Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 токтомуна) |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 708 токтомунун редакциясына ылайык)
Киришүү
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын, региондук ири калктуу конуштарды өсүүнүн таяныч борборлору катары өнүктүрүүнү караган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.
Өсүүнүн таяныч борборлору - бул жанаша аймактарды же бүтүндөй регионду өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү экономикалык жана социалдык активдүүлүк үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери. Өсүүнүн таяныч борбору болуп шаарларды жана региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө дем берген инновациялык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турган шаар же регион саналат.
Экономикалык көз караштан алып караганда өсүүнүн таяныч борборун түзүүнүн максаты коңшу региондордогу же башка мамлекеттердеги окшош өндүрүштөргө салыштырмалуу ишкер субъекттер үчүн атаандаштык артыкчылыктарды жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү болуп саналат. Өсүүнүн таяныч борборлору ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында региондун деңгээлинде тиешелүү саясатты калыптандыруучу гуманитардык, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө лидерлер болуп саналышат. Өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүдө жана аларды өнүктүрүүдөн чыккан оң натыйжаларды жайылтууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аныктоочу роль жүктөлөт.
Бул Программада өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүдө мамлекеттин ролун күчөтүү, өнүктүрүү субъекттеринин демилгелерин колдоонун натыйжалуу методдорун жана инструменттерин кызыкдар тараптарга берүү каралган. Айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин алкагында ресурстарды бириктирүү үчүн өбөлгөлөр түзүлгөн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформага байланыштуу Программа өзгөчө мааниге ээ.
Программа өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттерди жана чараларды караган документ болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлору болуп облустук борборлор эсептелет. Бул чечим облустук борборлор өсүүнүн таяныч борборун мүнөздөөчү потенциалга жана шарттарга ээ экендиги менен шартталган. Облустук борборлор тарыхый жана учурдагы ээлеген социалдык-экономикалык орду менен облустардын аймагында талашсыз өсүүнүн таяныч борборлору болуп эсептелишет. 2022-жылдан баштап Кара-Кол, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта, Талас шаарларын жана башка кичи шаарларын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү колдоого республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бөлүнүп жатат.
Демек жалпысынан бүтүндөй регионду өнүктүрүү үчүн түрткү бере турган экономикалык жана социалдык активдүүлүктү топтоого жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өсүүнүн таяныч борборлоруна Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаары жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары кошулат, аларды өнүктүрүү 2025-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен колдоого алынат.
Калган шаарлар, ошондой эле айыл аймактары орто мөөнөттү мезгилге иштелип чыккан өнүктүрүү программаларынын, мастер-пландардын, өсүүнүн таяныч борборунун критерийлерине жана өнүктүрүү стандарттарына шайкештигинин негизинде өсүүнүн таяныч борборлоруна кошулушу мүмкүн.
Ошондой эле бул Программаны ишке ашыруунун алкагында өсүүнүн таяныч борбору тарабынан Программанын мониторинг жана баалоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Туруктуу өнүктүрүү максаттарын аткаруу үчүн шарттарды түзүү каралган.
1-глава. Кыргыз Республикасынын региондорундагы учурдагы абалды баалоо
Өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү милдети 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясында коюлган. Ошол мезгилде финансылык ресурстардын чектелген шартында бир эле убакта бардык региондорду өнүктүрүү мүмкүн эмес болгон. Ошондуктан региондорду өнүктүрүүнүн базалык борборлору катары 20 калктуу конуш аныкталган - Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Раззаков, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата.
Региондордун өсүү борборлору индустриялык парктарды жана өнөр жай кластерлерин интенсивдүү өнүктүрүүнүн региондук борборунун, социалдык багыттагы объекттердин ролун өзүнө алышы керек болчу.
Мамлекеттик ресурстардын чектелгендигин эске алуу менен, иштелип чыккан критерийлердин негизинде шаарларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү бир мезгилде 5-6 шаарга басым жасоо менен үч этапта ишке ашыруу сунушталган. Бул максатта 2020-2021-жылдары бардык тандалган калктуу конуштарда аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программалары иштелип чыккан жана бекитилген, алар жакынкы аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн муниципалитеттерди экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына негизделген. Айрым шаарларда инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлө баштаган. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын алкагында шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү инфратүзүмүн өнүктүрүү ишке ашырылып келген.
Бирок, 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясында белгиленген, өсүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган милдеттер аткарылбай калган.
Күтүлгөн натыйжага бүгүнкү күндө да актуалдуу болгон төмөнкү себептерден улам жетишилген жок:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнүн финансылык, материалдык ресурстарынын, ошондой эле шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн потенциалдын жетишсиздиги;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилигин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамын алмаштырууда жолун жолдоочулук принцибин карманбайт. Ошондуктан, эреже катары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жаңы курамы шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын андан ары ишке ашыруу үчүн зарыл документи катары эсептебейт;
3) жергиликтүү кеңештер шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларынын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча өз милдеттенмелерин толук даражада аткарбайт. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткаруу боюнча чоң күч-аракеттерди жумшаган эмес;
4) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын өсүү борборлорун өнүктүрүүгө багытталган жоболорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышын контролдоо боюнча күч-аракеттер жетиштүү деңгээлде көрүлгөн эмес.
Шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын милдеттерин жана чараларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелерине байлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптары ушул мезгилге чейин аткарылбай келүүдө. Ошондуктан шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бюджеттик процесс негизделген документке айланган жок.
Акыркы үч жылдын ичинде шаарларга колдоо көрсөтүү боюнча инвестициялык программалар республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери аркылуу биринчи жолу ишке ашырыла баштады. 2022-жылы мындай колдоо Каракол шаарына каралган, себеби ага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин маданий борбору статусу ыйгарылган, ал эми 2023-жылы максаттуу трансферттер Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн.
Азыркы учурда региондорду өнүктүрүүнүн тармактык ыкмасынан кайтып алардын өз алдынчалуулугуна, өзгөчөлүгүнө жана адистешүүсүнө негизделген комплекстүү өнүктүрүү моделине өтүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу улантылууда. Ошондой эле региондордо региондорду өнүктүрүү фонддорунун ролу күчөдү, аларды каржылоо көлөмү 2024-жылга карата 3 млрд. 850 млн сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелерин колдоого түрткү берүүчү гранттардын көлөмү 2022-жылдагы 600 млн. сомдон 2024-жылга карата 1,5 млрд. сомго чейин көбөйдү.
Өткөн мезгилдеги иш тажрыйбаны эске алуу менен ушул Программада өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүүгө багытталган иш-аракеттер белгиленген.
Өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү урбанизация процесстери менен ажыратпастан кароо керек. 2020-2023-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында шаар калкынын саны 10,7%га өскөн. 2024-жылдын 1-январына карата республиканын калкынын 65,1%ы айыл жеринде тургандыгын эске алуу менен урбанизация процесстери жакынкы жылдары тездейт деп ишеничтүү түрдө болжолдоого болот. Мында урбанизация - бул айыл тургундарын шаарларга көчүрүү гана эмес, ошондой эле көчүп келген жарандарды шаардык экономикага, шаардык маданиятка интеграциялоо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылы калктын тышкы миграциясы акыркы он жылда республикага келгендердин саны кеткендердин санынан биринчи жолу ашып кеткендигин эске алуу керек, өз кезегинде бул туруктуу жашоо жерине кайтып келген 5917 адам санындагы оң миграциялык сальдонун түзүлүшүнө алып келген, 2023-жылы оң миграциялык сальдо - 9843 адамга жеткен. Ошондуктан өсүүнүн таяныч борборлору урбанизация процессинин негизи түйүнү, жарандар үчүн жагымдуу жашоо жана эмгек шарттарын түзүү боюнча башка шаарлар үлгү болуп калышы керек.
Өсүүнүн таяныч борборуна мүнөздүү болгон базалык критерийлер өзүнө төмөнкү жоболорду камтыйт:
1) тиешелүү региондо өндүрүлгөн чийки затка багытталган кайра иштетүүчү өнөр жайынын болушу;
2) региондук жана тышкы рыноктордо экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдүн болушу;
3) шаардык инфратүзүмдүн: парктардын, скверлердин, жолдордун, тротуарлардын, көчөлөрдү жарыктандыруунун, маданият, спорт объекттеринин, өнөр жай инфратүзүмүнүн канааттандыраарлык абалы;
4) базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу системасы: ичүүчү суу менен камсыздоо, электр энергиясы менен жабдуу, жылуулук менен жабдуу, калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүү;
5) атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку жана орто окуу жайларынын, активдүү студенттик чөйрөнүн болушу;
6) шаардык маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттардын болушу.
Өсүүнүн таяныч борборлору 2030-жылга карата Кыргыз Республикасынын ИДПсынын өсүү көрсөткүчтөрүн 30 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүүгө өз салымын кошууга тийиш.
2-глава. Программанын максаты
Программанын максаты - чектеш аймактарды жана регионду өнүктүрүүгө, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө жөндөм түзүүчү экономикалык жана социалдык инвестицияларды тартуу үчүн өсүүнүн таяныч борборлорунда жагымдуу шарттардын түзүлүшүн камсыз кылуу.
Программада базалык кызмат көрсөтүүлөргө, тиешелүү жаңы технологияларга жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү, адилеттүү сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууну, туруктуу экономикалык өсүшкө жана туруктуу инфратүзүмдү түзүүгө көмөктөшүүнү, туруктуу индустриялаштырууга жана инновацияларга көмөктөшүүнү, шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыз кылууну караган Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө салым кошуу каралган.
3-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Коюлган максатка жетүү үчүн өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталган:
1) өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана региондук өнүктүрүү стандарттарына жетишүү;
2) инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү;
3) өсүүнүн таяныч борборунун инфратүзүмүн жакшыртуу;
4) калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык жактан туруктуу системасын түзүү;
5) өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы билим берүү мекемелерин тартуу;
6) жарандарды маданият чөйрөсүнө тартуу үчүн шарттарды түзүү.
1-бөлүм. Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана региондук өнүктүрүү стандарттарына жетишүү
§ 1.1. Пландоо чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды талдоо
Тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп саналат. Азыркы учурда калктуу конуштарды өнүктүрүүнү пландоо аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негизинде ишке ашырылат. Бул программа өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгилейт, сунушталган чечимдерди берет, колдо болгон ресурстарды көрсөтөт.
2024-жылы калктуу конуштарды өнүктүрүүнү пландоого бирдиктүү мамилени камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен шаарларды жана айыл аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методологиясы бекитилген. Методологияга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгат, алар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, өсүүнүн таяныч борборлорун пландоонун ийгилигине конкреттүү багыттар боюнча мастер-пландарды иштеп чыгуу методикасын колдонуу менен жетүүгө болот. Мастер-пландарды иштеп чыгуу жергиликтүү бийлик органдарынын калк, бизнес, жарандык коом менен өнөктөш болуусу менен ишке ашырылат. Мастер-пландар жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын курамдык бөлүгүнө айланат жана Программада көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүнүн жолдорун көрсөтөт. Мастер-план Программада көрсөтүлгөн бүтүндөй артыкчылыкты, милдеттердин тобун, конкреттүү милдетти же негизги чараны иштеп чыгууга тиешелүү болушу мүмкүн. Мастер-план өзүнө технологиялык, башкаруучулук чечимдерди, анын ичинде мастер-планды ишке ашыруу үчүн ресурстарды көбөйтүү боюнча көрсөтмөлөрдү камтууга жана жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилиги үчүн ыңгайлуу мейкиндиктерди жана шарттарды түзүүгө багытталган аймакты мейкиндиктик жана социалдык-экономикалык комплекстүү өнүктүрүүнүн стратегиясы болуп калууга тийиш.
Бул Программада өсүүнүн таяныч борборлору үчүн өнүктүрүүнүн мастер-пландарын жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча милдеттер каралган, аларды ишке ашыруунун натыйжасында өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагын натыйжалуу пайдаланууга, жашоо жана андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.
§ 1.2. Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана региондук өнүктүрүү стандарттарын ишке ашыруу боюнча милдеттер
1-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлорунун мастер-пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү
Бул Программада шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын методологиялык колдоосу менен облустук маанидеги шаарлардын жана өсүүнүн таяныч борборунун статусуна ээ болууну каалаган башка калктуу конуштардын мастер-пландарын иштеп чыгуу каралууда.
Методологиялык колдоонун алкагында мастер-планды иштеп чыгуу методикасын даярдоо зарыл, анын негизинде Кыргыз Республикасынын бардык шаарлары өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери боюнча мастер-пландарды иштеп чыгат жана бекитет. Иштелип чыккан мастер-пландар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет. Мастер-пландардын ишке ашырылышына мониторинг жыл сайын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Мастер-планда конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн кадамдык аракеттери камтылууга тийиш. Мастер-планда милдеттүү тартипте коюлган тапшырманы аткаруу үчүн ресурстарды көбөйтүү боюнча чаралар каралышы керек.
2-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлору үчүн өнүктүрүү стандарттарын киргизүү жана жетишүү
Өсүүнүн таяныч борбору үчүн өнүктүрүү стандарттары - бул шаарлардын коомдук мейкиндигин өнүктүрүү, шаарлардын тышкы көрүнүшүн калыптандыруу, инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жашоонун жогорку сапаты менен жарандарды камсыз кылуу боюнча талаптардын жана критерийлердин жыйындысы, бул стандарттар кийин башка калктуу конуштарга жайылтылат. Стандарттар эксперттерди, коомчулукту, эл аралык уюмдарды тартуу менен иштелип чыгат, тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана потенциалдуу өсүүнүн таяныч борборлоруна аткаруу үчүн сунушталат. Өнүктүрүү стандарттарын колдонуу жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды, инвесторлор жана капиталдык салымдар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Стандарттарды иштеп чыгууда 1-таблицада берилген базалык стандарттар эске алынат.
1-таблица. Өсүүнүн таяныч борбору үчүн өнүктүрүүнүн критерийлери жана базалык стандарттары
Критерийлер | Өнүктүрүү стандарттары |
Ишкерлердин мамлекеттик ресурстарга жеткиликтүүлүгү | Ишкерлердин электр энергиясына, жылуулук энергиясына, ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына, мамлекеттик жана муниципалдык жер ресурстарына, мүлккө жетүү эрежелеринин болушу. Регионду аймактык пландоо, ресурстук база, инфраструктура, колдоо чаралары жана тарифтери жөнүндө маалыматтар камтылган инвестициялык картанын болушу |
Ишкерлердин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өндүрүштүк инфратүзүмдү өнүктүрүү | Бизнести колдоо максатында өнөр жай инфратүзүмүн өнүктүрүү планын жыл сайын бекитүү. Өнөр жай инфратүзүмүн өнүктүрүүнү каржылоого республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен жана башка булактардан каражаттарды жыл сайын бөлүү |
Бизнес жүргүзүү үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, ишкердик демилгелерди колдоо | Аткаруучу бийлик органында талаш-тартыштарды чечүүнү, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүнү, региондук өнүктүрүү стандарттарынын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу мекеменин, сектордун болушу |
Жергиликтүү бийлик органдары менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн диалогун өнүктүрүү | Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кеңештин чечимдерин кароого милдеттүү укугу бар Ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу иштеген кеңештин болушу. Ишкерлердин ассоциациялык уюмдарын түзүү жана өнүктүрүү боюнча жергиликтүү бийлик органдары тарабынан шарттарды түзүү |
Бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу климатты түзүү боюнча бийлик органдарынын иш-аракеттерине карата ишкерлерден кайтарым байланыш | Инвесторлор жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине туруктуу негизде баалоо жүргүзүп туруу |
§ 1.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүүнүн мастер-планын иштеп чыгуу методикасы иштелип чыкты;
2) өсүүнүн ар бир таяныч борборунда Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча мастер-пландар иштелип чыгат жана бекитилет;
3) өсүүнүн таяныч борборлору өнүктүрүүнүн критерийлерине жана региондук стандарттарына ылайык келет.
2-бөлүм. Инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү
§ 2.1. Региондордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кайра иштетүү өнөр жайынын учурдагы абалын талдоо
Өндүрүштүн инновациялык технологияларын колдонуучу ишканалардын продукциясы тиешелүү рынокто атаандаштык артыкчылыкка ээ. Мындай ишканалар жаңы өндүрүш маданиятын калыптандырат, жаңы инвестицияларды тартуу үчүн, сатуу көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзөт.
Региондун ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн мүнөздөгөн көрсөткүч алардын экспортко багытталгандыгы болуп саналат. Азыркы мезгилге чейин экспортко багытталган ишканалардын эң көп саны Бишкек шаарында топтолгон тенденция сакталууда. Кыйла объективдүү түрдө облустук борборлордун экспорттук потенциалын калктын санына байланышкан экспорттун көлөмүнүн көрсөткүчү аркылуу кароого болот.
1-таблица. Шаардын 1 тургунуна экспорттук продукциянын көлөмү.
Аймактын аталышы | Калктын жан башына экспорттун көлөмү (АКШ долл./адам) |
Кыргыз Республикасы | 179,55 |
Бишкек ш. | 535,46 |
Талас ш. | 126,10 |
Жалал-Абад ш. | 104,73 |
Ош ш. | 79,31 |
Баткен ш. | 49,52 |
Каракол ш. | 3,53 |
Нарын ш. | 0,62 |
Жалпысынан Кыргыз Республикасында жан башына экспорттун көлөмүнүн көрсөткүчү (179,55 АКШ долл./калктын жан башына) коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Алсак, мисалы Казакстан Республикасында бул көрсөткүч 4832,4 АКШ долл./калктын жан башына, Өзбекстан Республикасында - 633,2 АКШ долл./калктын жан башына, Тажикстан Республикасында - 204 АКШ долл./калктын жан башына түзөт.
Ошол эле убакта айрым облустук борборлордо экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча ишти белгилей кетүү зарыл. Алсак, Нарын ЭЭЗ активдүү иштей баштады, анда 2024-жылы 150 млн. АКШ долларынан ашык суммада инвестициялык макулдашууларга кол коюлган. 2024-жылдын январь-сентябрь айларындагы иштин жыйынтыгы боюнча Нарын шаарында өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 1 млрд. 127 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 37,3%га көп болгон. Баткен облусунун "Лейлек" ЭЭЗин, Ысык-Көл облусунун "Каракол" ЭЭЗин өнүктүрүүдө артыкчылыктар бар.
Ишканалардын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн мүнөздөгөн кошумча көрсөткүч болуп реалдуу сектордун ишканаларынын балансталган финансылык натыйжасынын мааниси (пайда минус чыгым) саналат. Бул көрсөткүч боюнча маалыматтар облустук борборлор боюнча 2-таблицада берилген.
2-таблица. Реалдуу сектордун ишканаларынын балансталган финансылык натыйжасы (пайда минус чыгым).
Облустук борборлордун аталышы | 2022-жыл (миң сом) | 2023-жыл (миң сом) |
Баткен ш. | 13456 | 2672 |
Нарын ш. | 3107 | 37787 |
Талас ш. | 35249 | 77591 |
Каракол ш. | 795277 | 429604 |
Жалал-Абад ш. | 935660 | 1327547 |
Ош ш. | 3649613 | 3557613 |
Бишкек ш. | 56389150 | 94709908 |
Облустук борборлор боюнча өнөр жай ишканаларынын потенциалынын ажырымы кыйла маанилүү. Республикалык маанидеги шаарларды эсепке албасак дагы, ишканалардын пайдалуулук көрсөткүчү боюнча Жалал-Абад менен Баткен шаарларынын ортосундагы ажырым болжол менен 500%ды түзөт.
Азыркы убакта муниципалдык мүлктү бизнестин кызыкчылыгына пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген мүмкүнчүлүктөр толук бойдон пайдаланылбай жатат. Көбүрөөк деңгээлде жер участокторун жана муниципалдык мүлктү аукцион аркылуу берүү методу басымдуулук кылат, бул бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзбөйт.
Акыркы жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бизнеске кызык болгон экономикалык активдер: атайын техникалар, ирригация үчүн жабдуулар, бизнес үчүн курулмалар, энергияны үнөмдөөчү жабдуулар ж.б. сатылып алынууда.
Өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлору катары облустук борборлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизинде төмөнкүдөй тыянактарды чыгарууга болот:
1) укуктук база мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюмдун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыла ала турган инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында берилген алдыңкы технологиялары бар инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн жетиштүү эмес пайдаланат. Атап айтканда, экспортко багытталган ишканаларга жеңилдетилген салык салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченеми дээрлик колдонулбайт, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми жетиштүү эмес колдонулат, инвесторлорду тартуу үчүн инвестициялык аянтчаларды даярдоо жетиштүү эмес практикаланат;
3) экспортко багытталган атаандаштык продукциясын чыгарууну көбүнчө Бишкек шаарында жайгашкан ишканалар камсыз кылат. Калган шаарларда, облустук борборлордо - өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлорунда атаандаштык артыкчылыктарга ээ инвесторлорду өз аймактарына тартуу үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн эмес.
Өстүрүлүүчү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү региондордун деңгээлинде иштин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча 2023-жылы республикада айыл чарба чөйрөсүндө калктын жумуш менен камсыздуулугу экономикалык иштин түрлөрү боюнча жумуш менен камсыз болгон калктын жалпы санынын 17,1%ын түздү. Өлкөнүн ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү 9,7%ды түздү, бул айыл чарбасын кызмат көрсөтүүлөр жана өнөр жай чөйрөсүнөн кийин ИДПнын түзүмүндө өндүрүштүн көлөмү боюнча 7-орунга гана коет. Акыркы үч жылда айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүнүн олуттуу өсүүсү байкалды. Алсак, эгерде 2021-жылы экспорт 169,9 млн. АКШ долл. түзсө, 2022 жана 2023-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 294,1 млн АКШ долл. жана 246,6 млн. АКШ долл. түзгөн. Орточо өсүш 159%ды түздү.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалардын болушу өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү үчүн маанилүү шарт болуп калууда. Региондордун деңгээлинде айыл чарба ишканаларынын өнүгүү потенциалын тамак-аш өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмү боюнча белгилүү бир божомолдор менен баалоого болот. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын үлүшү 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 15,6%ды түзөт. Бул көрсөткүч боюнча тамак-аш өнөр жайы негизги металлдарды өндүрүүдөн гана артта калат, анын үлүшү ушундай эле мезгил үчүн 40,8%ды түзөт. Кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы көлөмүндө 20,2%ды түзгөн тамак-аш өнөр жайынын үлүшү маанилүү. Акыркы 3 жыл ичинде тамак-аш өнөр жайынын сатылган продукциясынын көлөмүнүн өсүшү 154%ды түздү.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайынын сатылган продукциясынын көлөмүнүн орточо көрсөткүчү киши башына 6303,9 сомду түзөт. Бул көрсөткүчтүн 2019-жылы киши башына 5281,4 сомдон тартып 2024-жылы киши башына 6303,9 сомго чейин туруктуу өсүү динамикасы байкалууда. Бул көрсөткүчкө Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча маалыматтар таасирин тийгизет, анда бул көрсөткүч Кыргыз Республикасынын башка региондору боюнча маалыматтардан бир нече эсе жогору болгон (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. 2024-жылдын 6 айында облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча калктын жан башына сатылган тамак-аш өнөр жай продукциясынын көлөмү (сом/адам).
Ош, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайынын потенциалынын жетишсиздиги байкалууда, аларда 2024-жылдын 6 айында сатылган кайра иштетилген продукциянын көлөмү киши башына 1000 сомдон ашпайт.
Азыркы убакта ишке ашырылып жаткан 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен өнүктүрүү программасы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө түрткү берери күтүлүүдө.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү чөйрөсүн тездетип өнүктүрүү үчүн эң аз дегенде төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ болгон ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды тузүү зарыл:
1) продукцияны сатуунун туруктуу рынокторунун болушу;
2) тышкы рыноктордо атаандаштык продукциясын чыгарууга мүмкүндүк берген алдыңкы технологияларды өндүрүүдө колдонуу;
3) өнүктүрүүгө өздүк ресурстардын болушу же кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүндүгү.
Ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өсүүнүн таяныч борборлорун адистештирүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Региондордун деңгээлинде кайра иштетүү өнөр жайындагы кырдаалды талдоонун негизинде төмөнкүдөй тыянактарды чыгарууга болот:
1) айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшүнө жана экспорттун өсүшүнө байланыштуу фермерлердин кайра иштетүү үчүн алардын чийки затын сатып алуу муктаждыгы күчөөдө;
2) шаарлардын деңгээлинде өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлору кайра иштетүү үчүн жергиликтүү чийки затты топтоочу аймактар боло алган жок;
3) региондордун деңгээлиндеги мамлекеттик органдар жана өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеңилдетилген салык саясатынын негизинде инвесторлорду тартуу, бизнестин кызыкчылыгында өнөр жай инфраструктурасын түзүү, ресурстарга ачык жана адилеттүү жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жетиштүү эмес пайдаланууда.
§ 2.2. Инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча милдеттер
1-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Өсүүнүн таяныч борборлорунда инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети болууга тийиш.
Мындан тышкары инвесторлорго өзүнүн өндүрүшүн ишке киргизүүдө жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүү керек, анын натыйжасында инвесторлордун чыгымдары азаят, алардын товарлары, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болот.
Потенциалдуу инвесторлордун продукциясынын өздүк наркын төмөндөтүү үчүн өсүүнүн таяныч борборлорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өсүүнүн ар бир таяныч борборунда туташтырылган суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, энергия менен жабдуу системалары түрүндө өнүккөн өнөр жай инфраструктурасы жана жол инфраструктурасы бар өнөр жай аянтчаларын түзүү боюнча, преференцияларды алууга талапкер болгон потенциалдуу инвесторлорду тандоонун ачык эрежелерин бекитүү боюнча иш-аракеттерин аныктоо зарыл.
Мамлекет тарабынан алар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн тартылуучу инвесторлор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- продукцияны экспорттоо үчүн туруктуу, ырасталган сатуу рынокторуна ээ болуу;
- өз ишинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылган инновациялык технологияларды колдонуу;
- өз кызматкерлери үчүн эмгек жөнүндө улуттук мыйзамдардын талаптарына жооп берген, анын ичинде эмгек акы төлөө маселелеринде эмгек шарттарын камсыз кылуу;
- бул региондо башка уюмдар үчүн жаңы өндүрүш маданиятын калыптандыруу жана өнүктүрүү, инновациялык өндүрүштөрдүн топторун түзүү жана кеңейтүү боюнча программаларга тартуу;
- жергиликтүү эмгек ресурстарынын жагымдуулугун камсыз кылган квалификациялуу кызматкерлердин орчундуу массасын түзүүгө өз салымын кошуу.
"Жашыл экономиканы" өнүктүрүүгө каражаттарды салган инвесторлорду тартууга өзгөчө көңүл бурулат. Энергия үнөмдөөчү технологияларды, парник газдарынын чыгууларын жана өндүрүш калдыктарын азайтуу боюнча технологияларды колдонуу инвесторлорду тандоодо маанилүү шарттардын бири болуп калат.
Өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлоруна инвесторлорду тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2025-2030-жылдар аралыгында преференциялык шарттары бар 2-3төн кем эмес өндүрүштүк аянтчаны түзүүгө тийиш.
Бул чараларды ишке ашыруу өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрү боюнча региондун адистештирилишин калыптандыруу үчүн шарттарды түзөт.
2-милдет. Региондун айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кластердик өндүрүштү түзүү үчүн инвестицияларды тартуу
Өсүүнүн таяныч борборлорунда тиешелүү региондо өстүрүлгөн продукцияны кайра иштетүүчү ишкананы түзүү үчүн инвесторду тартууга өзгөчө көңүл бурулат.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан чийки заттарды жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учуроо тобокелдигин азайтуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларга өздөрүнүн айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн мамлекеттик жерлер жеңилдетилген шарттарда ижарага берилет. Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин фондунун курамынан жерлерди бөлүп берүү маселелери тиешелүү облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоодо каралууга тийиш.
Өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 "Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга тартылат.
Ушул Программаны ишке ашыруунун алкагында өсүүнүн таяныч борборлору төмөнкүдөй чараларды ишке ашырууга тартылат:
1) Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында бирден сүт кластерлеринин тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын 4 жаңы ишканасын түзүү;
2) Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен соода-логистикалык борборлорду жана дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу үчүн ТЭН иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
3) Ысык-Көл облусунда соода-логистикалык борборду куруу максатында инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү;
4) Жалал-Абад, Чүй облустарында балык жана балык продукциясын экспорттоону уюштуруу максатында логистикалык борборду, айыл чарба продукциясын экспорттоону жана реэкспорттоону уюштуруу максатында Баткен облусунда 2 логистикалык борборду түзүү үчүн инвесторлорду тартууга көмөк көрсөтүү.
3-милдет. Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү
Дүйнөлүк практикада экономиканы өнүктүрүүгө, экономиканын айрым тармактарын реформалоого, айыл чарба ишин жүргүзүүнүн инновациялык мамилелерин киргизүүгө, айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүүгө креативдүү индустриянын таасири жыл сайын күчөөдө.
Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жаңы багыт болуп саналат.
2022-жылы "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Креативдүү индустриялар паркынын режими үчүн салык мыйзамдарынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алкагында преференциялар каралган.
Эң маанилүү милдеттердин арасында төмөнкүлөр бар:
1) аларды илгерилетүү үчүн региондук (шаардык) деңгээлде креативдүү индустрия боюнча өздүк бренддерди түзүү;
2) креативдүү хабдарды, чыгармачылык инкубаторлорду жана борборлорду уюштуруу;
3) калк үчүн креативдүү экономиканын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун региондордо (шаарларда) жалпыга жайылтуу;
4) региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн моделдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
Креативдүү, инновациялык долбоорлорду конкурстук негизде ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жыл сайын финансылык ресурстарды бөлүү колдоого алынат.
§ 2.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Инвесторлорду тартуу жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) инвесторлорду тартуу үчүн өсүүнүн ар бир таяныч борборунда 2ден кем эмес өндүрүштүк аянтча түзүлгөн;
2) 2026-жылга карата өсүүнүн ар бир таяныч борборунда региондо айыл чарба кластерин түзгөн 2ден кем эмес якордук ишкана иштейт;
3) 2026-жылга карата бардык облустук борборлордо өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча мастер-пландар иштелип чыкты;
4) тике инвестициялардын көлөмүнүн жылына 20%дан кем эмес ар жылдык өсүшү жетишилди;
5) кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоонун көлөмүнүн жылына 10%дан кем эмес ар жылдык өсүшү камсыздалды;
6) өсүүнүн таяныч борборунун калктуу конушунун аймагында өндүрүштүк чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын орточо өлчөмү тиешелүү тармактагы орточо эмгек акыдан кеминде 20%га жогору.
3-бөлүм. Өнүгүүнүн таяныч борборунун инфраструктурасын жакшыртуу
§ 3.1. Калктуу конуштардын инфраструктурасынын абалын талдоо
Өсүүнүн таяныч борборунун айырмалоочу өзгөчөлүгү болуп төмөнкүдөй милдеттерди аткарган инфраструктура объекттери менен калктуу конуштун камсыз болушу саналат:
1) ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү (энергия менен жабдуу, суу менен камсыздоо, калдыктарды утилдештирүү, кирүү жолдорун куруу ж.б.);
2) калктын социалдык инфраструктурага (мектептер, бала бакчалар, жарандардын аялуу топторуна социалдык жардам көрсөтүү боюнча инфраструктура) муктаждыгын камсыз кылуу;
3) жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү (жолдор, тротуарлар, театрлар, кинотеатрлар, спорттук комплекстер, парктар, скверлер).
Калктуу конуштардын инфраструктурасын кыйла жакшы деңгээлде өнүктүрүү курулушту же негизги каражаттарды сатып алууну жергиликтүү бюджеттердин каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. 2023-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын талдоо бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаңы негизги каражаттарды (активдерди) сатып алууга чыгымдары 19,7 млрд. сомду же жергиликтүү бюджеттердин бардык кирешелеринин 39,8%ын түзгөндүгүн көрсөттү. Облустук маанидеги шаарлар үчүн жаңы объекттерди сатып алууга, курууга ушундай эле чыгымдар 2,86 млрд. сомду же облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешесинин 48,7%ын түздү. Бирок буга карабастан жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын абсолюттук сандарда талдоо көрсөткөндөй ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, энергия менен жабдуу, калдыктарды утилдештирүү, жол куруу сыяктуу капиталды көп талап кылган чөйрөлөрдө шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорду тышкы каржылоонун колдоосуз жергиликтүү бюджеттердин эсебинен гана ишке ашыруу өтө кыйын.
Акыркы жылдары шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерге (долбоорлорго) республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин эсебинен колдоо көрсөтүлдү. 2024-жылы эле Каракол, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта, Талас, Кербен шаарларына 6 миллиард сомдон ашык максаттуу трансферттер берилген.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө бир катар шаарлардын аймактары аларга айыл аймактарынын аймактарын кошуунун эсебинен ирилештирилди. Ушуга байланыштуу мындай шаарлар үчүн артыкчылыктардын бири болуп кошулган аймактарда шаардык инфраструктураны түзүү эсептелет.
Өсүүнүн таяныч борборлорунда жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ипотекалык турак жай курулушуна өзгөчө көңүл бурулат, анын алкагында 2030-жылга карата Кыргыз Республикасында 15 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө, жылына 4%дан 8%га чейин кредиттөө ставкасы менен ипотека шартында берилүүчү 40000ге чейин квартираны куруу пландалган. Азыркы учурда республика боюнча ипотекалык турак жайдын курулушу башталды: Бишкек шаарында - 20100 батир, Баткен шаарында - 2364 батир, Талас шаарында - 310 батир, Ош шаарында - 528 батир, Жалал-Абад шаарында - 639 батир.
Калктуу конуштардын инфраструктурасынын учурдагы абалын талдоо төмөнкүлөрдү көрсөттү:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден биргелешип каржылоонун, ошондой эле каржылоонун башка тышкы булактарынын эсебинен шаардык инфраструктуранын абалын олуттуу жакшыртууга өбөлгөлөр бар;
2) ипотекалык турак жайга жеткиликтүүлүк аркылуу жарандарды шаарларга тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү;
3) шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары азыркы учурда бизнестин кызыкчылыгына иштеген өнөр жай инфраструктурасын түзүүгө жетишсиз деңгээлде көңүл бурууда.
§ 3.2. Өсүүнүн таяныч борборунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча милдеттер
1-милдет. Инфраструктура объекттерин каржылоону туруктуу өстүрүү
Өсүүнүн таяныч борбору статусуна талапкер калктуу конуштар калктын жашоосунун жакшы сапатын камсыз кылуучу өнүккөн инфраструктурага ээ болушу керек. Бул баарынан мурда ички жолдорго, парктарга, скверлерге, шаардык аянттарга жана адамдын жашоо-турмушу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн калктуу конуштун көрүнүшүн аныктоочу башка ушул сыяктуу инфраструктурага тиешелүү. Өсүүнүн мындай таяныч борборлору инфраструктура объекттерин каржылоону көбөйтүүнүн прогрессивдүү мисалын көрсөтүү менен башка калктуу конуштар үчүн үлгү болууга тийиш.
Өсүүнүн таяныч борборлорунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чаралар каралышы керек. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында объекттерди реконструкциялоого, жаңы курууга жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды каржылоонун көлөмү жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешесинин 20%ынан кем болбоого тийиш. Мындан тышкары, жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы инфраструктура объекттерин оңдоо боюнча иштерди аткарууга муниципалдык заказды түзүүгө тийиш.
Республикалык бюджеттен каражат бөлүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерине негизделген долбоорлор артыкчылыктуу болуп саналат. Анын ичинде бизнести өнүктүрүүгө арналган өндүрүштүк инфраструктураны каржылоого багытталган долбоорлор колдоого алынат: энергия менен жабдуу, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттери, жолдор, имараттар, курулмалар жана башкалар.
2-милдет. Ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүү
Өсүүнүн таяныч борборунун маанилүү мүнөздөмөсү болуп анын калктуу конуштардын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле туруктуу жашоого келген жарандарга жеткиликтүү турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөндөмдүүлүгү саналат.
Ошондуктан өсүүнүн таяныч борборлорунда ипотекалык турак жай курулушун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Жергиликтүү бийлик органдары турак жай курулушу боюнча башталган программалардын аякташына, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга жер участокторун бөлүп берүүгө жана турак жай куруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Өсүүнүн негизги борборуна муниципалдык ипотекалык программаларды өнүктүрүү сунушталат. Буга мисал катары Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык ишкананын 2022-жылдан тартып азыркы учурга чейин 1000ден ашык батирлерди пайдаланууга берген жана куруп жаткан ишин айтсак болот.
§ 3.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Өсүүнүн таяныч борборунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) шаардын инфраструктура объекттерин каржылоонун жылдык көлөмү жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмүнүн кеминде 20%ын түзөт;
2) 2028-жылга карата асфальтталган жолдордун кеминде 70% "жакшы" же "канааттандырарлык" деген баага ээ болот;
3) 2028-жылга карата калктын 100% ичүүчү сууга жана 60%дан кем эмес борбордук канализацияга жеткиликтүү болот;
4) 2028-жылга карата парктын аянты (сейил бактары, скверлери) калктуу конуштун жалпы аянтынын кеминде 20%ын түзөт.
5) ар бир өсүүнүн таяныч борборунда ипотекалык кредиттөө программасы ишке ашырылат (ашырылууда).
4-бөлүм. Калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык туруктуу системасын түзүү
§ 4.1. Кызмат көрсөтүү системасын талдоо
Урбанизация процесстери, шаарлардагы калктын өсүшү калкка кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн жана сапатын кеңейтүү зарылдыгын жаратат.
Акыркы жылдары кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу оң өзгөрүүлөр байкалууда. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын реабилитациялоо жана куруу боюнча инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн атайын техника сатып алынат. Калдыктарды утилдештирүүнүн жаңы ыкмалары боюнча иштер башталды: сорттоочу линиялар, калдыктарды таштанды өрттөөчү жана таштандыларды кайра иштетүүчү технологиялар, органикалык калдыктарды утилдештирүү үчүн крематорлор.
Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү көбүнчө .кызмат көрсөтүүчүнүн иш-аракетине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болгон заказчы менен өз ара аракеттенүүсүнө жараша болот. Шаарлардагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды талдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эреже катары, муниципалдык ишкананы түзүү аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу методун колдоноорун көрсөттү. Ошол эле учурда, колдонуудагы мыйзамдар, мисалы, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө жеке секторду тартуу, акционердик коомду түзүү, коммерциялык эмес уюмду түзүү түрүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун башка методдорун колдонууга мүмкүндүк берет.
Кызмат көрсөтүүнү учурдагы талдоо төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет:
1) урбанизацияга байланыштуу шаарларга калктын күтүлүп жаткан агымы өсүүнүн таяныч борборлорунда кызмат көрсөтүү системасын түп-тамырынан бери жакшыртууну талап кылат. Өсүүнүн таяныч борборлору Кыргыз Республикасынын башка муниципалитеттери үчүн кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасынын иштөөсүнүн үлгүсү болууга тийиш;
2) жергиликтүү бюджеттердин эсебинен гана кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын түп-тамырынан бери жакшыртуу мүмкүн болбой калат;
3) жеке сектор кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө жетишсиз деңгээлде тартылууда;
4) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугунун жоктугу жергиликтүү бюджеттен негизсиз кошумча чыгымдарды жаратат;
5) жергиликтүү коомчулук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча милдеттенмелерди аткарууда өзүнүн жоопкерчилигин толук көлөмдө түшүнбөйт.
Инфраструктуралык маселелерден тышкары өсүүнүн таяныч борборлорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу системасын томонкүдой критерийлерге жооп бергендей түзүү керек:
1) кызмат көрсөтүүчүнүн экономикалык туруктуулугу;
2) стандарттарга жооп берген кызматтардын сапаты;
3) айлана-чөйрөгө терс таасирин жоюу.
§ 4.2. Калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык туруктуу системасын түзүү боюнча милдеттер
1-милдет. Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү
Өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүчүлөр мамлекеттик/муниципалдык ишкана, мекеме, акционердик коом, коммерциялык эмес уюм жана юридикалык жактын башка формалары сыяктуу ар кандай уюштуруу-укуктук формаларга ээ болушу мүмкүн.
Жагымдуу шарттарды түзүү жергиликтүү бийлик органдары тарабынан төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт:
1) баа түзүү боюнча талаптарды аткаруунун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө жана белгиленген тартипке ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын (тарифин) бекитүү;
2) зарыл болгон учурда жарандардын айрым категориялары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын субсидиялоону камсыз кылуу;
3) кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын негизсиз төмөндөтүүгө жол бербөө, бул кызмат көрсөтүүчү үчүн жоготууларга алып келет;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардан кызмат көрсөтүүлөр үчүн максималдуу акы чогултууну камсыз кылуу. Калктан кызмат көрсөтүү үчүн акы өндүрүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын максималдуу деңгээлде пайдалануу. Калктан кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны жетишсиз чогултуу жергиликтүү бюджеттин негизсиз кошумча чыгымдарына алып келет;
5) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, башка тышкы булактардын эсебинен кызмат көрсөтүүчүлөрдү кызмат көрсөтүү үчүн керектүү техника жана жабдуулар менен камсыз кылуу.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, анын ичинде кызмат көрсөтүүчүнү тандоо алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин маалыматтарына (тыянактарына) негизделиши керек. Өсүүнүн таяныч борборлорундагы муниципалдык ишканалардын иши калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана пайда алууга багытталууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жогоруда аталган талаптардын сакталышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугуна баа беришет.
2-милдет. Кызмат көрсөтүүгө жеке секторду тартуу
Өсүүнүн таяныч борборлору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун алдынкы, инновациялык методдору, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында көрсөтүлө турган аянтча болуп калышы керек. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жеке секторду тартуу бизнес үчүн түшүнүктүү болгон негиздүү, ачык-айкын эрежелердин негизинде жүргүзүлүшү керек. Бул үчүн ар бир өсүүнүн таяныч борборунда жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кызмат көрсөтүүчүнү тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү тартиби болушу керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жеке кызмат көрсөтүүчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер коомдук жайларды жарыктандыруу, аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, парктарды, скверлерди кармоо боюнча муниципалдык заказды аткарууга негизделет.
Бул методду коммуналдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, калкты социалдык коргоо тармактарына жайылтуу сунушталат.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн алкагында системалык негизде өсүүнүн таяныч борборлорунда социалдык заказды колдонуу практикасы киргизилет. Бул методдун эсебинен социалдык программаларды ишке ашырууга коммерциялык эмес секторду коомдук маанилүү долбоорлор аркылуу, ошондой эле коммерциялык секторду жарандардын айрым категорияларына социалдык талондорду берүү аркылуу тартуу камсыз кылынат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өсүүнүн таяныч борборлору менен коңшу региондордун ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүү зарыл. Жакынкы райондордун жашоочулары өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагында кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болууга тийиш.
§ 4.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Калкка базалык кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык туруктуу системасын түзүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) муниципалдык ишканалар чыгашасыз негизде иштеп жатышат;
2) коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жыйноо 90%дан кем эмес;
3) жыл сайын ар бир өсүүнүн таяныч борборунда кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик-муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн 3төн кем эмес долбоорлорун ишке киргизүү;
4) жыл сайын ар бир өсүүнүн таяныч борборунда социалдык заказды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт.
5-бөлүм. Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы билим берүү мекемелерин тартуу
§ 5.1. Региондордун деңгээлинде жогорку жана орто билим берүүнүн абалын талдоо
Шаарларга калктын жалпы агымынын олуттуу үлүшүн жаштар түзөт. Өсүүнүн таяныч борборлору калктуу конушту өнүктүрүүгө багытталган жаштардын прогрессивдүү демилгелери топтолгон жер болуп калууга тийиш. Мында жогорку окуу жайларынын студенттерине жана орто билим берүү мекемелеринин окуучуларына маанилүү роль берилет.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын бардык облустук борборлорунда жогорку жана орто окуу жайлары иштеп жатат.
Баткен шаарын "студенттик" шаар десек болот, анда бир студентке 18 шаар тургуну туура келет. Бул биринчи кезекте окуучулардын, студенттердин санына салыштырмалуу Баткен шаарынын калкынын санынын аздыгына байланыштуу.
Облустук борборлордун ортосундагы студенттердин жыштыгындагы ажырым олуттуу эмес. Ошол эле учурда бир студентке 38ден 52ге чейин шаар тургундары туура келген Талас, Нарын, Каракол сыяктуу шаарларда билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүүгө көңүл буруу зарыл (2-диаграмманы кара).
2-диаграмма. 1 студентке же орто окуу жайынын окуучусуна туура келген шаарлардын тургундарынын саны
Бул шаарлардын жогорку жана орто окуу жайларында өнүгүүнүн таяныч борбору статусуна жооп берүү үчүн билим берүүнүн жакшы сапатын, күчтүү окутуучулар курамын, жогорку академиялык жетишкендиктерди камсыз кылуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингине 27 окуу жайы киргизилген. Алардын ичинен эң мыкты 10 жогорку окуу жайдын ичинен 9 окуу жай Бишкек шаарында жайгашкан. Региондук ЖОЖдордун ичинен рейтингде Ош мамлекеттик университети гана көрсөтүлгөн.
3-таблица. Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингинен Кыргыз Республикасынын биринчи он жогорку окуу жайы
ЖОЖдун аталышы | Рейтингдеги орду |
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы | 1 |
Ала-Тоо эл аралык университети | 2 |
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети | 3 |
Ош мамлекеттик университети | 4 |
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети | 5 |
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети | 6 |
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети | 7 |
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети | 8 |
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети | 9 |
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети | 10 |
Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык жеринде, анын ичинде региондордо өнөр жайдын ар кандай тармактарында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги курч байкалат. 2024-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматына берилген бош жумуш орундарынын саны 16731 бирдикти түздү, алардын арасында жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылды.
Өсүүнүн таяныч борборлорунда квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгү инвестицияларды тартуунун маанилүү негиздеринин бири болуп саналат.
Региондук деңгээлдеги жогорку жана орто билим берүүнүн абалына учурдагы талдоо төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет:
1) Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунда жаштардын жогорку жана атайын орто билим алуусу үчүн базалык потенциал түзүлгөн;
2) окутуунун сапаты боюнча күчтүү жогорку окуу жайлары бар шаарлар деп республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын гана эсептөөгө болот;
3) КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет мамлекеттердин белгилүү ЖОЖдорунун окуу жайларынын арасында өкүлчүлүктүн начардыгы байкалууда;
4) квалификациялуу жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкалат.
§ 5.2. Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдыңкы билим берүү мекемелерин тартуу боюнча милдеттер
1-милдет. Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдыңкы жогорку окуу жайларын тартуу
Өсүүнүн таяныч борборунун маанилүү артыкчылыгы болуп жаштарга сапаттуу жогорку билим берүү мүмкүнчүлүгү эсептелет. Айыл жеринен таяныч шаарларга келе турган жаштар студенттик чөйрөгө ийгиликтүү интеграцияланып, өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүү процессинин бир бөлүгү болушу керек. Ошондуктан өсүүнүн таяныч борборунун аймагында Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү окуу жайларынын филиалдарын ачууга көңүл бурулат, алар төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ушундай окуу жайларынын арасында жогорку рейтингдер;
2) өсүүнүн таяныч борборунун аймагында филиалды жайгаштыруу үчүн финансылык, материалдык базанын болушу;
3) демилгелүү жаштарды изилдөө жүргүзүүгө тартууга, келечектеги окумуштууларды өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган илимий потенциалдын болушу.
Бул региондо талап кылынган адистиктерге багытталган, бүтүрүүчүлөрү бүткүл регионду өнүктүрүү үчүн сапаттуу кадрдык потенциалды түзө турган окуу жайлары колдоого алынат.
Жогоруда аталган сапаттарга ээ окуу жайларды өсүүнүн таяныч борборунун аймагына тартуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары төмөнкүдөй шарттарды түзөт:
1) муниципалдык имараттарды туз берүү ыкмасы менен ижарага беришет;
2) окуу жайлардын негизги жетекчилерин жана окутуучуларын муниципалдык турак жай менен камсыз кылат жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө арзандатууларды берет;
3) негизги эмгек акыга үстөктөрдү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөө мүмкүнчүлүгүн караштырат;
4) келечектүү студенттерге жана калктын аялуу топторундагы студенттерге стипендияларды төлөө механизмин киргизет.
2-милдет. Квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү
Жумушчу кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун региондук борборлору өсүүнүн таяныч борборлору болууга тийиш. Атайын орто окуу жайлар дуалдык окутууну практикага киргизүү боюнча алдынкы ишканалар менен контракттарды түзөт. Иш берүүчү тарабынан кийин кепилденген ишке орноштуруу менен керектүү адистиктерге кызматкерлерди окутуу үчүн акы төлөө практикасы кеңири колдонулат. Жергиликтүү бийлик органдары жумушчу кадрларды даярдоонун кыска жана орто мөөнөттүү курстарын түзүүгө дем берет. Бул үчүн муниципалдык менчиктеги бош жайларды берүү үчүн мүмкүнчүлүк каралат, ошондой эле бош жайларды жана жалпы билим берүүчү мектептердин устаканаларын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан зарыл болгон окуу жабдууларын сатып алууга жана зарыл болгон учурда - жайларды оңдоого колдоо көрсөтүлөт.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында адистерди даярдоо боюнча жеке окуу жайларды түзүү колдоого алынат.
§ 5.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Өсүүнүн таяныч борборлоруна алдынкы окуу жайларды тартууга багытталган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү күтүлүүдө:
1) 2028-жылга карата студенттердин жана окуучулардын үлүшү шаар тургундарынын жалпы санында 8% кем эмести түзөт;
2) 2028-жылга карата өсүүнүн ар бир таяныч борборундагы кеминде бир окуу жайы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингине киргизилет;
3) кызматкерди кийин ишке орноштуруу менен адистиктерге окутууну караган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлөт.
6-бөлүм. Маданият тармагына жарандарды тартуу үчүн шарттарды түзүү
§ 6.1. Шаар маданиятынын өнүгүшүн талдоо
Шаар маданиятынын өзгөчөлүгү музейлердин, театрлардын, заманбап кинотеатрлардын, ошондой эле ийримдин ишине туруктуу негизде катышкан жарандардын топторунун болушу болуп саналат. Өсүүнүн потенциалдуу таяныч борборлору бүткүл региондун маданий турмушунун борбору болууга тийиш.
Статистикалык маалыматтарды талдоо региондук борборлордун жашоочуларынын дээрлик бардык облустун борборлорунда театралдаштырылган постановкаларга кызыгуусу көбөйгөндүгүн көрсөтүүдө.
4-таблица. Региондор боюнча театр көрүүчүлөрүнүн санынын өзгөрүү динамикасы (миң адам)
Аталышы | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. |
Кыргыз Республикасы | 174,9 | 163,2 | 35,6 | 121,1 | 262,0 |
Баткен облусу | 1,6 | 1,7 | - | 0,4 | 6,5 |
Жалал-Абад облусу | 16,7 | 12,6 | 4,4 | 3,5 | з,з |
Ысык-Көл облусу | 8,9 | 1,7 | 0 | 4,9 | 7,0 |
Нарын облусу | 8,4 | 7,8 | 3,8 | 13 | 16,7 |
Ош облусу | 0,9 | 9,9 | 3,5 | 1 | 3,2 |
Талас облусу | 6,8 | 10,6 | 2 | 6,9 | 15,0 |
Чүй облусу |
| - | - | - | - |
Бишкек шаары | 110,7 | 96,3 | 17,2 | 43,3 | 147,4 |
Ош шаары | 20,9 | 22,6 | 4,7 | 48,1 | 62,9 |
Эскертүү. Бардык театрлар облустун борборлорунда жайгашкан.
Театрлардын репертуары, театралдаштырылган постановкалардын деңгээли жаңы көрүүчүлөрдү тарта албайт. Театрлар көбүнчө концерттерди жана шоуларды өткөрүүчү жай болуп калды.
Облустун борборлорунда жана өсүүнүн башка потенциалдуу таяныч борборлорунда жайгашкан музыкалык, көркөм мектептерде жана искусство мектептеринде окуган балдардын саны дээрлик өзгөрүүсүз бойдон калууда.
5-таблица. Музыкалык, көркөм мектептерде жана искусство мектептеринде окуган балдардын саны
Мекемелердин аталышы | Бирдиктер | 2021-ж. | 2022-ж. | 2023-ж. |
Музыкалык мектептер | Мекемелердин саны | 39 | 39 | 38 |
Окуучулардын саны | 5331 | 5021 | 5169 | |
Балдардын көркөм мектептери | Мекемелердин саны | 3 | 3 | 4 |
Окуучулардын саны | 376 | 350 | 599 | |
Искусство мектептери | Мекемелердин саны | 45 | 45 | 45 |
Окуучулардын саны | 8268 | 8215 | 8288 |
Эскертүү. Көркөм, музыкалык мектептер, искусство мектептери, эреже катары облустун борборлорунда жана башка шаарларда жайгашкан.
"Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун алкагында демилгечи топторго маданиятты өнүктүрүүгө тиешелүү төмөнкү тармактар боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөр берилүүдө: дизайн, сүрөт искусствосу, медиа искусство, музыка, кино, телекөрсөтүү, радио, фотография, видеография, видеопродакшн, анимация, графикалык дизайн, кол өнөрчүлүк жана башка тармактар. Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мүмкүнчүлүктөрүн жана жеңилдиктерин пайдаланган уюмдардын тизмегине 21 гана уюм киргизилген, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамын калктын бир кыйла активдүү бөлүгүн, жаштарды кызыктыруу үчүн региондук борборлордо да колдонуу маанилүү.
Шаар маданиятынын өнүгүшүн учурдагы талдоо төмөнкүдөй тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берет:
1) маданият тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн, алар региондук деңгээлде толук пайдаланылбай калууда;
2) облустун борборлорунун деңгээлинде маданиятты жана искусствону өнүктүрүү үчүн базалык инфраструктуралык шарттар түзүлгөн, бирок андан ары өнүгүү жок;
3) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданиятты жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн артыкчылыгы катары карабайт;
4) жарандардын, өзгөчө аялдардын жана жаштардын маданият тармагындагы демилгелерин колдоо боюнча иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөйт.
§ 6.2. Маданият тармагына тартылган жарандардын санын көбөйтүү боюнча милдеттер
1-милдет. Жарандарды маданият тармагына тартуу үчүн шарттарды түзүү
Өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жергиликтүү коомчулуктун ишин активдештирүү зарыл, ал маданият тармагына көп сандагы жарандарды тартууга көмөк көрсөтөт. Кызыкчылыктар боюнча көптөгөн ийримдер, массалык иш-чаралар, сүрөт искусствосунун, кино, театр чөйрөсүнүн, маданияттын башка түрлөрүнүн өнүгүшү бүткүл региондун маданиятынын өнүгүү багыттарын аныктайт. Өсүүнүн таяныч борборлорунун аянтчаларында заманбап тренддерди жана улуттук каада-салтты эске алуу менен калктын бардык топторунун: жаштардын, аялдардын, улгайган адамдардын арасында маданиятты илгерилетүү боюнча жаңы программалар тестирлөөдөн өтөт жана ишке ашырылат.
Өсүүнүн таяныч борборлорунда маданият тармагын жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын түзүмүндө белгиленген бюджеттик квотаны бөлүүнүн негизинде каржылоо сунушталат. Маданият тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны, жабдууларды, инструменттерди каржылоо үчүн региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын жана дем берүүчү гранттарды пайдалануу практикасын баштоо зарыл.
2-милдет. Маданиятты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде өнүктүрүү
Өсүүнүн таяныч борборлорунда маданият тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү зарыл.
Бул долбоорлордун алкагында маданият тармагында иштеген жеке жана коммерциялык эмес секторлорго төмөнкүлөр аркылуу колдоо көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик/муниципалдык имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инструменттерди жеңилдетилген шарттарда берүү;
2) маданият тармагында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жергиликтүү бюджеттен субсидиялоо.
Жергиликтүү бийлик органдары Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы, Креативдүү индустриялар ассоциациясы, эл аралык долбоорлор менен өнөктөштүктүн негизинде "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун алкагында маданият тармагында иштеген жергиликтүү ишкерлердин демилгелерин колдоо үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган шарттарды түзөт.
§ 6.3. Күтүлүүчү натыйжалар
Маданият тармагына жарандарды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү күтүлүүдө:
1) музыкалык мектептерде, балдардын көркөм искусство мектептеринде, искусство мектептеринде жана маданият тармагындагы башка ийримдик иш менен үзгүлтүксүз алектенген балдардын, жаштардын санынын жыл сайын - 10% кем эмес өсүшү;
2) жергиликтүү облустук театрларга келгендердин санынын жылына - 20% кем эмес өсүшү;
3) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен маданият тармагын каржылоонун көлөмү - бардык чыгашалардан 8% кем эмес болушу.
4-глава. Өсүүнүн таяныч борборун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү шарттары
Аймакты өнүктүрүү боюнча өсүүнүн таяныч борборлорунун демилгелерин колдоо максатында өсүүнүн таяныч борборлорунун жергиликтүү бюджеттери үчүн максаттуу трансферттер түрүндө республикалык бюджеттен каржылоону ачуу каралат.
Өсүүнүн таяныч борборлорун түзүүгө жана өнүктүрүүгө финансылык колдоо алуу үчүн шаарлардын жана калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өнүктүрүүнүн мастер-пландарын киргизет. Таяныч шаарларды жана калктуу конуштарды республикалык бюджеттен этап-этабы менен финансылык колдоо өсүүнүн таяныч борборунун критерийлерине ылайык келүүсүнүн, региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген өнүктүрүүнүн мастер-пландарынын негизинде каралат.
5-глава. Программаны ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу 2030-жылга карата башкы натыйжага жетүүгө - өсүүнүн таяныч борборлорунда инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, алар экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу жаңы деңгээлин, өндүрүштүн жаңы маданиятын түзүүгө таасирин тийгизет. Жалпысынан мындай жетишкендиктер өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагында атаандаштык экономикага ээ болууга мүмкүндүк берет, ал чийки затты, биринчи кезекте айыл чарба продукциясын, комплекттөөчү элементтерди өндүрүү, коштоочу кызмат көрсөтүүлөр боюнча чектеш алдынкы ишканаларды түзүүгө таасирин тийгизет. Өндүрүш маданиятынын жогорку деңгээли эмгек акынын деңгээли өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болгон квалификациялуу адистердин классын түзүүгө таасирин тийгизет.
Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын төмөнкү индикаторлоруна жараша болот.
1-максат. Жакырчылыктын бардык түрүн жеринде жоюу. 2028-жылга карата калктын бардык топтору үчүн экономикалык ресурстарга бирдей укуктарды, ошондой эле базалык кызмат көрсөтүүлөргө, тиешелүү жаңы технологияларга жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлөт.
2-максат. Ачарчылыкты жоюу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тамактанууну жакшыртуу жана айыл чарбанын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү. Жагымдуу инвестициялык чөйрө тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн туруктуу системаларын түзүүгө жана жашоо туруктуулугун жогорулатууга, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берген айыл чарбаны жүргүзүү методдорун ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жөндөмүн бекемдөөгө, жердин жана топурактын сапатын жакшыртууга таасирин тийгизет.
4-максат. Адилеттүү, сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу. Бардык аялдар жана эркектер үчүн сапаттуу кесиптик-техникалык жана жогорку билим алууга бирдей жеткиликтүүлүк олуттуу даражада камсыз кылынды. Жумушка орношуу, татыктуу жумушка кирүү жана ишкердик иш менен алектенүү үчүн талап кылынган кесиптик-техникалык көндүмдөргө ээ жаштардын жана чоңдордун саны көбөйдү.
8-максат. Туруктуу экономикалык өсүшкө, толук иш менен камсыз кылууга жана бардыгы үчүн татыктуу жумушка шарт түзүү. Техникалык модернизациялоо жана инновациялык иш аркылуу, анын ичинде жогорку кошумча наркы бар секторлорго жана эмгекти көп талап кылган секторлорго өзгөчө көңүл буруу аркылуу экономикада өндүрүмдүүлүк жогорулады. Ошол эле учурда экономикалык өсүш айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашы менен коштолгон жок.
9-максат. Туруктуу инфраструктураны түзүү, туруктуу индустриялаштырууга жана инновацияларга көмөктөшүү. Системалык негизде экономикалык өнүгүүнү жана адамдардын бакубаттуулугун колдоо максатында сапаттуу, экологиялык туруктуу инфраструктура түзүлүүдө.
11-максат. Шаарлардын жана калктуу конуштардын ачыктыгын, коопсуздугун, жашоого туруктуулугун жана экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу. Жарандардын кеңири катышуусунун негизинде калктуу конуштарды комплекстүү жана туруктуу пландоо жана башкаруу үчүн шарттар түзүлгөн. Маданий мурастарды коргоо жана сактоо үчүн негиздер түптөлгөн. Бардык жашыл зоналарга жана коомдук жайларга коопсуз жана ачык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Шаарлардын жана айыл аймактарынын экономикалык, социалдык байланышы түзүлгөн.
12-максат. Керектөөнүн жана өндүрүштүн сарамжалдуу моделдерине өтүүнү камсыз кылуу. Калдыктарды башкаруунун жаңыланган системасынын эсебинен калдыктардын көлөмдөрү олуттуу азаят. Жаңы инновациялык ишканаларда сарамжалдуу керектөө жана өндүрүш моделдери ишке киргизилет.
13-максат. Климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча шашылыш чараларды көрүү. Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү региондук жана жергиликтүү деңгээлде пландоого киргизилген. Агартуу, маалыматты жайылтуу жана климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жана жеңилдетүү, адаптациялоо жана эрте алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү жакшыртылган.
Программанын натыйжалары туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга салым кошот.
Мындан тышкары коюлган милдеттерди ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:
1) инвесторлорду тартуу үчүн түзүлгөн жагымдуу чөйрө бүткүл региондун кызыкчылыктарына жооп берет;
2) жакшыртылган шаардык инфраструктура жарандардын жашоосун бир кыйла ыңгайлуу кылат, жакынкы региондордун жашоочуларын өсүүнүн таяныч борборлоруна "тартат";
3) кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун түзүлгөн экономикалык туруктуу системасы башка шаарлар жана айыл аймактары үчүн үлгү болот, региондун масштабына жайылат;
4) өсүүнүн таяныч борборлорунун аймагына тартылган алдынкы жогорку жана орто окуу жайлар региондун жаштарын тартуучу жай болот, борбордогу ушул сыяктуу окуу жайларга салыштырмалуу атаандаштык шарттарын түзөт, жаштардын Бишкек жана Ош шаарларына миграциясынын агымы азаят;
5) өсүүнүн таяныч борборлорундагы өнүккөн маданият тармагы, бул багыттагы инновациялар региондун башка чакан шаарларында жана айыл аймактарында маданиятты өнүктүрүүгө түрткү берет.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Акыркы 2-3 жылда байкалган экономиканын акырындык менен өсүшү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракети менен өсүүнүн таяныч борборлорунун өнүгүшүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөргө жетишет деген ишенимди берет.
2022-жылдан баштап шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер бөлүнүүдө, ушул Программанын алкагында да мындай колдоо улантылат.
Өлкөнүн колдонуудагы программалык документтери, түзүлгөн ченемдик укуктук база Программада коюлган милдеттерди толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй мүнөздөгү тобокелдиктер болушу мүмкүн:
1) Программада белгиленген милдеттерди ишке ашырууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аз умтулуусу;
2) Программаны толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн финансылык, материалдык, кадрдык ресурстардын чектелгендиги.
Белгиленген тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында ушул Программада белгиленген чаралар жана индикаторлор облустун борборлору - өсүүнүн таяныч борборлору үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген милдеттер түрүндө аныкталат.
Программаны ишке ашырууга Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун, Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары, дем берүүчү гранттардын каражаттары тартылат.
7-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо системасы
Коюлган милдеттерге ылайык мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы Программаны ишке ашыруу процессин мүнөздөгөн индикаторлордун төмөнкүдөй топторуна негизделет:
1) пландуу жана мезгилдүү көзөмөлдөнүүчү маалыматтардын негизиндеги индикаторлор;
2) Программанын негизги бенефициарларынын пикирин баалоо индикаторлору.
Пландуу жана мезгилдүү көзөмөлдөнүүчү индикаторлор өзүнө ушул Программада аныкталган милдеттердин индикаторлорун камтыйт (3-тиркемедеги индикаторлордун матрицасын караңыз). Бул индикаторлордун маанилеринин өзгөрүү динамикасы өсүүнүн таяныч борборунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен түзүлүүчү мониторинг жүргүзүү жана баалоо тобу тарабынан бааланат. Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген отчеттордун иш жүзүндөгү натыйжаларга шайкештигин баалоо мезгилдүү негизде жүргүзүлөт.
Отчетторду талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Программаны ишке ашыруу боюнча жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.
Ушул Программаны ишке ашыруунун жарандардын жашоосунун сапатынын өзгөрүшүнө тийгизген таасири өсүүнүн таяныч борборунун аймагында жана бүткүл региондо жашаган жарандардын пикирлерин баалоо аркылуу бааланат. Баалоону көз карандысыз изилдөө уюму жүргүзөт. Мындай уюмду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тандайт. Жарандардын пикирин баалоо эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги зарыл болгон учурда Программага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
8-глава. Ресурстук камсыздалгандыкты баалоо
Программаны ишке ашырууга 9525,7 миң сом өлчөмдөгү каражат талап кылынат, анын ичинен 6475,7 миң сом - республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ырасталган учурдагы каржылоонун эсебинен жана 3050,0 миң сом - өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун алкагында.