Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-марты № 183-т
Согуштук жаңжал зоналарынан репатриацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарын реабилитациялоо жана реинтеграциялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025–2030 – жылдарга согуштук жаңжал зоналарынан репатриацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарын реинтеграциялоо боюнча иш–чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын репатриацияланган жарандарын реинтеграциялоо боюнча координациялоочу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (макулдашуу боюнча):
–Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
– квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун;
– Иш-чаралар планын ишке ашырууну тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттик эмес каражаттардын алкагында камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |