Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VI сессиясынын
2025-жылдын 26-февралы №1
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы турак жай имараттардын жана курулмалардын ставкасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-беренесинин 5-пунктчасына, 379-380-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюулган 12.02.2025-жылдагы №37-мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/368 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын 24.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы турак жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн зоналар боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
· Биринчи зонага салык ставкасы - 50 (элүү) сом.
· Экинчи зонага салык ставкасы – 40 (кырк) сом (Тоо Кызыл-Суу үчүн)
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 01.01.2025-жылдан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |