Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасынын уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлктүн чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу) болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - башкаруу органы) эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Механизациялапггырылган кечмө колонна" мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: Государственное предприятие "Передвижная механизированная колонна" Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
6. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "МКК" МИ;
2) расмий тилде: ГП "ПМК".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жарандык мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен мөөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга, логотип, эмблема түрүндөгү атрибуттарга да ээ болушу мүмкүн.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Молдовановка айылы.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын башка ведомстволорунда, уюмдарында жана мекемелеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштурууну, долбоордук-сметалык документтерди аткарууну жүзөгө ашырат.
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу;
2) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын инфраструктурасынын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткан объекттерин оң техникалык абалда күтүү.
14. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу;
3) өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу;
4) продукттарды жана товарларды сатуу.
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш аянттарын жана курулуш объекттерин даярдоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринде, ошондой эле башка ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин объекттеринде куруучу, подрядчы катары куруу-монтаждоо, ондоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын тизмегинде каралган өндүрүштүк, турак жай-коммуналдык жаңы кубаттуулуктарды жана башка багыттагы капиталдык оңдоо иштери аяктаган объекттерди Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга киргизүү жана эксплуатациялоочу уюмдарга жана мекемелерге өткөрүп берүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
2) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте рыноктун конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын, демөөрчүлүк жардамдарын жана каражаттарын тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүгө;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
7) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
8) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө кызматтык зарылдыкка байланыштуу жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
10) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
11) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
12) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага тиешелүү болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана материалдык баалуулуктарды жарандык мыйзамдарга ылайык менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө.
17. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) өздүк каражаттардын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын саламаттыгына, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык милдеттүү камсыздандырууну камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчётторун, статистикалык маалыматтарын өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү салык салуу жана социалдык чегерүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) аткарылып жаткан иштин сапатын жана курулуш объекттерин эксплуатациялоого берүүнүн мөөнөттөрүн камсыз кылууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана колдонуудан пайда табууга;
10) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу, изилдөө жана реконструкциялоо иштерин аткарууга;
11) белгиленген тартипте башкаруу органына объекттерди Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого тийиш болгон объекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
19. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген келишимдердин предметин тандоодо, чарбалык өз ара мамилелердин милдеттенмелерин, ар кандай шарттарын аныктоодо эркин.
21. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
22. Ишкана квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде бар болсо);
2) башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
23. Ишкана финансылык-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана башкаруу органы тарабынан бекитилет.
24. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоо;
2) тармакты жана рынокту сыпаттоо, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
5) уюштуруу планы;
6) финансылык план;
7) тобокелдиктерди талдоо.
25. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде өткөн жылдагы Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту берет.
26. Ишкананын тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
27. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү колдонуунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттик менчик болуп саналган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген мүлккө чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
28. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) ага бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, кредиттер;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
29. Өздүк финансылык-чарбалык иштен алынган кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
30. Жылдык финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары боюнча алынган таза кирешесин Ишкана толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшайт.
31. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө колдонулушу мүмкүн:
1) соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга;
2) чарбалык-финансылык ишти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
3) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык иш-чараларды өткөрүүгө.
32. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
6-глава. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясы
34. Ишкананын ишиндеги уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананы өткөрүү актысын же бөлүү балансын бекитүү;
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
7-глава. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясы
35. Ишкананын ишиндеги башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) жылдык бюджеттин долбоорун макулдашуу;
5) финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) директордун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) белгиленген тартипте дайындоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин сунуштоо үчүн директордун кызмат ордуна талапкерлерди башкаруу органына киргизүү;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүү;
11) финансылык-чарбалык иш жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
12) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүү;
13) отчетторду угуу;
14) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чараны колдонуу жана аны сыйлоо жөнүндө сунушту киргизүү;
15) башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
16) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө жана илгерилетүү;
17) ага белгилүү болгон Ишкананын директорунун жана кызматкерлеринин укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
18) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган иш жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо;
19) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүү.
8-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) түзүмдү жана штаттык расписаниени макулдашуу;
3) жылдык бюджетти, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү;
4) финансылык-чарбалык ишти талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) директордун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) директордун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) директорго жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча директорду кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү;
9) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча директорунун сунушу боюнча директордун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) директор жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
9-глава. Ишкананын аткаруу органы
37. Директор Ишкананын аткаруу органы болуп саналат.
38. Директор Ишкананын директорунун кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга шайкеш келген талапкерлердин ичинен башкаруу органынын төрагасы тарабынан сунушталган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
39. Кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
40. Директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишинде жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
41.Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) учурдагы финансылык-чарбалык ишти башкаруу;
2) стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
3) алдыдагы жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) финансылык-чарбалык иш жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу.
42. Директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын ушул Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
43. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын отчетторун, финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) кызматкерлердин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлеринин укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
51) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Директордун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
45. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
46. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
47. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары директордун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
48. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарына жүктөлөт.
49. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
10-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
50. Жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кирет:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
51. Жетектөөчү курамга кирген адамдар өз укуктарын жүргүзүүдө жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
52. Жетектөөчү курамга төмөнкүлөр кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ болгондор, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызматынан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик ишти жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
11-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
53. Ишкана бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурулат.
Бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Кайра уюштуруу жөнүндө чечим атаандаштык тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
54. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
55. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде.
56. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
57. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.