Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-марты № 54
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын
Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Суу мотоцикли (гидроцикл) - ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар, жогорку ылдамдыктагы жеке суу транспорт каражаты.
Асма мотор - кеменин арт жагында жайгашкан, негизинен чакан кемелерде (ялдарда, сейилдөөчү кайыктарда, туристтик кемелерде, скутерлерде) башкы кыймылдаткыч катары орнотууга арналган, кемеден обочолонуп өз алдынча турган винттүү моторлуу түзүлүш.
Эки такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын бир айлануусунда, башкача айтканда, поршендин эки жүрүшүндө аткарылат.
Жасалма кыймылдаткыч - кол эмгегин пайдалануу менен жасалган жана тиешелүү сертификаты же болбосо документи жок кыймылдаткыч.
Төрт такттуу кыймылдаткыч - ичинен күйүүчү поршендүү кыймылдаткыч, мында ар бир цилиндрдеги иш процесси муунактуу валдын эки айлануусунда, башкача айтканда, поршендин төрт жүрүшүндө (тактында) аткарылат.»;
2) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу бөлүктөр менен толукталсын:
«Ысык-Көл көлүнүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көл көлүнүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилет.
Куткаруу иштеринде жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды өткөрүүдө гидроциклдерди пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт.
Төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2133-берене менен толукталсын:
«2133-берене. Ысык-Көл көлүнүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу боюнча талаптарды бузуу -
жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса -
жеке жактарга - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 457-берене «203-213,» деген цифралардан кийин «2133,» деген цифралар менен толукталсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 20 (3676) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 13-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |