ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 331 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция29.11.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 29-ноябры ПЖ № 331

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:

1. 2024-жылдын 15-ноябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:

- Баймуратова Кумушай Шакировна;

- Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич;

- Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович;

- Жороев Эльдияр Жолборсбекович;

- Кангелдиев Калыйнур Ратбекович;

- Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич;

- Маматалиев Таалайбек Ажибекович;

- Маматов Куштарбек Иссаевич;

- Нурбеков Алмаз Турусбекович;

- Ормушев Тилек Эмилбекович;

- Уметалиева Чолпонай Маматовна;

- Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич;

- Эсенбаев Адылбек Маматибраимович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров