Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 28-январы № 04-13/22
Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 “Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча нускама (мындан ары – Нускама) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) репутацияны башкаруу бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышынкамсыз кылсын.
3. Министрликтин чечимдерин ишке ашыруу башкармалыгы:
– буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн бул буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Ветеринардык кызматы ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин ветеринардык тармакты тейлеген орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр |
| Б.Э. Торобаев |