Загрузка документа…
| Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы №45/VIII токтомуна тиркеме |
«Ардактуу атуул» наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1. Бул Жобо Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2. «Ардактуу атуул» наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3. «Ардактуу наам» ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл ɵкмɵтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.4. «Ардактуу атуул» наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6. Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы бир жылда 7 адамга гана ыйгарылат.
II. Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу
үчүн негизги талаптар:
2.1. Нурманбет айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2. Нурманбет айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
2.3. Айыл аймакка инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
2.4. СССРдин, Эмгектин, Кыргыз Республиканын Баатырларына;
2.5. Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;
2.6. Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
2.7. Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
2.8. Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге;
2.9. Инвестициялык долбоорлорду тартып, Покровка айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга.
III. Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруунун тартиби
3.1 Нурманбет айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2. «Ардактуу атуулу» наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Нурманбет айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3. «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
- Эгерде «Ардактуу атуул» наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
· Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
· чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
· коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
· өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
· мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
-Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
· эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
· өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
· «Ардактуу атуул» наамы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
· өздүк баракчасы сүрөтү менен;
· эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
· паспортунун көчүрмөсү.
Нурманбет айылдык кенешини жоопту катчысы |
Н.М.Туленова |