Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында каржылоо ченемдерин түзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип бюджетти түзүү жана финансылык ченемдерди эсептөө, ошондой эле республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан медициналык, профилактикалык, фармацевттик жана башка кызмат көрсөтүүчүлөргө (мындан ары - Кызмат көрсөтүүчүлөр) акы төлөө маселелерин жөнгө салат.
2. Бул Тартип саламаттык сактоо системасында каржылоо маселелерин регламенттөөчү мыйзамдарга жана ченемдик документтерге ылайык даярдалган.
3. Бул Тартип коомдук саламаттык сактоо уюмдарына жана бюджеттик классификациянын чыгаша беренелери боюнча каржылануучу уюмдарга колдонулбайт.
4. Каржылоонун базалык ченемдерин эсептөөдө, ошондой эле Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды санариптик иштетүү колдонулат. Маалыматтардын булагы болуп саламаттык сактоонун тиешелүү маалымат базалары эсептелет, ал эми алар жок болгон учурда расмий маалыматтар жана бекитилген отчеттук-эсепке алуу формалары пайдаланылат.
5. Каржылоо ченемдери каржылоонун базалык ченемдеринен турат, алар түзөтүү коэффициенттерине түзөтүлөт.
6. Базалык ченемдерди жана түзөтүү коэффициенттерин эсептөө саламаттык сактоо системасын каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүндө болжолдонгон көрсөткүчтөрдү эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат (республикалык бюджет, милдеттүү медициналык камсыздандыруу).
7. Түзөтүү коэффициенттери региондун географиялык жана климаттык өзгөчөлүктөрүн, саламаттык сактоонун артыкчылыктарын, медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүн, экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетинин тегизделишин чагылдырат.
8. Бийик тоолуу же алыскы коэффициентинин мааниси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет.
9. Калктуу конуштун негизги саламаттык сактоо уюмунан алыстыгын чагылдыруучу айылдык коэффициенттин мааниси ушул Тартип менен бекитилет.
10. Республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (мындан ары - ММК) каражаттарынын эсебинен түзөтүү коэффициенттеринин маанилери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет.
11. Жыныстык-курактык, айылдык коэффициенттерди колдонууда финансылык тобокелдиктерди азайтуу максатында саламаттык сактоо уюмдарына карата теңдөө коэффициенти колдонулат. Коэффициенттердин шкаласы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан эсептелет жана бекитилет.
12. Каржылоонун базалык ченемдери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бирдей жана каржылоонун жаңы ченемдери бекитилгенге чейин колдонулат.
13. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен каражаттардын базалык ченемдеринин мааниси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет. Мамлекеттик кепилдиктер программасын аткарууга каралган ММК каражаттарынын чегинде базалык ченемдердин мааниси ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы тарабынан бекитилет.
14. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын көлөмүн каржылоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган;
2) ММК каражаттарынын эсебинен ММК чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы.
15. Саламаттык сактоо системасындагы тиешелүү бюджеттин өзгөрүшүнө жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары өзгөргөндө саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун көлөмүн аныктоо үчүн каржылоо ченемдерин, түзөтүү коэффициенттерин жана башка базалык ченемдерди кайра эсептөө жүргүзүлөт.
16. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү ММК каражаттарынан каржылоо ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органынын Кызмат көрсөтүүчүлөр менен түзгөн келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Келишимдерде медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн түрлөрү боюнча анын көлөмү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калктын айрым категорияларына медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүнүн кеңейтилген көлөмү үчүн чыгымдардын ордун толтуруу шарттары аныкталат.
17. Каржылоонун базалык ченемдери жана түзөтүү коэффициенттери боюнча каражаттардын болжолдонгон көлөмүнө ылайык саламаттык сактоо уюмдары кирешелерди жана чыгымдарды каржылоо булактары (республикалык бюджеттин, ММКнын каражаттары) боюнча бөлүштүрүү планын түзөт.
18. ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча көрсөтүлүүчү жеке медициналык Кызмат көрсөтүүчүлөргө келишимдик негизде ММК каражаттарынын эсебинен акы төлөөгө укуктуу.
19. Республикалык бюджеттин жана ММК каражаттарынын көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
20. Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү каржылоонун ченемдери боюнча жүзөгө ашырылат жана ушул Тартип менен аныкталат.
21. Каржылоо ченемдери боюнча ишке ашырылбаган саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын чыгымдарынын тийиштүү беренелери, кичи беренелери, элементтери жана кирешелердин классификациясы боюнча аныкталат.
22. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) медициналык тез жардамды каржылоонун ченеми - медициналык тез жардамдын күнү-түнү иштеген постун каржылоонун бир жылдык орточо эсептик көрсөткүчү, ал тейлөөгө алынган калктын санын жана медициналык тез жардам көрсөтүүгө бюджеттик каражаттын эсебинен каржылоо көлөмүн эске алуу менен күнү-түнү медициналык тез жардамды кызмат көрсөтүү боюнча орточо жыйынды сарптоолорду чагылдырат;
2) медициналык тез жардам кызматынын күнү-түнү иштеген посту (төрт бригада (нөөмөт) жана бир санитардык автотранспорт машинасы) - бул 24 сааттын ичинде медициналык тез жардамдын иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон штаттык бирдиктердин саны;
3) медициналык тез жардам пункту - тейлөөгө алынган аймакта жайгашкан, өзүнө күнү-түнү иштеген бир же андан көп медициналык тез жардам постторун камтыган жана калкка күнү-түнү медициналык тез жардам көрсөткөн медициналык тез жардам бөлүмүнүн бөлүмчөсү;
4) медициналык тез жардам кызматынын жол пункту - бул магистралдык трассаларда жайгашкан жол-транспорт кырсыгынын (ЖТК) же өзгөчө кырдаалдын (жер титирөөлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин ж.б. табигый жана антропогендик кубулуштардын) кесепетинен жабыр тарткандарга, ошондой эле ЖТК менен байланышпаган, бирок трассаларда же ага жакын жерлерде болгон капысынан келип чыккан ооруларга жана кырсыктарга кабылган адамдарга медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн арналган медициналык тез жардам пункту;
5) медициналык тез жардам бөлүмү - бул саламаттык сактоо уюмунун тейлөөгө алынган аймакта жашаган калкка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн арналган түзүмдүк бөлүмү, ал өзүнө келип түшкөн чакырууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча диспетчердик кызматты, уюмдун бардык тейлөө аймагында жайгашкан күнү-түнү иштөөчү постторун же медициналык тез жардам пункттарын камтыйт;
6) медициналык тез жардам станциясы - өзүнө келип түшкөн чакырууларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча диспетчердик кызматты жана күнү-түнү иштеген ондон ашык медициналык тез жардам пункттарын, Бишкек жана Ош шаарларынын тейлөө аймагында жайгашкан калкка медициналык тез жардам көрсөтүүнү камтыган саламаттык сактоо уюму;
7) санитардык автотранспорт - бул медициналык тез жардамга муктаж бейтаптарды ташууга жөндөмдүү, замбил менен жабдылган жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн бейтаптарды жакынкы саламаттык сактоо уюмдарына ташыган саламаттык сактоо уюмунун курамындагы машина. Фельдшердик-акушердик пункттун же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкери пайдаланган медициналык тез жардамдын күнү-түнү иштеген постун жайгаштырууга мүмкүндүк бербеген калкынын саны аз болгон саламаттык сактоо системасынын түзүмдүк бөлүмү бар алыскы калктуу конуштарда жайгаштырылат;
8) үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көрсөтүүчү баштапкы медициналык-санитардык жардамды республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун жан башына базалык ченеми - бул республикалык бюджеттин каражаттарынан түзөтүү коэффициенттерин эске алуу менен жылына жазылган ар бир адам үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо көрсөткүчү;
9) үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көрсөткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамдын ММК каражаттарынан каржылоонун жан башына базалык ченеми - бул ММК каражаттарынан түзөтүү коэффициенттерин эске алуу менен жылына катталган ар бир адам үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо көрсөткүчү;
10) жыныстык-курактык коэффициенттери - бул калктын ар кандай жыныстык-курактык топтору тарабынан баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык жардам алуу үчүн баруулардын санын эске алуу менен жан башына базалык ченемдерге карата колдонулуучу түзөтүүчү коэффициенттери;
11) ММК боюнча камсыздандырылгандар - бул ММК төгүмдөрү түшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле ММК полистерин өз алдынча сатып алган адамдар;
12) республикалык бюджеттин базалык ставкасы - стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша республикалык бюджеттин каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн жиберилүүчү стационардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
13) ММК базалык ставкасы - стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша ММК каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн бөлүнүүчү стационардык жардамды каржылоонун орточо эсептик көрсөткүчү;
14) дарыланып чыккан учур - бул стационардык жардамдын деңгээлинде дарылоону аяктаган оорунун учуру;
15) кошумча төлөм - жарандын Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын наркын төлөөгө катышуусу.
2-глава. Медициналык тез жардамды каржылоо ченемин эсептөө
23. Медициналык тез жардамды каржылоо жылына тейлөөнүн ченемдерине ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт:
1) жалпы профилдеги медициналык тез жардам бригадасынын күнү-түнү иштеген бир постуна;
2) адистештирилген медициналык тез жардам бригадасынын күнү-түнү иштеген бир постуна;
3) бир санитардык автотранспортко;
4) бир шашылыш медициналык жардамдын жол пунктуна.
24. Медициналык тез жардамдын (жалпы профилдүү жана адистештирилген бригадалардын), санитардык автотранспорттун, медициналык тез жардамдын жол пункттарынын күнү-түнү иштөөчү постторунун саны тейлөөгө алынган калктын санын жана тиешелүү аймакта медициналык тез жардам көрсөтүүнүн зарылдыгын (ооруга чалдыгуу, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, калктуу конуштардын алыстыгы ж.б.) эске алуу менен саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан аныкталат, түзүлөт жана бекитилет.
25. Медициналык тез жардам кызматынын күнү-түнү иштеген бир постун каржылоо ченеми бюджетте каралган каржылоонун көлөмүнө жараша төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(1)
мында:
Чтж - медициналык тез жардамдын жалпы профилдик бригадаларынын күнү-түнү иштеген постун каржылоонун ченеми;
Ктж - бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында медициналык тез жардам көрсөтүүнү каржылоонун көлөмү;
Пс - медициналык тез жардамдын жалпы профилдик бригадаларынын күнү-түнү иштеген постторунун саны;
Ка - медициналык тез жардамдын адистештирилген бригадаларынын күнү-түнү иштеген посттору үчүн коэффициент, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (2)
мында:
Кс - тиешелүү аймактагы (облустагы) калктын саны;
Кт - медициналык тез жардамдын адистештирилген бригадаларынын күнү-түнү иштеген бир посту үчүн тейленүүчү калктын санынын бирдиктүү ченеми болуп саналат;
Ki - түзөтүү коэффициенттери:
- калктуу конуштар үчүн жекече белгиленүүчү, региондун өзгөчөлүгүн эске алуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилүүчү бийик тоолуу же алыскы жерлердин орточо алынган коэффициенти;
- айылдык орточо салмактанып алынган коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн (эмгек акы, кошумча келип түшүүлөр) өзгөрүшүнө жараша индексация жүргүзүлөт.
n -түзөтүү коэффициенттеринин саны.
26. Медициналык тез жардамдын адистештирилген бригадаларынын жана шашылыш медициналык жардамдын жол пункттарынын күнү-түнү иштеген бир постун каржылоонун ченемдери төмөнкү формула боюнча бюджетте каралган каржылоо көлөмүнө жараша эсептелет:
Чтжж = Чтж * Ка (3)
мында:
Чтжж - медициналык тез жардамдын жалпы профилдик бригадаларынын, ошондой эле шашылыш медициналык жардамдын жол пункттарынын күнү-түнү иштеген постторун каржылоонун ченеми;
Чтж - медициналык тез жардамдын жалпы профилдик бригадаларынын күнү-түнү иштеген постун каржылоонун ченеми;
Ка - медициналык тез жардамдын адистештирилген бригадаларынын күнү-түнү иштеген посттору үчүн коэффициент.
27. Бир шашылыш медициналык жардамдын жол пунктун каржылоо кошумча транспорттук чыгымдарды караган коэффициентти колдонуу менен жалпы профилдеги медициналык тез жардам бригадаларынын күнү-түнү иштеген бир постунун ченеми боюнча жүргүзүлөт.
28. Бир санитардык автотранспортту каржылоо автотранспорттун ишин камсыз кылуу үчүн транспорттук чыгымдарды жана айдоочулардын эмгек акысын караган коэффициентти колдонуу менен медициналык тез жардамдын линиялык бригадаларынын бир күнү-түнү иштеген постунун ченеми боюнча жүзөгө ашырылат.
29. Медициналык тез жардам станциясын (бөлүмдөрүн/пункттун) каржылоо медициналык тез жардамдын күнү-түнү иштеген постторунун санын эске алуу менен, ошондой эле административдик чыгымдарды караган түзөтүү коэффициенттерине түзөтүү менен медициналык тез жардамды каржылоо ченеминин негизинде жүзөгө ашырылат.
30. Медициналык тез жардам кызматын каржылоо каржылоонун ченемдерине ылайык бекитилген чыгымдарды бөлүштүрүү планына ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын табыштамалары боюнча жүзөгө ашырылат.
31. Шашылыш консультациялык медициналык жардам (санитардык авиация) бөлүмдөрүнүн бюджетин түзүү бул медициналык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын иш жүзүндөгү чыгымдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо ченемин эсептөө
32. Үй-бүлөлүк медицина борборлорун (мындан ары - ҮМБ) каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына катталган бир адамга базалык ченемдин негизинде түзөтүүчү коэффициенттерге түзөтүү киргизүү менен жүргүзүлөт.
33. ҮМБ каржылоо ченемдерин эсептөө үчүн жыныстык-курактык курам боюнча катталган калктын саны жөнүндө маалыматтар саламаттык сактоонун тиешелүү маалыматтар базасынан алынат, ал эми алар жок болгон учурда расмий маалыматтар же бекитилген отчеттук-эсепке алуу формалары пайдаланылат.
34. ҮМБ тарабынан көрсөтүлүүчү баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун жан башына базалык ченеми түзөтүү коэффициенттерин эске алуу менен төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(4)
мында:
ПНбазҮМБ - жылына катталган бир адамга ҮМБ тарабынан көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык-санитардык жардамды жан башына каржылоонун базалык ченеми;
Фүмб - Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бир жылда ҮМБ, жалпы дарыгердик практика борбору (мындан ары - ЖДПБ) тарабынан көрсөтүлүүчү баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун көлөмү;
ЧНүмб - Кыргыз Республикасынын аймагында ҮМБда, ЖДПБда катталган калктын саны;
Кпн - жынысына жана курагына карата келүүлөр боюнча жүктөмдү чагылдыруучу орточо салмактанып алынган жыныстык-курактык коэффициент;
Ki - түзөтүүчү коэффициенттер:
- калктуу конуштар үчүн жекече белгиленүүчү, региондун өзгөчөлүгүн эске алуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилүүчү бийик тоолуу же алыскы зоналардын орточо салмактанып алынган коэффициенти;
- орточо салмактанып алынган айылдык коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша (эмгек акы, кошумча түшүүлөр) индексация жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттеринин саны.
35. Жынысы-курагы боюнча коэффициенттер саламаттык сактоо уюмдары үчүн бирдиктүү болуп саналат, төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Кпвi = Кпi\ СКп, (5)
мында:
Кпвi - жынысы жана курагы боюнча калктын түзүмүн чагылдыруучу (1) жашоонун ар бир жылы боюнча жыныстык-курактык коэффициент;
Кпi - жынысы жана курагы боюнча бөлүштүрүлгөн (1) жашоонун ар бир жылы үчүн келүүлөрдүн орточо саны;
СКп - республика боюнча катталган калктын келүүлөрүнүн орточо саны.
Жашоонун ар бир жылы боюнча жыныстык-курактык коэффициентти эсептөө маалыматтарды санариптик иштеп чыгууну колдонуу менен жүргүзүлөт.
36. ҮМБ, ЖДПБ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борбору башкарган "Катталган калк" маалымат базасына камсыздандырылгандыгынын статусун көрсөтүү менен жынысы-курагы жана келүүлөрдүн саны боюнча катталган калктын саны жөнүндө маалыматтарды киргизет, алар жан башына ченем боюнча каржылоонун суммасын аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
37. ҮМБ, ЖДПБ тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарды ММК каражаттарынын эсебинен каржылоо жылына ММК боюнча катталган ар бир камсыздандырылган адамга жан башына базалык ченемдин негизинде түзөтүүчү коэффициенттерге оңдоо киргизүү менен жүргүзүлөт.
38. Жылына ММК боюнча катталган ар бир камсыздандырылган адам үчүн ҮМБ, ЖДПБ тарабынан көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун жан башына базалык ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(6)
мында:
ПНОМСүмб - жылына ММК боюнча катталган ар бир камсыздандырылган адам үчүн ҮМБ, ЖДПБ тарабынан көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык-санитардык жардамды жан башына каржылоонун базалык ченеми;
ММКФ ҮМБ - ММК каражаттары боюнча бир жылда Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча ҮМБ, ЖДПБ тарабынан көрсөтүлүүчү алгачкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун көлөмү;
ЧНЗүмб - Кыргыз Республикасынын аймагында ММК боюнча катталган камсыздандырылган калктын саны;
Кпвi - жынысы жана курагы боюнча камсыздандырылган калктын түзүмүн чагылдыруучу орточо салмактанып алынган жыныстык-курактык коэффициент. Жыныстык-курактык коэффициенттерди эсептөө ушул Тартиптин 35-пунктуна ылайык жүргүзүлөт;
Ki - түзөтүүчү коэффициенттер:
- орточо салмактанып алынган айылдык коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша (эмгек акы, кошумча түшүүлөр) индексация жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттеринин саны.
