Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-марты № 2924-VII
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Конуров Бахадыр Арунович шайлансын.
2. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун тогузунчу абзацында “Гайпкулов Искандер Торобаевич” деген сөздөр “Конуров Бахадыр Арунович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |