Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомуна) |
Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо, түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана коргоо тартиби (мындан ары - Тартип) жаза аткаруу системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык конвой менен коштоону жана кайтарууну жүзөгө ашыруунун уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт.
2. Конвой менен коштоонун максаты соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында коштоо жана бул адамдардын качып кетүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелерин (мындан ары - ТМ) кайтаруунун жана коргоонун максаты ТМнын коопсуздугун, тышкы кол салуулардан коргоону камсыз кылуу, качып кетүү жана мыйзамсыз кирүү аракеттерин, тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз ыргытууларды, бекитип өткөрүүлөрдү жана өткөрүп берүүлөрдү болтурбоо болуп саналат.
3. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону сот органдарынын жана жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти (мындан ары - Департамент) жүзөгө ашырат.
ТМны кайтаруу Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ТМнын администрациясы жана башка өз ара аракеттеги органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырылат.
4. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону, ТМны кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү бөлүмдөрдүн командирлеринин чечими боюнча Департаменттин өздүк курамы кара күчтү, курал-жаракты, согуштук жана атайын техниканы, кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын (мындан ары - КИТК), байланыш каражаттарын, аудио, видео байкоо каражаттарын, атайын автотранспорт каражаттарын, кызматтык иттерди жана атайын каражаттарды колдонуу укугун берүү менен ишке тартылат.
5. Дарылоо мекемелеринде жана жардыргыч жана тез күйүүчү заттар сакталган жерлерде аялдарга, балдарга, майыптыктын ачык белгилери бар адамдарга каршы атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
6. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Мыйзамынын 7-главасынын талаптарына, ички кызматтын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароолдук кызматтарынын уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоонун, түзөтүү мекемелерин кайтаруунун жана коргоонун негизги милдеттери
7. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоонун, ТМны кайтаруунун жана коргоонун негизги милдеттери төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) конвой менен коштоону жүзөгө ашырууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
2) кароолдун курамын, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
3) кабыл алуу пунктунан соттун администрациясынын имараттарына, тергөө изоляторлоруна жана ТМга чейин, ошондой эле алардын ортосунда соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо;
4) ТМны кайтарууну камсыз кылуу, алардын бүтүндүгүн бузуу жана ТМга мыйзамсыз кирүү аракеттерин алдын алуу;
5) адамдардын, транспорт каражаттарынын, уруксат берилген жүктөрдүн жана товарлардын өтүшүн контролдоо;
6) конвой менен коштоо убагында тартипти камсыз кылуу, айыпталуучулардын жана соттолгондордун конвой менен коштоодон, сот процесстери өткөн жерлерден жана ТМдан качуу аракеттерин алдын алуу;
7)тыюу салынган предметтерди ТМга мыйзамсыз ыргытууну, бекитип өткөрүүнү жана өткөрүп берүүнү аныктоо жана алдын алуу;
8) ТМ администрациясына тартипти калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүү.
3-глава. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо
8. Конвой менен коштоо - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароолдун кайтаруусунун алдында кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин коштоо.
9. Конвой менен коштоо төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) пландуу - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды белгилүү бир убакытта, алмаштыруу пункттарында бараткан жолдо аларды кабыл алуу жана тапшыруу менен белгиленген багыттар боюнча автотранспорт, аба каттамдарынын жолдору аркылуу конвой менен коштоо;
2) кездешме - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды ТМдан жана тергөө изоляторлорунан алмаштыруу пункттарына жана кайра артка атайын автомобилдерде конвой менен коштоо;
3) өтмө - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды автомобилдерде жана самолеттордо кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
4) өзгөчө - өзгөчө кооптуу кылмышкерлерди жана өмүр бою эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынган, диний-экстремисттик иш үчүн соттолгон адамдарды самолеттордо жана автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
5) соттук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды атайын автомобилдерде сотторго, алардын көчмө жыйналыштарынын иштөө пункттарына жана кайра артка конвой менен коштоо, соттук жыйналыштар убагында бул адамдарды кайтаруу;
6) эшелондук - соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды 300 адамдан кем эмес топтордо атайын автомобилдерде кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо.
10. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) соттолгондорду коштоочу документтери менен кабыл алуу жана өткөрүп берүү;
2) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кароо, жеке жана башка буюмдарын тинтүү;
3) кароодо жана тинтүүдө ТМга алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салынган предметтерди алып коюу;
4) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кабыл алуу пунктунан дайындалган пунктка чейин конвой менен коштоо;
5) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана качуу аракеттерин алдын алуу;
6) соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоо убагында тартипти жана эрежелерди сактоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
7) соттолгондор жана камакка алынган адамдар качканда кайтаруу линиясынан өткөн учурда куралды, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу.
Конвой менен коштоодо турган соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын уруксат берилген предметтери (сакал алуу үчүн буюмдар, айнек жана фарфор идиштер, кол жана чөнтөк сааттар, кремний жана пьезо элементтүү жандыргычтар) кароолдун курамына сактоого өткөрүлүп берилет жана алар дайындалган жерге жеткирилгенден кийин кайтарылып берилет.
Конвой менен коштоо учурунда соттолгондорго тамак-аш азыктарын, акча, кат-кабарларды, спирт ичимдиктерин, жеке буюмдарды, тыюу салынган предметтерди, зер буюмдарды жана заттарды берүүгө тыюу салынат.
11. Конвой менен коштоо учурунда кайтаруу линиясы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) транспорт каражаттарында, автомобилдерде, самолеттордо жана жайларда, сот жыйналышынын залдарында (бөлмөлөрүндө) - дубалдар (борттор), пол, чатыр (шып);
2) соттолгондор үчүн убактылуу кармоочу камераларда - жайдын (бөлмөнүн, камеранын, залдын) дубалдары, полу, шыбы, эшиктери жана терезелери;
3) жөө конвой менен коштоодо - күзөтчүлөр колоннасынан жакын болгон жайгашуу линиясы (соттолгондордун колоннасынын айланасында 7 (жети) метр аралыктагы шарттуу линия).
Жеке кароо соттолгондор жана камакка алынган адамдар менен бир жыныстагы ТМнын кызматкерлери жана аскер кызматчылары тарабынан жүргүзүлөт.
12. Соттолгондор өзүндө алып жүрүүгө тыюу салынган буюмдардын, предметтердин, документтердин жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
13. Кароо соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын кароолдун курамына кол салуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу коопсуздук чараларын сактоо менен, ал эми зарыл болгон учурда медициналык кызматкердин катышуусу менен жүргүзүлөт.
14. Конвой менен коштоо кыймылдын багыттарын, атайын автомобилдерди, атайын каражаттарды жана курал-жарактарды, ошондой эле өз ара аракеттенүүчү органдардын күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт,
Конвой менен коштоо багыттары Департаменттин башчысы тарабынан аныкталат.
4-глава. ТМны кайтаруу жана коргоо
15. ТМны кайтаруу жана коргоо - бул ТМга тышкы кол салуудан коргонууга жана коопсуздукту камсыз кылууга, качуу, ТМга мыйзамсыз кирүү, тыюу салынган предметтерди ТМга ыргытуу, бекитип өткөрүү жана өткөрүп берүү аракеттерин алдын алууга багытталган чаралардын жана иш-аракеттердин системасы.
16. ТМны кайтаруу жана коргоо схемасы Департаменттин башчысы тарабынан жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте аныкталат.
17. Кайтаруу жана коргоо өзүнө контролдоо-өткөрүү пункттарын, кароолдорду (бөлүмдөрдү), алардын жайгашкан жерлерин, күзөтчүлөрдүн кызмат өтөө постторун (жердин участокторун), байкоо секторлорун жана кайтаруу линияларын, кыймыл багыттарын, КИТК, кызматтык иттерди, ТМны кайтарууга катышкан өз ара аракеттенүүчү органдарды жана объекттин администрациясынын күчтөрүн жана каражаттарын камтыйт.
18. Соттолгон качып кеткен учурда ТМнын кайтаруу линиясын кесип өткөндө мыйзамдарда белгиленген тартипте курал колдонулат.
19. ТМнын кайтаруу линиясы болуп ТМнын тосмолору эсептелет, ал эми алар болбогон учурда - негизги тосмону бойлой 7 (жети) метр болгон ички тыюу салуу зонасындагы шарттуу линия, ал көчүрмө тосмолор же "Тыюу салынган зона - кирүүгө болбойт!" деген жазуу бар эскертүүчү белгилер менен белгиленет.
20. ТМнын кайтаруу линиясы объектти кайтаруу схемасында көрсөтүлөт жана соттолгондорго жарыяланат.
21. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ТМда тартипке келтирүү максатында атайын каражаттар алардын тактикалык-техникалык маалыматтарын эске алуу менен колдонулат.
22. Кишендерди жана кол кишендерди кошпогондо, куралды жана атайын каражаттарды колдонуу жөнүндө Департаменттин жетекчилигине баяндалат.
Ошол эле учурда куралды жана атайын каражаттарды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө прокуратура органдарына дароо кабар берилет.
23. ТМда өзгөчө жагдайлар жаралган учурда Департаменттин бөлүмдөрүнө, кароолдоруна жана наряддарына түздөн-түз жетекчилик улук ыкчам башчылардын ыкчам жетекчилигине өтөт.
24. Улук ыкчам башчы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы (мындан ары - улук ыкчам башчы) саналат.
25. Улук ыкчам башчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Тартиптин талаптарын эске алуу менен Департаменттин башчысы менен өз ара аракеттенүү аркылуу Департаменттин бөлүмдөрүнүн кызматтык жана ыкчам милдеттерин аныктоого;
2) бөлүмдөрдү ТМнын администрациясы менен биргелешип соттолгондорду ишенимдүү обочолонтууну, объекттерди кайтарууну камсыз кылуу, ТМда соттолгондордун топтук баш ийбестигин жана массалык баш аламандыктарын болтурбоо боюнча иш-чараларды аткарууга тартууга;
3) бөлүмдөрдүн командиринин кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткаруу жана объекттерди кайтаруу абалы жөнүндө маалыматын угууга;
4) кароолдордун күжүрмөн кызматын, КИТКнын, курал-жарактардын, согуштук жана атайын техниканын, эксплуатациялоодо турган атайын каражаттардын, ошондой эле жайлардын жана жабдуулардын абалын жана колдонулушун текшерүүгө;
5) Департаменттин башчысы менен биргеликте бөлүмгө коюлган кызматтык-күжүрмөн милдеттердин толук, өз убагында жана сапаттуу аткарылышын баалоого.
26. Департаменттин бөлүмдөрүнүн өзгөчө жагдайларда иш-аракеттеринин тартиби жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Департаменттин башчысынын буйругу менен бекитилет.
5-глава. ТМнын контролдоо-өткөрүү пункттарындагы өткөрүү режими
27. ТМнын контролдоо-өткөрүү пунктунда өткөрүү режими коопсуздук чараларын камсыз кылуу жана ТМнын кызматкерлеринин, соттолгондорго келген адамдардын жүрүүсүн контролдоо, тыюу салынган предметтерди, материалдык баалуулуктарды ТМга алып кирүү (алып чыгуу) аракеттерине жана контролдоо-өткөрүү пунктунун аймагы аркылуу соттолгондордун качуусуна жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.
ТМга мыйзамсыз предметтерди өткөрүүгө жол бербөө жана жүктөрдүн, товарлардын ичиндегилер менен таанышуу максатында Департаменттин аскер кызматчыларына аларды кароо жана тинтүү укугу берилет.
28. ТМда өткөрүү режими өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) адамдардын, транспорт каражаттарынын ТМга кирүүсүн жана чыгуусун, жүктөрдү жана товарларды ташып кирүүнү жана ташып чыгууну контролдоону;
2) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди жана башка коштоочу документтерди текшерүүнү;
3) ТМга кирген (чыккан) адамдарды жана автотранспорт каражаттарын кароону, жүктөрдү жана товарларды тинтүүнү;
4) соттолгондорду кароону жана соттолгондордун жеке буюмдарын тинтүүнү;
5) ТМга алып кирүүгө тыюу салынган табылган предметтерди алып коюуну.
29. ТМга өткөрүү режими төмөнкүлөрдү болтурбоого тийиш:
1) кызмат адамдарынын жана башка адамдардын, транспорт каражаттарынын ТМга мыйзамсыз кирүүсүн же соттолгондордун качып кетүүсүн;
2) ТМга тыюу салынган предметтерди, жүктөрдү жана товарларды алып кирүүнү (алып чыгууну).
30. ТМга адамдарды уруксат берүү документтери жок киргизүү Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. ТМнын кызматкерлерине, аскер кызматчыларына жана башка адамдарга жеке транспорт менен ТМнын аймагына кирүүгө тыюу салынат.
6-глава. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу
32. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоону, ТМны кайтарууну жана коргоону кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу кызыкчылыгында милдеттер, жер жана убакыт боюнча уюштурулат.
33. Департамент өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөрдү макулдашат:
1) жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- ТМны кайтаруу системасын, анын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди, өткөрүү режимин жүзөгө ашырууну, кароолдорду күжүрмөн кызмат өтөө жерлерине жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын, жагдай татаалдашкан учурда резервдерди бөлүп берүү тартибин, өзгөчө кырдаалдарда ТМ администрациясынын күчтөрүн жана каражаттарын тартууну;
- укук тартибин чыңдоого, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын качып кетүүсүн жана ТМдагы башка кылмыштардын алдын алууга багытталган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү;
- топтук баш ийбестикти, массалык баш аламандыктарды жана конвой менен коштоо учурундагы соттолгондордун башка кылмыштарын алдын алуу, бөгөт коюу жана жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди;
- ТМнын аймагын, жер астындагы коммуникацияларды, качуу үчүн казылышы мүмкүн болгон жерлерди, жалпы, тандалма объекттерди өз убагында жана сапаттуу текшерүүлөрдү жана ТМдан качып кетүүлөрдүн алдын алууга багытталган башка иш-чараларды жүргүзүүнү;
2) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- ТМны кайтаруу, конвой менен коштоо боюнча милдеттерди аткарууда, ошондой эле өзгөчө шарттарда, издөө иш-чараларын жүргүзүүдө бөлүмдөрдүн биргелешкен иш-аракеттерин, пландуу конвой менен коштоо багыттарын, алмашуу пункттарын ачууну (жабууну), органга кабарлоо тартибин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө кооптуу кылмышкерлерди, ошондой эле автожол багыты боюнча пландуу кароолдорду конвой менен коштоодо атайын автомобилдерди коштоо тартибин;
3) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен:
- өзгөчө кооптуу жана куралданган кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин тартибин;
- ТМны кайтарууда күзөтчүлөрдүн күжүрмөн кызмат өтөө ыкмалары, ТМны жабдуу жана КИТКны эксплуатациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн көлөмүн жана мөөнөттөрүн;
- тартылган күчтөрдү жана каражаттарды эсептөөнү, террористтик жана топтук коомго каршы көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө иш-аракеттердин тартиби;
4) мамлекеттик чек араны кайтаруу, жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен:
- кызматташуунун жана жагдай жөнүндө өз ара маалымат берүүнүн жана качып кеткен соттолгондорду кармоо боюнча жардам көрсөтүүнүн тартибин;
- качкан соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүсүн алдын алуу боюнча кызматташуунун тартибин.