МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-февралындагы № 47 «2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция27.02.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 27-февралы № 47

2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө тай тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

 

2025-жылдын 30-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган