Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-мартындагы № 2881-VII
Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2025-жылы айыл чарбасындагы сезондук талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кабыл алсын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын;
- 2025-жылдын жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штабдарды түзсүн;
- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн зарыл көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, керектүү жабдуулар жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктери, органикалык минералдык жер семирткичтер, дарыланган сапаттуу үрөндөр, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- чарбалар аралык жана ички чарбалык ирригациялык тармактарды вегетациялык мезгилге даярдоо жана тазалоо иштерин жүргүзсүн;
- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн тармактык банктар 2025-жылдын март-апрелинде айыл чарба кооперативдерине жана фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берсин;
- 2025-жылга жазгы талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү боюнча түзүлгөн планга ылайык, республиканын тиешелүү жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө республиканын бардык облустарында селектордук кеңешмелерди үзгүлтүксүз өткөрүп турсун;
- эт жана сүт багытындагы асыл-тукум мал сатып алууга, органикалык продукция өндүрүүгө жана тамчылатып сугарууну жайылтууга жеңилдетилген, төмөн пайыздык чен менен насыяларды берсин;
- жеке өндүрүштөгү айыл чарба жаныбарларын тирүүлөй сатууда электрондук товардык-транспорттук коштомо документти пайдалануудан баш тартуу тууралуу маселени карасын;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2025-жылдын 15-майына чейин берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |