Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 113 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-декабрындагы № 29 "1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынышы) тууралуу" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо улуттук операторду тандоо шарттарын белгилейт.
3. Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун (мындан ары - улуттук оператор) тандоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
4. Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
тандоонун катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы;
тандоого катышууга өтүнмө - катышуучунун сунушун, ошондой эле тандоонун катышуучуларына коюлуучу талаптарга катышуучунун шайкештигин ырастоочу маалыматты камтыган документтердин пакети.
2-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча негизги шарттар
5. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы улуттук оператор болуп аныкталат.
6. Улуттук оператор катары ишти аткарууга талапкер юридикалык жакты тандоонун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) кайрылуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын бажы жана салык иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы жана салык төлөмдөрү боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу;
2) тиешелүү билимге жана деңиз укугу, кемечилик, логистика же кемелерге техникалык көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбага ээ квалификациялуу персоналдын болушу;
3) компаниянын эл аралык деңиз конвенциялары жана системалары менен интеграцияны камсыз кылуу, анын ичинде эл аралык кемечилик практикасында колдонулуучу техникалык документтерди иштеп чыгуу жана колдоо боюнча милдеттенмеси;
4) компаниянын уставдык капиталынын кеминде 51%ы уюмдаштыруучулар катары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык болушу керек.
3-глава. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия
7. Улуттук операторду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
8. Комиссия төрагадан, төраганын орун басарларынан, мүчөлөрүнөн жана катчылыктан турат. Комиссиянын катчылыгы добуш берүү укугуна ээ эмес.
9. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жооптуу кызматкерлери эсептелет.
10. Комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин жетектейт, комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет жана аларда төрагалык кылат.
11. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төрагасынын орун басарынын бири аткарат.
12. Катчылык жыйналышты даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди аткарат, комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт.
13. Комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) комиссиянын жыйналышын өткөрүү күнүн, жерин жана күн тартибин аныктайт;
3) комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорлорун добушка коёт;
4) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимдерди жарыялайт.
14. Комиссиянын катчылыгы:
1) улуттук операторду тандоо жөнүндө кулактандырууну жарыялайт;
2) улуттук операторду тандоого катышуучулардын өтүнмөлөрүн кабыл алат жана каттайт;
3) жыйналыштын күн тартиби боюнча зарыл болгон документтерди (материалдарды) даярдайт;
4) комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы тууралуу кабарлайт жана аларга жыйналыштын материалдарын жиберет;
5) жыйналыш протоколун жана комиссиянын чечимин даярдайт;
6) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык комиссиянын документтерин жана маалыматтарын эсепке алууну, сактоону камсыз кылат.
15. Комиссиянын төрагасы тандоого катышуучулардын суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду тандоого катышуу өтүнмөсүн даярдоо процессинде электрондук почта аркылуу комиссиянын мүчөлөрүнө алдын ала кабарлоо менен 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен берет.
16. Эгерде комиссиянын жыйналышына анын жалпы курамынын 1/2 бөлүгүнөн ашык мүчөлөрү катышса, анда ал укуктуу болуп саналат.
17. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тандоо өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алууга. Тандоонун катышуучулары тарабынан комиссияга берилген документтер жана маалыматтар купуя болуп саналат;
2) деңиз укугу чөйрөлөрүндөгү эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга.
18. Комиссиянын мүчөлөрүнө жана катчылыгына алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды үчүнчү жактарга, анын ичинде тандоонун башка катышуучуларына берүүгө, же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тандоонун жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
19. Чечим ачык добуш берүү аркылуу жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн санынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
20. Добуштар тең чыккан учурда комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
21. Көпчүлүк добуш менен кабыл алынган чечимге макул болбогон комиссиянын мүчөлөрү чечимге өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө тиркөөгө укуктуу.
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин комиссия жоюлат.
23. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу катчылык тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-глава. Улуттук операторду тандоо тартиби
24. Улуттук операторду тандоо жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтында тандоого катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган күнгө чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
25. Улуттук операторду тандоо жөнүндө кулактандыруу төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
1) өтүнмөлөрдү берүү жери (аталышы, жайгашкан жери, почта дареги, электрондук почтанын дареги жана комиссиянын катчылыгынын байланыш телефондору);
2) өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү;
3) Жобого ылайык тандоону өткөрүү тартиби.
26. Улуттук операторду тандоонун катышуучулары өтүнмөлөрдү ачуу датасына чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен тандоого катышуу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн комиссияга кайрылууга укуктуу. Катышуу жөнүндө түшүндүрмө алууга суроо-талаптар комиссиянын катчысына жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
27. Улуттук операторду тандоонун ар бир катышуучусу бир гана өтүнмө бере алат. Катышууга өтүнмө катышуучу тарабынан кагаз түрүндө чапталган конвертте берилет.
28. Улуттук операторду тандоого катышууга өтүнмө тандоо жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кабыл алынат.
29. Катышуучу берилген өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.
30. Катышуучу берген өтүнмөнүн көчүрмөсүнө комиссиянын катчысы бул өтүнмөнүн номерин көрсөтүү менен өтүнмө берилген күнү жана убакыты жөнүндө белги коёт. Комиссияга берилген өтүнмө, анын берилген күнүн жана так убактысын (саатын жана мүнөтүн) көрсөтүү менен катар номери коюлуп, өтүнмөлөр журналына катталууга тийиш.
31. Улуттук операторду тандоого катышууга өтүнмө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган өтүнмөнү;
- Жобонун 2-тиркемесине ылайык Жобонун 2-главасында белгиленген улуттук операторду тандоо шарттарына катышуучунун шайкештигин ырастаган документтерди.
32. Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү аяктагандан кийин комиссиянын катчысына тапшырылган өтүнмө салынган конверт, аны тапшырган катышуучуга кайтарылат, мында өтүнмөнү кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө белги өтүнмөгө коюлат.
33. Улуттук операторду тандоого катышууга өтүнмө Жобонун 31-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык таризделиши керек.
34. Өтүнмөлөр улуттук операторду тандоо жөнүндө кулактандырууда аныкталган мөөнөттө (убакытта) жана жерде ачылат. Өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү жана өтүнмөлөрдү ачуу датасы дап келиши мүмкүн эмес. Өтүнмөлөрдү ачуу өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн кийинки күнү жүзөгө ашырылышы керек.
35. Улуттук операторду тандоого катышууга өтүнмөлөрдү кароо өтүнмөлөр ачылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
36. Өтүнмөлөрдү кароо өзүнө төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) талап кылынган документтердин толуктугун текшерүү;
2) белгиленген талаптарга шайкештиги;
3) жеңүүчүнү аныктоо.
37. Комиссия улуттук операторду тандоого катышуучуну төмөнкү учурларда катышуудан четке кагат:
1) катышуучу курамы (мазмуну) жана (же) формасы боюнча талаптарга шайкеш келбеген тандоого катышууга өтүнмөнү бергенде;
2) документтердин факсимилдик көчүрмөлөрү берилсе;
3) катышуучуга карата банкроттук, жоюу же кайра уюштуруу жол-жоболору өткөрүлүп жатса;
4) катышуучуга карата кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жатса.
38. Улуттук операторду тандоонун жеңүүчүсү Жобого ылайык улуттук операторго карата коюлуучу талаптарга өзүнүн шайкештигин ырастаган катышуучулардын арасынан комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү жолу менен аныкталат.
39. Эгерде өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан бир да өтүнмө белгиленген талаптарга шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, анда улуттук операторду тандоо болбой калды деп таанылат.
40. Өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан улуттук операторду тандоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол менен таризделүүчү чечим кабыл алынат.
41. Комиссия жыйынтыктар жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына аны жарыялоо жолу менен катышуучуларга кабарлайт.
42. Улуттук операторду тандоонун жыйынтыктары жөнүндө кулактандырууда улуттук операторду тандоодо жеңип чыккан уюмдун аталышы же улуттук операторду тандоо болбой калды деп жарыялоо тууралуу чечим, ошол чечимди негиздөө менен көрсөтүлөт.
5-глава. Улуттук оператордун милдеттери
43. Улуттук оператор:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды тартпастан, өзүнүн финансылык каражаттарынын эсебинен иш жүргүзөт;
2) улуттук оператор дайындалган күндөн кийин 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен өз ара аракеттенүү жөнүндө келишим түзөт, анда деңиз каттоосунун улуттук операторунун ишинин бардык шарттары, анын ичинде мамлекеттин долбоорго катышуу тартиби жана кемелерди каттоодон түшкөн жыйымдардын үлүшү чагылдырылат;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен мыйзамдарда белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, анын ичинде каттоо жыйымдарын, сертификаттарды же башка документтерди берүү үчүн төлөмдөрдү макулдашат.
44. Улуттук оператор өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечимин күчүн жоготту деп таануу тууралуу маселени демилгелөөгө укуктуу.
|
| Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Катышуучунун фирмалык бланкы
20___-жылдын "___" __________ № _____
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоого катышууга ӨТҮНМӨ
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторуна коюлган талаптар менен таанышып,
_____________________________________________________________________________________ (катышуучу уюмдун толук аталышы)
_____________________________________________________________________________________
эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдардын талаптарына жооп берген деңиз транспорту чөйрөсүндөгү башкаруу системасын киргизүүгө, башка функцияларды аткарууга, ошондой эле
_____________________________________________________________________________________ (катышуучу уюмдун толук аталышы)
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоонун жеңүүчүсү деп таанылган учурда Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык талаптарды аткарууга милдеттенет.
2025-жылдын "___" ____________ (өтүнмө берилген айга чейинки айдын 1ине) карата абал боюнча уюм кайра уюштуруу, жоюу же банкроттук процессинде эмес, чарбалык ишин жүргүзүүгө чектөөлөр жок экенин жана кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жүргүзүлбөгөнүн ырастайбыз.
Көрсөтүлгөн бардык маалыматтардын, ошондой эле тапшырылган документтердин аныктыгын ырастайм.
Датасы: 2025-жылдын ______________ айынын _________ күнү
Аты-жөнү ___________________________________________________________________________
Колу _______________________________________________________________________________
Кызмат орду ________________________________________________________________________
(катышуучу уюмдун жетекчиси же ишеним кат берилген жак, номери жана берилген күнү көрсөтүлөт)
|
| Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын деңиз каттоосунун улуттук операторун тандоонун катышуучуларына коюлуучу ТАЛАПТАР
Талаптар | Ырастоочу документтер |
Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы | 1) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; 2) устав же жобо; 3) уюмдаштыруу келишими (бар болсо); 4) юридикалык жактын аткаруу органын (биринчи жетекчисинин) шайлоо/дайындоо тууралуу протокол/чечим |
Туруктуу финансылык абал | Финансылык операциялар жөнүндө маалымат |
Деңиз каттоосу боюнча ишти жүргүзүү үчүн жетиштүү санда штаттык кызматкерлердин болуусу | Тийиштүү түзүмдүк бөлүмдүн бар экендиги тууралуу документтердин көчүрмөлөрү жана эмгек келишимдеринин көчүрмөлөрү |
Зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстардын болуусу | Кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларынын же сатып алуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жабдуулардын жана ресурстардын тизмеси |
Камсыздандыруу төгүмдөрү, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу | Камсыздандыруу төгүмдөрү, салык жана бажы төлөмдөрү боюнча маалымкаттын болуусу |