Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябрындагы № 33
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 284 Жарлыгын жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы чечими менен бекитилген нускаманын жана календардык планын аткаруу максатында Жаргылчак айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи Элдик Курултайы 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына чакыртылганы эске алынсын жана биринчи Элдик Курултайга айыл аймагы боюнча эки делегат шайлана тургандыгы белгиленсин.
2. Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 20-октябрына саат 11-00гө Ак-Терек айылдык маданият үйүнө чакырылсын.
3. Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү Курултайына айыл элинин санына жараша 100 делегат анын ичинен Жеңиш айылынан 28 делегат, Ак-Терек айылынан 34 делегат, Кичи-Жаргылчак айылынан 30, Чоң-Жаргылчак айылынан 8 делегат шайланаары белгиленсин.
4. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу 11 адамдан түзүлсүн жана курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |