Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Аймактык бөлүм социалдык жактан тейлөөгө муктаж 60тан кем эмес адам жана бийик тоолуу, алыскы райондордо социалдык тейлөөгө муктаж 30дан кем эмес адам болгон учурда өзүнүн түзүмүндө даректүү социалдык коргоо бөлүмүн/секторун түзө алат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча функцияларды белгиленген тартипте аткарган социалдык кызматкерлер республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат.
Муниципалдык органдын аймактык бөлүмдөрүндө үйүнө барып социалдык тейлөө боюнча функцияларды белгиленген тартипте аткарган социалдык кызматкерлер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржыланат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 "Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарда:
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, купуя маалыматты, жеке жашоо тууралуу маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга, социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын фотосун жана видеого тартууларын алардын же камкорчусунун макулдугусуз социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырууга жол берилбейт.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Белгилүү жашаган жери жок жарандын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча катталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгилүү жашаган жери жок жаранды социалдык стационардык мекемеге аныктоо үчүн жазуу түрүндө кайрылат, Кыргыз Республикасынын белгилүү жашаган жери жок жаранынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуусуна байланышкан чыгымдарын тартат.";
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 17 (3673) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |