Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-февралындагы № 90
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 609 токтому менен бекитилди) |
2020-2024-жылдарга "Иммунопрофилактика"
программасы
1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү
Калкты иммунизациялоо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (мындан ары - ДСУ; тарабынан адамдын ден соолугун коргоодо эң натыйжалуу салым катары таанылган жана 2030-жылга карата балдардын өлүмүн азайтуу, кедейчиликти кыскартуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо жаатында Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (мындан ары - ТӨМ) жетүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп эсептелет.
Үзгүлтүксүз пландуу иммунизациялоо дүйнө жүзүндө коомдук саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу стратегиясы болуп эсептелет, аны ишке ашыруу саламаттык сактоо жаатындагы башка медициналык кийлигишүүлөргө салыштырганда балдардын оорусунун, өлүмүнүн жана майыптыгынын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
ДСУнун маалыматтары боюнча жыл сайын полиомиелитке, сенекке, кептөөргө, көк жөтөлгө каршы иммунизациялоо 2 миллиондон 3 миллионго чейинки өлүм учурларын алдын алууга мүмкүндүк берет, күн сайын болжол менен он миңге жакын өмүрдү сактап калат жана миллиондогон адамдарды оорудан жана майыптыктан сактайт.
2000-2013-жылдар мезгилинде:
- кызамыкка каршы эмдөө кызамыктан глобалдуу өлүмгө учуроолорду 75%га төмөндөттү жана кызамыкка каршы вакцинаны коомдук саламаттык сактоонун бир кыйла пайдалуу жетишкендиктеринин бирине айландыруу менен 15,6 миллион өлүм учурун алдын алды. Туруктуу жана жогорку деңгээлде эмдөө менен камтууда оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөйт жана жада калса ооруну толугу менен жок кылышы мүмкүн;
- полиомиелитти жок кылуу боюнча глобалдуу аракеттердин натыйжасында 16 миллиондон ашык адам шал болуудан сакталып калды. 1988-жылдан тартып полиомиелит менен ооруган учурлардын саны 99%га азайган.
Кыргыз Республикасында эмдөө жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде 1951-1960-жылдары кептөөр, кызамык, көк жөтөл жана полиомиелиттен ооруган ар бир жетинчи бала каза болуп турган.
Ошону менен бирге. калкты иммунизациялоо саламаттык сактоо жаатындагы актуалдуу маселелердин бири болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу ДСУ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 2012-жылдын 26-майындагы WHA65.17 резолюциясы менен бекитилген 2011-2020-жылдарга вакциналарга карата Глобалдуу иш-аракеттердин планын кабыл алуу аркылуу (мындан ары - Глобалдуу план) ар бир жарандын укуктарын сактоо менен, ошол эле мезгилде алардын коом алдындагы жоопкерчилик деңгээлин жана милдеттенмелерин жогорулатуу менен иммунизациялоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, эмдөөнү колдоодо коомдун ролун жогорулатуу үчүн күрөшөт.
Глобалдуу планда баяндалган максаттарга жетүү 24,6 миллиондон 25,8 миллионго чейин адам өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет, муну менен Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 4 милдетине жетүүгө болот, полиомиелитти. кызамыкты, кызылчаны жок кылууга көмөк көрсөтөт.
Кызамык жана кызылча ооруларын жок кылууга инвестиция салуу - бул балдардын жана чоңдордун келечегине, ден соолугуна инвестиция салуу болуп эсептелет, мунун өзү Туруктуу өнүктүрүү максаттары менен байланышкан ден соолукту коргоо жаатындагы жана калктын ден соолугунун коопсуздугуна, кедейликке, билим берүүгө, гендердик теңчилдикке, экономикалык өсүшкө таасирин тийгизүүчү максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө кызмат кылат.
Эмдөө менен алдын алуу жүргүзүлгөн инфекциялык оорулар бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында мурдагыдай эле коркунуч туудурууда. Региондо инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн жогорку деңгээлде эмдөө менен камтуу мааниге ээ.
Кыргыз Республикасында эмдөөнүн артыкчылыктары жана коопсуздугу, эмдөө менен алдын алынуучу инфекциялык оорулардын коркунучу тууралуу калктын маалыматынын аздыгынан, медицина кадрларынын жетишсиздигинен, профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуудан - калктын иммундаштыруу программасынан четте калган топтору бар.
Профилактикалык эмдөө менен камтуу деңгээлинин төмөндөшүндө вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын кескин көбөйүү коркунучу жогорулайт. Буга мисал 2015-жылы, 2018-2019-жылдарда республикада эмдөөдөн өтпөгөн калктын сезгич топторунун арасында кызамыктын эпидемиялык жайылышы.
"Жугуштуу ооруларды иммунолрофилактикалоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иммундук профилактика менен контролдонуучу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү маселелери мамлекет тарабынан колдоого алынат.
Профилактикалык эмдөөлөрдүн учурдагы календарынын алкагында вакцинанын профилактикасы вакцина менен башкарылуучу 12 инфекцияга (кургак учук, полиомиелит, "В" вирустук гепатити, кептөөр, сенек, көк жөтөл, "b" тибиндеги гемофилдик инфекция, пневмококк, ротавирус инфекциялары, ошондой эле кызамык, эпидпаротит жана кызылча) каршы жүргүзүлөт.
2019-жылы ротавирустук инфекцияга каршы иммунизациялоо киргизилген, 2022-жылы адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны (жатын моюнчасынын рагыньш алдын алуу) киргизүү пландаштырылууда.
Ушул "2020-2024-жылдарга Иммунопрофилактика" программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн иммунопрофилактика кызматын колдоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан, аларга каршы натыйжалуу вакциналар болгон кооптуу инфекциялык оорулардын жайылышын контролдоочу бешинчи стратегиялык документ болуп эсептелет.
