КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын уставы 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынан администрациялык жай берүү боюнча сунушту белгиленген тартипте киргизсин;
- 2012-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Дирекциянын негизги максаттары, иш милдеттери жана укуктары
3. Дирекциянын түзүмү жана башкаруу органдары
4. Эксперттик кеңеш
5. Дирекциянын мүлкү жана каражаттары
6. Эсеп, отчет жана аудит
7. Дирекцияны жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы (мындан ары - Дирекция) "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары ЖТП) ишин башкарууну ишке ашырат.
2. ЖТП дирекциясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикаеынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы мүчөсү болгон, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
3. Дирекциянын толук расмий аталышы:
- орус тилинде - "Дирекция Парка высоких технологий Кыргызской Республики";
- кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы";
4. Дирекциянын кыскартылган аталышы:
- орус тилинде - Дирекция ПВТ;
- кыргыз тилинде - ЖТП дирекциясы;
5. Юридикалык дареги: 720017, Бишкек ш., Исанов көч., 42.
6. Дирекция уюштуруу-укуктук формасында иштеген мекеме, финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штамптарга жана бланкка, казыналык органдарында жана башка финансылык-кредиттик уюмдарда алыш-бериш жана жеке эсептерге ээ юридикалык жак болуп саналат.
7. Дирекция мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга, сотто доогер жана жоопкер болууга, башка укуктарга жана милдеттерге ээ болууга укуктуу.
8. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттери боюнча жоопкерчиликтүү болот.
9. Дирекциянын ишинин мөөнөтү - Дирекция түзүлгөн күндөн тартып 15 жыл.
2. Дирекциянын негизги максаттары, иш милдеттери жана укуктары
10. Дирекциянын ишинин негизги максаттары ЖТП натыйжалуу ишин камсыз кылуу, маалымат технологиялары чөйрөсүндөгү программалык продуктулардын жана кызматтардын экспортун көбөйтүү, ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын маалыматтык коммуникация технологиялары тармагынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
11. Дирекциянын негизги милдеттери:
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана экспорттоо жана маалымат технологиялары жана кызмат көрсөтүүлөрдү жаатындагы кызматтар чөйрөсүндөгү улуттук стратегияны жана мамлекеттик саясатты турмушка ашырууга катышуу;
- маалымат технологиялары жаатындагы жаңы жана жогорку технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу менен экспорттоого багытталган программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча өндүрүштү өнүктүрүү;
- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү механизмдерин иштеп чыгуу, улуттук экономиканын дүйнөлүк экономикалык мамилелерге биригүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- ЖТПга чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдү тартуу;
- ЖТПнын жана ЖТП резиденттеринин иш беделин бекемдөөгө багытталган иш-чараларды турмушка ашыруу;
- маалымат технологиялары жаатындагы адистердин санын көбөйтүү үчүн илим жана билим берүүнүн өнүгүшүнө дем берүүгө шарт түзүү;
- программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана IТ кызмат көрсөтүүлөр жаатында иштеген ата-мекендик уюмдардын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
12. Дирекция негизги милдеттерине ылайык өзүнүн ишинин предметин түзгөн төмөнкү функцияларды аткарат:
- чет өлкөлүк жана ата-мекендик инвесторлордун программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана IТ кызмат көрсөтүүлөрү жаатындагы инвестициялык сунуштарын белгиленген тартипте карайт;
- ЖТП Байкоочу кеңешине (мындан ары - Байкоочу кеңеш) юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденти катары каттоо, аларды резидент статусунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алууга зарыл материалдарды жөнөтөт;
- Байкоочу кеңештин чечимдерин аткарат;
- Байкоочу кеңештин ишинин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-усулдук камсыз кылуусун ишке ашырат;
- юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденттери катары алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө чечимдердин негизинде ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматты киргизет;
- ЖТП резиденттеринин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактарга аларды ЖТП резиденттери катары алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүк берет;
- ЖТП резиденттеринен алардын иши жөнүндө статистикалык отчеттук маалыматтарды, ошондой эле алардын ЖТП резиденти катары ишине байланышкан башка маалыматты белгиленген тартипте алат;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта инвесторлорду тартуу максатында жарнактык-маалыматтык ишти аткарат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ЖТП өнүгүшүнүн социалдык-экономикалык программаларын ишке ашырат;
- ЖТП резиденттери менен ЖТП резиденти катары ишинин шарттары жөнүндө келишимдерди түзөт (узартат) жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ЖТП резиденттеринин кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка уюмдар менен мамилелерде алардын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ушул Уставда жана ЖТП жөнүндө мыйзамда аныкталган максаттарга Дирекциянын каражаттарын колдонот;
- Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилиши үчүн жыл сайын, отчеттук жылдын төртүнчү кварталында кийинки жылга карата Дирекциянын өнүгүү планын, бюджеттик долбоорун берет;
- календарлык жылдын I кварталында Байкоочу кеңешке өткөн календарлык жылдагы өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчет берет;
- юридикалык же жеке жактарды ЖТП резиденти катары алгачкы каттоо жөнүндөгү чечимди Эксперттик кеңештин корутундусунун негизинде кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
Дирекция ЖТП веб-сайтынын техникалык жана маалыматтык коштолушун камсыз кылууга, веб-сайтта ЖТП иши жөнүндө маалыматтын баарын чагылдырууга милдеттүү.
Дирекция арыз ээсине ЖТП резидентин алгачкы жана акыркы каттоо жөнүндө күбөлүктү бергенден кийин, беш жумушчу күндүн ичинде ЖТП резидентии салыктык органга катталган жери боюнча каттоого койгонун кат түрүндөё маалымдайт.
13. Дирекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга кайрылууга, алардан ЖТП ишине байланыштуу маселелер боюнча маалымат алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарын белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Дирекциянын компетенциясына кирген маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын кеңешмелерине, коллегияларынын жыйындарына катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
- Дирекциянын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар менен иштешүүгө;
- эл аралык өкмөттүк эмес уюмдарга, ассоциацияларга (союздарга) кирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
- Байкоочу кеңештин кароосуна Дирекциянын ишине тиешеси бар сунуштарды киргизүүгө, бул маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга.
3. Дирекциянын түзүмү жана башкаруу органдары
14. Дирекциянын башкаруу органдары:
- директор;
- Эксперттик кеңеш.
15. Дирекцияны директор жетектейт. Директор Байкоочу кеңештин чечими менен кызматка төрт жылдык мөөнөткө жана эки катар мөөнөттөн ашык эмес дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун бир орун басары болот. Директордун орун басары Дирекциянын директорунун буйругу менен Байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
16. Дирекциянын директору:
- Дирекциянын ишин жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Дирекциянын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле башка уюмдарда коргойт, анын ичинде ЖТП ишин эл аралык уюмдарда көрсөтөт;
- ЖТП жана республикадагы маалымат технологияларынын өнүгүшүнүн кызыкчылыгындагы семинарларга, форумдарга, конференцияларга жана эл аралык жолугушууларга активдүү катышат;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ЖТП ишин көрсөтөт;
- келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет;
- банктарда учурдагы (алыш-бериш), ошондой элё башка эсептерди ачат жана жабат;
- финансылык тартиптин сакталышын жана Дирекциянын мүлк кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону камсыз кылат;
- Байкоочу кеңеш бекиткен Дирекциянын бюджетине ылайык эмгек акы фондун жана Дирекциянын каражаттарын тескейт;
- Байкоочу кеңеш бекиткен Дирекциянын бюджетине ылайык Дирекциянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет.
- Дирекциянын кызматкерлерин кызматка алат жана бошотот, алардын кызматтык нускамаларын бекитет;
- Дирекциянын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик чараларды көрөт;
- Дирекциянын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;
- юридикалык жана жеке жактарды ЖТП резиденттери катары каттоо жөнүндө күбөлүктөргө жана Дирекциянын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка документтерге кол коет;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Дирекциянын ишинин багыттары боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Дирекциянын кызматкерлеринин бардык категорияларына кызыктыруучу мүнөздөгү кошумча төлөмдөрдүн, сыйлыктардын жана башка төлөөлөрдүн өлчөмдөрүн эмгек акысын төлөө корунун чегинде аныктайт;
- жыл сайын Байкоочу кеңешке отчет берет;
- Дирекциянын кызматкерлеринин аткаруучулук жана эмгек тартибин милдеттүү түрдө аткаруу, эмгек, эс алуу жана тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чара көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш милдеттерин аткарат.
17. Директордун орун басары:
- директор жок учурда анын милдетин аткарат;
- Эксперттик кеңештин ишин уюштурат;
- Дирекциянын кызматкерлеринин аткаруучулук жана эмгек тартибин милдеттүү түрдө аткаруу, эмгек, эс алуу жана тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чара көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иш милдеттерин аткарат.
18. Дирекция Байкоочу кеңештин контролунда турат жана өз ишин анын чечимдерине ылайык ишке ашырат.
19. Дирекция Эксперттик кеңеш менен төмөнкү багыттарда иш алып барат:
- техникалык экспертизаны кароо жана жүргүзүү боюнча Эксперттик кеңешти айына бир жолу жана зарылчылыгына жараша чакырат;
- Эксперттик кеңештин ишинин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыз кылуусун ишке ашырат.
- Эксперттик кеңештин корутундуларын Байкоочу кеңешке берет.
4. Эксперттик кеңеш
20. ЖТП Эксперттик кеңеши ЖТП дирекциясынын ыйгарым укуктуу башкаруу органы болуп саналат жана ал арыз ээси тапшырган документтердин баарын милдеттүү түрдө талдоону ишке ашырат жана тиешелүү корутунду чыгарат, анын негизинде ЖТП резиденти катары алгачкы жана акыркы каттоо (каттоодон баш тартуу) жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алынат.
21. ЖТП резиденттерин акыркы каттоодон бир жыл өткөндөн кийин эксперттик кеңеш ар бир резидент боюнча "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде аныкталган ЖТПнын ишинин түрлөрүнө ылайык тиешелүү корутунду берет.
22. Эксперттик кеңеш Байкоочу кеңеш дайындаган 5 мүчөдөн турат. Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге туура келиши керек;
- жогорку билим;
- программалоо жана маалыматтык-коммуникация технологиялары жаатында кеминде беш жыл иш тажрыйбасы.
Эксперттик кеңештин мүчөлөрү эки жылдык мөөнөткө жана катар эки мөөнөттен ашык эмес дайындалат.
23. Эксперттик кеңештин иши акы төлөнүүчү негизде ЖТП дирекциясынын каражаттарынын эсебинен Байкоочу кеңештин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
24. Эксперттик кеңештин жыйындары зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
25. Эксперттик кеңештин жыйыны анын курамынын үчтөн кем эмес мүчөсү болгондо укуктуу деп эсептелет.
26. Эксперттик кеңештин чечимдери жыйынга катышып жаткан мүчөлөрүнүн санына жараша жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Эксперттик кеңештин чечимдери протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү кол коет.
27. Эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-методикалык камсыз кылууну ЖТП дирекциясы ишке ашырат.
28. Эксперттик кеңеш ЖТП резиденттери аткарган ишке жана анын натыйжаларына "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде саналган иш түрлөрүнө туура келиши боюнча талдоо жүргүзөт.
5. Дирекциянын мүлкү жана каражаттары
29. Мүлк Дирекцияга оперативдик башкаруу укугунда бекитилген, ага карата Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, колдонуу жана тескөө укуктарын ишке ашырат.
30. Дирекциянын оперативдик башкаруусунда болгон мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
31. Дирекциянын мүлкүн түзгөн булактар:
- ЖТП резиденттери ЖТП иштин түрлөрүн аткаруунун натыйжасында мурунку кварталда алынган акчанын 1 (бир) пайызын квартал сайын которуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
Дирекциянын мүлкүнүн курамында: негизги каражаттар, ээлеген жайлар, жабдуу, инвентарь, жер тилкелери жана башка мүлк болушу мүмкүн.
Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүн ээсинин макулдугу менен өзүнө бекитилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу.
32. Дирекция өзүнө оперативдик башкаруу укугунда бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөөнү мыйзамда каралган чекте жана өз ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык ишке ашырат.
33. Ишкерлик ишинен алынган киреше жана анын эсебинен алынган мүлк Дирекциянын өз алдынча тескөөсүнө түшүп, мыйзамдарга жана анын ишинин максаттарына ылайык колдонулат.
6. Эсеп, отчет жана аудит
34. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт.
Дирекция салыктык, статистикалык жана башка отчетту даярдап, белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары тууралуу отчетторду жана керектүү маалыматтарды тапшырат.
35. Дирекциянын финансылык-чарбалык ишти жүргүзүүсүн Байкоочу кеңеш контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Байкоочу кеңештин чечими боюнча Дирекция өзүнүн каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
36. Дирекцияда бухгалтердик отчеттогу маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу адамдар мамлекеттик мүлктүн уурдалганын жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол беришсе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
7. Дирекцияны жоюу
37. Дирекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн.
38. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин калган Дирекциянын мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигине, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын балансына өткөрүлөт.
39. Дирекция жоюу жөнүндөгү жазуу Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгенден баштап жоюлду деп табылат.
40. Дирекция жоюлганда анын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого кепилдик берилет.
41. Дирекциянын ишин жүргүзүүдө колдонулган документтер, ал жоюлган жана кайра түзүлгөн учурларда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.