Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-февралы № 107-т
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-2027-жылдарга экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана пластик пакеттерди пайдалануунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жалпылоо үчүн Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескемени ишке ашыруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ишке тартылган мамлекеттик органдарга жана өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2025-2027-жылдарга экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана пластик пакеттерди пайдалануунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржы булагы |
1 | Кыргыз Республикасынын аймагында кагаз жана экопакеттерди өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана иштеп жаткан ишканаларды модернизациялоону колдоо | 1) кагаз жана экологиялык таңгак өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлүп берүү маселесин иштеп чыгуу | "Кагаз жана экологиялык таңгак өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттик каржылоо" кредиттик программасы даярдалды | МӨБ, ФМ, ЭКМ, банктар, эл аралык жана донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2025-2026-жылдар | Республикалык бюджеттин, банктардын каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
2) экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү уюштуруу үчүн жер участокторун бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароо | Экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү уюштуруу үчүн бөлүп берилүүсү болжолдонгон жер участоктору аныкталды | ММБМА, КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары | 2025-2026-жылдар | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чегинде | ||
3) пайдаланылган материалдардан кагаз өндүрүүнүн жаңы технологияларына инвестицияларды тартуу | Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартылды | ИУА, ЭКМ | 2025-2026-жылдар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | ||
2 | Экопродукциянын ассортиментин көбөйтүү | Кадимки кагазга альтернатива катары экологиялык жактан коопсуз материалдардан таңгактоочу продукцияларды өндүрүү технологияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн талдоо. Технологияны тандоо жана өндүрүштүн бизнес-планын даярдоо. Экологиялык жактан коопсуз материалдардан таңгактоочу продукция өндүрүүчү мамлекеттик ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо. Долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды издөө | 1) кадимки кагазга альтернатива катары экологиялык жактан коопсуз материалдардан таңгактоочу продукция өндүрүү технологиясы боюнча аналитикалык материалдар даярдалды; 2) өндүрүштүн бизнес-планы даярдалды; 3) экологиялык жактан коопсуз материалдардан таңгактоочу продукцияларды өндүрүү боюнча мамлекеттик ишкананы түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуш даярдалды; 4) каржылык каражаттарды алуу жана завод куруу | ЭКМ, ММБМА, "Кыргызиндустрия" ААК | 2025-2027-жылдар | Эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде, тартылган инвестициялар |
3 | Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен пакеттерди пайдалануу деңгээлинин төмөндөшү | Кыргыз Республикасынын полиэтилен пакеттерди альтернативдүү алмаштыруучулар менен камсыз болушуна комплекстүү талдоо жүргүзүү жана алар болгон учурда, полиэтилен пакеттерди Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн кароо | Тиешелүү талдоо жүргүзүлдү | ЭКМ, ЖРЭТКМ | 2025-2026-жылдар | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде |
4 | Кыргыз Республикасында ТЭИ ТН коду боюнча полимердик товарлардын жана 39-топтун калдыктарынын импортун, ошондой эле полимердик пленкадан жасалган пакеттердин өндүрүлүшүн эсепке алуу | ТЭИ ТН коду боюнча товарларды, 39-топтун калдыктарын импорттоочулардын, өндүрүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүү, акыркы 3 жылдагы ташып келүү жана өндүрүү санынын өсүү/төмөндөө динамикасын талдоо | ТЭИ ТН коду боюнча товарларды, 39-топтун калдыктарын импорттоочулардын, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген маалымат базасы акыркы 3 жылдагы ташып келүүнүн жана өндүрүштүн өсүү/төмөндөө динамикасын талдоо менен түзүлдү | МБК, ЭКМ | 2025-2026-жылдар | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде |
5 | Альтернативдүү (текстиль, кагаз, биологиялык ажыроочу ж.б.) экологиялык жактан коопсуз пакеттерди өндүрүүчүлөрдүн кубаттуулугуна жана КР ички рыногунун керектөөлөрүн жабуу мүмкүнчүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Жергиликтүү кагаз/тигүү ишканаларынын өндүрүүчүлөрүн альтернативдик экологиялык жактан коопсуз пакеттерди өндүрүү боюнча инвентаризациялоо, ошондой эле ички рыноктун суроо-талабын жабуу үчүн алардын өндүрүштүк кубаттуулугун эсептөө. Экопакеттерди өндүрүү технологиясынын профилин өзгөртүү | Анализ жүргүзүлдү. Үзгүлтүксүз жергиликтүү өндүрүш камсыз кылынды. Өндүрүү технологиясы кайра багытталды | КРП облустардагы ЫУӨ, ЭКМ, ата мекендик өндүрүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | 2025-2027-жылдар | Республикалык бюджеттин каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
6 | Кагаз пакеттерди, экопакеттерди жана полимердик пакеттерди өндүрүүдө өндүрүүчүлөр тарабынан колдонулуучу стандарттардын тизмегин аныктоо жөнүндө маселени иштеп чыгуу | 1) кагаз пакеттерди, экопакеттерди жана полимердик пакеттерди өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен жыйналыш өткөрүү | Өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен кагаз пакеттердин, экопакеттердин жана полимердик пакеттердин колдонуудагы стандарттарына талдоо жүргүзүлдү, анын натыйжасында талаптарга жооп берген жана колдонууга ылайыктуу стандарттар аныкталды | ЭКМ, СМБ, ата мекендик өндүрүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | 2025-ж. 1-жарым жылдыгы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
2) кагаз пакеттердин, экопакеттердин жана полимер пакеттердин республикада колдонулуп жаткан стандарттарына талдоо жүргүзүү | Колдонуудагы стандартка өзгөртүүлөр киргизилди жана/же полимер пакеттерге, зарыл учурда экопакетке улуттук стандарт иштелип чыкты | ЭКМ, СМБ, ата мекендик өндүрүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | 2025-ж. декабрь | Республикалык бюджеттин каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде | ||
7 | Пластик калдыктарын чогултуучу жана кайра иштетүүчү жаңы пункттарды түзүү | Кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жер участокторун бөлүп берүү | Жер тилкелери бөлүнүп берилди | КРП облустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары, ММБМА | 2025-2026-жылдар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
8 | Кыргыз Республикасында полимердик пакеттерди пайдаланууну жана сатууну азайтуу боюнча чараларды, методикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу жана аларды пайдаланууга тыюу салууну кеңири масштабда үгүттөөнү жүргүзүү | Пластик пакеттердин зыяндуулугу жөнүндө методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле көп жолу колдонулуучу жана эко-достук альтернативаларды үгүттөөгө, анын ичинде коомчулукка жана соода түйүндөрүнө экопакеттерди таратуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды жана массалык экологиялык акцияларды өткөрүү | Методикалык колдонмолор, буклеттер жана экопакеттер таратылды, ошондой эле полимердик пакеттердин жана буюмдардын калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыянына арналган массалык экологиялык акциялар жана марафондор өткөрүлдү | ЖРЭТКМ, ЭКМ ММЖСМ, ЖМК, ЖӨБО, ӨЭУ, "Эко Деми" КФ, "Кыргызстандын жашыл альянсы" ЮЖК, Экоактивисттер, ыктыярчылар, эл аралык жана донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Республикалык бюджеттин, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
9 | Калкка таштандыларды туура сорттоо жөнүндө маалымат берүү, экологиялык уюмдарды кампанияларга тартуу | Таштандыны сорттоо жөнүндө видеороликтерди даярдоо | Практикалык иш-чаралар | ЖРЭТКМ, эл аралык жана донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2025-2026-жылдар | Эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттары |
10 | Технологиялык инновациялар | Пластикти жаңы материалдарга кайра иштетүү боюнча изилдөөгө жана иштеп чыгууга инвестиция тартуу | Бизнес-долбоорлор даярдалды | ИУА, ЖРЭТКМ, ЭКМ | 2025-2026-жылдар | Донордук каражаттар, ички жана тышкы инвестициялар |
11 | Наркы дээрлик жогору болгон акы төлөнүүчү полимердик пакеттерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | Акы төлөнүүчү полимер пакеттерин киргизүүнүн механизми жана мүмкүн болуучу кесепеттери боюнча аналитикалык маалымкатты даярдоо | Кассаларды сатылуучу түрмөктөлгөн туткасы жок пакеттерден тышкары, ири соода түйүндөрүндө пластик пакет үчүн жыйымдын/баанын жетиштүү өлчөмү белгиленди | ЭКМ | 2026-жыл | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын чегинде |
12 | Кайра иштетилген пластик үчүн рынок түзүү | Продукцияларда пайдаланылган сырьелордун милдеттүү минималдуу камтылышын стимулдаштыруу системасын киргизүү | Пластик пакеттерде жана таңгактоочу материалдарда кайра иштетилген материалдын белгилүү бир пайызы камтылат | ЖРЭТКМ | 2026-2027-жылдар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
13 | Ири соода түйүндөрүндө фандоматтарды жайылтуу боюнча программаны иштеп чыгуу | Фандоматтарга кызыгууну баалоо үчүн керектөөчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүү, программа жөнүндө маалымдоо үчүн жарнамалык кампанияларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын ири соода түйүндөрүндө фандоматтарды орнотуу | Биринчи жылы пластик бөтөлкөлөрдү чогултууну 30%га көбөйтүү жана калктын кайра иштетүү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу | ЖРЭТКМ | 2026-2027-жылдар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын чегинде |
14 | ЕЭК аянтчасында полиэтилен пакеттерине карата ташып кирүү бажы алымынын ставкасын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунушун демилгелөө мүмкүнчүлүгүн кароо | Кыргыз Республикасынын сунуш долбоорун даярдоо жана ЕЭКтин кароосуна киргизүү | ЕЭК комиссиясынын чечими кабыл алынды | ЭКМ, МБК | 2026-2027-жылдар | Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
ААК | - | ачык акционердик коом |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
КФ | - | коомдук фонд |
ММБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
МӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮЖБ | - | юридикалык жактардын бирикмеси |