Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-марты № 123
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
14 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 985 | 280 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 126 | 28 |
| аймактык бөлүмдөрү | 194 | 111 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 665 | 141 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 756 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |