Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 183-т тескемеси менен бекитилди) |
2025-2030-жылдарга согуштук жаңжал зоналарынан репатриацияланган
Кыргыз Республикасынын жарандарын реинтеграциялоо боюнча
иш-чаралар планы
№ | Чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1. Репатрианттарды эсепке алууну уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүү | |||||
1.1 | Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулган репатрианттарды эсепке алуу | Пробациялык көзөмөлдүн планы түзүлдү | Соттун чечими менен белгиленген мөөнөткө | ЮМ ПД | Мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында |
Социалдык-укуктук жардамдын жеке программасы иштелип чыкты | |||||
1.2 | Реинтеградиялоо процессинде репатрианттарды социалдык коштоо маалыматтарынын картотекасын түзүү | Репатрианттар жөнүндө толук маалыматы бар картотекалар түзүлдү | 2025-жыл | ЭСКММ | |
2. Медициналык коштоо | |||||
2.1 | Репатрианттарды жашаган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) менен жана мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Репатрианттар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда | Дайыма | ССМ | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында |
2.2 | Улуттук эмдөө календарына ылайык репатрианттарды эмдөө | Репатрианттар эмделди | |||
2.3 | Репатрианттарды жашаган жери боюнча ҮМБга каттоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтуу | Репатрианттар каттоого алынды жана ММК полисин алышты | Дайыма | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
2.4 | Майыптык тобун аныктоо, реабилитациялоо жана социалдык коргоо чараларын дайындоо максатында МСЭКке жиберүү үчүн жашоо-тиричилигинде чектөөлөрү бар репатрианттарды толук ар тараптуу медициналык текшерүүдөн өткөрүү | Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча репатрианттар жашаган жери боюнча МСЭКке жөнөтүлдү | 2025-жыл | ССМ, ЭСКММ | |
3. Билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |||||
3.1 | Балдардын билимин жана негизги көндүмдөрүн баалоо | Балдар мектепке чейинки жана мектептик билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү менен камтылды | Дайыма | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
3.2 | Репатриацияланган балдарды төмөнкүлөргө аныктоо: - балдардын мектепке чейинки уюмдарына; - жалпы билим берүү уюмдарына; - башталгыч кесиптик билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдарына | ||||
3.3 | Репатриацияланган балдарды жекече окутуу пландарын жана жалпы билим берүү процессинде инклюзивдик мамилени эске алуу менен негизги жалпы билим берүү менен камсыз кылуу | Окутууда балдардын жеке өзгөчөлүктөрү эске алынууда | Дайыма | БИМ | |
3.4 | Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча коррекциялык-реабилитациялык программаны иштеп чыгуу | Өспүрүмдөр үчүн коррекциялык программа иштелип чыкты жана бекитилди | 2025-жыл | БИМ, ССМ | |
3.5 | Ортодо билим албай калган репатриацияланган балдар үчүн кошумча окутууга шарт түзүү | Балдар керектүү кошумча билим алууда | Дайыма | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
3.6 | Репатриацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарын мектептен тышкаркы уюмдарга жана мектептин жана жергиликтүү жамааттын коомдук турмушуна аралаштыруу. Репатриацияланган балдарды салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга тарбиялоо | Балдарга социалдык баалуулуктар үйрөтүлдү. Балдарды мектептен кийинки иш-чараларга тартуу боюнча иштер уюштурулду | Дайыма | БИМ, ММСЖС, ДИМК, ЖӨБО, КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
3.7 | Репатриацияланган балдар менен иштөө жана алардын ата-энелери менен өз ара аракеттенүү боюнча мугалимдерди (социалдык педагогдорду), МЧБМнин тарбиячыларын окутуу. Окутуу модулун иштеп чыгуу | Мугалимдер, социалдык педагогдор жана мектеп психологдору репатриацияланган балдар жана алардын ата-энелери менен иштөө боюнча окутулду | 2025-2026-жылдар | БИМ, ЭСКММ, ДИМК, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
3.8 | Мамлекеттик жана расмий (зарылдыгына жараша) тилди кошумча окутуу үчүн шарттарды түзүү. Жалпы билим берүү уюмдарына келген балдарды эсепке алуу | Балдар кыргыз жана/же орус тили курстарында окуйт | 2025-2030-жылдар | БИМ, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
3.9 | Жалпы билим берүү уюмдарына келген балдарды эсепке алуу | Балдар мектептерде окуйт | 2025-2030-жылдар | БИМ, ЖӨБО | |
4. Репатриацияланган жарандарды социалдык камсыздоо, иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу | |||||
4.1 | Балдарды тууган үй-бүлөлөр менен бириктирүү боюнча иштерди жүргүзүү | Туугандары изделди | Дайыма | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
4.2 | Мамлекеттик кызматтарга муктаждыкты аныктоо жана муктаждыктарды баалоо | Муктаждыкка баалоо жүргүзүлдү | Дайыма | ЭСКММ, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
Үй-бүлөлөр жана балдар менен жекече иштөөнүн пландары иштелип чыкты жана бекитилди | Дайыма | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
4.3 | Репатриацияланган жетим балдарды үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыз кылуу жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү белгилөө | Жетим балдар асырап алган үй-бүлөлөргө жайгаштырылды, камкорчулар жана көзөмөлчүлөр аныкталды | Дайыма | ЭСКММ | Мамлекеттик органдын тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин алкагында |
4.4 | Репатриацияланган аялдарга жана балдарга мыйзамдарга ылайык белгиленген мамлекеттик жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө | Репатрианттар төлөмдөрдү алууда | Дайыма | ЭСКММ | |
4.5 | Репатриацияланган аялдар жана улуу курактагы балдар үчүн кесиптик кыска мөөнөттүү окутуу/кайра окутуу курстарын уюштуруу | Репатриацияланган аялдар жана улуу курактагы балдар окутуу/кайра окутуу курстарынан өтүштү | Дайыма | ЭСКММ, БИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
4.6 | Согуш жаңжал зоналарынан репатриацияланган жарандарды социалдык адаптациялоо программасын иштеп чыгуу | Программа иштелип чыкты жана бекитилди | 2025-жыл | ЭСКММ | |
4.7 | Социалдык адаптациялоо программасын ишке ашыруу (Социалдык контрактты адаптациялоо) | Репатрианттар иш менен камсыз болду, социалдык адаптациялоо программалары ишке ашырылды | 2025-2030-жылдар | ЭСКММ, ССМ, БИМ, СӨМ, ДИМК, ИИМ, ЖӨБО, КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
4.8 | Согуштук жаңжал зоналарынан репатриацияланган жарандарды социалдык кызматкерлер тарабынан коштоо боюнча нускаманы иштеп чыгуу | Нускама иштелип чыкты жана бекитилди | 2025-жыл | ЭСКММ, БИМ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
4.9 | Репатрианттар менен иштөө боюнча ЭСКММ аймактык бөлүмдөрүнүн адистерин жана социалдык кызматкерлерди окутуу | Репатрианттар менен иштөө көндүмдөрүнө адистер жана социалдык кызматкерлер үйрөтүлдү | 2025-жыл | ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
4.10 | Репатриацияланган аялдар үчүн кепилдеген социалдык кызмат көрсөтүүлөр, төлөмдөр, никеге балдар арасында жана мажбурлап туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Репатриацияланган аялдарга кепилдеген социалдык кызмат көрсөтүүлөр, төлөмдөр жана никеге балдар арасында жана мажбурлап туруунун кесепеттери тууралуу маалымат берилди | 2025-2026-жылдар | ЭСКММ | |
5. Репатрианттарга психологиялык колдоо көрсөтүү | |||||
5.1 | Репатрианттар менен иштөө боюнча психологдордун улуттук командасын (улуттук резерв) түзүү жана окутуу | Даярдалган психологдор тартылды | 2025-жыл | БИМ, ЭСКММ, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
5.2 | Жер-жерлерде иштеп жаткан психосоциалдык кызмат көрсөтүүлөрдү картага түшүрүү. Репатрианттар менен иштөө боюнча иштеп жаткан борборлордун потенциалын жогорулатуу | Репатрианттарга психологиялык коштоо көрсөтүлүүдө | Дайыма | БИМ, ССМ ЭСКММ, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
5.3 | ЖОЖдордун психологиялык факультеттеринин окутуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн потенциалын жогорулатуу, жер-жерлерде психологиялык жардамдын андан ары туруктуу көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында практикалык базаны, ошондой эле учурдагы социалдык педагогдорду камсыз кылуу | Психологдор даярдалды | Дайыма | БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
5.4 | Психологдордун ставкаларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө | Психологдордун ставкаларын жогорулатуу боюнча талдоо даярдалды | 2025-жыл | ЭСКММ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
5.5 | Ишке тартылган бардык психологдор жана адистер үчүн репатрианттар менен иштөө боюнча туруктуу насаатчылык программасын түзүү | Туруктуу насаатчылык программасы түзүлдү | 2025-жыл | ЭСКММ, ССМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
6. Теологиялык коштоо | |||||
6.1 | Методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана диний агартуу жана репатрианттарды коррекциялоо профаммаларын ишке ашыруу (тренингдерди өткөрүү), салттуу диний ишенимдердин негиздерине окутуу | Репатрианттарды диний агартуунун типтүү программасы даярдалды | 2025-жыл | ДИМК, УКМК, ИИМ, КМДБ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
6.2 | Репатрианттар үчүн атайын тренингдерди өткөрүү жана жергиликтүү имамдар менен биргелешип иштөө | Тиешелүү тренингдер өткөрүлдү | Дайыма | ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
6.3 | Репатрианттардын диний көз караштарына жыл сайын мониторинг жүргүзүп туруу | Мониторинг жана жыл сайын талдоо жүргүзүлдү | Жыл сайын | ДИМК, УКМК, ИИМ, КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
7. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу жана маалыматтык колдоо | |||||
7.1 | Репатриациялоо, реабилитациялоо жана реинтеграциялоо процесстери жөнүндө маалыматтык материалдарды даярдоо | Видеороликтер, буклеттер чыгарылды | 2030-жыл | ЭСКММ, ММЖС, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар |
7.2 | Репатриация жана реинтеграция маселелерине байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн биргелешкен аянтчаларды уюштуруу | Форумдар, конференциялар өткөрүлдү | Квартал сайын | ЭСКММ, ММЖСМ, СӨМ, УКМК, ДИМК, ИИМ, ССМ, БИМ, ЖӨБО, КМДБ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
7.3 | Коомго тез арада интеграциялоо максатында репатрианттардын коомдоштуктарын колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө калкка маалымдоо | Калк менен жолугушуулар, айылдык жыйындар өткөрүлдү, ментордук программалар ишке ашырылды | Квартал сайын | ЖМА, ЖӨБО, ММЖСМ, ЭСКММ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
7.4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана акысыз мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө репатрианттарга маалымдоо | Буклеттер чыгарылды Жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылды | Квартал сайын | ЮМ ЮЖК, ММЖСМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
7.5 | Теологиялык маселелер боюнча берүүлөрдү көрсөтүү үчүн эфир убактысын берүү | Теологиялык маселелер боюнча берүүлөр көрсөтүлүүдө | Квартал сайын | ММЖСМ, ДИМК, КМДБ, УТРК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар (макулдашуу боюнча) |
7.6 | Медициналык кызматтарды алуу укугу, эрте никеге туруу тобокелдиги жөнүндө репатрианттарга маалымдоо | Репатрианттарга медициналык кызматтарды алууга укуктар жөнүндө маалымдалды. Эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү | Дайыма | ММСЖС, ДИМК, КМДБ, УТРК (макулдашуу боюнча) | |
8. Контроль жана коопсуздук | |||||
8.1 | Ички жана тышкы миграция учурунда жүргөн жери боюнча каттоо эсебин алуу жана ЖӨБОнун кызматкерлерине, ИИМдин жана ЭСКММнын аймактык бөлүмдөрүнө кабарлоо тартиби жөнүндө репатрианттардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү | Дайыма | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, УКМК, ИИМ, ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар (макулдашуу боюнча) |
8.2 | Репатрианттардын арасында экстремисттик жана террористтик иштин алдын алуу жана профилактика боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү графигин иштеп чыгуу | Тиешелүү график иштелип чыкты | 2025-жыл | ИИМ, УКМК, ДИМК, КМДБ (макулдашуу боюнча) | |
8.3 | Репатрианттардын, анын ичинде өспүрүмдөрдүн арасында алардын экстремисттик жана террористтик ишке тартылышына, ошондой эле репатриант энелер тарабынан радикалдык идеологияга кайрадан берилип кетүү мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү | Профилактикалык иштер жүргүзүлдү | Дайыма | ИИМ, УКМК, ДИМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
8.4 | ИИМдин жана ЭСКММнын аймактык бөлүмдөрүнө жарандык абалдын өзгөрүшү жөнүндө (никеге туруу же бузуу, анын ичинде шариат ченемдери, жарандык нике боюнча) милдеттүү түрдө билдирүү тууралуу репатрианттардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү | Дайыма | ИИМ, УКМК, ДИМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
8.5 | Жер-жерлерде, мектептерде жана кызыкчылыгы бар башка жерлерде участкалык милиция кызматкерлеринин жана жашы жете элек балдар иштери боюнча инспекторлордун коопсуздук чөйрөсүндө реинтеграциялангандарга карата зарыл чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзүүсү | Түшүндүрүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп турат | Дайыма | ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
8.6 | Экстремизмди жана терроризмди каржылоого катышы бар (болушу мүмкүн) жактар тарабынан репатрианттарды каржылоого мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын биргелешкен мониторинг жүргүзүлөт. Каржылоо каналдары (эсептер) аныкталды | Жыл сайын | ИИМ, УКМК | |
8.7 | Реинтеграциялоо процессинде репатрианттар менен иштөө боюнча ИИМдин кызматкерлери үчүн методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү (иш-аракеттердин алгоритми) | Реинтеграциялоо процессинде репатрианттар менен иштөө боюнча ИИМдин кызматкерлери үчүн методикалык колдонмо бекитилди (иш-аракеттердин алгоритми) | 2025-жыл | ИИМ | |
8.8 | Зордукчул экстремисттер же репатрианттарга карата терс сезимдери күчтүү адамдар тарабынан репатрианттарга келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Репатрианттардын коопсуздугу камсыздалды | Дайыма | ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
9. Репатрианттардын жаңы социалдык-маданий чөйрөгө адаптациясын жана интеграциясын тездетүү | |||||
9.1 | Репатрианттарга курстарга баруу үчүн шарт түзүү (тил, спорт секциялары, музыка, IT ж.б.) | Репатрианттар курстарга катышып жатышат | Дайыма | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММЖСМ, ЭСКММ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар (макулдашуу боюнча) |
9.2 | Маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу | Репатрианттар жана балдар иш-чараларга катышып жатышат | Дайыма | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ММЖСМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
9.3 | Репатриацияланган аялдарды жана алардын туугандарын баланы позитивдүү тарбиялоо методдоруна жана ата-энелик милдеттенмелерге үйрөтүү | Репатрианттарга окуулар өткөрүлдү | Дайыма | БИМ, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча) | |
10. Координациялоо, мониторинг жана баалоо | |||||
10.1 | Ведомстволор аралык жумушчу жана мониторингдик топтун курамын бекитүү Ведомстволор аралык жумушчу топтун иштөө тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | Ведомстволор аралык жумушчу жана мониторингдик топтун курамы жана ведомстволор аралык жумушчу топтун иштөө тартиби бекитилди | 2025-жыл | ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында |
10.2 | Региондук кеңештердин курамын бекитүү (Аймактык деңгээлдеги региондук кеңештер (облус, район/шаар) | Региондук кеңештердин курамы жана иштөө тартиби бекитилди | 2025-жыл | КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | |
10.3 | Борбордук деңгээлде реинтеграция процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү | Мамлекеттик органдар, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан көрүлүүчү чаралар ЭСКММ менен макулдашылат | Иш-чаралар планын ишке ашыруу мөөнөтүнө | ЭСКММ | |
10.4 | Реинтеграция процессинде ишке тартылган мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана коммерциялык эмес уюмдардын жүргүзүп жаткан иштерин баалоо жана репатриацияланган жарандардын жашоо жана тиричилик шарттары менен таанышуу үчүн репатриацияланган жарандар жашаган райондорго квартал сайын мониторингдик сапарларды уюштуруу жана өткөрүү | Квартал сайын мониторингдик сапарлар өткөрүлөт | Иш-чаралар планын ишке ашыруу мөөнөтүнө | ЭСКММ | Мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин алкагында, донордук каражаттар (макулдашуу боюнча) |
10.5 | ЭСКММнын эл аралык, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар менен реинтеграциялоо процессинде репатрианттар жана тартылган мамлекеттик органдар менен иштөө тартибин иштеп чыгуу | Иштөө тартиби иштелип чыкты жана бекитилди | 2025-жыл | ЭСКММ | |
10.6 | Реинтеграциялоо процессинде кошумча колдоону талап кылган маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар менен квартал сайын биргелешкен жумушчу жолугушууларын өткөрүү | ЭУ жана КЭУ/ӨЭУ өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулду | Квартал сайын | КР ПА, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
Кыскартуулардын тизмеси | ||
КР ПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МЧБМ | - | мектепке чейинки билим берүү мекемеси |
ЮМ ПД | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МСЭК | - | медициналык-социалдык экспертиза |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы |
ММК | - | милдеттүү медициналык камсыздандыруу |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЮМ ЮЖК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы |