ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 2877-VII «Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө» токтому

Редакция06.03.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 6-марты № 2877-VII

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин

долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 25-апрелиндеги чыг. № 18-3525) Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоору экинчи окуунун жол-жобосуна кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн кодекстин долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. “Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 2684-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

 

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев