Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-6
Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесине ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-январындагы № 01-28/10 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кызыл Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы Д. Бокошовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
|
А. Алимов |