Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №224/36-5
Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн
мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер
участокторун сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июлундагы №1-22/2428 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуунун типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуудагы жер участогун баалонун типтүү келишими 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |