Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасынын уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 158-беренесине, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (мындан ары - ЖАМК) түздөн-түз баш ийүүсүндө турат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти жана координацияны ишке ашырат.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Келечек" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Келечек" Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
5. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
6. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банктарында, башка финансы-кредиттик мекемелеринде жана чет өлкөлөрдө эсептери (анын ичинде алыш-бериш жана валюталык), мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишкердик ишти жүргүзөт жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
8. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен киргизилет.
9. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 281а.
2-глава. Ишкананын ишинин максаттары жана милдеттери
10. Ишкана Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын киреше алып келүүчү ишин жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, соттолгондорго жаза өтөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соттолгондорду эмгекке тартуу максатында түзүлгөн.
11. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- соттолгондорду иш менен камсыз кылуу;
- өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу;
- продукцияны жана товарларды сатуу;
- тооруктарды өткөрүү, тооруктарга чыгарылган товарлар боюнча суроо-талапты жана сунуштарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана аларга катышуу;
- функциялык милдеттерди чечүү үчүн түз инвестицияларды тартуу;
- мыйзамдардын алкагында башка ишкердик ишти жүргүзүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
12. Ишкана ушул Устав менен аныкталган максаттарга жетүү жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте соода бюллетенди, маалымдамаларды, ошондой эле башка маалыматтык жана жарнамалык басылмаларды чыгарууга;
- белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, ошондой эле милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан кандай болбосун юридикалык жактар, ошондой эле жарандар менен Ишкананын ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык, берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу үчүн жана башка максаттарда тараптардын макулдашуусу боюнча акы төлөө менен адистерди тартууга;
- Ишкананын милдеттерин аткарган адамдарды иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- эмгек жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жарандарды, анын ичинде соттолгондорду мыйзамдарда белгиленген тартипте Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн тартууга;
- өндүрүштүк, соода-сатып алуу иштери, товарларды экспорттоо жана импорттоо менен алектенүүгө;
- уставдык милдеттерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк участокторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- коммерциялык негизде улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валюталарда алынган кредиттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга;
- жарнама берүүчү катары чыгууга;
- көрсөткөн кызматтары үчүн сый акы алууга.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка укуктарга ээ.
13. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставдык ишти камсыз кылуу үчүн түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү, ошондой эле алар үчүн эмгектин коопсуз шарттары менен камсыз кылууга, алардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- салык жана башка органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана чегерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбеген, ушул Уставда каралбаган башка милдеттерге ээ.
4-глава. Ишкананы башкаруу
14. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, ЖАМКнын төрагасы тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Директор үч жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга жана милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ЖАМК менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
15. Ишкананын директору Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт, келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугун пайдаланат, белгиленген тартипте Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет.
Директор ЖАМК менен биргеликте Ишкананын өндүрүш ишин пландоону, талдоону ишке ашырат жана Ишкананын өндүрүш ишинен түшкөн таза кирешени чыгымдоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт, ошондой эле өндүрүштүк зарылчылык болгон учурда Ишкананын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
151. Ишкананын директору коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкананын директору соттордо мүлктүн менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого, башка уюмдар, ишканалар, ошондой эле ижарачылар менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамиле түзүүгө укуктуу.
17. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
18. Ишкананын штаттык түзүмү жана штаттык расписаниеси Ишкананын директору тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.
19. Ишкананын ишинин ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн анын алдында байкоочу кеңеш түзүлөт, мында анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси жарандык сектордун өкүлдөрү болуп саналат. Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо ЖАМКнын буйругу менен бекитилет.
20. Ишкананын ишин текшерүү зарыл болгон учурда ЖАМК Ишкананын ишине аудит жүргүзүүнү, Ишкананын материалдык-техникалык каражаттарын ревизиялоону, чыгарылуучу продукцияга лабораториялык жана башка сыноолорду, текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, таанышуу максатында жайларды жана өндүрүштүк участокторду кароону демилгелөөгө укуктуу.
5-глава. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
21. Ишкана өзүнүн ишин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана соттолгондор үчүн жумуш орундарынын жетиштүү санын түзүү зарылдыгын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгарылуучу продукциянын түрлөрүнө, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талаптарын эске алуу менен өнүктүрүүнүн келечегин аныктайт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана ЖАМК тарабынан бекитилет.
22. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
23. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин башка кандай болбосун шарттарын эркин тандайт.
24. Ишкана өзүнүн ишинин натыйжаларын бухгалтердик эсепке алууну ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
25. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат.
26. Ишкананын башкы бухгалтери ишке Ишкананын директору тарабынан дайындалат, түздөн-түз директорго баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
27. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары жана ЖАМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
28. Ишкана ага өткөрүп берилген мүлккө карата өзүнүн ишинин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык ушул Уставда аныкталган шарттарда жана тартипте чарба жүргүзүү укугун пайдаланат.
Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укуксуз.
Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон калган мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары өз алдынча тескейт.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Мүлктү түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- эл аралык донорлордун жана коммерциялык эмес уюмдардын каражаттары;
- уюмдардын, ишканалардын жана жарандардын кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
31. Ишкананын ишинен алынган бардык каражаттар милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Ишкананын тескөөсүнө түшөт жана жаза аткаруу системасынын мекемелеринин өндүрүштүк ишин өнүктүрүү, ошондой эле соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу үчүн пайдаланылат.
7-глава. Ишкананын ишинде уюштуруучунун компетенциясы
32. Ишкананын ишинде уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) Ишкананы менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) Ишкананын жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананын өткөрүп берүү актысын же бөлүштүрүү балансын бекитүү;
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
8-глава. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясы
33. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) белгиленген тартипте дайындоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары көрсөтүү үчүн Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди башкаруучу органга киргизүү;
9) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү;
11) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү жана стратегиялык өнүктүрүү планы үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
12) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына баруу;
13) Ишкананын отчетторун угуу;
14) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүү;
15) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
16) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө жана илгерилетүү;
17) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан укук бузуулардын ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
18) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо;
19) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүү.
9-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
34. Ишкананын ишинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
10-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
35. Ишкана бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим атаандаштык тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
36. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
37. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде.
38. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
39. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.