Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна) |
Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо ченемдерин түзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментин (мындан ары - ОАжМСЭКД), райондор аралык, райондук, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун (мындан ары - ОАжМСЭКБ), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Өтө кооптуу, карантиндик жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу республикалык борборлорун (мындан ары - ӨККИААКРБ) жана кара тумоого каршы бөлүмдөрүн каржылоо ченемдерин эсептөөнү аныктайт.
2. Каржылоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
1) ОАжМСЭКД - Кыргыз Республикасынын калкынын санынын жана жан башына каржылоонун ченеминин негизинде эсептелген республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) ӨККИААКРБ жана кара тумоого каршы бөлүмдөрү - Кыргыз Республикасынын калкынын санынын жана жан башына каржылоонун ченеминин негизинде эсептелген республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
3) ОАжМСЭКБ - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн:
- мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл;
- мамлекеттик санитардык көзөмөл;
- лабораториялык изилдөөлөр (бактериологиялык, санитардык-гигиеналык, вирусологиялык, паразитологиялык, жөнөкөйлөр жана гельминттик изилдөөлөр, айлана-чөйрөнүн физикалык факторлорун изилдөө, радиологиялык өлчөөлөр ж.б.);
4) кара тумоого каршы бөлүмдөр - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкү багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн:
- мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл;
- зоологиялык-паразитологиялык иштер (эпидемиологиялык отряддын, зоологиялык топтордун жана талаа дезинсекцияларынын отряддарынын наркы);
- лабораториялык изилдөөлөр.
2-глава. ОААжМСЭКД, ӨККИААжКРБ жана кара тумоого каршы бөлүмдөрүн каржылоонун жан башына ченемин эсептөө
3. Облустук функцияларды аткаруу үчүн каржылоонун жан башына ченемдери Кыргыз Республикасынын облустук калкынын санынын жана бир тургунга каржылоонун жан башына ченеминин негизинде эсептелген республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. ОААжМСЭКД, ОККИААжКРБ жана кара тумоого каршы бөлүмдөрүн каржылоонун жан башына ченеми бир тургунга Кыргыз Республикасынын калкынын санына жараша каржылоонун болжолдонгон көлөмүнүн негизинде аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (1)
мында:
ПНi - каржылоонун жан башына ченеми (ОААжМСЭКД, ОККИААжКРБ жана кара тумоого каршы бөлүмдөрүн);
Фi - мурдагы финансылык мезгилди эске алуу менен каржылоонун болжолдонгон көлөмү (ОААжМСЭКД, ӨККИААжКРБ жана кара тумоого каршы бөлүмдөрүн);
Ч - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы саны.
3-глава. ОААжМСЭКБнын иштерин бюджеттик каржылоонун ченемдеринин түзүмү жана эсеби
5. ОААжМСЭКБнын кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун ченемдерин эсептөө мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл боюнча жана лабораториялык изилдөө боюнча жүргүзүлгөн бир ишке эсептегенде бюджеттик каражаттардын эсебинен да, акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен да иш жүзүндө түзүлгөн консолидацияланган чыгымдардын негизинде жүзөгө ашырылат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (2)
мында:
НБФУi - иштин i багыты боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми;
ΣКЗi - кызмат көрсөтүүлөрдүн iбагыты боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө түзүлгөн консолидацияланган сарптоолордун суммасы;
Аi - иштин i багыты боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктагы бир жылдагы иштердин жыйынтык саны. Көрсөткүч Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген мамлекеттик статистикалык отчеттуулукка ылайык аныкталат.
6. ОААжМСЭКБ кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоо муктаждыгын эсептөө каржылоонун калыптанып калган каржылоо ченеминин жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл, мамлекеттик санитардык көзөмөл жана лабораториялык изилдөөлөр боюнча жүргүзүлгөн иштердин негизинде жүзөгө ашырылат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
БПn = (Апi1 х НБФУi) + (Апi2 х НБФУi) + (Апiз х НБФУi), (3)
мында:
БПn - n ОААжМСЭКБнын бюджеттик муктаждыгы.
7. Каржылоо ченемдерине кошумча бюджеттик каржылоо муктаждыгынын суммасында төмөнкү көрсөткүчтөр эске алынат:
- ОААжМСЭКБ облустун координаторунун функцияларын аткаргандыгы үчүн жан башына ченем. Ченемдин өлчөмү - Кыргыз Республикасынын облусунун бир тургунуна 1 сом;
- 10% өлчөмүндө жогорулатуучу коэффициент. Коэффициент аккредитациядан өткөн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүзөгө ашырууга өзгөчө үлгүдөгү сертификаты бар ОААжМСЭКБ лабораториялык изилдөөлөр үчүн каржылоо ченемине карата колдонулат.
8. ОААжМСЭКБ бюджетин ченемдик каржылоо шарттарында эсептөө республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун болжолдонгон көлөмүнүн көрсөткүчү менен бюджеттик каржылоо муктаждыгынын өлчөмүнүн катышынан аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
, (4)
мында:
БФn - бюджеттик каржылоо;
Ф - мурдагы финансылык мезгилди эске алуу менен каржылоонун болжолдонгон көлөмү;
БПn - n ОААжМСЭКБнын бюджеттик муктаждыгы.
9. ОААжМСЭКБ кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун ченемдери бюджеттик каражаттардын эсебинен жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен иш жүзүндө түзүлгөн консолидацияланган сарптоолордун негизинде эсептелет. Эсептик чоңдук капиталдык салымдарга сарптоолорду эсепке албастан учурдагы чыгымдарды камтыйт.