Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу №45/VIII
«Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу жана жобону бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруунун тартиби жɵнүндɵгү жобону карап талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ɵзүмɵ калтырам.
Төрага | Н.С.Бекбоева |