөн жана/же жер кыртышында сибирь жарасынын козгогучу аныкталган жер.
Коркунучтуу зона – ылаңдуу пукттарга жакын орун алган, малдардын арасында сибирь жарасы ылаңынын кездешүү коркунучу болгон айыл-кыштактар, фермалар, калктуу пункттар, административдик райондор эсептелет. Ылаң пайда болуу коркунучу болгон аймактын чек арасын ветеринардык органдар: эпизоотиялык абалды, чарбалардын, калктуу конуштардын, даярдоочу жана иштетүүчү уюмдардын жана ишканалардын кыртыштык - географиялык, жаратылыштык-климаттык шарттарын жана, чарбалык-экономикалык байланыштарын (жаныбарларды сезондуу жайыттарга айдап өтүүчү жолдорду, базарларды, булгаары-сырье иштетуучу ишканаларын, даярдоочу базалардын ж. у. с. болушун) эске алуу менен аныкташат.
3. Малдын алиментардык жугушунун негизги жолу тоют жана суу аркылуу болот.
4. Эпизоотияга каршы иш-чараларды уюштурууда эпизоотиялык очокту, ылаң кездешүүчү стационардык пунктту, сибирь жарасынын очогун жана ылаңдын пайда болуу коркунучу болгон зонаны айырмалап бөлүү керек.
3-глава. Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын алдын алуу боюнча иш-чаралар
5. Аймактык (райондук, шаардык) ветеринардык инспекторлоруна жана алардын орун басарларына жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаныбарларды ээликтен ажыратуу жөнүндө же жаныбарлардын сибирь жарасынын очокторун жоюуда жаныбарлардан алынган продуктуларды алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген.
6. Сибирь жарасы ылаңы боюнча стационардык жайсыз пункттарда жана коркунуч туудурган аймактарда жеке ветеринардык врачтар берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар менен төмөнкү иштерди жүргүзүшөт:
– сибирь жарасы ылаңы боюнча эпизоотиялык очокту атайын журналдарга каттайт, ал райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыгында сакталат. Журнал менен кошо, сибирь жарасы ылаңынын жер кыртышындагы очоктору болгон жерлер жана ылаңдуу пункттардын чектери көрсөтүлгөн карталардын көчүрмөлөрүн милдетүү түрдө сактайт. Сибирь жарасынын очогунун көмүлгөн аянты ар бир өлгөн жаныбарга 3 м х 3 м. кем эмес болот, ал эми чуңкурдүн тереңдиги 2 м. кем эмес болбошу керек. Сибирь жарасынын очогунун үстү 40 сантиметрден кем эмес калыңдыкта бетондолот, бардык периметри боюнча адамдардын жана жаныбарлардын кокустан кирүүсүнө жол бербеген темир тосмо же бийиктиктиги 2 метр бетон тосмолор орнотулат жана аларга сибирь жарасынын очогу чыккан күн, жаныбардын түрү көрсөтүлгөн эскертүүчү табличка жана “Өтө коркунучтуу! Сибирь жарасынын очогу!” деген белги коюлат.
– ылаңдан өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди жана биотермикалык чуңкурлардын тегерегин тосуу жана тийиштүү санитардык абалда кармоо, өлүктөр көмүлгөн жерлердеги жер кыртышын зыянсыздандаруу боюнча иштердин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт;
– мал көп топтолгон (базарлар, көргөзмөлөр, туутканалар ж. б.) жерлерди, жаныбарлардан алынуучу азык-түлүктөр даярдалуучу, сакталуучу жана иштетилүүчү жерлердин санитардык абалына туруктуу көзөмөлдү уюштурат.
