Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-февралы № 88
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган уюштуруу негиздерин өркүндөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "маалымат" деген сөз "маалыматтык технологиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Байкоочу кеңештин курамы, анын милдеттери жана функциялары";
- 3-пунктта:
алтынчы абзацта "Премьер-министр" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацта "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Байкоочу кеңештин курамынын долбоорун берет.
Байкоочу кеңешинин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынын ичинен шайланат. Байкоочу кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.";
- 6-пункттун бешинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндөгү жободо:
- расмий тилдеги текстте 1-пунктта "создании Парка" деген сөздөр "Парке" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын уставында:
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10, 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Дирекциянын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү программалык продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын санын көбөйтүү;
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү инновациялардын санын көбөйтүү.
11. Дирекциянын негизги милдеттери:
- ЖТПнын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
- маалыматтык технологиялар жаатындагы программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана экспорттоо чөйрөсүндөгү улуттук стратегияны жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуу;
- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү механизмдерин иштеп чыгуу, улуттук экономиканы дүйнөлүк экономикалык мамилелерге интеграциялоого көмөк көрсөтүү;
- ЖТПга чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдү тартуу;
- ЖТПнын жана резиденттердин ишкердик беделин чыңдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- ата мекендик уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында илимге жана билим берүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү.";
- 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Директордун үч орун басары болот. Директордун орун басарлары Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча Дирекциянын директорунун буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Дирекциянын ишин уюштурат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |