Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 29-ноябры ПЖ № 331
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2024-жылдын 15-ноябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Баймуратова Кумушай Шакировна;
- Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич;
- Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович;
- Жороев Эльдияр Жолборсбекович;
- Кангелдиев Калыйнур Ратбекович;
- Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич;
- Маматалиев Таалайбек Ажибекович;
- Маматов Куштарбек Иссаевич;
- Нурбеков Алмаз Турусбекович;
- Ормушев Тилек Эмилбекович;
- Уметалиева Чолпонай Маматовна;
- Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич;
- Эсенбаев Адылбек Маматибраимович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |