Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 18-февралы № 89-чуа
КР КЧ 30-02:2025 «Кыргыз Республикасында айылдык калктуу
конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу» Кыргыз
Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айылдык калктуу конуштарынын аймактарын пландаштыруунун жана куруунун милдеттүү талаптарын белгилөө, айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карашту Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө» жобого жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Тиркелген КР КЧ 30-02:2025 «Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча чараларды кабыл алсын;
- расмий жарыялангандан тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүнүн кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускасы жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик бирдиктүү реестрине кригизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы №7-нпа буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелердин Топтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
2025-жылдын 20-февралында https://minstroy.gov.kg/kg/document/153/show расмий сайтында жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Министр | Н.К. Орунтаев |