Ушул Программанын алкагында декреттелген контингеттин саны жыл сайын 900 миң адамдан ашат, же бүткүл өлкөнүн калкынын жалпы санынын 18%. Иммунизация программасынын максаттуу калкынын 73%ын 0 жаштан 16 жашка чейинки балдар түзөт, анын ичинде 11%ы - жаңы төрөлгөн ымыркайлар.
Бул Программа "Инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ДСУнун сунуштарына: Глобалдуу планга, ДСУнун Европа региондук комитетинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы EUR/RC64/R5 резолюциясы менен бекитилген 2015-2020-жылдарга вакциналарга карата Европа региондук иш-аракеттер планына, 2012-жылдын 26-майындагы 2018-жылга чейин полиомиелитти глобалдуу жок кылуу жөнүндө WHA65.5 резолюциясына, кызамык жана кызылча ооруларын жоюу жана тубаса кызылча инфекциясынын алдын алуу боюнча милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле ДСУнун Европа регионунун полиомиелитке көз каранды эмес аймактык статусун сактан калуу боюнча аракеттерин (EUR/RC60/R12) резолюциясын улантууга багытталган.
Ушул Программа иммунизация жаатындагы беш жылдык документ болуп саналат, ал вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан улам пайда болгон оорулардын жана өлүмгө учуроолордун санын төмөндөтүү боюнча чараларды камсыз кылууда жана көрүүдө, ошондой эле ушул оору менен шартталган финансылык жана социалдык зыяндарды төмөндөтүүдө мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттенмелерин өзүнө камтыйт.
Ушул Программаны кабыл алуу зарылдыгы эпидемиялык потенциалы жогору жана оор кесепеттери бар бир катар инфекциялык ооруларды эмдөө аркылуу натыйжалуу алдын алуу мүмкүндүгү менен шартталган.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Иммунизация программаларын ишке ашыруунун жыйынтыгында, Программанын максаттарына жана ДСУ тарабынан сунушталган көрсөткүчтөргө ылайык алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарынын алкагында Кыргыз Республикасында баштапкы вакциналык комплекстин алдын алуучу эмдөөлөрү менен камтуу 95% пайыздан кем эмес деңгээлде кармалып турду.
Вакциналык алдын алуу вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды натыйжалуу эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасы менен айкалышып, иммунизациялоонун 4 программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан оорунун жана өлүмдүн төмөндөшүнө өбөлгө түздү - полиомиелитти четтетүү, жаңы төрөлгөн балдарда кургак учук менингитинин жана сенектин катталбагандыгы, көк жөтөлдүн калктын 100 миң санына 2 учурга чейин азайышы, эпидемиялык паротиттин калктын 100 миң санына 4 учурга чейин азайышы.
2001-жылы Кыргыз Республикасы Европа регионунун курамында ДСУнун полиомиелитти жок кылгандыгы жөнүндө сертификатын алды.
2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасы ДСУнун Европа региондук бюросу тарабынан эндемиялык кызамык жок аймак катары таанылды.
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна катышуучу өлкө катары алган милдеттенмелерине ылайык төмөнкү глобалдуу сунуштарды колдой:
- полиомиелит оорусун жоюу боюнча, полиомиелиттен эркин өлкө/аймак статусун жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасынын оору чыккан учурга полиомиелитке/курч мүнөздөгү бошоңку шал оорусуна каршы чараларга жана опурталды азайтууга даярдыгын колдойт. Калктын вакцинация менен жогорку деңгээлде камтылышын, полиомиелитке/курч мүнөздөгү бошоңку шал оорусуна шектүү учурларга эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын колдойт. Полиомиелитти жок кылуунун жана анын 2013-2018-жылдарга жыйынтыктоочу этабын ишке ашыруунун стратегиялык планынын контекстинде Кыргыз Республикасы эки валенттүү оралдык полиовирустук вакцинага өтүүнү ишке ашырды, стратегияны жетекчиликке алуу менен инактивдештирилген полиовирустук вакцинанын 1 дозасын алдын алуучу эмдөө календарына киргизди;
- кызамыкты жана кызылчаны элиминациялоо боюнча глобалдык стратегиялык план милдеттүү лабораториялык компоненти бар кызамыкка/кызылчага шектелген бардык учурларды эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн интеграцияланган системасын киргизүү менен комбинацияланган вакциналардын курамында 2 доза менен 95%дан кем эмес камтылышын колдойт.
Кызамык боюнча глобалдүу күч алган элидемиологиялык кырдаалдын жана калктын сезгич топторунун арасында популяциялык иммунитеттин деңгээлинин төмөндөшүнүн фонунда кызамыктын эндемикалык жугушун токтотуу боюнча максат ишке ашкан жок. 2019-жылы Кыргыз Республикасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 36,9ду, 2020-жылдын 9 айына карата 100 миң калкка 36,4тү түздү.
"В" вирустук гепатитине каршы вакцилалык алдын алуунун фонунда 1 жашка чейинки балдарда "В" вирустук гепатити катталган учурлар болгон жок, 2019-жылы 14 жашка чейинки балдардын ооруп калуу көрсөткүчтөрү "В" вирустук гепатитине байкоо жүргүзүүнүн бардык мезгилине карата минималдуу болуп эсептелет (14 жашка чейинки 100 миң балага 0,2). "В" вирустук гепатити менен ооругандардын санынын мындан ары азайышы жана анын элиминациясы келечекте боордун баштапкы рагы (гепатокарцинома) менен ооругандардын саны төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарынын жана Вакцина, иммунизация боюнча глобалдуу альянстын (мындан ары - ВИГА) колдоосунун бардык түрдөгү биргелешкен инвестицияларынын натыйжасында иммунизация программасы отчеттук мезгилде ДСУ сунуштаган максаттарга ылайык алдын алуучу эмдөөлөр менен 95%дан кем эмес камтууну камсыздоо жана колдоо аркылуу ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуунун белгилүү жыйынтыктарына жетти.
2001-жылдан тартып ВИГА Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жаңы вакциналарды сатып алууга жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүп келет: "В" гепатитине каршы моно дозалуу вакцина (2001-2005 жана 2007-2008) жана (2015-2017). пентаваленттик (АКДС-ВГВ-ХИБ) вакцина (2009-2018), пневмококк (2015-2018) жана инактивдештирилген полиомиелит (2016-2018) вакцинасы. Ошондой эле ВИГА иммунизация системасын максаттуу колдоо көрсөтүп келет жана жаңы вакциналарды киргизүү, саламаттык сактоо системасын чыңдоо (мындан ары - ССЧ) боюнча гранттарды берүүдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ВИГА Катчылыгына пневмококк вакцинасын жана инактивдештирилген полиомиелиттик вакцинаны киргизүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын чыңдоого (мындан ары - ССЧ-2) жала муздак чынжыр жабдуусун оптималдаштыруу боюнча платформага (мындан ары - МЧЖОП) долбоордук өтүнмөлөр даярдалган жана берилди.
2016-жылы жалпы суммасы 4,5 миллион АКШ доллары болгон ВИГА ССЧ-2 долбоорун ишке ашыруу ийгиликтүү башталды. Долбоор иммунизациялоодогу системалуу тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө максатталган жана негизги беш компонентке багытталган, аларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ДСУ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (мындан ары - ЮНИСЕФ) жооптуу.
1-компонент - калк арасында эненин жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө билимдерди, ишенимди жана суроо-талапты жогорулатуу. Бул милдет билимдердин жетишсиздигинен, туура эмес көз караштардан жана эмдөөлөргө каршы маанайлардан улам эмдөөлөрдөн баш тартуулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу проблемаларды чечет (ЮНИСЕФ).
2-компонент - эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча базалык кызмат көрсөтүүлөргө, шаардык мигранттар жана жетүүгө кыйын болгон райондор үчүн иммунизациялоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү мекемелердин потенциалын жакшыртуу. Бул милдет баштапкы медициналык-санитардык жардам жана иммунизациялоо (ДСУ) кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнүн төмөндүгү менен байланышкан маселелерди чечет.
3-милдет - балдарды иммунизациялоонун сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүн камсыздоо боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардамдын кадрдык потенциалын даярдоону жакшыртуу. Бул максат жаңыланган жетектөөчү принциптердин жана окутуунун жардамы менен иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган (ДСУ).
4-милдет - муздак чынжыр мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо. Бул милдет муздак чынжырдагы кемчиликтерди чечет (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги).
5-милдет - иммунизацияда маалыматтардын өз убагында болушун жана тактыгын камсыз кылуу үчүн маалыматтарды чогултуу системасын жакшыртуу (ДСУ).
2018-жылы жалпы суммасы 1,6 миллион АКШ долларына барабар болгон, анын 50%ы өлкө тарабынан ССЧ-2 грантынын эсебинен жабыла турган ВИГАнын муздак чынжыр жабдуусун оптималдаштыруу боюнча платформа долбоорун жүзөгө ашыруу башталды.
Аталган долбоор баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде муздак чынжырдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган жана эски муздаткыч жабдууну ISO эл аралык стандарттарына жооп берген температурага жана ташып келүүгө мониторинг жүргүзүүчү каражаттары бар, ДСУ тарабынан кайра адистештирилген муздатуучу жабдууга алмаштыруу боюнча милдетти чечет.
2015-жылы республикада жүргүзүлгөн вакциналарды натыйжалуу башкарууну (мындан ары - ВНБ) тышкы баалоо республикада вакциналарды жеткирип берүүнүн жалпы чынжыры боюнча вакциналарды башкаруу жана ресурстарга мониторинг жүргүзүү вакциналарды натыйжалуу башкаруунун талаптарына ылайык ишке ашырыларын көрсөттү.
Баалоо жүргүзүү өзгөчө борбордук деңгээлде вакциналарды башкаруунун жогорку сапаттуу методдору бар экендигин көрсөттү. Вакциналарды натыйжалуу башкаруу боюнча ДСУнун стандарттуу операциялык жол-жоболору кабыл алынды (мындан ары - СОП).
Вакциналарды сатып алуу боюнча акыркы 25 жылда Кыргыз Республикасы ЮНИСЕФ аркылуу алдын алуучу эмдөөлөр календарынын алкагында вакциналарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып келет. Сатып алуулардын жана жеткирип берүүлөрдүн механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү'' Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы 2012-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында жөнгө салынат.
Вакциналарды сактоодо, ташууда жана пайдаланууда сапатынын сакталышын колдоо үчүн ВИГА гранттарын пайдалануунун эсебинен муздак чынжырдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана модернизациялоо боюнча туруктуу күч-аракеттер жумшалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 14-февралындагы № 70 буйругу менен түзүлгөн Иммундаштыруу боюнча илимий-техникалык эксперттер тобунун (мындан ары - ИТЭТ) далилдөөчү маалыматтарга негизделген сунуштамасы боюнча алдын алуучу эмдөөлөр календарына жаңы вакциналарды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
2016-жылы республикада жаш балдарда менингитти жана оор пневмонияны пайда кылган пневмококк инфекцияларына каршы жаңы вакцина киргизилген.
2018-жылы инактивдештирилген полиомиелит вакцинасы киргизилди.
2022-жылы ушул Программанын алкагында дагы бир жаңы антигенди - адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны киргизүү пландаштырылууда. Ошентип, вакциналардын башка кооптуу инфекциялык ооруларга таасир берүү спектри кеңейүүдө. Жаңы вакциналарды киргизүүнүн экономикалык жана эпидемиологиялык натыйжалуулугу ИТЭТ тарабынан негизделди.
Вакцинадан кийинки реакцияларды/кабылдап кетүүлөрдү көзөмөлдөө системасы иммунизациялоодон кийинки терс кесепеттердин эл аралык критерийлери менен шайкеш келтирилди.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФ ДСУ өнөктөштөрдүн техникалык колдоосу менен 2016-жылы республикада иммунизациялоого улуттук-эл аралык сереп салуу жүргүзүлдү, анын жүрүшүндө жетишкендиктерге жана кемчиликтерге терең баалоо жүргүзүү ишке ашырылды, келечекке иш-чаралар пландаштырылды. Баалоо жүргүзүүнүн корутундусунун негизинде иммунизациялоо боюнча сапаттуу кызматтар көрсөтүлөт. Иммунизациялоону ишке ашыруу көрсөткүчтөрү жогору бойдон калууда, бул тууралуу 95%дан жогорку деңгээлде пландаштырылган эмдөөлөр менен камтылгандыгы боюнча административдик маалыматтар күбөлөндүрүп турат.
Жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү - ВИГА, ДСУ, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташтыкта жана координацияланган иш-аракетинин аркасы менен жетишилди.
Кыргыз Республикасынын полиомиелиттен эркин, кызамыкты, кызылчаны жойгон жана вакцинация менен алдын алуучу инфекциялык ооруларга каршы күрөшкөн өлкө катары статусун кармап туруу боюнча коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү, жетишилген натыйжаларды кармап туруу үчүн жаңы чакырыктарды эске алуу менен иммунопрофилактикалоо ишин жүргүзүү зарыл.
3. Программанын жетектөөчү принциптери
Ушул Программанын принциптери мурдагы иммунизация программаларын ишке ашыруу процессинде топтолгон тажрыйбаны, Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын коргоого жана чыңдоого багытталган эпидемиологиялык жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт.
Вакциналардын жардамы аркылуу алдын алынуучу иммунизациялоо жана инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча улуттук, региондук жана глобалдык максаттарды көзөмөлдөө үчүн Программа Вакциналарга карата Европа иш-аракеттер планы (мындан ары - ВЕИП) менен синхрондоштурулган.
Программанын максаттары жана милдеттери 2015-2020-жылдарга Вакциналарга карата Европа иш-аракеттер планына негизделет, ТӨМ-3 менен 2030-жылга дени сак жашоо образын камсыздоо жана кайсы курак болбосун баары үчүн бейпил жашоого көмөктөшүүгө интеграцияланган.
Программанын негизги принциптерине төмөнкүлөр кирет:
1) адилеттүүлүк жана жеткиликтүүлүк - вакцинациялоонун артыкчылыгы социалдык статуска жана гендерлик айырмачылыкка карабастан бардык адамдарга адилеттүү жайылтылат;
2) өнөктөштүк жана жоопкерчилик - иммунизациялоо боюнча бардык милдеттер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан бирдиктүү негизде кабыл алынган макулдашууларга ылайык макулдашылат жана аткарылат (ВЕИП, 1-максат - жалпы саламаттык сактоо системасына иммунизациялоону интеграциялоо). Глобалдык өз ара көз карандылык шарттарында иммунизациялоо тармагында кызматташуу;
3) вакциналардын кепилдик берилген сапаты жана коопсуз иммунизациялоо - Кыргыз Республикасына келип жаткан бардык вакциналар улуттук жана эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына дал келет, ал эми кызмат көрсөтүү өзү жабылган шприцтерди колдонуу менен иммунизациялоонун коопсуз практикасынын принциптерине ылайык жүргүзүлөт. Иммунизациялоодо көп компоненттүү вакциналар жана технология кеңири колдонулат.
4) жогорку сапаттагы, натыйжалуу жана алгылыктуу баадагы вакциналарга жетүүнү кеңейтүү.
4. Программанын максаты
Программанын максаты калкты иммунизациялоого камтууну камсыз кылуу, кепилдик берилген сапаттуу вакциналарга жетүүнү жогорулатуу жана далилденген медицинанын негизинде иммунизациялоону активдүү пропагандалоо жолу менен вакциналардын жардамы аркылуу инфекциялык ооруларга чалдыгууну жана өлүмдү азайтуу болуп эсептелет.
5. Программа менен башкаруу жана секторлор аралык өз ара
аракеттенүү
Республикалык деңгээлде Программа менен башкарууну Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору (мындан ары РИБ) аркылуу жүзөгө ашырат.
РИБ вакциналардын жардамы аркылуу алдын алуучу инфекциялык ооруларга каршы күрөшүү иш-чараларынын жалпы комплексин иштеп чыгуу, жайылтуу жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле вакциналардын коопсуздугуна карата маселелер боюнча координациялык, уюштуруу-методикалык, консультативдик жана контролдоочу орган болуп эсептелет РИБ бардык стратегиялык объекттерди - вакциналык препараттардын кампаларын контролдойт.
РИБ вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан болуучу ооруларды, майыптуулукту жана өлүмдү азайтууга көмөктөшкөн ресурстарды жана иш-чараларды бириктирип жана координациялап, Программаны ишке ашыруу боюнча натыйжалуу жана ыкчам иштин кепили катары чыгат.
Иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн: ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА, Дүйнөлүк банк, анын ичинде саламаттык сактоо жаатында адистештирилген коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүсү жана колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Иммунизациялоо программасын координациялоо Республикалык эмдөө комитети (мындан ары - РЭК) аркылуу ИТЭТ жана Полиомиелитти жоюуну сертификациялоо боюнча, кызамык жана кызылчанын элиминациясын верификациялоо боюнча улуттук комитеттер жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 793 буйругу менен түзүлгөн Иммунопрофилактикалоо боюнча ведомстволор аралык координациялык комитет менен тыгыз кызматташуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Эл аралык кызматташуу
РИБ көп жылдан бери вакциналарды, чыгымдоочу материалдарды, муздаткыч жабдууларын жапа транспортту сатып алуу боюнча ВИГА, ДСУ, ЮНИСЕФ, ЛСА. Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.
Кызматташуунун алкагында иммунизациялоо жаатында маалыматтар, ченемдик документтер менен өз ара алмашуу жүргүзүлөт, ошондой эле адистерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен изилдөө иштери, эл аралык конференциялар, семинарлар жана калктын саламаттыгын коргоого жана чыңдоого багытталган башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.
7. Программанын стратегиялык багыттары
Программанын стратегиялык багыттары вакцина менен башкарылуучу инфекциялык оорулардан болуучу ооруларды жана өлүмдү азайтуу боюнча ДСУнун улуттук жана глобалдык максаттарына жетүүдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын аныктайт.
Программанын негизги стратегиялык багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иммунизациялоо, башкаруу жана менеджмент программасына саясий жактоону күчөтүү;
2) заманбап инновациялык маалыматтык-коммуникациялык ыкмаларды кеңири колдонуп, маалымат технологиясын колдонуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү жамааттарды жана кызыкдар болгон негизги өнөктөштөрдү тартуу менен калкка иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча маалымдоо системасын өнүктүрүү;
3) ыңгайлашылган, инновациялык стратегияларды берүүнүн эсебинен иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө калктын жетүүсүн жогорулатуу жолу менен 95%дан кем эмес максаттуу курактык топтогу калкты иммундаштырууга камтууну камсыз кылуу;
4) Программаны саламаттык сактоонун башка стратегияларына интеграциялоо. Маалыматтарды башкаруу системасы;
5) болжолдонгон каржылоого туруктуу жетүүнү жана сапаттуу вакциналарды алып келүүнү камсыз кылуу.
1-стратегиялык багыт. Иммунизациялоо программасын саясий жактоону күчөтүү. Башкаруу жана менеджмент
ДСУнун ЕРБ катышуучу өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын финансылык милдеттенмелерин аткаруусу жана Программаны финансылык опурталдардан коргоо.
Бул максат саламаттык сактоо системасында коомдук саламаттык сактоонун негизги куралы катары иммунизациялоону артыкчылыктуу багыт деп таанууга багытталат. Саламаттык сактоонун негизги пландарына иммунизациялоо боюнча пландарды интеграциялоо туруктуу финансылык салымдарды кошуу үчүн платформа болот.
Милдеттер:
1) иммунизациялоо программасына инвестицияларды салуудан пайда көрүү боюнча чечим кабыл алуучу адамдардын деңгээлинде иммунизациялоону пропагандалоо;
2) иммунизациялоону элге түшүндүрүү боюнча иштерге жергиликтүү жамааттарды жана жарандык коомду тартуу;
3) далилдөө базасына негизделген саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ИТЭТти чыңдоо.
Негизги иш-чаралар:
1) иммунизациялоо программасын жетекчиликке алууну жана башкарууну күчөтүү;
2) далилдөө медицинасына негизделген саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ИТЭТти чыңдоо.
2-стратегиялык багыт. Заманбап инновациялык маалыматтык-коммуникациялык ыкмаларды кеңири колдонуп, маалымат технологиясын колдонуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү жамааттарды жана кызыкдар болгон негизги өнөктөштөрдү тартуу менен калкка иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча маалымдоо системасын өркүндөтүү.
Иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө билимди, ишенимди жана суроо-талапты жогорулатуу
Бул максат иммунозациялоонун сапатына жана коопсуздугуна күнөм саноо боюнча тоскоолдукту жеңүүгө жана иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө билимди, ишенимди жана суроо-талапты жогорулатууга багытталат.
Милдеттер:
1) инфекциялык оорулардын алдын алуу маселелери боюнча маалыматтык-коммуникациялык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, инфекциялык ооруларды иммунопрофилактикалоо артыкчылыктары;
2) улуттук жана облустук деңгээлде антикризистик коммуникациялар планын түзүү.
Негизги иш-чаралар:
1) иммунизациялоо боюнча маалыматтык-коммуникациялык стратегия жана медиа план түзүү;
2) антикризистик коммуникациялар планын түзүү;
3) иммунизациялоого ишенимди жана талапты күчөтүү үчүн коммуникация жана социалдык мобилизация стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) билдирүүлөрдү берүү жана позитивдүү медиа чөйрөнү колдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жамааттардын жана кызыкдар болгон негизги өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн тартуу;
5) иштелип чыккан коммуникациялык кийлигишүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо үчүн иммунизациялоо боюнча билимге, мамилеге жана практикага орто аралыкта изилдөө жүргүзүү;
6) инфекциялык оорулардын алдын алуу маселелери боюнча ЖМК адистери үчүн тренинг өткөрүү жана аларды иммунизациялоо жөнүндө балансташкан жана туура материалдарды басып чыгарууга жана берүүгө тартуу;
7) калк үчүн вакцинанын маанилүүлүгүн пропагандалоо боюнча кесиптик ассоциациялардын жана кошундардын, айылдык саламаттык сактоо комитеттеринин, окуу жайларынын өз ара аракеттенүүсү жана аларды колдоо;
8) иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде байланыш жана билдирүүлөрдү алмашууну камсыз кылуу үчүн илимий-практикалык механизмдерди колдонуу.
3-стратегиялык багыт. Ыңгайлашылган, инновациялык стратегияларды берүүнүн эсебинен иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жолу менен 95%дан кем эмес максаттуу курактык тобундагы калкты иммунизациялоого камтууну камсыз кылуу.
Ыңгайлашылган, инновациялык стратегияларды берүүнүн эсебинен иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө калктын жетүүсүн жогорулатуу
Бул максат калктын иммунизациялоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө тең укукта жана адилет жетүүсүн камсыз кылууга багытталат.
Милдеттер:
1) толук тейленбеген калкты аныктоо жана иммунизациялоого жетүүгө тоскоол болгон себептерди табуу;
2) толук тейленбеген калктын жана иммунизациялоого жетүүгө тоскоол болгон себептердин проблемаларын чечүү үчүн жеке, инновациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу;
3) иммунизациялоого адилет жетүүнү камсыз кылуу үчүн системаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Негизги иш-чаралар:
1) алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына кирген вакциналар менен республиканын декреттелген калкын иммунизациялоого камтуу деңгээлин 95%дан кем эмес камсыз кылуу;
2) баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (мындан ары - БМСЖ) саламаттык сактоо уюмдарын тейлөө аймагында жашаган калктын эсебин алуу системасын өркүндөтүү;
3) жетүүгө кыйын райондордо жашаган, "опурталдуу" топко кирген калктын тобун аныктоо жана алардын эмделбөө себебин табуу;
4) пландоо жапа вакциналык препараттарды бөлүштүрүү системаларын, ошондой эле алгачкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн графигин оптималдаштыруу;
5) толук тейленбеген калктын (социалдык жана аялуу адамдардын) иммунизациялоого жетүүсүн камсыздоо үчүн иш жүзүндөгү укуктук же административдик тоскоолдорду аныктоо;
6) иммунизациялоо программасын аталган категориядагы калктын керектөөлөрүнө ыңгайлаштыруу;
7) жетүүгө кыйын райондор, Бишкек, Ош шаарларынын айланасындагы ички миграция болгон жаңы конуш райондору үчүн пландалган иммунизациялоо боюнча мобилдүү/көчмө бригадаларды түзүү;
8) мобилдик бригадалардын ишинин операциялык чыгымдарын туруктуу негизде колдоо;
9) эмделбеген жана/же толук эмес эмделген балдардын. өспүрүмдөрдүн жана чоң адамдардын арасында полиомиелитке. кызамыкка жана кызылчага, кептөөргө каршы иммунизациялоо боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүү.
4-стратегиялык багыт. Программаны саламаттык сактоонун башка стратегияларына интеграциялоо. Маалыматтар менен башкаруу системасы.
Бул максат иммунизациялоону саламаттык сактоо системасынын улуттук стратегиясына интеграциялоого багытталат, бул болсо иммунизациялоонун макулдашылган жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө координацияланган, комплекстүү ыкманы ишке ашыруу, коомдук саламаттык сактоонун жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын башка программалары менен тыгыз өз ара аракеттенүүсү үчүн өбөлгө болуп саналат.
Саламаттык сактоо системасынын алкагында иммунопрофилактикалоо маселелери эне жана баланын саламаттыгын коргоо, "Кургак учук", "ВМЧ/СПИД" боюнча программаларда бар. Ошондуктан потенциалдуу байланышкан иш-чаралар кадрлык жана финансы ресурстарын башкаруу үчүн сарптоолор көз карашынан алганда өз ара пайдалуу, таасирдүү жана натыйжалуу катары берилүүгө тийиш.
Саламаттык сактоонун башка программалары Программага көмөктөшкөндөй эле иммунизациялоо коомдук саламаттык сактоонун башка артыкчылыктуу маселелерин аткарууга көмөктөшөт. Бул болсо иммунизациялоо коомдук саламаттык сактоонун масштабдуу аракеттеринин элементи болот, ошондуктан ооруларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү стратегиялар жана пландар менен тыгыз байланышта болгон учурда жаңы вакциналарды жайылтууда, кампанияларды өткөрүүдө жана өзгөчө кырдаал киргизилген учурда өзгөчө актуалдуу.
Милдеттер:
1) Программанын жана саламаттык сактоо системасынын алкагында комплекстүү, координацияланган ыкмаларды иштеп чыгуу;
2) вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга мониторинг жүргүзүү жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын күчөтүү;
3) Программада иштеген адистердин дараметин күчөтүү, инфратүзүмдү жана логистиканы күчөтүү.
Негизги иш-чаралар:
1) Программанын компоненттерин (вакциналарды сатып алуу, жөнгө салуу, фармакологиялык көзөмөл, вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга лабораториялык көзөмөл, маалыматтык системалар) жалпы саламаттык сактоо системаларынын компоненттерине интеграциялоону камсыздоо;
2) Программанын саламаттык сактоонун кыйла кеңири стратегиялары менен макулдашуусун камсыздоо (балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна тиешелүү саясат, коомдук саламаттыкты сактоо саясаты жана саламаттык сактоо системалары);
3) эл аралык саламаттык сактоо үчүн потенциалдуу коркунучту жараткан кызамык, полиомиелит, кептөөр оорулары күч алганда Европа регионуна, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кабыл алынган эл аралык медициналык-санитардык эрежелеринин алкагында күчөтүлгөн чараларды камсыздоо жана Россия Федерациясынын керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бейпилдигин коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы. ДСУ менен кызматташтыкта тийиштүү чара көрүүнү ишке ашыруу (кызамык, кептөөр, полиомиелит сыяктуу вакцина менен башкарылуучу инфекциялар боюнча);
4) иммунизациялоо туруктуу негизде ооруларды комплекстүү контролдоонун компоненти катары каралган жаны окуу программаларын иштеп чыгуу менен дипломго чейинки жана дипломдон кийинки билим берүү программаларын институтташтыруу;
5) жаңы вакциналарды киргизүү (адамдагы папиллома вирусуна каршы вакцина) жана максаттуу ооруларга каршы күрөшүү жана эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн комплекстүү пландарына интеграциялоо;
6) иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коопсуздугун камсыздоо (инъекциялардын коопсуздугу жана коопсуз иммунизациялоо, өзү жабылуучу ширицтерди пайдалануу);
7) кадрлык потенциалды күчөтүү жана Программа менен башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
8) иммунизациялоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттыкты сактоо системасына интеграциялоо. Электрондук саламаттык сактоо маалымат базасына интеграцияланган Ымыркайлардын реестрине байланышкан иммунизациялоонун электрондук реестрин түзүү;
9) полиомиелит оорусу жок өлкөнүн статусун колдоо боюнча иш-чаралардын комплексин камсыз кылуу;
10) кызамыкты жана кызылчаны элиминациялоо максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын комплексин камсыз кылуу;
11) 1 жашка чейинки балдардын 95%ын "В" вирустук гепатитине каршы эмдөөгө камтуу;
12) иммунизациялоодон кийинки кыйыр көрүнүштөрдү сапаттуу көзөмөлдөөнү камсыздоо;
13) вакцина менен натыйжалуу башкаруу боюнча улуттук жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык вакциналар менен натыйжалуу башкаруу (сактоо, пайдалануу жана ташуу);
14) вакциналарды жеткирип берүүнүн бардык деңгээлдеринде вакциналар үчүн муздаткыч жабдууларын инвентаризациялоону жүргүзүү/муздатуучу жабдууларды сатып алуу/муздатуучу камераларды жана муздаткычтарды тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгымдарды колдоо.
5-стратегиялык багыт. Болжолдонгон каржылоого жана сапаттуу вакциналарды жеткирип берүүгө туруктуу жетүүнү камсыздоо
Бул максат Программанын финансылык туруктуулугунун алкагында өлкөнүн глобалдуу милдеттенмелерин аткарууга багытталат. Программанын финансылык туруктуулугу башкарылуучу инфекциялык оорулардын алдын алуу боюнча улуттук, региондук жана глобалдуу максаттарды узак мөөнөттүү жана талаптагыдай аткаруу үчүн негизги мааниге ээ болот.
Милдеттер:
1) финансылык өзүн-өзү камсыздоого жетишүүнүн контекстинде максаттарга жетүү үчүн Программага адекваттуу каржылоону бөлүп берүү;
2) жеткиликтүү бааларда кепилдик берилген сапаттагы вакциналарга жетүүнү кеңейтүү.
Негизги иш-чаралар:
1) иммунизациялоонун жетишкендиктерин колдоо жана илгерилетүү үчүн иммунизациялоого финансылык жактоочулукту колдоо максатында иммунизациялоонун артыкчылыктарын пропагандалоо;
2) көп жылдык планга ылайык жаңы вакциналарды - ротавирустук жана АПВга каршы вакциналарды киргизүүгө бюджеттен акча каражатын бөлүүнү кошкондо Программанын бардык компоненттерин ишке ашыруу үчүн акча каражатын бөлүүнү көбөйтүүнү жана каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыздоо;
3) зарыл болгон каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүп берүү;
4) Программанын негизги максаттарына жетүү үчүн 2020-жылы кызамыкка, кызылчага каршы кампания өткөрүү зарылчылыгы тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтарга/далилдик базага негизделген маалыматтарды чечим кабыл алуучу адамдарга берүү;
5) алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарынын алкагында вакциналык препараттарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуунун кепилдик берилген бюджеттик каржылоосунун ишенимдүүлүгүн (туруктуулугун) жогорулатуу жана камсыздоо, вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга финансылык каражаттардын 25%дык резервин белгилөө (кварталдык керектөөнүн чегинде);
6) өндүрүүчүлөрдөн тикелей сатып алуу, ЮНИСЕФ аркылуу жамааттык сатып алуулар боюнча эл аралык тендерлерге катышуу жолу менен иммунизациялоо үчүн вакциналарды жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуунун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу.
8. Күтүлүүчү натыйжалар
Программа вакцинациялоонун жардамы менен алдын алуучу кооптуу инфекциялык ооруларга карата жагымдуу эпидемиялык абалды жакшыртууга жана колдоого багытталган.
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2020-2024-жылдары төмөнкү натыйжаларга жетишүү пландаштырылууда:
1) полиомиелиттен эркин өлкө катары Кыргыз Республикасынын статусун сактап калуу жана полиомиелитти глобалдуу түрдө жоюуга көмөк көрсөтүү;
2) кызамыктын, кызылчанын, тубаса кызылчанын жергиликтүү (эндемикалык) учурларын биротоло болтурбоо, кызамыкты жана кызылчаны элиминациялоону верификациялоого даярдык көрүү;
3) кептөөрдүн жергиликтүү (эндемикалык) учурларын биротоло болтурбоо;
4) 5 жашка чейинки балдардын арасында "В" вирустук гепатити менен ооруп калуу деңгээлин - 100 миң калкка 0,5 учурга чейин карман туруу;
5) көк жөтөл менен ооруп калууну - 100 миң калкка 2ден аз учурга азайтуу;
6) эпидемиялык паротит менен ооруп калууну - 100 миң калкка 4төн аз учурга азайтуу;
7) 5 жашка чейинки балдардын арасында "b" тибиндеги гемофилдик таякчасы жана иневмококк инфекциясы пайда кылган ротавирустук инфекция, септикалык менингит жана пневмония менен ооруп калууну жана өлүмдү азайтуу.