4-глава. Стоматологиялык бейтапканалар тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоо ченемин эсептөө
39. Стоматологиялык бейтапканалар жана ҮМБ, ЖДПБ курамындагы стоматологиялык кабинеттер үчүн жылына ар бир адамга жан башына каржылоонун базалык ченеми стоматологиялык жардамды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды эсепке алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(7)
мында:
ПНстом - жылына ар бир катталган (тейленүүчү) адамга көрсөтүлүүчү стоматологиялык жардамды жан башына каржылоонун базалык ченеми;
Фстом - бир жылда стоматологиялык жардам көрсөтүүгө каржылоонун көлөмү;
ЧНүмб - Кыргыз Республикасынын аймагында ҮМБда, ЖДПБда катталган калктын саны;
Ki - түзөтүүчү коэффициенттер:
- калктуу конуштар үчүн жекече белгиленүүчү, региондун өзгөчөлүгүн эске алуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилүүчү бийик тоолуу же алыскы зоналардын орточо салмактанып алынган коэффициенти;
- орточо салмактанып алынган айылдык коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша (эмгек акы, кошумча түшүүлөр) индексация жүргүзүлөт;
n -түзөтүүчү коэффициенттеринин саны.
5-глава. Стационарлар тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун ченемин эсептөө
40. Стационарларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан дарыланган учурдун татаалдыгына, Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн жеңилдиктерди компенсациялоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша түзөтүүчү коэффициенттерге оңдоо киргизүү менен жүргүзүлөт.
41. Дарыланган учурдун наркы орточо жыйынды чыгымдар боюнча окшош клиникалык бирдей учурларды бириктирүүчү клиникалык-чыгымдык топтордун (мындан ары - КЧТ) негизинде аныкталат.
42. Стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша республикалык бюджеттин каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн республикалык бюджеттин базалык ставкасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(8)
мында:
БСрб - ар бир дарыланган учурга стационарлар үчүн республикалык бюджеттин базалык ставкасы;
Фрбстац - бир жылга Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша республикалык бюджеттин каражаттарынын көлөмү;
Чпс - стационарларда дарыланган учурлардын болжолдонгон саны;
Ккзг - бардык клиникалык-чыгымдык топтор боюнча орточо салмактанып алынган жыйынды чыгымдарды чагылдыруучу чыгымдардын орточо салмактанып алынган коэффициенти;
Ki - түзөтүүчү коэффициенттер:
- калктуу конуштар үчүн жекече белгиленүүчү, региондун өзгөчөлүгүн эске алуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилүүчү бийик тоолуу же алыскы зоналардын орточо салмактанып алынган коэффициенти;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз же жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу бейтаптардын категориялары үчүн жеңилдиктердин орточо салмактанып алынган коэффициенти;
- медициналык кызматтарды көрсөтүүдө ошол саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу стационардын орточо салмактанып алынган коэффициенти. Стационарлардын коэффициенттери медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин, саламаттык сактоонун артыкчылыктарын эске алуу менен жекече эсептелет жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет;
- орточо салмактанып алынган айылдык коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша (эмгек акы, кошумча түшүүлөр) индексация жүргүзүлөт;
n -түзөтүүчү коэффициенттеринин саны.
43. ММК каражаттарынан ар бир дарыланган учур үчүн ММК базалык ставкасы стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(9)
мында:
БСомс - ММК боюнча камсыздандырылган ар бир дарыланган учур үчүн стационарларды каржылоонун ММК базалык ставкасы;
Фомс стац - бир жылда Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча стационардык жардамды каржылоонун көлөмүнө жараша ММК каражаттарынын көлөмү;
Чпс - стационарларда ММК боюнча камсыздандырылган дарыланган учурлардын болжолдуу саны;
Ккзг - бардык клиникалык-чыгымдык топтор боюнча орточо салмактанып алынган жыйынды чыгымдарды чагылдыруучу орточо салмактанып алынган чыгымдардын коэффициенти;
Ki - түзөтүүчү коэффициенттер:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз же жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу бейтаптардын категориялары үчүн жеңилдиктердин орточо салмактанып алынган коэффициенти;
- медициналык кызматтарды көрсөтүүдө ошол саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу стационардын орточо салмактанып алынган коэффициенти. Стационарлардын коэффициенттери медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлин, саламаттык сактоонун артыкчылыктарын эске алуу менен жекече эсептелет жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан бекитилет;
- орточо салмактанып алынган айылдык коэффициент;
- экономикалык коэффициент, анын негизинде экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө жараша (эмгек акы, кошумча түшүүлөр) индексация жүргүзүлөт;
n - түзөтүүчү коэффициенттеринин саны.
6-глава. Жалпы дарыгердик практика борборлору тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун ченемин эсептөө
44. Ар бир ЖДПБ үчүн медициналык-санитардык жардамдын ар бир түрү боюнча каржылоонун көлөмүн эсептөө 1-9-формулалар боюнча аныкталат.
45. Кийинки жылга каржылоонун коломүн болжолдоо үчүн ЖДПБ медициналык-санитардык жардамдын тиешелүү түрү үчүн каралган отчетторду берет.
7-глава. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөмдү эсептөө
46. Амбулатордук деңгээлдеги кошумча төлөм ҮМБда, ЖДПБда, үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ) жана кеңири профилдеги стационарлардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - АДБ) жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдөн тышкары) үчүн төлөнөт.
47. ҮМБда, АДБда, КДБда жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө кошумча төлөө медициналык кызмат көрсөтүүлөргө бекитилген баалардын прейскуранты (мындан ары - Прейскурант) боюнча төлөнөт.
48. Прейскурант Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн бирдиктүү болуп саналат.
49. Жеңилдиктерге укугу жок, ошондой эле лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө жолдомосу жок жарандар Прейскурантка ылайык акы төлөшөт.
50. Стационардык деңгээлдеги кошумча төлөмдүн деңгээли оорунун профилине, жолдомонун болушуна, стационардын түрүнө жараша аныкталат жапа минималдуу, орточо же максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөм болуп бөлүнөт.
51. Стационарлардын хирургиялык жапа гинекологиялык бөлүмдөрүнө операция жасабастан жаткырууда кошумча төлөмдүн деңгээли терапевттик профилдеги кошумча төлөмдүн деңгээлине теңештирилет.
52. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган бекиткен тизмекке ылайык чыгымы аз хирургиялык жана гинекологиялык операцияларды жана манипуляцияларды жүргүзүү менен ооруканага жаткырууда кошумча төлөмдүн деңгээли терапевттик профилге теңештирилет.
53. Стационарларга жана ЖДПБнын стационардык бөлүмдөрүнө шашылыш көрсөткүчтөр боюнча түшкөн бейтаптарга шашылыш стационардык жардам пациенттин өмүрүнө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
54. Шашылыш жардам көрсөтүүдөн, анын ичинде операция жасоодон, гемодинамика жана дем алуу көрсөткүчтөрүн турукташтыруудан кийин бейтаптар кошумча төлөмдү жолдомосу бар адам катары бекитилген кошумча төлөмдүн деңгээлине ылайык төлөшөт.
55. Пландуу стационардык жардам жалпы практиканын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, ҮМБ, ЖДПБ дарыгерлери, ведомстволук медициналык кызматтын, аскердик-дарыгердик комиссиянын, стационарлардын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн адистери берген ооруканага жаткырууга жолдомо болгондо көрсөтүлөт.
56. Стационардык дарылоо учурунда кымбат турган лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо, зарыл болгон консультацияларды, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кошумча акы алууга жол берилбейт.
57. Стационарда же ЖДПБда тиешелүү адистер жана/же лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн шарттар жок болсо (кымбат турган лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо), аталган изилдөөлөр жана манипуляциялар келишимдердин негизинде менчигинин түрүнө карабастан башка саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Изилдөө үчүн акы бейтапты жөнөткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан төлөнөт. Мында бейтаптан кошумча акы же кошумча төлөм алынбайт.
8-глава. Кургак учукка каршы кызматта каржылоонун ченемдерин эсептөө
58. Кургак учукка каршы кызмат көрсөтүү системасында каржылоонун төмөнкүдөй ченемдери колдонулат:
1) кургак учукка каршы стационарларда дарыланган учурду;
2) медициналык жүктү ташууну;
3) кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн;
4) тиешелүү аймакта кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн.
59. Кургак учукка каршы стационарларды каржылоо дарыланган учур үчүн республикалык бюджеттин жана кызматты каржылоого каралган ММК каражаттарынан дарыланган учурунун татаалдыгына жараша базалык ставканын негизинде түзөтүү коэффициенттерине оңдоо киргизүү менен жүргүзүлөт.
60. Кургак учукка каршы стационарларды каржылоонун бюджетин эске алуу менен базалык ставка 8, 9-формулаларга окшош түрдө эсептелет.
61. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана кургак учук менен күрөшүү борборлору үчүн медициналык жүктү ташууну каржылоонун ченемин эсептөө саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда медициналык жүктү жеткирүү үчүн орточо чыгымдарды аныктайт.
62. Медициналык жүктү ташууну каржылоонун ченеми биоматериалдарды жана кургак учукка каршы препараттарды (мындан ары - КУКП) жана кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн медициналык жүктөрдү жеткирүүнүн салмагын эске алуу менен ар бир облус үчүн өзүнчө эсептелет.
63. Каржылоонун суммасы кургак учук менен ооруган бейтаптардын саны, биоматериалдын жана КУКП жеткирилген үлгүлөрүнүн саны боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөрдү эске алуу менен жеткирилген медициналык жүктүк салмагына жараша эсептелет.
64. Медициналык жүктү ташууну каржылоонун ченеми саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган тарабынан эсептелет жана бекитилет.
65. Медициналык жүктү ташууну каржылоонун ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
НФi = Нвi + Нптпi, (13)
мында:
НФi - жер үстүндө жана авиалиниялар аркылуу 1-облуска медициналык жүктү ташууга каражаттардын көлөмү;
Нвi - i-облуска биоматериалдарды ташууга каражаттардын көлөмү;
Нптпi - i-облустагы ПТП ташуучу каражаттардын көлөмү.
66. i-облуста биоматериалдарды ташууга каражаттардын Нвi көлөмүн эсептөө эки этапта жүзөгө ашырылат:
1) орточо сандагы үлгүлөрдү жеткирүү 12 айга сезгич кургак учук менен катталган оорулуулардын санын дарыга туруктуу кургак учук менен катталган оорулуулардын санына көбөйтүү жолу менен аныкталат;
2) бир үлгүнүн орточо салмагы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
СВП = ВП + ВБ +(ВК/К), (14)
мында:
СВП - бир пробирканын биоматериал менен бирге жана контейнердин салмагы кошо эсептелген орточо салмагы грамм менен;
ВП - бош пробирканын салмагы грамм менен;
ВБ - биоматериалдын салмагы грамм менен;
ВК - пробиркалар салынган контейнердин салмагы грамм менен;
К - берилген контейнерге баткан пробиркалардын саны.
67. Жеткирилген үлгүлөрдүн жалпы салмагы ар бир облус үчүн төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ОВi = (КТБi * 12 * СВП)/1000, (15)
мында:
ОВi - ар бир 1-облус үчүн жеткирилген үлгүлөрдүн жалпы салмагы килограмм менен;
КТБi - i-облуста кургак учук менен катталган оорулуулардын саны;
СВП - бир пробирканын биоматериал менен бирге жана контейнердин салмагы кошо эсептелген орточо салмагы грамм менен.
68. Кургак учук менен ооруган 1 оорулууга жылына ПТПны керектөөнү эсептөө үчүн дары-дармек каражаттарын керектөөнүн дозасын аныктоо зарыл. Салмакты туюндурган керектөөнү аныктоо үчүн эсептөөлөрдүн негизи катары кургак учук боюнча клиникалык колдонмолордон/протоколдордон маалыматтар алынат.
69. Кургак учук менен ооруган бардык оорулуулар үчүн жылына ПТПны керектөөнүн орточо ченемдери төмөнкү формула боюнча аныкталат:
(16)
мында:
СВптп -кургак учук менен ооруган ар бир бейтап үчүн ПТПнын орточо салмагы күнүнө килограмм менен;
Кчтб - сезгич кургак учук менен катталган оорулуулардын саны;
СНчтб - сезгич кургак учук менен ооруган оорулуунун салмагын эске алуу менен күн сайын кабыл алынуучу ПТПнын орточо салмагы;
Клу - дарыга туруктуу кургак учук менен катталган оорулуулардын саны;
СНлу - дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган оорулуунун салмагын эске алуу менен күн сайын кабыл алынуучу ПТПнын орточо салмагы.
70. Жылына керек болгон ПТПнын жалпы салмагы кургак учук менен ооруган ар бир бейтап үчүн ПКПнын күнүнө грамм менен орточо салмактанып алынган салмагын 365 күнгө көбөйтүү жолу менен аныкталат.
71. Биоматериалдарды ташууга каражаттардын көлөмү i-облуста төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Нвi = OВi * Тi (17)
мында:
Нвi - i-облуста биоматериалдарды ташууга каражаттардын көлөмү;
ОВi - ар бир i-облус үчүн жеткирилген үлгүлөрдүн жалпы салмагы килограмм менен;
Ti - i-облуста бир килограмм медициналык жүктү жеткирүүнүн болжолдонгон наркы;
72. i-облуста ПТП ташууга каражаттардын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Нптпi = КТБi * СВптп * 365 *Ti (18)
мында:
Нптпi - i-облуста биоматериалдарды ташууга каражаттардын көлөмү;
КТБi - i-облуста кургак учук менен катталган оорулуулардын саны;
СВптп -кургак учук менен ооруган ар бир бейтап үчүн ПТПнын орточо салмагы күнүнө грамм менен;
Тi - i-облуста бир килограмм медициналык жүктү жеткирүүнүн болжолдонгон наркы.
73. Алгачкы медициналык-санитардык жардам (мындан ары - АМСЖ) деңгээлинде кургак учук оорусун дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн ченемин эсептөө төмөнкүдөй аныкталат:
1) төлөөлөрдүн суммасы кургак учук оорусунун категориясына жараша болот: сезгич кургак учук (мындан ары - ЧТБ) же дарыга туруктуу кургак учук (мындан ары - ЛУ-ТБ);
2) төлөөлөрдүн суммасы кургак учук оорусун дарылоону ийгиликтүү аяктагандардын болжолдонгон санын эске алуу менен эсептелет;
3) кургак учукту дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн суммасы төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
, (19)
НВлутб = НВчтб * 2, (20)
мында:
ПВчтб - ЧТБ формасын дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн ченеми;
Бустб - кургак учук оорусун дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн АМСЖ медициналык кызматкерлерине төлөөлөр боюнча жалпы бюджети;
Кчтб - ЧТБ ийгиликтүү дарылоо натыйжасынын болжолдонгон саны;
Клутб - ЛУ-ТБ ийгиликтүү дарылоо натыйжасынын болжолдонгон саны;
НВлутб - ДТ-КУ формасын дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн ченеми;
4) БМСЖ медициналык кызматкерлерине кургак учук оорусун дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн пайыздык бөлүштүрүлүшүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт жана бекитет;
5) кургак учук оорусун дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн төлөөлөрдүн ченемдери республиканын бардык региондору үчүн бирдиктүү болуп саналат.
74. Республиканын аймагында кургак учукка каршы программаларды координациялоо функцияларын каржылоонун ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (21)
мында:
ПНкоор - кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн жан башына каржылоонун ченеми;
Фкоор - кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн каржылоонун көлөмү;
ЧН -Кыргыз Республикасынын калкынын саны.
75. Кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн телоелордүн ченемдери республиканын бардык региондору үчүн бирдиктүү болуп саналат.
9-глава. Амбулаториялык деңгээлде психикалык, наркологиялык жана тери-венерологинлык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун ченемдерин эсептөө
76. Адистештирилген наркологиялык, тери-венерологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын консультациялык-диагностикалык бөлүмдөрүн каржылоонун ченемин түзүү Бишкек шаарынын, Ош шаарынын калкы боюнча расмий маалыматтарды эске алуу менен жылына тейленүүчү бир адамга жан башына базалык ченемдин негизинде жүзөгө ашырылат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (22)
мында:
ПН - жылына тейленүүчү бир адамга адистештирилген наркологиялык, тери-венерологиялык жардам көрсөтүүгө жан башына каржылоонун базалык ченеми;
Ф - мурунку финансылык мезгилди эске алуу менен каржылоонун болжолдонгон көлөмү;
ЧН - Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна катталган калктын саны.
77. Амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн медициналык кызматкерлерге төлөөлөрдүн суммасы төмөнкү формулалар боюнча эсептелет:
, (23)
Н2 = Н1 * 2, (24)
мында:
Н1 - 6 айдын ичинде амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн төлөөлөрдүн ченеми;
Буспр - амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн төлөмдүн жалпы бюджети;
К1 - 6 айдын ичинде амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуулардын болжолдонгон саны;
К2 - 12 айдын ичинде амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуулардын болжолдонгон саны;
Н2 - 12 айдын ичинде амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн төлөөлөрдүн ченеми.
78. Амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн медициналык кызматкерлерге төлөөлөрдүн ченемдерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитет.
79. Психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн төлөөлөрдүн ченемдери республиканын бардык региондору үчүн бирдей болуп саналат.
10-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджетине айылдык коэффициенттин өлчөмдөрүн аныктоо
80. Саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерине карата түзөтүүчү айылдык коэффициентти аныктоодо саламаттык сактоо уюмдарынын жайгашуусуна байланыштуу алыстык эске алынат. Айылдык коэффициенттин өлчөмү калктуу конуштун райондун борборуна чейинки аралыгына жараша аныкталат:
- 21ден 40ка чейин км - 1,05;
- 41ден 60ка чейин км - 1,10;
- 61 ден 80ге чейин км - 1,15;
- 81 ден 100гө чейин км - 1,20;
- 101ден 120га чейин км - 1,25
- 121ден 140ка чейин км - 1,30;
- 141 км жана андан жогору - 1,35.
11-глава. Эсеп жана отчеттуулук
81. Саламаттык сактоо уюмдарында каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн тартибине ылайык жүргүзүлөт.
82. Географиялык, экономикалык жана региондук өзгөчөлүктөрдү эске алган түзөтүүчү коэффициенттери өзгөргөн учурда саламаттык сактоо уюмдарынын бюджети такталат, чыгымдарды бөлүштүрүү планына түзөтүүлөр киргизилет жана билдирүү маалымкаттар менен таризделет.