Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна) |
Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - ИЖБМР) идентификацияланган жаныбарлар, алардын кыймылы, ээлери, чарбалар жана алардын ветеринардык-санитардык абалы жөнүндө маалыматтарды эсепке алуунун маалыматтык-аналитикалык системасын билдирет.
3. Эрежелерде "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги терминдер жана алардын маанилеринин аныктамалары колдонулат.
4. ИЖБМРди жүргүзүүнү ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарган мамлекеттик орган (мындан ары - ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.
5. ИЖБМР жүргүзүү өзүнө жаныбарлар, алардын ээлери, чарба жөнүндө маалыматтарды, ИЖБМРге киргизилген маалыматтарды сактоо жана алардын купуялуулугун камсыз кылуу, ошондой эле анын ээсине ИЖБМРден маалыматтарды көчүрмө түрүндө берүүнү камтыйт.
6. ИЖБМРдин ээси маалыматтын ээси болуп саналган ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2-глава. ИЖБМРди жүргүзүү тартиби
7. ИЖБМР ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук түрдө жүргүзүлөт.
8. ИЖБМР идентификацияланган жаныбарлар, жүргүзүлгөн ветеринардык дарылоолор жана диагностикалык изилдөөлөр, алардын чыгышы жана кыймылы, административдик бирдиктин чегиндеги ордун которуусун кошпогондо, союлушу, өлүшү, уурдалышы, жоголушу, жаныбардын (жаныбарлар тобунун) импорттолушу жана экспорттолушу, жарандык-укуктук мамилелердин жана жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган аракеттердин (алмашуу, белекке берүү, мураска калтыруу, сатып алуу-сатуу ж.б.) натыйжасында жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээсинин алмашылышы, жаныбардын тукуму, чарбасы, жаныбардан алынган азыктарга жана ветеринардык дары-дармектерге байкоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жаныбардын/чарбанын ээси жөнүндө жеке мүнөздөгү маалыматтар камтылган.
9. ИЖБМРге маалыматтарды киргизүүгө ветеринария боюнча мамлекеттик орган жана ветеринардык врач укуктуу.
10. Ветеринария боюнча мамлекеттик орган же ветеринардык врач жаныбарга идентификациялык номер ыйгаргандан кийин идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматтарды ИЖБМРге киргизиши керек.
11. Идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө кийин жаңыланган маалыматтарды ИЖБМРге киргизүү үчүн негиз болуп ушул Эрежелердин 8-пунктунда көрсөтүлгөн учурлар болуп саналат.
12. Идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматтарды ИЖБМРге өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөр болгондо жүргүзүлөт:
1) аны (аларды) байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган ветеринардык коштоочу документ (№ 1а формасындагы ветеринардык күбөлүк) кагаз/электрондук түрдө ИЖБМР мобилдик колдонмосун колдонуу менен;
2) жаныбарды (жаныбарлар тобун) ИЖБМРде идентификациялоону жана каттоону ырастаган документ (жаныбардын ветеринардык паспорту, бал челектердин ветеринардык-санитардык паспорту);
3) идентификацияланган жаныбар союлган же өлгөн учурда идентификациялоо каражаттары;
4) жаныбар уурдалган же жоголгон учурда жаныбардын ээси же ички иштер органынын кызматкери тарабынан ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же ветеринардык врачка кабарлаганда.
13. ИЖБМР идентификацияланган жаныбар жөнүндө, жаныбардан алынган азыктар жөнүндө, берилген ветеринардык коштоочу документтердин аныктыгын текшерүү жөнүндө жана тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин тейлөөчү ветеринардык врачы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн маалыматтык сервистерди камтыйт.
14. Жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээси же жаныбардын ээси ишеним көрсөткөн адам ИЖБМРдин маалыматтык сервистеринде жаныбарды (жаныбарлар тобун) идентификациялоого жана каттоого, кайра каттоого (союлган, өлгөн, кырылган учурларда), ошондой эле идентификацияланган жаныбардын (жаныбарлар тобунун) чарбага келишине же чарбадан чыгышына арызды жайгаштыра алат.
15. Идентификацияланган жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээси же ИЖБМРде көрсөтүлгөн анын ишенимдүү адамы же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мурасталган учурда мураскор кайрылган учурда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз түрүндө же электрондук документ түрүндө идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө ИЖБМРден көчүрмө берилет.
ИЖБМРден көчүрмө берилген учурдан тартып үч күндүн ичинде жарактуу.
ИЖБМРден көчүрмө берилген датасын жана так убактысын камтууга тийиш.
16. ИЖБМРге кирүү мүмкүнчүлүгү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистерине жана ветеринардык врачка берилет.
17. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ИЖБМРдин авторизацияланган колдонуучусу болуп саналган кызматкерлерди аныктайт, ал эми ветеринардык врачтарга авторизация ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн келишимге ылайык ветеринардык врач тейлеген аймактын чегинде берилет.
18. Жаныбарларды (жаныбарлар тобун) ыкчам идентификациялоо жана каттоо, ошондой эле ИЖБМРде идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ветеринардык врач тарабынан ИЖБМРдин мобилдик колдонмосун пайдалануу каралган.
19. Жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээлери жана чарбалар жөнүндө ИЖБМРде камтылган маалыматтарды коргоо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды жана электрондук башкарууну коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
ИЖБМРде камтылган маалыматтар купуя болуп эсептелет жана аларга жетүү укугу жок адамдарга өткөрүп берилбейт.
Идентификацияланган жаныбарлардын (жаныбарлар тобунун) ээлерине жаныбарга (жаныбарлардын тобуна) карата укуктарынын чегинде ИЖБМРдин маалыматтык сервистерине жетүү укугу берилет.
20. ИЖБМРди пайдалануу боюнча колдонмо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
3-глава. Корутунду жоболор
21. Эрежелердин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.