Загрузка документа…
| Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрь №4/I токтомуна тиркеме |
Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айыл өкмөтүнүн
үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жобо:
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасынын үй бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алуу менен Үй бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби, өлгөндөрдү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби, Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдарынын иши жана жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик боюнча комиссиялардын ишинин тартибин аныктайт. Жобо жергиликтүү жамаатын жыйынында кабыл алынган эрежелер камтылат.
1.2. Жобонун максаты «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кырыгз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу, калктуу конуштарда үй бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн ирээтке келтирүүнү, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө саналат.
1.3. Комиссия жергиликтүү кеңеште бекитилет жана туруктуу иштөөчү колегиалдуу орган болуп саналат.
1.4. Комиссия өз ишмердүүлүгүн “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын жана ушул Жобону жетекчилике алат.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби:
2.1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кенештин депутаттарынан, аксакалдар сотунан, аялдар жана жаштар уюмдарынан, диний уюмдардын жана милициянын аймактын ыйгарым ɵкүлүнɵн турган жумушчу топ түзүлдү.
2.2. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору сайттарга жайгаштырылат, жалпыга тааныштыруу үчүн тактага илинет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилди.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби:
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тоюу, куда тосуу жана башка маараке салтанаттарга мал союга тыюу салынат.
3.2 Үй-бүлөлүк салтанаттар калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби:
4.1. Өлгөндү акыркы сапарга узатууда мал союлбасын;
4.2. Маркумга куран окутуу кыркылык жана ашка мал союуга тыюу салынат;
4.3. Акыркы сапарга узатуу, ɵлгɵндү эске алуу ырым-жырымдар жергиликтүү эрежелерге мал союуга тыюу салынат.
5. Үй бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары:
5.1. Жобого ылайык үй бүлөөлүк Үй бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдарына айыл өкмөттүн башчысы жана жергилдиктүү комиссия кирет.
5.2. Комиссия өзүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөттүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, аксакалдар сотунан, аялдар жана жаштар уюмдарынан, диний уюмдардын жана милициянын аймактык ыйгарым ɵкүлдɵрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл ɵкмɵтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндүн эске алуу ырым жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү ишетерин жүргүзөт, өлүк ээсин жообун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына маниторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга катттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара көрөт.
6. Жобонуну талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик:
6.1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.