Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-марты № 165
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 23 мекемеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 23 мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясы болуп аты өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясынын (мындан ары - ЖАМКнын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясы) түзүмүн жана персоналынын штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын персоналынын штаттык санынын чегинде бекитсин;
- ЖАМКнын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясынын атайын жайларын жана аймактарын кайра жабдысын жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык келтирсин;
- ЖАМКнын № 23 түзөтүү мекемеси - катуу режимдеги колониясында тергөө изолятору катары иштеген атайын жайды жабдысын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган акча каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 01-апрелиндеги № 24 (3680) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |