Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521, 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин тартибин, ошондой эле Департаменттин укуктук статусун, милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, аскер кызматчыларынын статусун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөөнү белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Кызмат) төрагасынын буйруктарын жана Кызматтын ички ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.
3. Департамент Кызматтын ведомстволук түзүмү болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы боюнча - мекеме.
Департамент юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, Күжүрмөн Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылган эсеби бар.
4. Департамент өз ишин Кызматтын төрагасынын жетекчилиги жана координациясы алдында жүргүзөт жана ага жүктөлгөн милдеттерди Кызматтын башкармалыктары, түзөтүү мекемелеринин администрациялары, Кыргыз Республикасынын соттору, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн субъекттери менен өз ара аракеттенүү менен, ал эми аскердик жана өзгөчө абалдар жарыяланганда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарат.
5. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Департамент охраны и конвоирования Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККД";
- расмий тилде: "ДОК".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720021, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94.
2-глава. Негизги милдеттери жана функциялары
7. Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кызматтын түзөтүү мекемелерин, борбордук аппаратын жана бейтапканасын кайтаруу;
2) компетенциясынын чегинде соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди аткарууда экстрадициялоо;
3) коомдук коопсуздукту жана өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына көмөктөшүү;
4) соттолгондорду дарылануу мезгилинде саламаттык сактоо мекемелеринде, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына карабастан, конвой менен коштоо жана кайтаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча өздүк курамды күжүрмөн даярдыкта кармоо;
2) түзөтүү мекемелерин жана режимдик объекттерди кайтарууну камсыздоо;
3) соттолгондорго жана камакка алынган адамдарга тыюу салынган предметтерди өткөрүп берүүнү жана аларды режимдик объекттердин аймагына ыргытуу аракеттерин алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды колдонуу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды Бишкек шаарында жайгашкан түзөтүү мекемелерине, тергөө изоляторлоруна жана сотторго, алардын көчмө сессиялары болгон жерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерди аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда конвой менен коштоо;
5) өз компетенциясынын чегинде башка укук коргоо органдары менен бирге өз ара аракеттенүүдө ыкчам-издөө ишин уюштуруу, жүзөгө ашыруу жана алгачкы териштирүүнү жүргүзүү;
6) массалык эпидемиялардын жана эпизоотиялардын шарттарында карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, массалык кыйратуучу куралды колдонуунун, ири өрттөрдүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда түзөтүү мекемелеринде тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоого катышуу;
7) түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун, ошондой эле камакка алынган адамдардын аба, темир жол же автомобиль транспортунда коштоп жүрүүдө, сот мекемелеринде массалык баш ийбөөчүлүгүнө жана баш аламандыгына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
8) жаза аткаруу системасынын ишине тийиштүү Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
9) экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүчү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү (бирге) боюнча чараларды көрүү;
10) түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо маселелери боюнча чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын сот органдарынын жана Кызматтын соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды тергөө изоляторлорунан сотторго коштоп жүрүү маселелери боюнча өтүнмөлөрүн кароо жана аткаруу;
12) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү кызыкчылыктарында өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
13) Департаментти байланыштын бардык түрлөрү, байланыштын жана автоматташтыруунун каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;
14) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыздоо;
15) Департамент үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
16) согуштук, оорук, техникалык, материалдык, финансылык, медициналык, маалыматтык, моралдык-психологиялык жана камсыздоонун башка түрлөрүн уюштуруу, ошондой эле оңдоо иштерин, чарбалык жана башка ишти жүргүзүү, казармалык-турак жай фондун күтүү жана эксплуатациялоо;
17) Департаментте курал-жаракты, согуштук жана атайын техниканы, материалдык-техникалык жана атайын каражаттарды колдонууну пландоо жана уюштуруу, ошондой эле аларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте сатып алуу;
18) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча өндүрүшү Департаменттин компетенциясына кирген иштер боюнча бузууларды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу боюнча ишти уюштуруу жана жүргүзүү;
19) Департаменттин бирдиктүү маалыматтык саясатын түзүү, Департаменттин кызматтык-күжүрмөн иши жөнүндө коомчулукка маалымдоо, басма ишин уюштуруу жана жүргүзүү;
20) Департаменттин аскер кызматчыларын жана кызматчыларын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн социалдык жана укуктук коргоону аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана камсыздоо;
21) илимий, окуу материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;
22) санариптик технологияларды, электрондук башкарууну жана документ жүгүртүүнү ишке киргизүү;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашыруу.
Департаменттин аскер кызматчыларынын ушул пункттун 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими менен жүргүзүлөт.
9. Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо боюнча милдеттерди аткаруучу Департаменттин аскер кызматчылары белгиленген ченемдерге ылайык зарыл болгон атайын каражаттар, курал-жарак, байланыш каражаттары жана атайын коргоо каражаттары, согуштук жана атайын техника менен камсыздалат.
3-глава. Департаменттин укуктары
10. Негизги милдеттерди аткаруу жана функцияларды ишке ашыруу максатында Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер комиссариаттарына аскерге чакырылгандарды тандап алууга;
2) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык анын карамагына кирген иштер боюнча алгачкы териштирүүнү жүргүзүүгө;
3) түзөтүү мекемелерине кирген жана чыккан транспорт каражаттарына, товарларга, жүктөргө толук кароо жүргүзүүгө жана бардык адамдарга тыюу салынган буюмдарга карата тинтүү жүргүзүүгө;
4) тыюу салынган буюмдарды жана предметтерди белгиленген тартипте алып коюуга жана аларды тийиштүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берүүгө;
5) аскер кызматчыларынын, кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана Департаменттин инфраструктура объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө;
6) жаза аткаруу системасында кайтаруу жана конвой менен коштоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
7) мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди алууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда мүлккө, өз алдынча баланска ээ болууга.
Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
11. Департаменттин аскер кызматчыларына төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) кара күчтү, куралды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонууга;
2) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана юридикалык жактардын көмөктөшүүсү үчүн кайрылууга;
3) эгерде алар конвойдон качып кеткен деп шектелсе, издөө чараларын жүргүзүүдө жарандардын инсандыгын ырастоочу документтерин текшерүүгө жана инсандыгын ырастоо үчүн тергөө органдарына жеткирүүгө;
4) мыйзамда соттун чечимин алуу каралган учурларды кошпогондо, камактан качып кетти деп шектелген адамдарды куугунтуктоо үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жайларына кирүүгө;
5) өзгөчө шарттарда жогоруда аталган адамдарды кармоо максатында куугунтуктоону уюштуруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын байланыш, транспорт каражаттарын (атайын жана дипломатиялык транспорттон тышкары) пайдаланууга.
12. Түзөтүү мекемелеринин аймагында өзгөчө шарттар же башка кырдаалдар келип чыккан учурда Департаменттин бөлүмдөрү, кароолдору жана наряддары Департаменттин жетекчилигинин чечими боюнча түзөтүү мекемелеринин администрациясы жана Кызматтын бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү менен чараларды көрөт.
13. Атайын каражаттардын тизмеги жана аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кызматтын төрагасынын орун басары болуп саналган башчы жетектейт, ал Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Департаменттин башчысынын сунушу боюнча Кызматтын төрагасынын чечими менен кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин башчысынын орун басарлары болот, анын ичинде бирөө биринчи орун басар, ал штабдын башчысы болуп саналат.
15. Башчы жок болгон учурда анын милдеттерин башчынын биринчи орун басары - штабдын башчысы аткарат, ал эми ал өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда башчынын буйругу менен башчынын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
16. Департаменттин уюштуруучулук түзүмү Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.
17. Башчынын орун басарлары Департаменттин башчысына баш ийет. Алар иш чөйрөсүндө тапшырылган милдеттерди чечүү жана аларга түздөн-түз баш ийген бөлүмдөрдүн кызматтык-күжүрмөн ишин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Башчынын орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет.
18. Башчы Департаменттин бардык өздүк курамын жана бөлүмдөрүн башкарат, Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, ушул Жобого, Кызматтын буйруктарына жана Кызматтын ведомстволук ички актыларына ылайык жеке башчылык негизде жүргүзөт.
19. Башчы:
1) Департаменттин ишин уюштурат жана ага жалпы жетекчиликти жүргүзөт, Департаменттин иш регламентин аныктайт;
2) борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
3) орун басарларынын жана Департаменттин башка кызматтык адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
4) республикалык бюджеттен Департаментке бөлүнүүчү каражаттарды, анын ичинде эл аралык гранттардан жана техникалык жардамдардан, ошондой эле эл аралык программалардан алынуучу каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп саналат;
5) Департаменттин аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин чектүү штаттык санын белгилөө жөнүндө сунуштарды Кызматтын төрагасына андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштоо жана бекитүү үчүн берет;
6) Кызматтын төрагасына уюштуруучулук-штаттык түзүмдү бекитүү боюнча сунуштарды киргизет;
7) Департаменттин куралдануусуна жана камсыздалышына кабыл алынган курал-жарактардын, согуштук жана атайын техниканын, атайын жана материалдык-техникалык каражаттардын штаттарынын табелдерин бекитет;
8) Департаменттин ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ал эми зарыл болгон учурда - башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
9) Департаменттин кызматтык ишин аткаруунун же жүзөгө ашыруунун тартибин жана ыкмасын белгилеген документтерди, эрежелерди, нускамаларды жана колдонмолорду бекитет;
10) Кызматтын төрагасы бекиткен номенклатурага ылайык Департаменттин аскер кызматчыларын жана кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
11) Кызматтын төрагасы бекиткен номенклатурага ылайык белгиленген тартипте алгачкы жана кезектеги аскердик наамдарды, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда берилген наамдарды ыйгарат;
12) Департаменттин иштөө тартибин аныктайт;
13) Департаменттин кадрдык ишин уюштуруу тартибин жана принциптерин белгилейт;
14) негизги каражаттарды мыйзамдарга ылайык Департаменттин балансындагы эсептен чыгарат;
15) өздүк курам үчүн материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү жана зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүүнү камсыздайт;
16) өзүнө баш ийген кызматкерлерге карата эмгек мыйзамдарында, ал эми аскер кызматчыларына карата - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматынын уставында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставында аныкталган өлчөмдө ыйгарым укуктарды колдонот;
17) Департаменттин атынан чыгат жана анын мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, ошондой эле эл аралык уюмдарда, чектеш жана башка мамлекеттердин укук коргоо жана аскердик органдарында Департаменттин атынан чыгат;
18) эл аралык аскердик, аскердик-техникалык кызматташтык жаатында Департаменттин ишин жетектейт;
19) Департаменттин аскер кызматчыларын жана кызматчыларын, ошондой эле Департаменттин алдындагы милдеттерди чечүүгө көмөктөшкөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Кызматтын төрагасына сунуштарды киргизет;
191) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген аскер кызматчыларынын аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;
20) Кызматтык-күжүрмөн иштердеги мыкты ийгиликтери, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн аскер кызматчыларын, ошондой эле Департаменттин ишине кошкон жеке салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн Департаменттин сыйлыктарын (медалдарын), төш белгилерин жана аскердик белгилерин уюштурат;
21) Департаменттин сыйлыктары жана алардын сыпаттамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
22) Кызматтын төрагасына жаза аткаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
24) Департаменттин борбордук аппаратында жана бөлүмдөрүндө айгай сигналдары боюнча чогулууну жарыялайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Материалдык-техникалык каражаттар жана каржылоо
20. Департаментке мүлк (материалдык-техникалык каражаттар) ыкчам башкаруу укугу менен бекитилет.
Департаменттин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өзүнө бекитилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
21. Департамент материалдык-техникалык ресурстарды, азык-түлүк менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ченемдер боюнча камсыз кылынат.
22. Департамент учурдагы ченемдер боюнча курал-жарак, ок-дарылар, инженердик жана химиялык мүлк, согуштук жана атайын техника, аппаратура, кайтаруунун техникалык каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат.
23. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен өзүнчө сап менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Департамент ага жүктөлгөн функцияларды жүргүзүүдө өзүнүн ишинин финансылык, бухгалтердик, статистикалык, ыкчам жана башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчетторду берет.
25. Департаменттин бөлүмдөрүн батирге жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча жүргүзүлөт.
Түзөтүү мекемелерин кайтаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн бөлүмдөргө Департаменттин бөлүмдөрү тарабынан кайтарылуучу объекттер мекемелердин эсебинен өздүк курамды жана башкаруу органдарын жайгаштыруу үчүн аскер шаарчалар, имараттар жана курулмалар бөлүнөт.
26. Департамент командалык, коменданттык-диспетчердик, алмашуучу жана өткөрүп берүүчү пункттарды, окуу полигондорун, бута атмаларды, аткыч тирлерди, кызматтык багыттагы иттерди кармоо боюнча питомниктерди жана башка окуу объекттерин жабдуу үчүн жер участокторун Департаменттин бөлүмдөрүнө бөлүп берүү маселелери боюнча Кызматтын төрагасына сунуштарды киргизет.
27. Департаменттин аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген үлгүдөгү форма кийимдерин киет.
28. Департаменттин аскер кызматчылары оорунун мүнөзүнө, медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүнө жана ыкчам-кызматтык жагдайга жараша жаза аткаруу системасынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине дарыланууга кабыл алынат.
29. Департаменттин аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Корутунду жоболор
30. Департаменттин иши ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.