Загрузка документа…
| Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 05-августундагы №224/36-5 токтомуна 1-тиркеме |
Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү
долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)
пайдаланууга берилген жер участокторду сатып
алуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Токмок шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Токмок шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарда мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан Токмок шаарынын мэриясынын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартибин белгилейт.
3. Токмок шаарында жеке жана юридикалык жактар тарабынан жер участокторунун сатып алууну жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте бекер негизде жүргүзүлөт.
4. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер участокторго жайылтылбайт.
5. Токмок шаарында чет элдик жактарга жер участокторун сатып алууга тыюу салынат.
II. Түшүнүктөр жана терминдер
6. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жер участокторду сатып алуу – бул участокто жайгашкан көп батирлүү үйдүн ээси болгон жер пайдалануучуга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участоктун кайтарымдуу жана келишимдүү ажыратылышы;
баалоочу - Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык баалоо кызматтарын көрсөтүү үчүн керектүү квалификацияга ээ болгон жеке адам;
баалоочу уюм - белгиленген тартипте катталган жана штатында баалоо ишин аткаруучу бирден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак.;»;
шаар куруу документтери – райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, чек салуунун деталдуу пландаштыруу долбоорлору, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка калктуу конуштардын пландаштыруучу түзүмдөрүнүн элементтерин куруу;
арыз ээси – жер участогун менчикке сатып алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арызы менен кайрылган, көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер участокту ижарага алуучу болуп саналган жак;
имараттар жана курулуштар – жер менен тыгыз байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде батирлер, көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлар;
жер пайдалануучу – жер участогун пайдалануу укугу көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
көп батирлүү үй – эки жана андан көп батир, ошондой эле жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайлары (жалпы пайдалануудагы жайлар) бар турак жай имараты;
жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу – жер участогун 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген ижара шарттарында пайдалануу;
жер участогуна менчик укугу –Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан таанылган, жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен ага тийиштүү жер участокту өзүнүн каалоосу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
уруксат берилген жер участокту пайдалануу – шаар куруу документтери жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө ылайык жер участогун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган – Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – жер участоктордун пайдаланылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Токмок шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин функционалдык багытталышы – жер участокко укуктарды ырастоочу документтерде, келишимдерде же башка укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокторун пайдалануу;
баа (сатып алуу наркы) – ыйгарым укуктуу орган жана ижарачынын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн жыйынтыгында жер участок сатып алына турган акчанын суммасы.
III. Жер участокторду сатып алуу үчүн негиздер
7. Объект эксплуатацияга киргизилген же курулуш даярдыгы 100 пайыздан кем эмес болсо, укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган, 5 кабаттан жогору көп батирлүү үйлөрү бар ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууда турган жер участоктун ижарачысы жер участокту сатып алууга арыз ээси болуп чыгууга укуктуу.
8. Токмок шаарында ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участокторго укуктарын берүү боюнча комиссиянын (мындан ары – комиссия) чечиминин негизинде жер участокту толук сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин жана белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Жер участогунун наркын баалоо 1 жылга чейинки мөөнөт менен ыйгарым укуктуу орган менен кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзө турган баалоочуларды же баалоочу уюмду тартуу менен аныкталат.
IV. Жер участокторун сатып алууга арыздарды кароо тартиби
9. Ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр көрсөтүлүүсү тийиш болгон арыз берилет:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (бир маанилүү идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, инсандыгын ырастаган документтердин маалым даректери, жеке жактар үчүн – катталган жери (каттоодо тургандыгы) жана анык жашаган жери жөнүндө маалыматтар, юридикалык жактар үчүн – уюмдаштыруу документтери боюнча юридикалык жактын маалыматтары, юридикалык жактын мамлекеттик катталган дареги, байланышуу үчүн телефон номерлери, ижарачынын атынан анын өкүлү кайрылган учурда ишеним каттын маалым даректери. Юридикалык жактар үчүн кошумча чет өлкөлүктөрдүн катышы жок тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана жайгашкан жери.
Арызга төмөндөгү документтердин түп нускаларын берүү менен төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
а) жер участокко укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин;
б) арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документтин, ошондой эле арыз ээси юридикалык жак болсо, уюмдаштыруу документтеринин;
в) эксплуатацияга киргизүү актысынын көчүрмөсү (курулуш аяктаган учурда);
г) ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылган күнү алынган Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөсү.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу:
а) арыз ээсинин атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок жак кайрылганда;
б) эгерде ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү болгон документтер берилбесе.
11. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгын тастыктаган документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн бар экендигин (Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоочу жана сот органдарынын актылары) карап чыгат.
Чектөөлөр бар болгондо ыйгарым укуктуу орган арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негиздүү баш тартууну жөнөтөт.
12. Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар жана ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган арыз катталган мезгилден тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогунун чиймелеринин көчүрмөлөрү менен суроо-талаптарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- ижара келишимине ылайык жер участогун пайдалануу предметине жер участогун текшерүү актысын даярдоо үчүн Токмок шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органына;
- жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тийиштүү документти даярдоо үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга; чектөөлөр жок болгон учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берет.
Жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда (шаар курууну жөнгө салуу линиялары, инженердик транзиттик тармактардын болушу), архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган шаар куруу корутундусун даярдайт;
- объектти эксплуатацияга киргизүү актысы жок болсо –курулуштук даярдыгы долбоорлоо документтеринде каралгандан 100 пайыздан кем эмес курулуш даярдык фактысын белгилөө үчүн тийиштүү корутундуларды даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондор аралык башкармалыгына.
13. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар белгиленген компетенцияларынын алкагында келип түшкөн суроо-талаптарды кароого алат жана жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга негизделген баш тартууну жөнөтөт.
Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган жер участокту сатып алуу жөнүндө арызды кароо боюнча мындан аркы ишти токтотот. Кабыл алынган чечим 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.
14. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын оң жооптору арыз келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 35 жумуш күндөн көп эмес мөөнөттө жөнөтүлөт.
Арызды кароонун жалпы мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпоосу керек. Шаар куруу корутундусу даярдалган учурда, арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн көп эмес мөөнөткө узартылат, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин кабарлайт.
15. Ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле Токмок шаардык кенеши тарабынан бекитилген Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алууда баалоочуну же баалоочу уюмду аныктоо тартибинин талаптарына ылайык баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчету бар болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.
16. Корутундуларды, материалдарды жана башка керектүү документтерди даярдоого тартылган ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
17. Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде, ыйгарым укуктуу орган жер участокту баалоого тапшырма даярдайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер участоктун наркын баалоону жүргүзүү үчүн баалоочуну же баалоо уюмун аныктайт.
Жер участокту баалоо өзүнө баалоону өткөрүү предметин жана мөөнөтүн, берүүчү кызматтардын көлөмүн, төлөө өлчөмүн жана тартибин, ошондой эле тараптардын жоопкерчилигин камтыган ыйгарым укуктуу орган менен баалоочунун же баалоо уюмунун ортосунда түзүлгөн Типтүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Жер участоктун наркын баалоону өткөрүү баалоочу же баалоо уюму тарабынан келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Баалоочу же баалоо уюму тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн аякташы жер участокту баалоо тууралуу отчетту тапшыруу актысы менен аныкталат.
V. Токмок шаарында жер участокторго менчик укуктарын сатып алуунун
уюштуруучулары, катышуучулары жана объекттери
18. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Токмок шаарынын мэриясынын коллегиялдуу органы болуп саналган комиссия түзүлөт.
19. Муниципалдык менчик жана жер ресурстар маселелерин тейлеген Токмок шаарынын вице-мэри төрагалык кыла турган комиссиянын курамы Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киришет.
20. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштурууну камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал протоколдорду түзүүнүн тууралыгы жана протоколдордун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
21. Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүү датасына чейин 10 календардык күн мурун кабарлайт жана боло турган жыйынды материалдар менен камсыздайт.
Материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) шаар куруу корутундусунун көчүрмөсү;
б) чиймелерди тиркөө менен жер участоктун жайгашкан орду жөнүндө маалыматтар;
в) жеке же юридикалык жактын арызынын көчүрмөсү;
- в1) жер участогун баалоо жөнүндө отчеттун көчүрмөсү;
г) ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер.
22. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Токмок шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жыйында карала турган маселелерге тийиштүү документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого жана алууга;
б) Комиссиянын кароосуна ушул жобонун талаптарын бузуу менен материалдар даярдалган учурда, Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;
в) Комиссиянын мүчөсү катары менен үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, Токмок шаарынын мэриясына аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө.
23. Комиссия өз иш-аракеттерин жыйын формасында жүзөгө ашырат.
Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары үч нускада протокол түрүндө жол-жоболоштурулат, комиссия жыйыны болгон күнү анын ар бири комиссиянын төрагасы, катчысы жана бардык катышкан мүчөлөрү тарбынан кол коюлат. Протоколдордун ар бир барагы жыйынга катышкан комиссиянын бардык катышкан мүчөсү тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, экинчи нускасы Токмок шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, үчүнчү нускасы комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Комиссиянын чечими тууралуу протоколдун көчүрмөсү комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине берилет.
24. Жыйынды комиссиянын төрагасы алып барат, эгер ал жок болсо, төраганын орун басарларынын бири алып барат.
25. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
26. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
27. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө аудио жазмалар жүргүзүлөт. Аудио жазмаларды сатылоо комиссиянын катчысына жүктөлөт.
28. Комиссиянын иш-аракеттери менен байланышкан материалдар, анын ичинде комиссиянын протоколунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
29. Эгерде комиссиянын мүчөсүнүн түз кызыкчылыгы болсо же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
30. Комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүү үчүн негиз болуп санала турган баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокту сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алат. Жер участокту сатып алуу-сатуу келишими укук белгилөөчү документтин күчүнө ээ.
31. Комиссиянын чечиминин протоколунда төмөнкү маалыматтар каралат:
а) арыз боюнча кабыл алынган чечим;
б) арыз ээси тууралуу маалымат;
в) жер участогу тууралуу маалыматтар;
г) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка маалым даректери.
Протоколдун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана кол коюлган күндөн тартып 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратынын жалпыга жеткиликтүү жеринде илинет.
32. Комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ижарачы ушул баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчетко ылайык жер участокту сатып алуу наркын жана баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын төлөөнү жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Сатып алуучу тарабынан төлөө жана жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүү мөөнөттөрү бузулган учурда, чечимди жокко чыгаруу маселеси мөөнөттөр бузулган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде комиссиянын кезектеги жыйынына киргизилет, бул жөнүндө арыз ээсине билдирүү жөнөтүлөт.
33. Жер участогуна менчик укугу жер участокту сатып алуу-сатуу келишими катталгандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар сатып алуучуга жүктөлөт.
34. Ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участокту сатып алуу наркы толук төлөнгөн жана жер участокту сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
Сатылып алынган жер участокту ижаралоо келишиминин иштөөсү жер участокту сатып алуу-сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
VI. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
35. Жер участокторду сатып алуудан келип түшүүчү каражаттар 100 пайызы шаардык бюджетке түшүүсү жана бөлүштүрүлүшү керек.
36. Акча каражаттарынын түшүүсүн контролдоо Токмок шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
VII. Корутунду жоболор
37. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокту сатып алууга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Жооптуу катчы | Ч.Ж.Муталипова |