Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-7
Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-январындагы № 01-28/43 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кызыл Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга чейинки орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
|
А. Алимов |