7. Сибирь жарасы ылаңы боюнча эпизоотиялык абал оор жана коркунучтуу болгон пункттарда:
– малды ветеринардык адистин уруксатсыз аргасыз союуга жол берилбейт, аргасыз союу болгон учурда этин жана башка продуктыларын лабораториялык изилдөөсүз кишилерге тамак үчүн жана жаныбарларга тоют үчүн сатууга тыюу салынат;
– агромелиорациялык, курулуштук жана жер кыртышын бир жерден экинчи жерге которууга байланышкан жумуштарды жүргүзүүдө ветеринардык кызмат менен макулдашуу милдеттүү түрдө талап кылынат. Сибирь жарасы ылаңынын чордону болгон, топурактын санитардык-коргоочу зонасында, изилдөө, курулуш жана топуракты бөлөк жерге ташууга байланышкан жумуштарды жүргүзүү үчүн жер участокторду бөлүүгө уруксат берилбейт;
– жарандардын, мал ээлеринин жана мал чарба кызматкерлеринин арасында сибирь жарасы ылаңы жөнүндө дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турулат;
– мамлекеттик ветеринардык башкармалыктар аныктаган, сибирь жарасы ылаңы боюнча коркунучтуу болгон аймактарда ылаңга тоготкуч бардык жаныбарларга, алардын кимге таандык экендигине карабастан, тейлөөчү ветеринардык адис Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген вакциналарды колдонуу менен, аларды колдонуу боюнча нускамаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жана тартипте эмдөө иштерин жүргүзөт.
8. Сибирь жарасы ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндө, эмделген жаныбарлардын санын (түрлөрү боюнча), колдонулган вакцинанын аталышын, номерин, сериясын, контролдук номерин, даярдалган убагын жана жумшалган вакцинанын өлчөмүн, аны даярлаган ишкананы көрсөтүү менен акты түзүлөт, опись тиркелет. Описке эмдөөлөрдөн өткөрүлгөн малдардын идентификациялык номери, мал ээсинин фамилиясы, кол тамгасы коюлуп, тейлөөчү ветеринардык адистин мөөрү, колу менен күбөлөндүрүлөт.
9. Сибирь жарасы ылаңына каршы эмдөөдөн өткөн жаныбарлардын актысы жана тизмеси райондук, (шаардык) ветеринардык башкармалыктын башчысы тарабынан бекитилип, мөөрү, колу менен күбөлөндүрүлөт. Эгерде мал кандайдыр бир себеп менен эмделбесе, анын себебин көрсөтүү менен өзүнчө акт жана тизме жазылат жана ал жөнүндө райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыкка жана малдын ээсине билдирилет. Актылар жана опистер (тизмелер)мамлекеттик ветеринардык башкармалыкта 3 жыл бою сакталууга тийиш.
10. Сибирь жарасы ылаңына каршы эмделген малды эмделгенден 14 суткадан кийин гана союуга, эт үчүн пайдаланууга уруксат берилет. Аргасыз учурларда эмделген малдарда эмделгенден кийинки кабылдап кетүү болбосо жана союулуучу жаныбарларды ветеринардык кароонун, этти жана эт азыктарын ветеринардык-санитардык экспертизациялоонун, ошондой эле жаныбарларды эт үчүн чарба ичинде союунун эрежелеринин талаптары сакталган шарттарда гана, ветеринардык адистин уруксаты менен көрсөтүлгөн мөөнөттөн эртерээк союуга болот (КМШ мамлекеттеринин 2000-жылдын 6-апрелинде Ашхабад шаарында өткөрүлгөн ветеринардык тармакта кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык Кеңешинин “Союлуучу малдарга ветеринардык кароо жүргүзүү жана эт жана эт азыктарын ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” чечими).
11. Аргасыз союлган малдардын терилери, теринин кесиндисинин үлгүсү преципитациялоо реакциясы менен изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин изоляциялык шартта сакталууга тийиш.
12. Сибирь жарасы ылаңына каршы вакцина куюлгандан кийин 14 суткага чейинки өлгөн малдардын терисин сыйрууга болбойт.
13. Жаныбарлардын ээлери Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамынын 8-беренесинин талаптарын так сактоого жана төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
– белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууга;
– ветеринардык адистердин талабы боюнча малдарды профилактикалык эмдөөлөрдөн өткөртүүгө;
– мамлекеттик ветеринариянын жергиликтүү органдарына жана тейлеген ветеринардык адиске жаңы сатып алынган малдары жөнүндө тезинен маалымат берүүгө;
– жаныбарлардын ылаңдаганы, аргасыз союлганы же өлүп калгандыгы жөнүндө тейлөөчү ветеринардык адиске дароо кабарлоого.
14. Мал чарба азыктарын өндүрүү жана сатуу боюнча ишканалардын жетекчилери жана ишканалардын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
– мамлекеттик ветеринардык органдан жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан өндүрүштүк ишмердикке уруксаты болууга жана белгиленген ветеринардык жана санитардык эрежелерди аткарууга;
– ветеринардык адистердин жаныбарлардын денесин жана ички органдарын кароосу, ошондой эле тамакка жараксыз деп табылган азыктарды жок кылуу үчүн керектүү шарттарды камсыздоого;
– эт азыктарынын туура сакталышын, ошондой эле сибирь жарасы ылаңына шектүү мал азыктарын лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп жаткан мезгилде атайын изоляцияланган (өзүнчө) камераларда, муздаткычтарда сакталышын камсыздоого;
– ишканалардын жумушчуларына жана кызматчыларына сибирь жарасы ылаңынан алдын алуу жана сактануунун эрежелери боюнча окуларды уюштуруу.
15. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, сибирь жарасы ылаңынын очогун аныктоонун эскирүү мөөнөтүнө жараша жана алардын ветеринардык-санитардык, эпизоотиялык жана эпидемиологиялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен сибирь жарасы ылаңынын очоктору төмөнкүдөй 4 топко бөлүнөт жана алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдуу өлчөмдөрү белгиленет:
1) сибирь жарасы ылаңынын 1 - топтогу өзгөчө коркунучтуу очоктору: аныкталган күндөн тартып мөөнөту 25 жылга чейинки сибирь жарасы ылаңынын очоктору. Сибирь жарасы ылаңынын очогунан турак үйлөр, коомдук имараттар, социалдык объектилер, мал чарба фермаларына (комплекстерге), өнөр жай объектерине, кампаларга чейинки санитардык-коргоо зонасынын өлчөмү – 1000 м;
2) сибирь жарасы ылаңынын 2-топтогу коркунучтуу очоктору: алар аныкталган күндөн тартып 25 жылдан 50 жылга чейинки эскирүү мөөнөтү бар сибирь жарасы ылаңынын очоктору. Сибирь жарасы ылаңынын очогунун санитардык абалын жана аны залалсыздандырууга чейин жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерге), мал базарларга жна мал союучу жайларга өнөр жай объектерине, кампаларга чейинки алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдүү өлчөмдөрү белгиленет- 500 метр;
3) сибирь жарасы ылаңынын 3-топтогу эски очоктору: мөөнөтү аныкталган күндөн тартып 50 жылдан 70 жылга чейинки сибирь жарасы ылаңынын очоктору. Сибирь жарасы ылаңынын очогунун санитардык абалын жана залалсыздандырууга чейинки жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдүү өлчөмдөрү белгиленет:
– турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерге), мал базарларга жана мал союучу жайларга чейин – 300 м;
– өнөр жай объекттерине, кампаларга чейин – 150 метр;
4) сибирь жарасы ылаңынын 4-топтогу илгерки очоктору: 70 жылдан ашык сакталып турган сибирь жарасы ылаңынын очоктору. Сибирь жарасы ылаңынын очогунун санитардык абалын жана залалсыздандырууга чейинки жана андан кийинки лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен алардын санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкү минималдүү өлчөмдөрү белгиленет:
– турак үйлөргө, коомдук имараттарга, социалдык объекттерге, мал чарба фермаларына (комплекстерге) чейин – 100 м;
– өнөр жай объекттерине, кампаларга чейин – 70 метр.
16. Сибирь жарасы ылаңынын очогунун аймагында чарба жүргүзүүгө, мал багууга, мал жаюуга, гидрокурулмаларды курууга, чөп чабууга, топуракты алууга жана анын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат.
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер участогун бөлүп берүүдө, пайдаланууга берүүдө, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоодо жана архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан жер участокторуна укуктарды берүүгө тиешелүү документтерди даярдоодо ветеринария, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, айлана-чөйрөнү коргоо, кадастр боюнча мамлекеттик органдардын корутундусу зарыл.
18. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган жылына эки жолу жазында жана күзүндө сибирь жарасы ылаңынын очокторуна мониторинг жүргүзүп, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн топурактан (жер кыртышынан) үлгүлөрдү алып, сибирь жарасы ылаңынын козгогучуна текшерет.
19. Аныкталган сибирь жарасы ылаңынын очогу боюнча тиешелүү администрациялык аймактын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен комиссия түзүлөт, анын курамына ветеринария боюнча мамлекеттик органдын, ооруларды профилактикалоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кирет жана аныкталып, каттоого алынган сибирь жарасы ылаңынын очогуна бекитилген форма боюнча паспорт таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилет.
20. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу негизде айыл өкмөтүнүн аймагындагы сибирь жарасы ылаңынын очокторун талаптагыдай санитардык абалда кармоо боюнча иштерди жүргүзөт, анын ичинде бетондоону, тосууну жана таануу белгилерин орнотууну камсыз кылат жана аларды колдонуудагы ветеринардык-санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келтирет.
4-глава. Сибирь жарасы ылаңына шектүү жаныбарларга жүргүзүлүүчү иш-чаралар
21. Сибирь жарасы ылаңына шектүү болгон жаныбарлардын өлүгү союлбайт. Өлгөн малдын жаткан тарабындагы кулагын адегенде түбүнөн шпагат же бөлөк бекем жип менен эки жеринен бекем байлайт жана байлоолордун ортосунан кесип алып, лабораторияга жиберет. Кесилген жери кызарта ысытылган жалпак металл менен күйгүзүлөт. Эгер союу же этти бузуу учурунда сибирь жарасы ылаңына шек пайда болсо, ишти дароо токтотуп, көк боордун кесиндисин жана сезгенген лимфа бездерин ветеринардык лабораторияга изилдөөгө жиберет. Чочконун өлүгүн изилдөө үчүн шишиген жерлеринен, көмөкөйүндөгү жана жаагынын астындагы лимфа бездер алынат. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы алынганга чейин эти же тулкусу, териси жана бардык ички органдары менен бирге союлган жерде катуу изоляция шартында калтырылат.
22. Ветеринардык лабораторияга тапшырылган патологиялык жана биологиялык материалдар колдонуудагы усулдук көрсөтмөлөргө ылайык изилденет. Материалдар изилдөөгө тапшырылган күнү – микроскопиялык жол менен изилденет, 3 суткага чейин – бактериологиялык. 10 суткага чейин – биологиялык изилдөө жүргүзүлөт.
23. Патологиялык материалдарды микроскоптук изилдөөдө сибирь жарасы ылаңы далилденсе, ветеринардык лабораториянын жетекчиси райондук (шаардык) башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторго жана малдын ээсине 12 сааттын ичинде жазуу түрүндөгү корутундуну берет.
24. Райондук (шаардык) ветеринардык башкармалыктын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору сибирь жарасы ылаңы аныкталгандыгы жөнүндө ветеринардык лабораториянын корутундусун алганда төмөнкүлөргө милдеттүү:
– 24 сааттын ичинде Ветеринардык кызматтын республикалык жетекчилигине жана оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондук, шаардык борборлорунакабарлоого;
– райондук (шаардык) оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлү менен бирдикте өлүктүн турган жерине тезинен баруу, эпизоотиялык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүү жана карантинге алынуучу аймактын чек араларын белгилөөгө;
– сибирь жарасы ылаңына шектүү болгон айыл чарба азыктарын (сүт, эт ж. б.) сыртка алып чыгууга жол бербөө боюнча чара көрүүгө.
25. Сибирь жарасы ылаңына акыркы оң корутунду алган учурда райондук (шаардык) башкармалыктын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисине карантинди белгилөө боюнча сунуш берүү жана эпизоотиялык очокту жоюу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү үчүн киргизүүгө;
– 24 сааттын ичинде жаныбарлардын сибирь жарасы менен ооругандыгы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жогору турган ветеринардык органга, коңшу райондордун ветеринардык башкармалыктарына билдирүүгө.
26. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрациясы башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун сунушунун негизинде сибирь жарасы ылаңы аныкталган аймакка карантин жарыялашат.
27. Карантиндин шарты боюнча төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– карантиндик аймактын сыртына жаныбарлардын бардык түрлөрүн алып чыгууга жана алып кирүүгө;
– жаныбарлардан алынуучу азык-түлүктөрдү жана сырьелорду камдоого жана сыртка алып чыгууга, чарба ичинде жаныбарларды бир жерге топтоштурууга (орун которуштурууга);
– ылаңдаган жаныбарлардын сүтүн пайдаланууга;
– жаныбарларды эт үчүн союуга;
– өлгөн жаныбарларды союуга жана терисин сыйырууга;
– зарыл болгондон бөлөк учурда ветеринардык хирургиялык операцияларды жасоого;
– сибирь жарасы ылаңы боюнча таза эмес фермаларга аны тейлөөгө байланышы жок адамдардын, транспорттордун киришине;
– жаныбарларды сугаруу үчүн сыртка жана башка табигый көлмөлөргө чыгаруу.
28. Сибирь жарасы ылаңынын эпизоотиялык очогунда жеке ветеринардык врачтар берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары менен бардык малдын башын клиникалык кароодон жана термометриядан өткөрүшөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жаныбарларды эки топко бөлөт:
Биринчи топ – ылаңдаган жаныбарлар. Аларга ылаңдын белгилери байкалган же денесинин температурасы жогорулаган жаныбарлар кирет. Ылаңдаган жаныбарларды сибирь жарасы ылаңына каршы гипериммундук сыворотка, гаммаглобулин жана антибиотиктер менен дарылайт. Клиникалык белгилери жоголуп, толук айыккандан 14 күндөн кийин аларды сибирь жарасы ылаңына каршы эмдейт.
Экинчи топ – сибирь жарасы ылаңынын очогундагы соо жаныбарлар. Бул топтогу жаныбарларды эмдейт, андан кийин 3 күн бою күнүнө 2 жолу (эртең менен жана кечинде) клиникалык кароо жүргүзөт жана дененин температурасын өлчөйт. Сибирь жарасы ылаңынын қлиникалык белгилери билинген жана температурасы жогору болгон жаныбарларды биринчи топко которот.
29. Ылаңдаган жана ылаң боюнча шектүү жаныбарлар өзүнчө тейлөөчү персоналга бекитилип берилет. Ага атайын кийим, дезкаражаттар, алгачкы керектүү аптечка, жеке гигиеналык каражаттар берилет. Ал адамдар сибирь жарасы ылаңына каршы эмделүүгө тийиш.
30. Биринчи топтогу жаныбарларды дарылоо мезгилинде алардан саалып алынган сүттү, активдүүлүгү 25%-тен кем эмес активдүү хлору болгон, хлордуу акиташтан 20 литр сүткө 1 кг эсебинде кошуп, 6 саат бою кармап жугушсуздандырып жок кылат.
Экинчи топтогу жаныбарлардын сүтү эмделгенден 3 күн өткөнгө чейин 4-5 мүнөт кайнатылат, ошондон кийин гана эпизоотиялык чордондо сибирь жарасы ылаңына каршы эмделген жаныбарларга берүүгө болот.
Сүт ишканаларында чарбалардан карантин коюлганга чейин келген сут азыктары чектөөсүз сатылат.
Сибирь жарасы ылаңынан өлгөн малдардын өлүктөрү, ошондой эле сибирь жарасы ылаңы менен ылаңдаган малды союудан алынган эт азыктардын бардыгы өрттөлөт.
Ылаңдаган малдын секрециясы менен булганган кык, төшөнчү жана тоют калдыктары алып салуу алдында каустикалык соданын 10% ысык эритмеси менен нымдалат, андан кийин мүмкүн болсо жеринде өрттөлөт.
Ал эми, сибирь жарасы ылаңы менен ылаңдаган мал барбаган жана алар бөлүп чыгарган заттар менен булганбаган жайыттардан, чабындылардан жана айдоо аянттарынан алынган чөптү карантин алынгандан кийин ташып чыгууга уруксат берилет.
31. Сибирь жарасы ылаңы боюнча таза эмес чарбаларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл аймактарынын, мамлекеттик администрациянын, мэриянын) жана мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын жетекчилери, менчиктин формасына карабастан чарбалардын (ишканалардын), фермалардын жетекчилери жана жеке чарбалардын менчик ээлери, тышкы чөйрөдө сибирь жарасы ылаңынын козгогучун жок кылуу үчүн, жаныбарларды эмдөө, карантиндик–коргоо жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө керектүү болгон техникаларды, жабдууларды, материалдарды жана иштерди аткарууга көмөк көрсөтүүгө жетиштүү санда адамдарды ишке тартууга милдеттүү.
32. Ылаңдаган жаныбарлардын заңы, төшөлгөн кыгы жана андан бөлүнүп чыккан бөлөк заттар менен булганган тоюттун калдыктары өрттөлөт. Чыла топтогучка чогулган суюк бок - сийдикке 25%-тен кем эмес кургак активдүү хлор 20 л. чылага 1 кг өлчөмүндө кошулуп аралаштырылат.
Бир хлордуу йоддун эритмесин колдонгондо жугушсуздандыра турган нерселердин үстүнкү беттерин 1м² аянтка 1 л эсеп менен 15-20 минута аралык менен эки жолу жугушсуздандырат.
Жүндөн, териден жасалган буюмдар, резина бут кийим жана башка буюмдар 1 куб метрге 250 мл формальдегид эсебинде формальдегид буулары менен камеранын температурасы 58-68ºС болгондо 3 саат экспозицияда жугушсуздандырат.
Жер кыртышынын үстүнкү бетин төмөнкүдөй каражаттардын бири менен жугушсуздандырат: жегич натрийдин 10%-түү ысык эритмеси; феносмолиндин 18%-түү эмульсиясы; формальдегиддин 5%-түү эритмеси; хлордуу акиташтын 5%-түү тундурулган эритмеси; кальцийдин гипохлоридинин нейтралдуу 10%-түү эритмеси; кальцийдин гипохлоридинин үчтөн эки негизги тузунун же дихлоризоцианур кислотасынын нaтрий тузунун 15%-түү эритмеси (активдүү хлору боюнча).
Мында эритмелердин сарпталышы: формальдегид - 5л/ м², феносмолин - 40л/м², бөлөк каражаттар - 10 л/м² түзөт.
Сибирь жарасы ылаңынан өлгөн жаныбарлар жаткан, аргасыз союлган же өлгөн малдын тулкусун бузган жердин үстүнкү бетин кылдаттык менен күйгүзөт (кандагыч лампа, ж.б.), андан кийин 10 л/м² эсептеп, составында 5%-түү активдүү хлору болгон хлордун акиташтын эритиндиси менен сугарат. Андан кийин жердин кыртышын 25 см тереңдикте казат, топуруктын 3 бөлүгүнө 1 бөлүк, составында 25%-тен кем эмес активдүү хлору болгон кургак хлордуу акиташты кошуп аралаштырат. Ошондон кийин гана топуракка суу себелеп нымдаштырат.
Ылаңдан өлгөн малдын тулкусу жаткан жерди, өлгөн малдар көмүлгөн эски жана жаңы жерлерди жугушсуздандыруу үчүн ОКЭБМ (бромдуу метил газы менен этилен окисинин аралашмасы) же бромдуу метил газдарын сунуш кылган нускамаларга ылайык колдонот.
5-глава. Карантиндин алынышы
33. Карантин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (райондук мамлекеттик администрация, шаардык мэрия) тескемеси менен аймактык башкармалыктын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун сунушунун негизинде, сибирь жарасы ылаңына чалдыккан мал өлгөндөн же мал ылаңдан айыккандан 15 күндөн кийин жана эмделген малдарда ылаң пайда болбогон учурда алынат.
34. Карантинди алууга чейин аймактык башкармалыктын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору, ветеринардык-санитардык эпидемиялогиялык иш-чаралардын ушул Нускаманын талаптарына ылайык толук аткарылышын текшерет жана бул маселе боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкреттуу сунуштарды киргизет.
36. Карантин алынганда жаныбарлардын эмдегенге чейинки абалын, өлгөн жаныбарлардын санын түрлөрү боюнча жана датасын, жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык иш-чараларды, ж.б. көрсөтүү менен чарбада акты түзүлөт. Акты эки нускада жазылат, анын бирөө чарбада сакталат, экинчиси мамлекеттик ветеринардык башкармалыгына карантинди алуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн жөнөтүлөт.
6-глава. Этти кайра иштетүүчү ишканаларда жана аны даярдоо, сактоо жана кайра иштетүү ишканаларында сибирь жарасы ылаңы табылган учурдагы иш-чаралар
36. Сибирь жарасы ылаңы табылган ишкана ишин токтотуп, төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзөт:
– cоюуга даярдоо цехинин короосунда сибирь жарасы ылаңына чалдыккан малдын өлүгү же сибирь жарасы ылаңы менен ылаңдаган мал табылган учурда малдарды кабыл алуу токтотулат. Өлүк техникалык утилдөөгө жөнөтүлөт же өрттөлөт. Калган бардык малдар клиникалык изилдөөгө жана термометрияга алынат. Клиникалык жактан соо жаныбарлар дароо санитардык кушканада союлат.
37. Бөлөк короолордо топтолгон малдар баштапкы иштетүү цехине союуга жиберилет.
38. Сибирь жарасы ылаңына чалдыккан мал аныкталган жаныбарлардын тобу айдалып өткөн короолор, жолдор дезинфекциялоочу заттар менен нымдалат.
39. Конвейерде сибирь жарасы ылаңынын белгилери жана патологиялык өзгөрүүлөрү бар союлган малдын эти табылган учурда, патологиялык материал алынып лабораторияга изилдөөгө жиберилет. Сибирь жарасы ылаңына чалдыккан жана анын жанындагы союлган малдын эттери (ар тарабынан экиден) ички органдары жана терилери менен кошо изоляцияланат.
Мал союучу жайлардын полдоруна 2 кг 1м² ченеминде, 25%-тен кем эмес активдуу хлору бар хлордуу кургак акиташ себилип, андан кийин суу менен нымдалат, экспозициясы - 1 саат.
Андан кийин жабдуулардын жана короо-жайлардын беттери (полдон 2 м. бийиктикке чейин дубалдар) кальцийленген соданын 5%-туу ысык (70 С температурадан кем эмес) эритиндиси менен жакшылап жуулат.
40. Ылаңдын козгогучун жок кылуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин союла турган калган малга термометрия жүргүзүлөт. Ылаңга шек туулбаган малдын бардыгы союуга жөнөтүлөт.
41. Этти жана эт азыктарын өндүрүүчү ишканадагы карантин, контаминацияланган объектилерди зыянсыздандыруу боюнча иштердин комплекси жана дезинфекциянын сапатын текшергенден кийин алынат.
42. Жаныбарлардан алынган, сибирь жарасы ылаңы кездешкен сырьелор жана азык-түлүктөр аныкталганда, эттер жана суб-продуктылар толук жок кылынат, ал эми жаныбарлардан алынган бөлөк сырьелорго карата, жаныбарлардан алынган сырьелорду дезинфекциялоо жана аны изоляциялоо, сактоо жана иштетүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү нускамага ылайык иштер жүргүзүлөт.
43. Жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө ишкананын ветеринардык адиси тарабынан тиешелүү акт түзүлөт.
7. Жоопкерчилик
44. Ушул Нускаманын талаптарын бузгандыгы үчүн жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.