Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемесинин уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемесинин (мындан ары - Мекеме) ишин, Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объектилерин (имараттарын, курулмаларын жана алардын комплекстерин, коммуникацияларын) өзгөртүү (кеңейтүү, модернизациялоо, реконструкциялоо, реставрациялоо, капиталдык оңдоо) жана (же) жаңыларын куруу, ошондой эле курулуш, монтаждоо, атайын жана башка жумуштарды аткаруу менен байланышкан милдеттерди пландоодо жана ишке ашырууда Мекеменин негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин регламенттейт.
2. Мекеме өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик-техникалык документтерин жана методикалык көрсөтмөлөрүн жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Мекеме юридикалык жак болуп саналат жана мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштейт. Мекеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) карамагында турат. Уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасында курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү маселелери боюнча ЖАМКтын бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери менен өз ара аракеттенет, белгиленген тартипте келишимдерди түзөт, Мекеменин максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
5. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Курулуш объекттеринин дирекциясы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Дирекция строящихся объектов" Государственной службы исполнения наказаний при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Мекеменин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ЖАМК КОД" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "ДСО ГСИН".
6. Юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.
7. Мекеменин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылуучу эсептери болот.
2-глава. Максаты, негизги милдеттери жана функциялары
8. Мекеменин максаты Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттеринин курулушун камсыз кылуу, анын ичинде негизги фонддорду, эмгектик, материалдык ресурстарды, капиталдык салымдарды пайдаланууну жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди аткаруу болуп саналат.
9. Мекеме төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
1) даярдоо стадиясында:
- курулуш аянтын тандоо;
- бардык зарыл болгон уруксат берүүчү документтерди жана макулдашууларды алуу;
- долбоорлоочуларды, подрядчыларды, өндүрүүчүлөрдү жана жабдууларды жеткирүүчүлөрдү алдын ала тандоо;
2) ишке ашыруу стадиясында:
- курулуш аянтын даярдоо;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, курулушта кызматтарды көрсөтүү боюнча аткаруучуларды тандоо жана келишимдерди түзүү;
- подряд келишиминде каралган материалдык жана башка ресурстарды берүү;
- жумуштардын, колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын контролдоо;
- аткарылган иштерди кабыл алуу;
- жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында төлөө;
- объектти эксплуатацияга берүү;
- объекттерди менчик ээсине же эксплуатациялоочу уюмдарга өткөрүп берүү.
10. Милдеттерди аткаруу үчүн Мекеме төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
- ЖАМКтын имараттарына жана мекемелерине курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкештигине мониторинг жүргүзүү;
- белгиленген тартипте долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү, изилдөө иштерин, ал эми зарыл болгон учурда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш подрядынын келишиминин шарттарын макулдашуу жана аны түзүү;
- иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерди подрядчыга өткөрүп берүү;
- ишти аткаруу графигин бекитүү жана контролдоо;
- курулуш мезгилинде подрядчыны электр энергиясы, газ, суу менен өндүрүш иштеринин долбооруна ылайык болгон булактардан камсыз кылуу;
- инженердик тармактардан ажыратуу, жабдууларды, механизмдерди жана түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча иштерди уюштуруу;
- курулуштун катышуучулары менен курулуш подрядынын келишимдерин түзүүнүн жана аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу;
- ишке киргизүү иштерин уюштуруу;
- курулушту, иштин көлөмүнүн, наркынын жана сапатынын долбоорлорго, сметалык эсептөөлөргө жана келишимдик бааларга, бул жумуштарды аткаруу жана кабыл алуу боюнча курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкештигин белгиленген тартипте техникалык көзөмөлдөө;
- подрядчы тарабынан мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын көрсөтмөлөрүнүн жана автордук көзөмөлдүн, шефмонтаждык уюмдардын курулуштун коопсуз методдору боюнча талаптарынын аткарылышын, жумуштардын жана колдонулган курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатын контролдоо;
- подряддык келишимдин шарттарына ылайык аяктаган иштерди подрядчыдан кабыл алуу;
- ЖАМКтын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча курулушту убактылуу токтотуу жана объектти консервациялоо боюнча чечим кабыл алуу, консервациялоо боюнча иштерди аткарууга сметаны бекитүү жана алардын сапаттуу аткарылышын контролдоо;
- консервацияланган объекттерди подрядчыдан кабыл алуу жана материалдык баалуулуктардын сакталышын уюштуруу;
- жабдууларды жана агрегаттарды күбөлөндүрүү жана сыноо тартибин тиешелүү уюмдар менен макулдашуу;
- мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын кабыл алуусуна курулушу аяктаган жана эксплуатацияга даяр объекттерди, зарыл материалдарды берүү, ошондой эле мамлекеттик кабыл алуу комиссияларына катышуу;
- объекттерди андан ары белгиленген тартипте эксплуатациялоо жүктөлгөн ЖАМКтын ведомстволук бөлүмдөрүнө курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого берүү;
- пайдаланылбаган мүлктү белгиленген тартипте сатуу жана курулушу аяктаган объект боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
- курулуш боюнча эсепке алууну жүргүзүү жана отчет берүү, ошондой эле белгиленген тартипте бухгалтердик отчетторду жана баланстарды берүү;
- Мекеменин максаттарына жана милдеттерине жооп берген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди жүргүзүү.
Атайын уруксаттарды талап кылган иштин түрлөрү боюнча Мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тийиштүү компетенттүү органдары берген уруксаттардын же лицензиялардын негизинде жүргүзөт.
3-глава. Мекеменин түзүмү жана ишин уюштуруу
11. Мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону ЖАМК жүзөгө ашырат.
12. Мекеменин ишинде уюмдаштыруучунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
- өткөрүп берүү актысын же бөлүү балансын бекитүү;
- ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү.
13. Мекемени ЖАМКтын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы башкарат. Башчы жок болгон учурда анын милдеттерин башчынын орун басары аткарат.
Башчынын орун басары, башкы инженер жана башкы бухгалтер Мекеменин башчысынын сунушу боюнча ЖАМКтын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулушат.
Мекеменин башчысы (Заказчы) конкреттүү демилгеленген долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын эске алуу менен уюштуруу түзүмүнүн маселелерин жана башкаруу аппаратынын санын өз алдынча чечет.
14. Мекеменин иши ишти пландоонун, мыйзамды так сактоонун, ЖАМКтын башка түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнүн, кызматкерлердин милдеттерин так бөлүштүрүүнүн жана тапшырылган участоктогу иштин абалы үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин белгилөөнүн негизинде уюштурулат.
15. Мекеменин башчысы:
- ЖАМКка отчет берет жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- ЖАМКтын чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенет, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын таламдарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Мекеменин бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Мекеменин башчысынын орун басарынын, башкы инженеринин, башкы бухгалтеринин жана башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- ЖАМКтын төрагасы менен макулдашуу боюнча кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет;
- ушул Уставдын 12-пунктунун экинчи абзацында аталган кызматкерлерден тышкары, кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- кызматкерлерге сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- ЖАМК менен макулдашуу боюнча келечектүү, жылдык жана учурдагы иш пландарын бекитет;
- ЖАМКка финансылык отчетторду, болжолдуу финансы-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка зарыл маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Мекеменин милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 130 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мекеменин башчысы жана башкы бухгалтери Мекеменин финансылык каражаттарын эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
17. Ушул Уставда каралган милдеттерди чечүү үчүн Мекеме төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мекеменин максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте жарандарды эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде Мекемеде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
- ЖАМКка белгиленген тартипте жаза аткаруу системасынын объекттеринин тизмесине реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого тийиш болгон объекттерди киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө;
- бюджеттик объекттер үчүн иш өндүрүшү үчүн жумушчу документтерди, сметалык лимиттин чегинде кошумча иштер боюнча сметаларды бекитүүгө;
- курулуп жаткан объектке барууга, зарыл болгон аткаруу документтери менен таанышууга;
- долбоордук-сметалык жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынан, ошондой эле түзүлгөн курулуш подрядынын келишиминин шарттарынан чыгуу менен аткарылган иштердин өндүрүшүн токтото турууга;
- жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча курулушта колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын, жабдууларынын сапатына, аларды жеткирүүнүн, жумуштарды аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүнө, жумушчу жана аткаруу документтерин талаптагыдай таризделишине контролду жүзөгө ашырууга;
- сыноо катары эксплуатациялоо, ишке киргизүү жана эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүнүн мезгилинде объектти эксплуатациялоо режимин аныктоого;
- подрядчы тарабынан келишимдик милдеттенмелер бир нече жолу бузулган учурда аны менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
- подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш подрядынын келишимин өзгөртүүдөн же бузуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга.
18. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- анын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- Мекеменин кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана Мекеменин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө ар кварталдык жана ар жылдык отчетторду ЖАМКка белгиленген мөөнөттө берүүгө;
- жашыруун (купуялуулук) режимин камсыз кылууга жана кызматтык маалыматтардын ачыкка чыгуудан коргоо боюнча зарыл иш-чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын объекттериндеги курулуш-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүнө техникалык көзөмөл жүргүзүүгө;
- аткарылуучу иштердин сапатын жана курулуш объекттерин эксплуатациялоо берүү мөөнөттөрүн камсыз кылууга.
19. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
20. Мекеме курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышы, ошондой эле Мекеменин алдына коюлган милдеттерди өз убагында ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Мүлк жана финансы
21. Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген мүлккө ЖАМК менен макулдашуу боюнча ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
22. Мекеменин ишинин финансылык негизин төмөнкүлөр түзөт:
- уюмдаштыруучунун Мекемеге ыкчам башкарууга берилген мүлкү;
- юридикалык жана жеке жактардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын акысыз же кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
6-глава. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
23. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
24. Мекемени кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана аны жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Мекеменин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
26. Мекеменин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.