Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-марты № 110
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мамлекеттик органдар тарабынан аткарууну камсыз кылуу, ченем жаратуу демилгелерин бирдиктүү эсепке алууну киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин, ошондой эле Президенттин Министрлер Кабинетине тапшырмаларын аткарууну уюштуруу максатында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары (актылары), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын актылары чыгарылат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - башкармалыктын начальнигинин, башкармалыктарынын начальниктеринин министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалары берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну контролдоо Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 461-пункт менен толукталсын:
"461. Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Президент мыйзамга кол койгон күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде тиешелүү министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же башка мамлекеттик органга (макулдашуу боюнча) ушул Регламенттин 63-пунктунун сегизинчи абзацында көрсөтүлгөн тизмектин негизинде (макулдашуу боюнча) мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу тапшырмасын жиберет.
Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар белгиленген тартипте ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу аркылуу мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат же болбосо мыйзамда белгиленген мөөнөттө мыйзамдын талаптарынан келип чыгуучу башка иш-чараларды уюштурууну жүзөгө ашырат.
Мыйзамда ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө түздөн-түз тапшырма болбогон учурда тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган (негизги аткаруучу) аларды иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө талдоо жүргүзөт. Иштеп чыгуу зарыл болгондо мындай актыларды ыйгарым укуктуу орган өз алдынча же тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте демилгелейт.
Эгерде мыйзамда аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда мындай мыйзам алты айлык мөөнөттүн ичинде аткарылууга тийиш.
Мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдарды аткаруунун автоматташтырылган системасына киргизилет, анын иштөө тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.";
- 5410-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Президенттин Администрациясында жеткире иштелип чыккан жана жеткире иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү камтыган актылардын долбоорлору долбоорду иштеп чыккан министрликтин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомствонун жетекчиси менен эки жумуш күндүн ичинде, ал эми ал жок болгон учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен макулдашылууга (виза коюлууга) тийиш.
Макулдашуу жумушчу тартипте актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркылуу же актынын даярдалган долбоорун тиркеп, кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5413-пункт менен толукталсын:
"5413. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тартипте Ченем жаратуу демилгелеринин реестрине киргизилүүгө тийиш.";
- 63-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актылардын тизмеги жана ушул Регламентке тиркелген форма боюнча мыйзам долбоорунан келип чыгуучу уюштуруу иш-чараларынын тизмеги. Мыйзам долбоорун кабыл алуу ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды кабыл алууну же өзгөртүүнү талап кылбаган, ошондой эле уюштуруу иш-чараларын ишке ашыруу талап кылынбаган учурда, бул маалымат мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына киргизилүүгө тийиш.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча):
1) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актылардын тизмеги жана мыйзамдан келип чыгуучу уюштуруу иш-чараларынын тизмеги түрүндө негиздеме-маалымкатка тиркемени даярдоону камсыз кылсын;
2) демилгеленген мыйзам долбоорлорун жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныктаган тартипте Ченем жаратуу демилгелеринин реестрине киргизүүнү камсыз кылсын;
3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун жетекчилерине ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) "Ченем жаратуу демилгелеринин реестри" автоматташтырылган системасын иштеп чыксын, аны техникалык коштоону жана пилоттук режимде киргизүүнү камсыз кылсын;
2) Ченем жаратуу демилгелеринин реестрин жүргүзүү тартибин бекитсин жана аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыялоону камсыз кылсын;
3) Ченем жаратуу демилгелеринин реестрин колдонуу жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун арасында тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун негиздеме-маалымкатына тиркеме
__________________________________________________
(долбоордун аталышы)
№ | Мыйзамдын же Кодекстин аталышы (өзгөртүүлөр эки же андан көп актыга киргизилгенде) | Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук акт/ченемдик эмес укуктук акт | Уюштуруу иш- чаралары | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик орган | Тең аткаруучулар | Кошумча маалымат |
| " | ||||||