9. Жагымдуу өбөлгөлөр жана опурталдар
Программанын жагымдуу өбөлгөлөрү Программаны ишке ашыруу мезгилинде жаңы вакциналарды киргизүүгө, саламаттык сактоо системасын, муздак чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу боюнча платформаны чыңдоодо ВИГАны колдоонун бардык түрлөрүн улантуу болуп эсептелет.
2022-жылы кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча иш-чараларды пландоодо Кыргыз Республикасы ДСУнун Европа региондук бюросунун катышуучусу катары Кызамыкка жана кызылчага каршы күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн Оору чыгууга чара керүү фондуна билдирме берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Ушул Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй опурталдар жаралышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетишерлик эмес жактоочулугу;
2) вакциналарды, чыгымдалуучу материалдарды, муздаткыч жабдууларын сатып алуу. аларды оңдоп-түзөө, техникалык тейлөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен финансы ресурстарынын жетиштүү эмес бөлүнүшү;
3) БМСЖнын деңгээлинде саламаттык сактоо уюмдарын оптималдаштыруунун алкагында штаттарды кыскартууга байланыштуу иммунизациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн квалификациялуу медициналык персоналдын жетишсиздиги;
4) вакциналарга карата калктын жетишсиз маалымдалышынын себебинен вакцинациялоодон баш тарткандардын көбөйүшү;
5) эпидемиологиялык жактан жагымсыз өлкөлөрдөн инфекциялык ооруларды алып келүү опурталы жана эпидемиологиялык абалдын курчушу, өзгөчө калктын жетишерлик эмес иммундук катмары болгон аймактарда;
6) негизсиз медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн айынан эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн кечиктирилиши, калктын жогорку миграциясы.
10. Программага мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Төмөнкүлөрдүн алкагында Программаны ишке ашырууну тышкы баалоо жана мониторинг жүргүзүлөт:
- Программага эл аралык сереп салуу (3 жылда 1 жолу);
- иммунизация боюнча ДСУ/ЮНИСЕФтин биргелешкен отчету (жыл сайын);
- вакциналар менен натыйжалуу башкарууну баалоо (3 жылда 1 жолу);
- кызамык/кызылча жана полиомиелит статусу боюнча жаңыланган отчеттор (жыл сайын);
- ВИГАнын гранттары менен башкаруу боюнча механизм (ВИГАнын Альянсынын шериктеринин биргелешкен баалоосу, Программаны ишке ашырууда уюмдарды текшерүү боюнча отчет, финансылык аудит - жыл сайын;
- ВИГАнын гранттарынын көрсөткүчтөрүнүн түзүмү (жыл сайын ВИГАнын өлкөлүк порталында).
Төмөнкүлөрдүн алкагында Программаны ишке ашырууну ички баалоо жана мониторинг жүргүзүлөт:
- саммиттер, орто мөөнөттүү баяндамалар;
- коомдук саламаттык сактоонун негизги ыкчам функцияларын аткаруу боюнча өзүнө өзү баа берүүсү;
- санитардык-эпидемиологиялык/медициналык кеңештер;
- республикалык эмдөө комитеттери.
Иммунопрофилактикалоо боюнча ведомстволор аралык координациялык комитет донордук каражаттарды пайдалануу боюнча натыйжалуу көз салуу процессине да катышат.
Программага мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги орто мөөнөттүү баалоону 2022-жылы, акыркы баалоону 2024-жылы өткөрөт.
11. Программаны каржылоо
Программаны негизги каржылоо булактары - бул республикалык бюджет жана ВИГАнын гранттык каражаттары.
2020-2024-жылдарга Программаны ишке ашыруу наркын болжолдуу баалоо 3,2 млрд. сомду түздү. Анын ичинде 1,6 млрд. сом - мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана 1.3 млрд. сом - ВИГАнын гранттары.
322 млн. сом - ДСУ жапа ЮНИСЕФтин каражаттарынан. Программанын бюджетинин чыгымдарынын негизги категориясы вакцина препараттарын жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу болуп саналат, Программанын бүткүл паркынын 69%ынан ашат. "Кызмат көрсөтүү" наркты аныктаган экинчи негизги фактор болот жана иммунизациялоо үчүн ресурстарга келечектеги керектөөлөрдүн 16%ын түзөт.
"Программаны башкарууга" 5% "Адвокация жана коммуникацияга" жана "Ооруларга мониторинг жана эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүгө" 1,03% жана иммунизациялоо үчүн атайын ресурстарга жалпы керектөөлөрдүн 1%ы туура келет. Бул компоненттерди ишке ашыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен да. донордук колдоонун эсебинен да жүргүзүлөт.
12. Программаны ишке ашыруу
Программаны толук аткаруу үчүн аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Программа Иш-чаралар планына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен 2020-2024-жылдар ичинде ишке ашырылат.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр иммунизациялоо иш-чараларын даярдоодо, ишке ашырууда жана баалоодо техникалык жардам көрсөтүшөт. Улуттук жана эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыккан техникалык колдонмолор, протоколдор жана сунуштамалар жайылтылып, медициналык кызматкерлер үчүн ишинде колдонмо катары колдонулат.