Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №4/I
Нурманбет айыл аймагында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-
адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлɵнүү үлпɵтүн, үй-бүлɵлүк
мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана
маркумга арналган иш-чараларды ɵткɵрүүнүн тартиби жобону бекитүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Nº54 «Кыргыз Республикасынын үй-бүлɵлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жɵнүндɵ» Жарлыгын аткаруу максатында жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлɵнүү үлпɵтүн, үй-бүлɵлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды ɵткɵрүүнүн тартибинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, бюджеттик мекемелердин жетекчилерине, Нурманбет айылдык кеңешинин депутаттарына үй-бүлɵлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган башка иш-чараларды ири акчалай каражатты сарптабастан, малды сойбостон жана башка ысырапкерчиликке жол бербестен ɵткɵрүү, жалпы кабыл алынган адеп-ахластык ченемдерди сактоодо жарандарга үлгү болуу сунушталсын.
3. Нурманбет айыл аймагынын тургундарына ушул жобону жетекчиликке улууга сунушталсын.
4. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
5. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |