Загрузка документа…
| Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 05-августундагы № 224/36-5 токтомуна 2-тиркеме |
Токмок шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуунун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Токмок шаары 20__-жылдын «____»_________
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын атынан, мындан ары «I тарап» деп аталуучу __________________________________________________ бир тараптан жана ___________________________________________________атынан (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) мындан ары «II тарап» деп аталуучу _____________________________________________________________, (кызмат орду, аты-жөнү) экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. I тарап Токмок шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20____-жылдын “____”__________ №______чечиминин негизинде Бишкек шаары, ________________________ дареги боюнча жайгашкан аянты ________га жер участогун бардык чектөөлөрү жана сервитуттары менен бекер негизде өткөрүп берет, ал эми II тарап менчигине кабыл алат. 1.2. 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун функционалдык багытталышы_______________________________________________.
2. Жер участогуна менчик укугунун баасы
2.1. II тарап I тарапка ушул Келишим боюнча ___________________________________________________________сом (цифралар жана жазуу менен) өлчөмүндөгү жер участогунун сатып алуу баасын, ошондой эле ________________________________________________________ сом (цифралар жана жазуу менен) өлчөмүндө башка чыгымдарды төлөөгө милдеттүү. 2.2. Тараптар ушул келишим боюнча жер участогуна менчик укугунун баасы тарап тарабынан ушул келишим түзүлгөнгө чейин I тараптын атайын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнгөндүгүн тастыкташат. Төлөм 20__-жылдын «___» ______________ № _______ төлөм документи менен ырасталат (тиркелет). 2.3. мамлекеттик каттоодон өткөн жана II тарапка жер участогуна менчик укугу өткөрүлгөн учурдан тартып, 20___-жылдын “____” ________ №_____ ижара келишими боюнча тараптардын милдеттенмелери токтотулат.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. 2-тарап төмөнкүлөргө милдеттүү: 3.1.1. Жер участогуна менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган белгиленген тартипте жер салыгын төлөөгө. 3.1.2. Жер участогун функционалдык багыты боюнча пайдаланууга. 3.1.3. Ушул келишимди жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөрүүгө жана белгиленген тартипте Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга. 3.1.4. Жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жол-жоболоштурулгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик план киргизүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
4. Кепилдиктер жана дооматтар
4.1. Тараптар ушул келишимдин предмети белекке берилгендиги убадаланбагандыгы, сатылбагандыгы, күрөөгө коюлбагандыгы, талашууда жана тыюу салынууда (арестте) турбагандыгы, үчүнчү жактардын укуктук талап кылуулары жок экендиги тууралуу макулдашышты.
5. Талаштардын чечилиши
5.1. Ушул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. 5.2. Эгерде Тараптар 30 календардык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
6.1. Ушул келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу менен гана мүмкүн. 6.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө андан ары жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоо менен жүзөгө ашырылат, ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
7. Чыгымдар
7.1. Ушул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоо жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды 2-тарап көтөрөт.
8. Кошумча шарттар
8.1. Ушул келишим ага кол тамга коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып Тараптар үчүн түзүлдү болуп эсептелинет. 8.2. Ушул келишим Тараптар тарабынан бардык милдеттенмелер аткарылганга чейин колдонулат. 8.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нуска жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда жана ар бир Тарапта бирден нускадан сакталат. 9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери:
|
Жооптуу катчы | Ч.Ж.Муталипова |