Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезесиз VII сессиясынын
2025-жылдын 17-марты №1
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы турак жай имараттардын жана курулмалардын ставкасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37-беренесинин 3-пунктуна, 379-380-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюулган 12.02.2025-жылдагы №37-мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.01.2025-жылдагы чыг.№01-18/1495 сандуу катын шаардык кеңештин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 26.02.2025-жылдагы кезексиз VI сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы турак жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн салык ставкасы - 50 (элүү) сом болуп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысына 01.01.2025-жылдан тартып салык жыйноодо ушул токтомду колдоого алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |