ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 2881-VII «Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 12-мартындагы № 2881-VII

 

Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун  басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасында 2025-жылы жазгы-талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

 

- 2025-жылы айыл чарбасындагы сезондук талаа иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кабыл алсын жана алардын аткарылышын камсыз кылсын; 

- 2025-жылдын жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн жер-жерлерде штабдарды түзсүн;

- республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн зарыл көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдар, керектүү жабдуулар жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктери, органикалык минералдык жер семирткичтер, дарыланган сапаттуу үрөндөр, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- чарбалар аралык жана ички чарбалык ирригациялык тармактарды вегетациялык мезгилге даярдоо жана тазалоо иштерин жүргүзсүн;

- агротехникалык талаптарды сактоо менен жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн тармактык банктар 2025-жылдын март-апрелинде айыл чарба кооперативдерине жана фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берсин;

- 2025-жылга жазгы талаа жана чарба иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү боюнча түзүлгөн планга ылайык, республиканын тиешелүү жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө республиканын бардык облустарында селектордук кеңешмелерди үзгүлтүксүз өткөрүп турсун;

- эт жана сүт багытындагы асыл-тукум мал сатып алууга, органикалык продукция өндүрүүгө жана тамчылатып сугарууну жайылтууга жеңилдетилген, төмөн пайыздык чен менен насыяларды берсин;

- жеке өндүрүштөгү айыл чарба жаныбарларын тирүүлөй сатууда электрондук товардык-транспорттук коштомо документти пайдалануудан баш тартуу тууралуу маселени карасын; 

- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2025-жылдын 15-майына чейин берсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н. Тургунбек уулу