Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
РЕГЛАМЕНТИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 29-июлундагы № 402, 2022-жылдын 26-октябрындагы № 587, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 672, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726, 2024-жылдын 4-мартындагы №95, 2024-жылдын 23-октябрындагы № 639, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772, 2025-жылдын 3-февралындагы № 52, 2025-жылдын 3-мартындагы № 110, 2025-жылдын 4-июну № 319, 2026-жылдын 30-июнундагы № 452, 2026-жылдын 17-июлундагы № 495 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) аткаруу бийлигинин жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) баш иет жана ага отчет берет.
Министрлер Кабинети өзүнө баш ийген министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектейт.
3. Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) Министрлер Кабинетинин ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын алып барат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берет, Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин жана Министрлер Кабинетине тапшырмаларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтомдорунун ишке ашырылышын контролдойт, аткарылган иштер боюнча алардан отчетторду сурайт.
4. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин жана тапшырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
Министрлер Кабинети актыларын токтом жана тескеме түрүндө чыгарат. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
5. Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ал эми ал жок учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдеттерин аткаруу жүктөлгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт.
Министрлер Кабинетинин токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат. Министрлер Кабинетинин тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуусуна туура келген Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, эгерде акттын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, ошондой эле Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү жана Министрлер Кабинетинин тескемелери менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдары кол коёт.
Ушул пунктта аталган эл аралык келишимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилген министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызмат адамдары кол койбогон учурда, мындай келишимдерге Министрлер Кабинетинин тескемеси менен атайын ыйгарым укуктарды бербестен, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары кол коёт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Министрлер Кабинети өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну уюштурат жана аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын аткарылышын системалуу түрдө контролдоону жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
7. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Президенттин ченемдик укуктук актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын контролдоо максатында Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын отчетторун жана маалыматтарын угат, аталган органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишин баалайт, аткаруу бийлигинин органдарынын актыларын жокко чыгаруу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
8. Министрлер Кабинетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлору каралууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлору, ошондой эле башка документтер Министрлер Кабинетинин кароосуна Президент, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткарган адамдар тарабынан киргизилет. Башка жактардын актылардын долбоорлорун киргизүүсүнө жол берилбейт, эгерде киргизилсе, алар кароосуз кайтарып берилет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (мындан ары - Жогорку сот) жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Министрлер Кабинетинин кароосуна Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча гана мыйзам долбоорлорун киргизет.
Мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөр, мекемелер, ишканалар Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагаларынын орун басарларынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылышат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылышат, буга жогоруда аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерине даттануулар кирбейт.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине түз кайрылышат.
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартибинин талаптарын эске алуу менен Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 , 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароонун жыйынтыктары Министрлер Кабинетинин жыйналышынын протоколдору менен таризделет.
11. Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атына ушул Регламенттин 9-пунктунун талаптарын бузуу менен мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген кайрылуулар дарек ээсине кароосуз кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын, Министрлер Кабинетинин башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштарды камтыган Министрлер Кабинетине кайрылуулар министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга, алардын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык жиберилет.
Аталган органдар кайрылууларды иштеп чыгат, өз компетенциясынын чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алат, зарыл болгон учурда ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлорун белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине киргизет жана кароонун жыйынтыктарын арыз ээлерине билдирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржылоосу каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтөрдү камтыган кайрылуулар жана каттар Министрлер Кабинети тарабынан каралбайт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) менен маселени иштеп чыгуу үчүн дарек ээсине кайтарылып берилет.
Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз алдынча чечилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери кабыл алынбайт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аларга өткөрүлүп берилген Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында Президенттин Администрациясына киргизилген Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайра кайтарылууга тийиш.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдердин (актылардын) долбоорлорун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен оперативдүү макулдашууга көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөр менен кайрылуулары кечиктирилгис чечимди талап кылуучу учурлардан тышкары, Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайтарылууга тийиш.
Кечиктирилгис чечимдерди талап кылуучу учурлар болуп өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым аймактарында киргизилген өзгөчө режимди жана/же согуштук абалды камсыз кылууга тиешелүү маселелер, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмасы менен аныкталуучу маселелер кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакциясына ылайык)
14. Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдору Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан таризделет жана таркатылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын резолюциялары, тапшырмалары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгы (мындан ары - Катчылык) тарабынан даярдалат жана министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет. Тапшырманын көчүрмөсү компетенциясына кирген маселелерге жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары - Президенттин Администрациясы) жиберилет.
16. Президенттин, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында, Министрлер Кабинетинде өткөрүлгөн жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын резолюцияларында камтылган тапшырмалардын аткаруу мөөнөтүн контролдоо Президенттин Администрациясы тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө маалыматка жетүүсү жана Министрлер Кабинетинде каралган маселелер жана материалдар боюнча маалыматтарды жалпы пайдалануудагы маалымат системаларына жайгаштыруунун тартиби мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруунун тартиби жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
Министрлер Кабинетинин кароосуна келип түшкөн документтер, ошондой эле алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарыяланганга чейин кызматтык маалыматты камтыган материалдарга кирет.
II. Министрлер Кабинетинин ишин пландоо жана уюштуруу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Президенттин жарлыктарына, тескемелерине жана тапшырмаларына ылайык стратегияларды, программаларды жана Министрлер Кабинетинин токтомдору же тескемелери менен бекитилүүчү социалдык-экономикалык жана социалдык-маданий өнүктүрүүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын кабыл алат, ошондой эле өзүнүн мыйзам долбоорлоо ишин, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын жана башка иш-чараларды өткөрүүнү пландайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өздөрүнүн иштерин Президент тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жумушчу органдардын жана комиссиялардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) пленардык жыйналыштарына, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйналыштарына, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү үчүн башка милдеттүү болгон пландалган иш-чараларга катышуу зарылдыгын эске алуу менен пландаштырат.
20. Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлөргө иш сапарлары Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен, ал эми ал жок учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарынын чет өлкөлөргө иш сапарлары Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана алардын орун басарлары чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарлардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү отчетторду алар кайтып келген күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, көчүрмөсүн Президенттин Администрациясына берет.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилеринин Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапарлары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйналыштары бекитилген план боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында маселелерди кароо кварталга пландалат. Министрлер Кабинетинин кезектеги кварталга жыйналыштарынын планы ар бир маселенин карала турган датасын жана маселени даярдоо үчүн жооптуу болгон министрликтерди, администрациялык ведомстволорду жана аткаруу бийлигинин башка органдарын көрсөтүү менен жыйналыштарда каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесинен турат.
22. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар кезектеги квартал башталганга чейин 1 айдан кечиктирбестен Президенттин Администрациясына Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон маселелерди датасын көрсөтүү менен, ошондой эле аларды кароо зарылдыгын негиздеп киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ушул Регламенттин 22-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштардын негизинде кезектеги квартал башталганга чейин 14 күндөн кечиктирбестен Президенттин Администрациясы кезектеги пландуу мезгилге Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планынын долбоорун түзөт.
24. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планынын долбоору квартал башталганга чейин 10 күндөн кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет. Бекитилген планды өзгөртүү, пландан маселелерди алып салуу жөнүндө чечимди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жеке өзү же маселени даярдоого жооптуу аткаруу бийлигинин органынын жетекчисинин жүйөлүү сунушу боюнча кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кошумча (пландан тышкары) маселелерди кароо Президенттин, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
26. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кароого тиешелүү материалдарды даярдоо тапшырылган министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери алардын сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар планда аныкталган маселени кароо датасына чейин 14 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
Президенттин Администрациясы министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилген материалдардын мазмунун өзгөртүүгө укугу жок.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралган маселелер боюнча, эгерде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Бул учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн Министрлер Кабинетинин чечимине андан ары виза коюусу талап кылынбайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө фамилияларды көрсөтүү менен протокол түзүлөт, ага Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги, тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы кол коёт.
29. Кечиктирүүгө жол берилбеген айрым маселелер боюнча же Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында талкуулоо зарыл болбогон маселелер боюнча Министрлер Кабинети жыйналыш өткөрбөстөн, ушул Регламенттин VI главасында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алышы мүмкүн.
Төмөнкү маселелер боюнча мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында гана каралат:
- экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүү боюнча жалпы мамлекеттик программалар;
- Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору;
- Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчеттун долбоору;
- фискалдык саясаттын негизги багыттары;
- эл аралык келишимдердин долбоорлору:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө;
эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аларга берүүнү караштырса же Кыргыз Республикасы үчүн алардын органдарынын чечимдеринин юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе, Кыргыз Республикасынын эл аралык бирликтерге жана бирикмелерге катышуусу жөнүндө;
жамааттык коопсуздук жөнүндө;
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 495 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 29-июлундагы № 402, 2026-жылдын 17-июлундагы № 495 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
291. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча шашылыш тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүгө тийиш болгон бюджеттик жөнгө салуудагы кыйынчылыктар жөнүндө корутунду Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилүүчү башка документтер ушул Регламенттин VI, VI главаларында, Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте макулдашылат жана кароого даярдалат.
Президенттин компетенциясына кирген же Жогорку Кеңештин чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштар, эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Президенттин Администрациясы аркылуу гана киргизилет.
Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентине ылайык кезексиз тартипте ыкчам киргизилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин долбоорлору, анын ичинде Президенттин Администрациясынын ишин уюштуруу боюнча чечимдеринин долбоорлору Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте даярдалат жана кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрүү тартиби
31. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жыйналыштан 5 күн мурун түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Министрлер Кабинетинин Төрагасына берилет.
Материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти Министрлер Кабинетинин мүчөсү административдик ведомствонун, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси гана тартат, ал документти Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет жана анын даярдалышы үчүн жооптуу болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жактырылган Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору жана тийиштүү материалдар жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен анын катышуучуларына жиберилет.
Материалдар өз убагында берилбеген, ошондой эле Министрлер Кабинетинин жыйналышына начар даярдалган документтер берилген же толук көлөмдө берилбеген учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасы же аны менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары пландаштырылган маселени кароодон алып салуу же аны кароону башка мөөнөткө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартиби Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан түздөн-түз Министрлер Кабинетинин жыйналышында добуш берүү менен бекитилет.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, ошондой эле каралып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын курамы, Министрлер Кабинетинин жыйналышына маселени киргизген министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштарынын негизинде жыйналышты даярдоого жооптуу Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги тарабынан аныкталат.
Министрлер Кабинетинин жыйналышына каралып жаткан маселелер боюнча материалдарды даярдоого түздөн-түз катышкан Президенттин Администрациясынын кызматкерлери да чакырылат.
33. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын катышуучуларын каттоо компетенциясына жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Министрлер Кабинетинин жыйналышы, эгерде ага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
35. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына Президент төрагалык кылат.
36. Министрлер Кабинетинин жыйналыштары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан чакырылышы жана анын төрагалыгы астында өткөрүлүшү мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон учурда анын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аткарат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана министрлер Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына жеке катышат. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышуу мүмкүн болбогон учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана министрлер бул жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына билдиришет.
Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйналыштары Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар шарттарында белгиленген санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында Министрлер Кабинетинин жыйналыштары аралык (онлайн) режиминде өткөрүлүшү мүмкүн. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын аралык (онлайн) режиминде өткөрүү тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекиткен Жобо менен аныкталат.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын аралык (онлайн) режиминде өткөрүү тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекиткен Жобо менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында анын күн тартибиндеги маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери же алардын милдеттерин аткарган адамдар баяндама жасашат.
38. Министрлер Кабинетинин жыйналышында баяндама жасоо үчүн убакыт 15 мүнөттүн чегинде, кошумча баяндамалар үчүн - 10 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыккандар үчүн - 5 мүнөткө чейин белгиленет. Мында жыйналышта төрагалык кылуучунун чечими боюнча белгиленген убакыт узартылышы мүмкүн.
39. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында чечимдер Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, жыйналышта төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
40. Министрлер Кабинетинин жыйналышында каралган маселе боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жыйналыштын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
41. Министрлер Кабинетинин жабык жыйналыштарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкуулоодо) материалдарды даярдоо, жыйналышка кирүү, протоколдорду жана кабыл алынган актыларды тариздөө жашыруун документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин жана жашыруун режим сактоо менен жүргүзүлөт.
IV. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кабыл алынган
чечимдерди тариздөө
42. Министрлер Кабинетинин жыйналышында кабыл алынган чечим ал кабыл алынган жыйналыштын датасы менен таризделет. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын протоколу жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелери кирген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан жыйналыш аяктагандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен таризделет, Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат жана Министрлер Кабинетинин бардык мүчөлөрүнө, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурда, Министрлер Кабинети министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Актылардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизүү жыйналыш аяктагандан кийин, эгерде башка мөөнөт белгиленбесе, 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө аткарылат.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралган башка маселелер боюнча тапшырмалары ушул Регламентте каралган мөөнөттөрдө аткарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Президенттин Администрациясы белгиленген тартипте:
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына берет;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштары аяктагандан кийин Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жыйналышта каралган маселелер боюнча басма сөз-конференцияларын (брифингдерин) уюштурат, жыйналыштарда каралган маселелер жөнүндө жана бул маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымат берүүнү камсыз кылат.
45. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кино, видео жана фото тартууларды, аудио жазууларды жүзөгө ашыруу Министрлер Кабинетинин тиешелүү жыйналышын өткөрүүгө жооптуу Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги аныктоочу тартипте уюштурулат.
Президенттин Администрациясы жыйналыштарды, анын ичинен жабык жыйналыштарды аудио жазууну камсыз кылат. Аудио жазуу зарылдыгына жараша Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча чечмеленет.
Жыйналыштын катышуучуларына жана чакырылган адамдарга жыйналышка кино, видео жана фотоаппараттарды, үн жазуучу түзүлүштөрдү, ошондой эле уюлдук телефондорду кошкондо, байланыш каражаттарын алып кирүүгө уруксат берилбейт.
Президенттин Администрациясынын карамагындагы маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардын алуусу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
V. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында)
жана Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда
камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер
Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын
тапшырмаларын аткаруунун тартиби
46. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин, ошондой эле Президенттин Министрлер Кабинетине тапшырмаларын аткарууну уюштуруу максатында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары (актылары), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын актылары чыгарылат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - башкармалыктын начальнигинин, башкармалыктарынын начальниктеринин министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалары берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу боюнча тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну контролдоо Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
461. Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Президент мыйзамга кол койгон күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде тиешелүү министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же башка мамлекеттик органга (макулдашуу боюнча) ушул Регламенттин 63-пунктунун сегизинчи абзацында көрсөтүлгөн тизмектин негизинде (макулдашуу боюнча) мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу тапшырмасын жиберет.
Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар белгиленген тартипте ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу аркылуу мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат же болбосо мыйзамда белгиленген мөөнөттө мыйзамдын талаптарынан келип чыгуучу башка иш-чараларды уюштурууну жүзөгө ашырат.
Мыйзамда ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө түздөн-түз тапшырма болбогон учурда тиешелүү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу орган (негизги аткаруучу) аларды иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө талдоо жүргүзөт. Иштеп чыгуу зарыл болгондо мындай актыларды ыйгарым укуктуу орган өз алдынча же тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте демилгелейт.
Эгерде мыйзамда аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда мындай мыйзам алты айлык мөөнөттүн ичинде аткарылууга тийиш.
Мыйзамдардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдарды аткаруунун автоматташтырылган системасына киргизилет, анын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 110, 2026-жылдын 30-июнундагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин алар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелердин протоколдорунда жана резолюцияларда камтылган тапшырмаларын (мындан ары - тапшырмалар) аткаруу тапшырмалар даректелген министрлер, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, Президентке караштуу мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулат.
48. Бул тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт, ал тапшырмаларды аткаруучуга ыкчам жеткирүү максатында аларды факсимилдик байланыш, электрондук документ жүгүртүү системасы жана телефонограмма аркылуу бериши мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы аткаруучу факсимилдик байланыштын жардамы же телефонограмма менен берилген маалыматтарды алган жана каттаган күндөн тартып белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүү Президенттин Администрациясы тарабынан 2 күндүк мөөнөттө, ал эми шашылыш жана ыкчам тапшырмаларды - токтоосуз, бирок аларга кол коюлган учурдан тартып бир күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен камсыз кылынат.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга актылардын көчүрмөлөрүн жиберүү аркылуу жеткирилет.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга жыйналыштын протоколунун көчүрмөлөрүн жөнөтүү аркылуу жеткирилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниктери өткөргөн кеңешмелердин протоколдорунда жана алар караган документтер боюнча резолюцияларда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга кеңешменин протоколунун көчүрмөсүн же көчүрмө бөлүгүн же белгиленген тартипте таризделген резолюцияны жөнөтүү аркылуу жеткирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага кол коюлган дата анын башталышы деп эсептелет.
Эгерде тапшырманын текстинде аткаруу датасынын же убакыт мезгилинин ордуна "өтө шашылыш", "шашылыш" деген көрсөтмө болсо, тапшырма тийиштүүлүгүнө жараша 2 жана 3 жумуш күндө аткарылууга тийиш.
Эгерде резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал 10 жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
Эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында, резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда камтылган ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлорун иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиштүү тапшырмалар эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Эгерде объективдүү себептер боюнча тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкүн болбогон учурда, аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын жетекчилери Министрлер Кабинетине себептерин жана пландалган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөттү узартуу жөнүндө сунуш киргизет.
Мындай сунуштар тапшырмага (чечимге) кол коюлган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен киргизилет. Шашылыш тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү узартылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Эгерде тапшырма аткаруу бийлигинин бир нече органдарына берилсе, же болбосо тапшырмада биринчи болуп аныкталган аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси тапшырманын негизги аткаруучусу болуп саналат, анын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана ишти уюштурат. Кошо аткаруучулар негизги аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органга тиешелүү органдын жетекчиси (анын орун басары) кол койгон сунуштарды тапшырманы аткарууга бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымында беришет.
Негизги аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган документтин жыйынтык долбоорун макулдашуунун жана даярдоонун тартибин аныктайт. Тапшырманы кыскача мөөнөттө аткаруу зарыл болгон учурда жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган тапшырманы ыкчам тартипте аткарууну уюштурат, ал үчүн жумушчу топторду түзөт жана макулдашуучу кеңешмелерди өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманын аткаруучусу (негизги аткаруучу) тапшырманы аткарууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде Министрлер Кабинетине тапшырманы аткаруунун абалы, аны белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө тапшырманы аткаруу жүктөлгөн кызмат адамдарын көрсөтүү менен жана тапшырманын аткарылбаганына күнөөлүү кызматкерлерге карата көрүлгөн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалымат берет.
53. Президент Министрлер Кабинетине берген тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Президентке тиешелүү баяндама жиберилет, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын көрсөтмөсү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасына тиешелүү түрдө маалымдоо менен кол коюшат.
Президенттин Министрлер Кабинетине тапшырмасын аткаруу үчүн берилген тапшырманын негизги аткаруучусу Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарына тапшырманы аткаруу жөнүндө баяндаманы, эгерде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Президентке баяндаманын долбоорун тиркөө менен берет.
Эгерде Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарларына жана ошол эле убакта аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине тапшырма берсе, анда кошумча тапшырма бербесе болот, ал эми Президентке баяндаманын долбоорун жана башка зарыл болгон материалдарды тиркөө менен аткаруу жөнүндө баяндама Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Министрлер Кабинетине берилет.
54. Эгерде Президент министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, административдик ведомствонун жетекчисине же аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисине түздөн-түз тапшырма берген учурда, же болбосо Министрлер Кабинетинин карамагындагы маселелер боюнча тапшырма министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, административдик ведомствонун жетекчисине же аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисине берилсе, көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери Министрлер Кабинетинин Төрагасына Президенттен тапшырма алгандыгы жөнүндө токтоосуз баяндашат, ал эми аткаруудан кийин Президентке анын тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берүү менен, ошол эле мезгилде бул жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына билдиришет.
VI. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуунун жана Президенттин Администрациясына киргизүүнүн тартиби
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
541. Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүүгө пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкүлөр менен алдын ала макулдашылат:
1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги), Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Экономика жана коммерция министрлиги), кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
2) токтомдордун долбоорлору - Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
3) тескемелердин долбоорлору - Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.
Министрлер Кабинетинин протоколдук чечимдеринин долбоорлору мамлекеттик органдар менен алдын ала макулдашууга жатпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
542. Жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрбөстөн, кароого пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору төмөнкүлөр менен макулдашылат:
1) мыйзамдардын долбоорлору, эл аралык келишимдин мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө тескемелердин долбоору - Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
2) токтомдордун долбоорлору - Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар, Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу үчүн башка министрликтер жана мамлекеттик комитет менен;
3) тескемелердин долбоорлору - Юстиция министрлиги, кызыкдар мамлекеттик органдар менен.
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо, кошулуу, бекитүү же денонсациялоо жөнүндө актылардын долбоорлорун кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин берилген долбоорду макулдашуу жөнүндө каттар каралууга тийиш эмес.
Президенттин же Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасына ылайык иштелип чыккан чечимдердин долбоорлорун кошпогондо, каржылоо булактары жок болгон бөлүгүндө Финансы министрлигинин сын пикирлери эске алынбаган актылардын долбоорлору каралууга тийиш эмес.
Министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун актысы менен маселени чечүү зарылдыгы көрсөтүлгөн Юстиция министрлигинин корутундусун алганда Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан каралууга жатпайт. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 , 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2024-жылдын 4-мартындагы N 95, 2025-жылдын 4-июну № 319, 2026-жылдын 30-июнундагы № 452 токтомдорунун редакциясына ылайык)
543. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер макулдашууга мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Макулдашууга киргизилүүчү мыйзам долбоорлору, Министрлер Кабинетинин актылары макулдашууга киргизилүүчү долбоордун коштоочу катына электрондук санариптик колтамганы колдонуу шарты менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө коюлушу мүмкүн.
Мында мамлекеттик органдарга макулдашууга бир коштоочу кат менен актынын бир гана долбоору берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакциясына ылайык)
544. Мамлекеттик органдарда мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору - 9 жумуш күн (100 барактан ашкандар - 16 жумуш күн);
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору - 5 жумуш күн;
- 10 жумуш күндө макулдашылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана инвестициялык макулдашууларынын долбоорлорун жактыруу жана макулдашуу жөнүндө тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, тескемелердин долбоорлору - 3 жумуш күн.
Юстиция министрлиги үчүн мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун макулдашуу жана аларга экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кошпогондо, мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору - 10 жумуш күн (100 барактан ашкандар - 18 жумуш күн);
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору - 5 жумуш күн;
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин жана инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруусу жана макулдашуусу жөнүндө тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, тескемелердин долбоорлору - 3 жумуш күн;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин жана инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруусу жана макулдашуусу жөнүндө тескемелердин долбоорлору - 10 жумуш күн.
Министрлер Кабинетинин актыларын шашылыш кабыл алуу зарыл болгондо Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмасы боюнча актынын долбоору мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сурамжылоо барагына виза коюу жолу менен Президенттин Администрациясындагы кеңешмеде макулдашылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2022-жылдын 29-июлундагы № 402, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2024-жылдын 4-мартындагы № 95, 2024-жылдын 23-октябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
545. Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позициясын чагылдыруу менен долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлган катты берет, буга жетекчиси бир эле учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган кирбейт. Мындай учурда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары же орун басары кол койгон мамлекеттик органдын каты менен долбоорду макулдашууга жол берилет (милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен). Эгер ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу органдын корутунду берүүсү каралса, ал мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлууга жатат жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок учурда каттар (корутундулар) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан кол коюлушу мүмкүн. Актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилеринин милдетин аткаруучу адамдар менен макулдашуу, анын ичинде долбоорлорду бир эле мезгилде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары же орун басары менен макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы катары макулдашуу болуп эсептелет жана Министрлер Кабинетинин мүчөсү менен макулдашуу катары эсептелбейт.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорунун демилгечиси келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же болбосо долбоорду андан ары жылдырууну токтотууга укуктуу. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору боюнча эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси жыйынды таблицада чагылдырылат.
Эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу жана эске албоо үчүн жоопкерчилик Министрлер Кабинетинин мүчөсүнө, административдик ведомствонун биринчи жетекчисине, башка мамлекеттик органдын биринчи жетекчисине жүктөлөт, ал документти Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет жана аны даярдоого жооптуу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2024-жылдын 23-октябрындагы № 639 токтомдорунун редакциясына ылайык)
546. Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында алар тарабынан иштелип чыккан чечимдердин долбоорлору жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынуучу Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору үчүн ушул главада каралган тартипте жана мөөнөттө макулдашылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун макулдашууда Министрлер Кабинетинин тогуздан кем эмес мүчөсүн сурамжылоону камсыз кылуу талап кылынбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 726 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
547. Президенттин Администрациясына киргизилген Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкүдөй документтердин пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен коштолууга тийиш (кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө):
- долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескөөчү орун басарынын атына жазылган коштоочу каттын түп нускасын. Ошол эле учурда бир коштоочу кат менен актынын бир долбоору киргизилет;
- долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоордун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды;
коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн жайгаштыруу датасы жөнүндө, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси;
финансылык-экономикалык эсептер;
- салыштырма таблица (актка өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда мамлекеттик органдардын корутундулары;
- мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдеттерин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган, анда бардык эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлерди жана сунуштарды көрсөтүү менен, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы жөнүндө белги коюлган жыйынды таблица;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери);
- Министрлер Кабинетинин жыйналышында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакциясына ылайык)
548. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар боюнча актылардын долбоорлоруна жыйынды таблица мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 , 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакциясына ылайык)
549. Ушул Регламенттин 9, 541, 542, 547, 548, 63, 64-пункттарында белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтер компетенциясына Регламенттин талаптарын сактоо маселелери кирген Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз, кайтарып берүүнүн себептерин негиздөө менен кайтарып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
5410. Президенттин Администрациясы мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна жана мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү башка материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун киргизген мамлекеттик орган Президенттин Администрациясында турган долбоордун концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жеткире иштеп чыгууга жана аны чакыртып алууга укуктуу.
Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын, башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн терс корутундулары мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун демилгечисине кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Министрлер Кабинетинин жыйналышында киргизүүгө пландалган мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору боюнча акыркы чечим Министрлер Кабинетинин жыйналышында кабыл алынат.
Жыйналыш өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кароо пландалган, кошумча талкуулоо зарылдыгы келип чыккан мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын сунушунун негизинде Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына чыгарылышы мүмкүн.
Президенттин Администрациясында жеткире иштелип чыккан жана жеткире иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү камтыган актылардын долбоорлору долбоорду иштеп чыккан министрликтин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомствонун жетекчиси менен эки жумуш күндүн ичинде, ал эми ал жок болгон учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен макулдашылууга (виза коюлууга) тийиш.
Макулдашуу жумушчу тартипте актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркылуу же актынын даярдалган долбоорун тиркеп, кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2025-жылдын 3-мартындагы № 110 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5411. Министрликтер, административдик ведомстволор жана компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө, ошондой эле коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык келишимдерди кошпогондо, мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарды кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү аркылуу кабыл алынган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
Кыргыз Республикасына кредиттерди, гранттарды, техникалык жана башка финансылык жардамды берүү жөнүндө, ошондой эле коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 672 токтомунун редакциясына ылайык)
5412. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу талап кылынса, иштеп чыгуучу орган мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу аяктагандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
5413. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлору, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тартипте Ченем жаратуу демилгелеринин реестрине киргизилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусу
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүүнү камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылат.
Мыйзам долбоорлору мыйзам долбоорлоо ишинин жыл сайын бекитилүүчү планына, улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларга, Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү башка мамлекеттик программаларга жана стратегиялык документтерге, Президенттин актыларына, чакырууларына жана тапшырмаларына ылайык иштелип чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча же министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркеп, Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон коштомо кат менен киргизилет.
Коштомо катта мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүүдө министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, башка кызмат адамдарынын атынан мыйзам долбоору боюнча расмий өкүл дайындалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелген болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктарынын толук көлөмү стенограммада жазылган расмий өкүлдүн чыгып сүйлөгөн сөзү Президенттин, Министрлер Кабинетинин каралып жаткан маселе боюнча көз карашы болуп саналарын билдирет. Ыйгарым укуктарынын чектелген көлөмү расмий өкүлдүн талкуулоонун жүрүшүндө мыйзам долбоорлоруна киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен алдын ала макулдашуусун билдирет.
Расмий өкүл мыйзам долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат. Расмий өкүлдөрдү алмаштырууга Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон каттын негизинде гана жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүнү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышат, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылат, башка каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.
Мыйзам долбоорлору, аларды Жогорку Кеңештен чакыртуу жөнүндө каттар, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдардын долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин корутундулары Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы аларга кол коюунун алдында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан визаланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү, мыйзам долбоорлорун кароого катышуу, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, консультацияларды жана кеңешмелерди өткөрүү, керектүү адистерди жиберүү ж.б. аркылуу Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун жылдырууга жана кабыл алууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун жылдыруу жана кабыл алуу боюнча ишке тартуу мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүл жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте кароо үчүн мыйзам долбоору кечиктирилгис катары аныкталышы мүмкүн. Бул учурда мыйзам долбоорунун кечиктирилгис экендиги Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизүүдө коштомо катта көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Мыйзам долбоорлору ушул регламенттин VI главасында жана Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте макулдашууга жатат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзам долбоорлору төмөнкүдөй документтердин пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен коштолууга тийиш (электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө):
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескөөчү орун басарынын атына жазылган, долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган коштоочу каттын түп нускасын. Ошол эле учурда бир коштоочу кат менен бир акттын долбоору киргизилет;
- мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кол коюусуна киргизүү үчүн мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын наамына каттын долбоору;
- долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган мыйзамдын долбоорунун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн маалыматтарды;
коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн жайгаштыруу датасы жөнүндө, эске алынган жана эске алынбаган сын пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат, аларды эсепке албоонун себептеринин негиздемеси;
финансылык-экономикалык эсептер;
мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актылардын тизмеги жана ушул Регламентке тиркелген форма боюнча мыйзам долбоорунан келип чыгуучу уюштуруу иш-чараларынын тизмеги. Мыйзам долбоорун кабыл алуу ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды кабыл алууну же өзгөртүүнү талап кылбаган, ошондой эле уюштуруу иш-чараларын ишке ашыруу талап кылынбаган учурда, бул маалымат мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына киргизилүүгө тийиш.
- салыштырма таблица (актка өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары;
- эске алынган жана эске алынбаган бардык сын пикирлерди жана сунуштарды, ошондой эле долбоор сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз макулдашылгандыгы жөнүндө белгини көрсөтүү менен мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган жыйынды таблица;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- Министрлер Кабинетинин жыйналышында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
- киргизилип жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлору (мыйзамдардын долбоорлорунун пакети).
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
- эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору, корутундунун долбоору менен;
- долбоорду киргизүүчү мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган токтомдун долбоорунун негиздеме-маалымкаты;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186, 2025-жылдын 3-мартындагы № 110 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
64. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук сактагычтарда, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу берилет. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш. Мыйзамдардын долбоорлору мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш. Акттын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тескеген иштеп чыгуучу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153, 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон), экономикалык жана финансылык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлору бирдиктүү пакеттерде түзүлөт жана мезгил-мезгили менен Президенттин Администрациясына тиешелүүлүгүнө жараша Юстиция министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги тарабынан киргизилет.
Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетинин расмий өкүлдөрү болуп Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин жетекчилери жана кызмат адамдары дайындалат.
Расмий өкүл мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетине мыйзам долбоорлорун киргизген мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин Жогорку Кеңеште долбоорлорду сунуштоого жана жылдырууга катышууга тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүү үчүн министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президентке караштуу мамлекеттик органдар Юстиция министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине зарыл болгон документтерди (маалыматтарды) беришет.
Зарыл болгон документтердин (маалыматтардын) тизмеси, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү, ошондой эле мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүүгө тиешелүү башка маселелер тиешелүүлүгүнө жараша Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин чечимдери менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Жогорку Кеңешке берилген мыйзам долбоору аны кароого чейин биринчи окууда Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жеке демилгеси боюнча же министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кол коюлган мыйзам долбоорун чакыртуу жөнүндө катты Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен чакыртылышы мүмкүн.
Мыйзам долбоорлорун чакыртуу жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, башка мамлекеттик органдардын сунуштары мамлекеттик органдары менен макулдашылууга жатпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленгендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу менен Министрлер Кабинети мыйзам чыгаруу ишине катышат.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин расмий корутундусу - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси, ал эми калган учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары кол койгон кат түрүндө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештин ишине
катышуусунун тартиби
69. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналыштарына катышып жана чыгып сүйлөй алышат.
Жогорку Кеңештин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөсү, административдик ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасына, же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына, же Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө маалымдайт.
Жогорку Кеңештин жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Жогорку Кеңешке жыйналышка келип жана коюлган маселелерге жооп бере алган кызмат адамын көрсөтүү менен өзүнүн жок болуусунун себеби жөнүндө алдын ала кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан алардын карамагындагы маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуулар жиберилген Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери тийиштүү комитеттерге алар менен макулдашылган мөөнөттөрдө жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кароонун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн келип түшкөн мыйзам долбоору, эгерде мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Төрагасынын колу менен түшсө, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын жана депутатынын колу менен келип түшкөн мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары же Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери тарабынан корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин билдирүү менен демилгечиге кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларына Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлорун даярдоо министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештен Министрлер Кабинетине расмий корутунду берүү үчүн финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдар менен келип түшкөн мыйзам долбоору 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан корутундунун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, анын ичинде милдеттүү тартипте - Финансы министрлигине, Экономика жана коммерция министрлигине жана Юстиция министрлигине жиберилет, алар мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен өздөрүнүн сунуштарын негизги аткаруучуга жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Негизги аткаруучу мыйзам долбоору келип түшкөн датадан тартып 15 күндүк мөөнөттө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын колу коюлган кат түрүндө таризделген Министрлер Кабинетинин корутундусунун долбоорун даярдоону жана Президенттин Администрациясына берүүнү камсыз кылат.
Корутундуну көрсөтүлгөн мөөнөттө берүүгө мүмкүн болбогондо, негизги аткаруучу Жогорку Кеңеш (комитет, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти) менен мөөнөттү узартууну макулдашат жана Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарын жетишилген макулдашуу жөнүндө маалымдайт.
Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору же кат түрүндө таризделген корутундунун долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашылууга жатпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Министрлер Кабинетинин корутундусун даярдоо жана Жогорку Кеңешке берүүнүн мөөнөтү мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 30 күндү түзөт. Жогорку Кеңеш (комитет, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти) менен макулдашуу боюнча бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын биринчи жетекчилери же болбосо алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан Жогорку Кеңештен келип түшкөн бардык материалдарды, кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштарын тиркөө менен киргизилет.
Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан уюштурулат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана комитеттеринин суроо-талаптары боюнча министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары Жогорку Кеңешке берген материалдардын көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө Президентин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңешке жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, министрге парламенттик суроо-талапка жооптун долбоорун даярдоону алардын тапшырмасы боюнча министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жүзөгө ашырат.
Жогорку Кеңештин Төрагасы кол койгон парламенттик суроо-талапка жооп парламенттик суроо-талапты алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары тарабынан оозеки (Жогорку Кеңештин жыйынында) же жазуу жүзүндө берилет.
Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарларына депутаттык суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жоопту даярдоо жана берүү үчүн жиберилет.
Жооп аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү жетекчиси же анын орун басары тарабынан жазуу жүзүндө, депутаттык суроо-талап Министрлер Кабинетине келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен берилет. Депутаттык суроо-талапка жооптордун көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын алардын карамагындагы маселелер боюнча Министрлер Кабинетине келип түшкөн кайрылуулары Президенттин Администрациясы тарабынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча жоопту даярдоо жана берүү үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жиберилет.
Аталган кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө кайрылуу Министрлер Кабинетине келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө тийиштүү комитеттерге же убактылуу комиссияларга билдирилет. Билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
781. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Министрлер Кабинетине мыйзам долбоорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө мыйзам чыгаруу сунушу мындай сунуштар келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат жана белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
Мыйзам чыгаруу сунушун ишке ашыруунун зарылдыгы жок жана максатка ылайыксыз болгон учурда Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө мыйзам чыгаруу сунушунун демилгечисине Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын орун басарлары кол койгон жүйөлөштүрүлгөн жоопту берет.
Мыйзам чыгаруу сунушун белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкүн болбогон учурда негизги аткаруучу Жогорку Кеңеш (фракция, депутаттык топ, комитет, депутат, б.а. мыйзам чыгаруу сунушунун субъекти) менен мөөнөтүн узартуу маселесин макулдашат жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарына жетишилген макулдашуу жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 186 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Министрлер Кабинетинин сот бийлигинин органдары менен
өз ара мамилелеринин тартиби
79. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши), Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) жана Жогорку соттун төрагалары менен өз ара аракеттенүү менен соттордун ишин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Судьялар кеңешинин төрагасы, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагалары жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору пикир келишпестиктерди четтетүү максатында соттордун ишин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун талкуулоого катышат.
Пикир келишпестиктер болгон учурда Министрлер Кабинети Судьялар кеңешинин, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын сунуштарын республикалык бюджеттин долбооруна киргизет жана өзүнүн корутундусун тиркейт.
81. Конституциялык мыйзамды, мыйзамды, Президенттин Жарлыгын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун толугу менен же жарым-жартылай Конституцияга карама-каршы келет деп таануу жөнүндө же болбосо укуктук жөнгө салуудагы кемчиликти жоюу зарылдыгы келип чыгуучу Конституциялык соттун чечими келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Президенттин Администрациясы тарабынан төмөнкүлөргө жиберилет:
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, Президентке караштуу мамлекеттик органдарга компетенцияларына ылайык аны аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү үчүн;
- Юстиция министрлигине, Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органга 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен сунуштарды берүү үчүн.
Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларды "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөттүн жарымына макулдашууну камсыз кылышат. Эгерде жүйөлүү себептер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу көрсөтүлгөн мөөнөттө мүмкүн болбосо, анда мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү мөөнөттөрү он төрт календардык күндөн көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Конституциялык соттун чечимдеринен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү ушул Регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
811. Конституциялык соттун чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органдар ар айдын 5инчи күнүнөн кечиктирилбестен, Юстиция министрлигине Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат жиберишет. Юстиция министрлиги квартал сайын Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыйынтыгы боюнча Конституциялык сотко маалымат берет.
Юстиция министрлиги координациялоо функциясынын алкагында Президенттин Администрациясына төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
- Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу боюнча ишти жакшыртуу жөнүндө;
- Конституциялык соттун чечимдерин аткарбоо жана талаптагыдай эмес аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызматтык адамдарына карата тартиптик жаза чараларын колдонуу тууралуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Сотко Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына доо же башка талаптар коюлган учурда, Президенттин Администрациясы тийиштүү тапшырманы даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары - Борбор) же министрликтин жетекчисине, административдик ведомствого, аткаруу бийлигинин башка органына сотто Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыгын билдирүү үчүн жиберет.
Келип чыккан талаш-тартышты чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин сотко кайрылуусу зарыл болгон учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же болбосо тапшырмасы менен Борборго же аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына (билдирилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тийиштүү доо же башка талаптарды коюу жана сотто Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын билдирүү тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген ыйгарым укуктарын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларындагы соттук жыйындарда (Конституциялык соттон башка) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат берүү укугу Борбордун директору, ал эми ал жокто - Борбордун директорунун орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Сотто Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүү үчүн ишеним кат Президенттин Администрациясынын штатында турган адамдарга (анын компетенциясына кирген маселелер боюнча гана), министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине же ишке тартылган адвокаттарга берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Министрликтин, административдик ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын Министрлер Кабинетинин соттогу өкүлү болуп саналган жетекчиси соттук чечимдерди даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө Министрлер Кабинетине сотто ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө баяндоого милдеттүү.
Сот тарабынан Министрлер Кабинетине коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан доо жана башка талаптардан тышкары) канааттандырылган учурда, аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү жетекчиси белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө кечиктирбестен баяндайт, соттун чечимине даттануу жөнүндө, ал эми соттун чечими күчүнө киргенден кийин - аны аткаруу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизет.
85. Эгерде соттук процесстин жүрүшүндө кийинкиге калтырууга болбой турган жагдайлар келип чыкпаса, соттор тарабынан Министрлер Кабинетине коюлган Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан доо же башка талаптарды кароонун натыйжалары жөнүндө маалымат отчеттук жарым жыл ичинде каралган бардык иштер боюнча Министрлер Кабинетине январдан жана июлдан кечиктирбестен берилет.
IX. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук
тапшырмалардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруунун
тартиби
86. Министрлер Кабинети Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана анын тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин координациялайт.
87. Президенттин Администрациясы тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүн жана жыйынтыктарын системалуу түрдө карайт жана кемчиликтерди жоюу жана келип чыккан кыйынчылыктарды четтетүү боюнча оперативдүү тартипте чечимдерди кабыл алат, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарын угат жана чечимдерди, тапшырмаларды контролдон алып салуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
88. Республиканы социалдык-экономикалык жана социалдык-маданий өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруу, аналитикалык материалдарды даярдоо, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, тескемелеринин долбоорлорун даярдоо боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын актыларын, токтомдорун, тескемелерин, протоколдук чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну контролдоо боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ишке ашырат.
X. Министрлер Кабинети кабыл алган чечимдерди чечмелөө
(түшүндүрүү)
89. Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен жактырылуучу циркулярдык катты (түшүндүрүү) чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт.
Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) үчүн негиздеме болуп актыларда так эместиктерди, алардын туура эмес же карама-каршы колдонуу практикасынын табылышы эсептелет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору кол коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) менен бирге Юстиция министрлиги жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылууга жатат.
Юстиция министрлиги жана кызыкдар мамлекеттик органдар 3 жумуш күндүн ичинде материалдарды карайт жана өзүнүн сунуштарын киргизет.
Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин долбоору кол коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) жана башка документтер менен бирге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына долбоорду киргизген мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу менен киргизилет.
Тиешелүү тескеменин долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан таризделет жана анын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен чыгарууга даярдалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Президенттин Администрациясынын регламентине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
XI. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартиби
91. Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын кайрылууларын кароону, алар боюнча чечимдерди кабыл алууну жана жоопту мыйзамда белгиленген мөөнөттө жиберүүнү камсыз кылат. Бул максатта Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жарандарды кабыл алуусу жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар менен иштөөсү уюштурулат.
Министрлер Кабинетинде сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароо, ошондой эле жарандарды кабыл алуу "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, тарабынан жарандарды кабыл алуусу тиешелүү график боюнча жуманын белгиленген күндөрүндө жүргүзүлөт.
Жарандарды кабыл алууга жазуу жана уюштуруу Президенттин Администрациясы, министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан камсыз кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Жарандарды кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча чечимдерди аткарууну уюштуруу каралып жаткан маселелер компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин органдарына жүктөлөт.
94. Министрлер Кабинетине келип түшкөн жарандардын жеке жана жамааттык жазуу жүзүндөгү кайрылуулары менен иштөөнү Президенттин Администрациясы уюштурат. Кайрылуу мазмунуна жараша Президенттин Администрациясы тарабынан кароо жана жооп берүү үчүн кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, сотторго жана прокуратура органдарына жиберилет.
95. Президенттин Администрациясы жарандардын каттарынын, арыздарынын жана даттанууларынын эсебин жүргүзөт. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды кабыл алуу жана аталган иште аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө квартал сайын Президенттин Администрациясына жазуу жүзүндө маалымат жөнөтөт.
XII. Министрлер Кабинетине караштуу
координациялык жана кеңешүүчү органдар
96. Координациялык жана кеңешүүчү органдар экономика тармактарын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүн өнүктүрүү менен байланышкан сунуштарды даярдоону, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорун иштеп чыгууну жана алар боюнча пикир келишпестиктерди кароону камсыз кылуу үчүн, ошондой эле Министрлер Кабинетинин айрым тапшырмаларын аткаруу, Министрлер Кабинетинин же ага баш ийген органдардын карамагына кирген маселелерди кароо үчүн Министрлер Кабинетинин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен түзүлөт.
Координациялык жана кеңешүүчү органдардын компетенциясы, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби алар жөнүндө жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
97. Айрым учурларда Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдар маселелери ошол түзүлгөн органдар тарабынан каралууга же чечүүгө тийиш болгон министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен чечимдери менен түзүлүшү мүмкүн.
98. Координациялык жана кеңешүүчү органдар комиссиялар, уюштуруу комитеттери, кеңештер, жумушчу жана эксперттик топтор түрүндө түзүлөт. Координациялык жана кеңешүүчү органдар өкүлчүлүк негизде түзүлөт. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын курамына кайсы маселелерди чечүү үчүн түзүлгөндүгүнө жараша тийиштүү аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлигинин органдарынын, илимий уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын координациялык органдарда кеңешүүчү добуш берүү укугуна ээ өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
99. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет жана мыйзамда башкача каралбаса, сунуштоочу мүнөзгө ээ болот.
Координациялык жана кеңешүүчү органдардын чечимдерин аткаруу чечимдерде чагылдырылган маселелерди чечүү жүктөлгөн органдар тарабынан камсыз кылынат.
100. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу, эгерде алар тууралуу жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде башкача каралбаса, жетекчиси түзүлгөн органдын төрагасы болуп саналган аткаруу бийлигинин органына жүктөлөт.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун негиздеме-маалымкатына тиркеме
“____________________________________”
(долбоордун аталышы)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Мыйзамдын же Кодекстин аталышы (өзгөртүүлөр эки же андан көп актыга киргизилгенде) | Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук акт/ченемдик эмес укуктук акт | Уюштуруу иш- чаралары | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик орган | Тең аткаруучулар | Кошумча маалымат |