Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-марты ПЖ № 104
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамында:
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:
3-пунктта:
төртүнчү абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары," деген сөздөрдөн кийин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 23 (3679) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |